Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шакемдин "Агындыларын"
улай аккан ойлор
Досум Алмазды, анын анекдотторун жазыптыр Шакем, кубандым. Досубуз Мелистин арбагын ыраазы кылыптыр Шакем. Ага да кубандым. Мекем өзү айтууга, элге түшүндүрүүгө үлгүрбөй калган нерселерди жаап-жашырбай ачып берип, Табылды кайнагамдын гана эмес башка дагы далай кишинин пикирин жакшы жакка оодарыптыр. Мелис Эшимкановдун саясий карьерасында Шакем жазып жаткан Алмаз Акматалиевдин тикелей тиешеси бар экенин айтпай кетпесем болбойт деп ойлойм. Шакем жазгандай Мелис комсомолдун пленумунда сүйлөп жатып "мен Жалал-Абаддык болом" десе эле Пленумдун түштүк жактык мүчөлөрү жапа тырмак колдоп кеткен эмес. Ал шайлоону уюштурууда бир топ аракет, бир топ интрига да болгон. Ал кездеги окуяларга мен сырттан караган күбө катары эле эмес, жигердүү катышуучу да болуп калган жайым бар. Мелис менен бир топ жыл үй-бүлөбүз менен катышкан дос да болуп жүрдүк эле 1994-жылга чейин, кийин катышпай калдык, жолукканда саламдашканыбыз болбосо. Баса, кийин кызы турмушка чыгып жатканда "Дасмия" ресторанынын жайкы серүүн багында өткөн тойго чакырды, барып, жаштарга каалоо-тилек айтып, тойлоп кеткенбиз мурдагы достор.
***
Ал кездеги окуяларды ирети менен кыскача айта турган болсом, 1987-жылы Илимдер Академиясынын жаштарынын арасында Прибалтика республикаларынын мисалында Элдик фронт түзүү, Кыргыз ССРинин экономикалык жана маданий маселелерди чечүүдөгү өз алдынчалыгын арттыруу демилгеси көтөрүлүп калган. Элдик фронттун негизги идеологдору Алмаз Акматалиев менен Райхан Төлөгөнов эле. Илимдер Академиясынын комсомол комитетинин секретары, комсомолдун Борбордук Комитетинин мүчөсү катары Алмаздын коомчулукта байланыштары да, кадыры да көп боло турган. Ошол биздин Академиялык саясий топко Мелис Эшимкановду Алмаз алып келип кошкон, ал кезде Мелис жаштар гезитинде иштечү. Анан Алмаз ЛКСМдин Борбордук Комитетине бөлүм башчы болуп кетти, кийин Мелисти ошол жакка Басма сөз секторунун башчысы болуп барышына түрткү болду. Ал эми 1991-жылы болсо Мелистин жаштардын "Ленинчил жаш" гезитине "түндүктөн түшүп" барышынын сценарий планын түзүп, аны уюштурган, комсомолдун пленумунун өтүшү боюнча ЦК түзгөн планын бузуп, алар тандаган кандидатураны четке кагылуусун камсыз кылып, аягында Мелисти шайлаткан ушул Алмаз Акматалиев болчу. Бул окуя жөнүндө дагы бир ыгы келгенде коомчулукка кеңири айтып берем деп ойлойм.
***
Шакемди энеси колунан жетелеп арык боюнда отурган абышкаларга алып барганын, ал жерде отурган абышканын бири агып жаткан муздак сууга кичинекей Шайлообектин чачын чала-була жибитип, мокок макиси менен маашырлана кырып жатканын окуп, элестетип алып көзүмдөн жаш чыгып кете жаздады. Анткени андай окуя баштан далай өткөн. Колхоздун алма багынын оозундагы үйдө жашаган Жунуш ата ары-бери өткөндө биздин короодогу боз үйгө көп эле кирип калчу. Отуруп ачкыл же чай ичип кете турган. Кай бирде энем мени чакырып Жунуш атанын колуна сала берүүчү, чачы өсүп жүдөп кетти, башын да ысык басып баратат, алып бере салчы деп. Ал киши шашпай чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, маасысынын кончуна жанып курчутумуш болуп, анан менин чачымды катыратып кыраар эле, ылдый да тартып, анан тескери карай өйдө да тартып. Көзүмдөн жаш агып унчукпай отуруп берер элем, негизи чыдамкай, көк болчумун. Азыр ойлосом макиси өткөн жерине өтүп, өтпөгөнүн күчтөп эле жулуп салчу окшойт. Кийинчерек Жунуш ата биздин короого бурулганда эле огороддун баш жагын карай жылт койчу болгом.
***
Бешинчи класста окуп жүрсөк керек эле, кошуна турган Төлөн классташым экөөбүз Жунуш атанын макисинен кутулууну пландадык. Анын чачын дагы энеси далай жолу Жунуш атага кырдырган экен. Экөөбүз чач кырганды үйрө
(Уландысы кийинки санда)
Эмилбек Каптагаев Каракол шаары,





Касымбек Чодуров, Чүй облусунун Аламүдүн районун акиминин орун басары:
"Шаарга жакын кээ бир конуштар мыйзамсыз басылып алынган"
- Касымбек мырза, шаарга жакын болгондуктан, шаарга жакын кээ бир аймактардагы айдоо аянттары эл тарабынан мыйзамсыз басылып алынып, үйлөр тургузулуп калган экен. Эми ал жерлердин келечеги кандай болот? Мамлекет бул боюнча кандай чараларды көрөт?
- Аламүдүн районунда 143 миңден ашуун калк жашайт. Бул расмий түрдө катталган сан. Ал эми расмий эмес маалыматтарга таянсак, калктын саны 200 миңден ашуун деп айтып келебиз. Башка райондор сыяктуу эле биздин райондогу эң көйгөйлүү маселелердин бири дал ушул жер, суу маселеси. Былтыр суу тартыш болуп, эл үчүн кыйын болду. Жер боюнча болсо, сен айткандай мыйзамсыз басылып алынган жерлер көп. Анткени район шаарга жакын. Шаарга жакын болгондон кийин эл деле, же болбосо демөөрчүлөр бар, ошолор кандайдыр бир обьектилерди салып, жерди ээлеп алганга аракет кылып келишет. Учурда Аламүдүн районунда 61 жаңы конуш бар. Бул конуштардын көбү мыйзамсыз. Жогоруда айткандай басылып алынып, конушка айланган жерлер. 2005-2010-жылдагы революциядан кийин жер мыйзамын бузуп, жерди басып алып, үйлөрдү салып алышкан. Жердин көбү эле үй сала турган жерлер эмес, сугат жерлерди, кайрак жерлерди басып алышкан. Айрым жерлер такыр эле үй сала турганга болбойт. Жер алдынан газ трубалары өткөн. Ага карабай эле үйлөрдү салып алып, жашап жатышат. Былтыр кээ бир шаарга жакын конуштарды шаардын карамагына өткөрүү боюнча маселе көтөрүлүп, ага райондук кеңештин да, шаардык кеңештин дагы депутаттары макул болушкан. Жаңы конуштардын абалын жакшыртууга каражатты бирге карашмак. Бирок ал маселеден эмдигиче жылыш жок. Балким быйыл каралаттыр. Анын үстүнө кээ бир айыл чарба жерлерин, үлүш жер катары убагында сатып алыппы же басып алыппы, айрым тың чыкмалар ээлеп алышкан. Алар ал жерлерин бир канчага бөлүп төрт сотыхтан, беш сотыхтан кылып сатып келишет. Сатылган жерлерге бат эле үйлөр салынып, эл жашаган аймакка айланып калып жатпайбы. Бул боюнча биз колдон келген чараларды көрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Жерди мыйзамсыз алдап саткандарды жоопко тарттырып, сотко кайрылган учурлар дагы бар. Бул боюнча кечээ жакында эле дагы бир жолу текшерүү кылып, кайсы аймакка канча үй салынган, жерлер кандай болуп берилгендигин тактап чыктык. Жерлер элге эмне болуп берилген дейсиң, себеби шаарда мурун азыркыдай көп кабаттуу үйлөр жетиштүү деңгээлде курулган эмес, үйү жоктор айласыздан жер басып алып үй курууга аргасыз болушкан. Чындап келгенде элди деле түшүнсө болот. Эми мындан ары мындай көрүнүштөргө жол берилбейт деп ойлойм.Биздикиндей маселелер шаардан анча алыс эмес, Сокулук районунда да бар.
- Райондогу суу маселеси дагы, көйгөйлүү маселелердин бири экендиги айтылып келет. Бул боюнча да айтып берсеңиз?
- Акаевдин убагында таза суу деген долбоор ишке ашкан. Ал таза суу кээ бир жерлерге жетсе, айрым жерлерге жеткен эмес. Жеткен жерлерге дагы таза суу толук берилген эмес. Суу түтүктөрү жакшы орнотулбагандыктан көпчүлүгү жарылган. Мына ошонун баарын учурда айыл өкмөтү, райондук бийлик болуп көзөмөлгө алып, иш алып барып жатабыз. Айрым айыл өкмөттөрү дотацияда. Алардын колунда каражат жок. Алар Каржы министрлигине кайрылып каражат алып, иш алып барып жатышат. Жогоруда айтпадымбы, алтымыш бир жаңы конуш бар деп. Ал конуштардын айрымдарында эл көп жашаса, айрымдарында он чакты эле түтүн эл жашайт. Азыр айыл өкмөттөр эки тепкичтүү бюджет менен иш алып барышууда. Ошол эки тепкичтүү бюджет менен алар илгери эле турукташып калган жаңы конуштардын абалын жакшыртып бүтө элек. Анан калган конуштардын абалы кандай болот, болсо дагы бир топ жылдан кийин ал конуштарга кезек келет го. Жол салуу, свет тартуу, суу киргизүү чоң маселе. Көп каражат керек. Мунун баарын эл туура түшүнүшү керек. Он чакты үй сала коюп эле свет, суу киргизип бер деп, бийликтен талап кылган болбойт. Дагы жакшы бизде азыр демөөрчүлөр, айылда туулуп өсүп, чоңойгон колунда бар улан-кыздар жардам берип, айылга каралашып жатышат. Кээси суу чыгарып берсе, кээси мечит салып, мектепти оңдоп чоң иш жасашууда.
Суроо салган Мирлан Алымбаев