presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Төрт бала төрөп берген аялын бычактап өлтүрдү
Үстүбүздөгү жылдын 12-январында саат 16 лар чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн күзөттө турган ыкчам тобуна Каракол шаарынын Айни көчөсүнүн 95-үйүндө 1962-жылы туулган Жүрүмбаев Ишенбек мас абалында үй-бүлөсүнө тынчтык бербей жатат деген маалымат түшөт. Ыкчам тергөө тобу барган учурда бул даректе жабырлануучу Ибраева Кызылгүл, Жүрүмбаев Ишен жана 7- класста окуган кызы болгон. Алар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Жабырлануучу Ибраева күйөөм сабады деген арыз менен кайрылган. Алар денесинедеги жаракаттардын даражасы кандай экенин текшерип, жабырлануучуну кетиришет. Анын аркасынан экспертизанын корутундусу чыкканча деп күйөөсүнөн түшүнүк алып, ага күзөт ордерин берген соң аны дагы кое беришет.
Жүрүмбаев Ишен үйүнө барып, баягысынан бешбетер жинденип, телевизор көрүп жаткан жеринен аялы Кызылгүлдү ашкана бычагы менен оң жак акырек тушуна сайып, моюнду көздөй өйдө тартып салган. Муну көргөн кызы кошунасына чуркап, алар мойнундагы күрөө тамырдан кан атып жатканын көрүп, халат менен токтотууга аракет жасайт. Тез жардам келген учурда баары кеч болуп калган эле. Жараттын узундугу 10 см, теңдиги 8-9 см болгон.
Ибраева Кызылгүл жөнүндө бирге иштешкендери, тааныгандар жакшы адам эле деген эскерүүлөрдү айтышат. Анын өз кесиби бухгалтер болгон. Мурда областтык мамлекеттик авто инспекциясынын бухгалтерия бөлүмүндө иштеген экен. Учурда Караколдогу алтын саткан күркөлөрдүн бирин иштетип турган. Ал өзүнүн ушунча жыл бирге жашаган күйөөсү мынчалык мыкаачылыкка барат деп ойлобосо да керек.
Ал эми күйөөсү Жүрүмбаев Ишен 1962-жылы Түп районунун Кичи-Өрүктү айлында туулган. Маркум Ибраева Кызылгүл экөө классташ болгон. Сыртынан көргөндөр бул үй-бүлө жакшы жашашат деп билсе керек. Ал эми учурда балдар-кыздары алардын жашоосунда көп чыр-чатак чыгып жүргөнүн билдиришүүдө. Алар 2009-жылыдын аягында үйбүлөлүк чыр-чатактан улам ажырашып кетишип, 2014-жылдын октябрь айында кайрадан жарашышкан.

Ошол каргашалуу күн Жүрүмбаев Ишендин туулган күнү болгон. Туулган күндүн урматына спирт ичимдигин ичип алган ал, жубайы Кызылгүлгө "телефон чалсам албайсың" деп чыр баштаган. Аялы куран окуткан жерде жүргөнүн түшүндүргөнүнө карабай ызы-чуу салып, ага кол көтөргөн. Аргасыздан милицияга кайрылган аялга жини ого бетер келген Ишен милиция бөлүмүнөн келген соң ашканадан бычак алып, төрт бала төрөп берген аялынын өмүрүн кыйып олтурат. Алардын эки уул, эки кызы бар. Улуулары үй-жайлуу болушуп, эң кичүүсү Акниет 7-класста окучу.
Эң өкүнүчтүүсү Жүрүмбаев Ишен укук коргоо органдарында иштеген адам эле. Ал участкалык нускоочу, паспорт столдо начальник болуп иштеген. Акыркы жолу Каракол шаарында тергөө кызматында иштеп, пенсияга чыккан.
Учурда бул иш Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүндө иликтелип жатат. Маркумдун туугандары ошол күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келингенде Ишенди ошол замат эле кое берип жиберишкенине нааразы болууда. Биз бул багытта Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө иштери боюнча начальнигинин орун басары Бекжан Асанакуновго кайрылдык. Ал: "Бизге үй бүлөлүк чатактар менен кайрылгандар көп болот. Көпчүлүгү эртеси кайра эле элдешип, жашоолорун улантат. Аял киши өзү арыз жазып каматып, эки саат өтпөй кайра арызын алып, күйөөсүн алып кеткен учурлар да көп. Административдик укук кодексинин 64-статьясы боюнча тартип бузгандар 3 сутка кармалат. Бул жерде Ибраева Кызылгүл сабады деп арыз жазган. Ал эми мындай учурда соттук медициналык экспертизанын корутундусу боюнча гана камакка алууга болот. Мыйзамсыз кармаганга акыбыз жок. Себеби, бул административдик иш эмес, кылмыш иши болуп калат. Мындай иш медициналык эксипертизанын корутундусу менен, эгер жабырлануучу ооруканага жатса, ооруканадан чыккандан кийин оорунун тарыхы боюнча карап кылмыш иши ачылат. Бул күнү жабырлануучуну текшергенде көрүнүктүү жаракат жок болгон. Аял катуу жыгып жиберди деп арызданып, оң жак кабыргасын көрсөткөн. Ал боюнча соттук медициналык экспертизанын тыянагы чыга элек болчу. Андыктан, биздин кызматкерлер Жүрүмбаев Ишенди кое берип жиберишкен. Бул иште кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен ошол күнү бул окуяга тийиштиги бар кызматкерлер жазасын алышты. Себеби алар толук кандуу иш жүргүзгөн эмес",- деп билдирди.
Албетте мындайда ар кандай өкүнүчтөр айтылат. Балким, ушул жерде Жүрүмбаевди бир суткага чейин кармаса эсине келет беле деген ой, бул үй-бүлө ажырашкан боюнча элдешпей койсо кандай болмок деген пикирлер айтылууда.
Кандай болгон күндө да окуя болуп өттү, кан төгүлдү. Канчалаган чыр-чатакты териштирип жүргөн адам өзү ачууга алдырып, эң жакын адамынын өмүрүн кыйып, канынан чыккан балдарын кайгыга салып олтурат.
Аялына бычак матырып алган соң Жүрүмбаев Ишен эшиктин алдында тепкичте тамеки тартып олтурган. Балким, ошол кыска учурда ал жубайы экөөнүн бирге жашаган таттуу күндөрүн эскерип, ушул убакка чейин ал өзүнүн жана өзүнүн жакындарынын жашоосун бекер эле дүрбөлөңгө салып жүргөнүн ойлосо керек, ким билсин?..
Жумагүл БАРКТАБАСОВА











??.??