presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Өз мезгилинин чыгаан уулу
(Башы өткөн санда)
Ал менен таанышуу үчүн Алимбек байдын Олуя Ата шаарындагы күйөө баласы Абдрахман байга ( казак) барышат. Ошол таежем менен таежездем экөө аркылуу таанышып, баш кошууга бел байлашат. Бирок, Актотунун атасы билип калып "Кара Буураны алтынга бөлөсө да Совет бийлиги үчүн иштеген чокундуга (орусча сүйлөгөн адамга) кызымды бербейм",- деп коет.
Актоту ак өргөөдөн эч жакка чыкпагандыктан ага жолугуу кыйын болгон. Айла кеткенде таежеси аркылуу кыштын ызгаардуу суугунда кыштоодо отурушкан жеринен жолдоштору менен атам Актотуну эркекче кийинтип, Олуя Атадагы өзбек таанышынын үйүнө алып барат. Өзбектер дарбазасын оңой менен эч кимге ачышпайт экен. Атам эртең менен өзбектин эки кызына орус тилинде бир нерселерди айтып кетет. Көрсө тааныш эмес кишилерге эшикти ачпагыла деп дайындаптыр. Актоту ошол үйдө жашынып көпкө олтурат.
Эртеси Алимбек бай жигиттерин туш тарапка чаптырып, "баягы чокунду бала алып кетиптир" деген кабар угушат. Багыш уруусу тикесинен тик туруп, Олуя Атадагы тааныштарынын баарына айттырып, издетип табышпайт. Атам акыры бул ишти Токтоордун ( Ак -Жар, Сулуу- Маймак, Грозный, Шекер, Көк- Сай, Арчагул, Кайнар) болуштарынын талкуусуна коет. Ошол учурда Совет бийлиги жаңыдан күчүнө кирип турган кез. Акыры айласы кеткен Алимбек бай Оен ( ошол учурда бардык маселени караган адам) чечет деген бүтүмгө макул болот. Кечинде атам көңүлү чөгүңкү үйгө кайтат.
- Актоту, болуш ,бийлерди салсам дагы бай макул болбой койду. Эми жалгыз үмүт өзүңдө,-деп айтыптыр атам.
Эртеси жаңы бийликтин өкүлү келип Актотуга: "Азыр Совет бийлиги орногон. Аял менен эркек тең укукта, кааласаң ата-энеңе, кааласаң бул жигитти ээрчип кетсең болот. Сага эч ким тоскоол болбойт",-дейт.
_Атаң сени биз менен кошо чыксын, кайра үйдөн жөнөтөбүз деп айттырып жатат,-деп ыйлап-сыктап таенеси Актотуну алып кетет. Ошентип, Алимбек бай мал сойдуруп элдин батасын алып, кызына деп 100 соолук кой, ак өргөөсүн, 9 сыйра сеп, 9 саан уй, боз жорго баштаган 9 жылкы берип Шекер айылына узаткан экен.
Ошол кезде кыз баланын минтип өзү каалаган теңине турмушка чыгышы сейрек болгон. Аялдардын өз укуктарына ээ болуп, өзүнүн коомдогу ордун таап, өз көздөгөнүнө жеткени ошол кездин мыкты жетишкендиги эле. Мен бул окуяны ошол мезгилдеги кыргыз кызынын эрдиги деп эсептейм.
- Апаңыз Актоту жөнүндө кененирээк айта кетсеңиз.
- Апам Актоту ак сөөк аял болгон. Өзүнүн боюу башын карап, жасанып түзөнүп жүргөн, акылдуу десе акылдуу, сулуу десе сулуу, өз кийимин өзү келиштире тигип кийген колунан көөрү төгүлгөн уз, тамак-ашты даамдуу даярдап, дасторконун кенен жайган кең пейил жан эле. Ал чындыкты жакшы көрчү, ошону талап кылып турчу. Өзүнүн ченде жок энелик мээрими менен үч кыз, бир уулду эч нерседен кем кылбай татыктуу тарбиялап өстүрдү.
- Алтын-күмүш чачпак, шуру, сөйкө, шакектерим абдан көп эле. Кайын журтум ачка калбасын деп ал жасалгаларымды нанга алмаштырып келчү элем,- деп апам Актоту айтып олтурар эле. туугандар арасындагы кадыр- баркы абдан чоң болгон.
Эжем Гүлжамила өмүрлүк жары Райканды түрмөдөн сөзсүз акталып келет деп саргая күтүп жүрүп, оорунун айынан дүйнө салып кетти. Камактан чыгып келген Райкан (Шүкүрбеков) үй-бүлөсүнөн айрылганына кайгырып, өмүрлүк жарына арнап "Гүлбайра", "Кыз жигит" термелерин жазган. Удаа келген кырсыктуу окуялар апамды мүңкүрөттү, бирок жеңе алган жок. Анын аркасынан каардуу согуштун азабы башталды. Аялдардын башын кошуп майдандагы жоокерлер үчүн күн-түн дебей колкап, шым тигишип, тынбай белек(посылка) жөнөтүп турушкан. Ал кезде тигүүчү машина жок эле. Апама 15 жашында кызыма деп атасы Ташкенттен алып келип берген "Зингер" тигүү машинасы күн-түн тынымсыз иштетилип турган. (Ал ушу күндө да кызымдын үйүндө сакталып турат).
Апам ооруктагы чарбалык иштерге да бардык замандаштары катары аянабай кол кабыш кылып турган. Эгин бышкан маалда күн-түн дебей жаш балдар, аялдар болуп буудай орушуп, түшүмдү каптап арабага салып "Маймак" бекетине жеткирип турушчу. Аялдардын кайратка ширелген эрдиги, ошол эле учурда энелик мээримин, назиктигин жоготпой кыргыз элине кылган күжүрмөн, татаал эмгеги менен жуурулушуп чоңойдум. Апамдын ак сөөк аялзаты экенине ошондо ынангам.
- Капсалаң кездин (репрессия) кесепети жөнүндө айта кетсеңиз.
Бул чапкын биздин үй-бүлөгө да орду толгус жоготуу алып келиптир. Атама жогору жактан: "Грозный аймагы район болот, сизди биринчи секретарлыкка дайындайбыз" деп кат келет. Ошондон үч күн өтпөй эле атамды кызмат ордунан кармап кетишет. Таластын абагына алып барып камашат. Канча өтүнүшкөнү менен туугандарына бир ирет да жолуктурбай коюушат. Ошол бойдон бизге тоодой тирек болгон атабыздан айрылганбыз. Ал убакта мен болгону бир жарым гана жашта экем. Апамдын боюнда жарык дүйнөгө келе элек наристе калган. Эч неседен бейкапар бактылуу өмүр сүрүп жаткан үй -бүлөгө каран түн түшкөндөй болду. Репрессия чапкыны көптөгөн үй-бүлөлөрдү сыздатты. Көптөгөн наристелер атасыз калды. Канча деген эненин жүрөгү сыздады. Мындай бүлгүндү душманыма да ыраа көрбөс элем,- деп апам Актотунун айткан сөзү али да эсимде.
Түрмөдөн бир милициядан жашыруун түрдө " Балдарды жакшы бак" деген гана үч ооз сөз жазылган кат берип жиберет. Жарык күн караңгы түнгө айлангандай болду. Азаптуу турмуш башталды. НКВДнын адамдары үйдү тинтип бир куран китеп менен бир калибрлүү тапанча (мыйзамдуу) гана табышкан. Атам камалгандан кийин эжелерим окуудан чыгарылып, айылга көчүп келишет. Айылда туугандар менен аралашып бирге туруп калдык.
Көп жыл өткөндөн кийин бир күнү Көк-Сай айылындагы кыйра уруусунан Кара ак сакал келип:
- Атаңа куран окутуп кетейин,- деди. Үйүңдүн жанынан өткөндө эле Султакем эсиме келет. Бирөөгө бир ат карыз болуп калып бере албай айлам куруганда Султакеме барып жөн жайымды түшүндүрдүм. Эки күндөн кийин бир ат берип ажаат ачкан эле.
Ал киши атама ыраазычылыгын билдирип куран окутуп кеткенден кийин биз дагы атамдын жакшылыгын унутпаган адамдар бар экен деп сүйүнүп калдык. Атамдын аткарган иштерине, элге кылган жакшылыктарын айтып көптөгөн адамдар келип кетүүчү.
Атам 1957-жылы 6-августта реаблитацияланган.Кайсы жерге коюлганы аныкталбай калды. Кыргыздын каада-салты боюнча-аш-суу бергенбиз, куран багыштап турабыз.
- Апаңыздын Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагима апа менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бербейсизби.
- Нагима апа экөө абдан ынак мамиледе эле. Ал экөө бирин бири абдан жакшы түшүнүшкөн тагдырлаш, замандаш абысындардан болушкан. 1951-жылы Чыкем асыл тукум мал өстүрүүчү Көк-Сай совхозуна иштегени келип, биз менен 6 ай бирге турду. Абдан кайраттуу, калбаат, сабырдуу адам эле. Иним экөөбүз анын артынан калбай урматтап турар элек. Бир жолу Чыкем апама; "Инимди мага бериңиз, окутайын,-деди. Бирок, атасынан калган жалгыз туяк деп жанынан чыгаргысы келбедиби, айтоор болуңкурабай койду. Апамдын медер туткан уулу жетилип күчкө толуп, апамдын оорун жерден, жеңилин колдон ала турган убакытта кайтыш болуп калды. Бул апам үчүн абдан оор жоготуу болду.Окууга жөнөтүп койгондо болмок беле деп ойлонуп калдык.
Ошондой кыйын күндө Чыкем Көк-Сай совхоузунун директору Найзабеков Жумасанга апама көз кырыңды салып, жардам кылып тур деп айткан. Ал кишинин жардам көп эле тийди. 1961-жылы совхоздун атынан жаңы үй салып берүүгө документтерди даярдап жатканда апам болбой койгон…
Бир жолу Нагима апанын ооруп жатканын угуп апам шаарга жөнөп кетти. Барып келгенден кийин улутунуп: "Абдан жакшы көргөн абысыным эле. Оору тооруп калыптыр.Өткөн кеткенди сүйлөшүп черин жазып келдим",- деп муңайым сүйлөдү. Кетээринде: " Жеңе ооруп жүрөм. Кокустук болсо өзүңүз келип баш көз болуңуз",- деп дайындаптыр. Айтканындай эле көп узабай кайтыш болуп, туугандар чогулуп барып келишти. Нагима апа дайындагандай апам сөөгүнө түшкөн.
Апмды жалгыз калтырбайын деп колума алып карап калдым. Конокко барганды, конок күткөндү абдан жакшы көрчү. Өзгөчө айт болот дегенде тегеректи тазалатып, бир күн мурда жуунуп-чайынып, эрте туруп дасторконду жайдырып, самоор кайнаттырып койчу эле. Конокко барар кийими ар дайым даяр турар эле, ал турсун бет аарчысын үтүктөп, атыр суудан сээп чөнтөгүнө салып койчу.
Апамды кээде эркелетип: "Багыштын кызы ак сөөк адам",- деп коер элем. "Казак болсоң жаныш бол, кыргыз болсоң багыш бол" дегендей багыш уруусундагы даражалуу Алимбек байдын кызымын деп өз теги менен сыймыктанып жашап өттү. Карыган кезинде ар дайым; "Айланайын теңирим, берекелүү күздө, күндүн жылуусунда кызмат кылган келиндерди кыйнабай турган мезгилде ккетсем экен",- деп олтурар эле. 1982-жылы 26-августта 78 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Апам Актоту өмүрлүк жары Султанбектин "үч ооз сөз" аманатын аткара алды. Бул анын эрдиги да, келечек бактысы да болуп калганын турмуш көрсөттү.
(Уландысы бар)
Аңгемелешкен Меңдибек Асылбеков











??.??