Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Салянованын кызматтан
кетишинин себеби эмнеде?

Экс - Башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетиши коомчулукта кызуу талкуу жаратып турган учур. Анын кызматтан кетишин ар ким ар кандай божомолдоп, ар кандай ушак-айың кептерди чыгарып жаткандыгын баса белгилеп айта кетели. Мына ушул маселе боюнча, Аида айым кандай иштеди, эмне себептен кызматтан кетти, анын ордуна ким дайындалат деген суроолор менен айрым аттуу- баштуу инсандарга суроо узатып, жооп алдык...

Өмүрбек Кутуев, ИИМдин экс- министри:
"Аиданын иштерин улап кете ала турган бирөөнү дайындаса экен…"
- Аида Салянова колунан келишинче иштеп берди. Көп иштерди жасады. Алдыда дагы жасай турган иштери көп болсо керек. Мен ойлойм, Салянова саясий негизде эле кызматтан алынды го. Эми анын ордуна ким келет, мына ошол маселе болуп турат. Салянованын ордуна татыктуу деп учурда Башкы прокурордун орун басары болуп иштеп жаткан Темирбек Бекмамат уулун жана Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевди ошондой эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бөкөнбай Казаковду айтат элем. Бул жигиттерди мен жакшы билем, тажрыйбалуу, таза иштеген, жакшы жигиттер. Убагында менин кол алдымда иштешкен. Кыскасын айтканда, президент кимди дайындашты терең ойлонуп, Аиданын иштерин улап кете ала турган бирөөнү дайындаса экен. Мыйзам боюнча Башкы прокурор болуп он беш жылдан кем эмес, прокурор болуп иштеген адам дайындалышы керек. Салянова 15 жыл иштебей эле аталган кызматты жетектеген. Бул жолу президент бул жагын да эске алат болушу керек.

Курманбек Осмонов, ЖКнын депутаты:
"Президент Жогорку Кеңешке, Салянованы кызматтан алып калбоо сунуш киргизди"
- Салянова берген арызында эмне себептен кызматтан кетип жаткандыгынын себебин көргөзбөптүр. Баш мыйзам боюнча Башкы прокурор өз каалосу менен кызматтан кетүүгө, арыз берүүгө укуктуу. Ошонун негизинде президент Жогорку Кеңешке, Салянованы кызматтан алып-албоо боюнча сунуш киргизди. Биз Башкы прокурор өз каалосу менен кызматтан кетип жаткандан кийин, аны депутаттардын теңинен көбү колдоп бердик. Кыскасы Салянова кызматтан алынды. Эми анын ордуна ким болот, бул табышмак.

Курмантай Абдиев, ЖКнын депутаты:
"Иш билги бирөөнү президент көргөзсө, биз колдоп беребиз…"
Аида Салянова кызматтан кетем деди, кетти. Аны биз кармамак белек. Эми анын ордуна ким болот, бул чоң суроо. Талапкерлердин аттары аталып жатыптыр. Алардын кимдер экенин билгеним жок. Кимиси болсо дагы тажрыйбалуу, иш билги бирөөнү президент көргөзсө, биз колдоп беребиз да.

Өмүрбек Суваналиев, генерал:
"Анын парламентке келбегени көп нерсени шектентип турат…"
- Аида Салянованын кызматтан кеткени Кыргызстан үчүн эч кандай роль ойнобойт. Мен айтам, Салянова саясий негизде кызматтан алынды. Учурда күч түзүмдөрү толук саясий орган жана президентке караштуу орган. Салянованын парламентке келбегени, анын жок болгону көп нерсени шектентип турат. Мен ойлоп жатам ал чет өлкөгө качып кеткен. Болбосо парламентке келет болчу. Эмнесе болсо дагы бул жерде чоң саясий оюн болду.

Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Эмнеге кызматтан кетти, мен түшүнгөн жокмун "
- Аида Салянова мурда кийин прокуратурада иштебегени менен Башкы прокурор болуп бир топ жакшы иштерди жасады. Прокуратура бул мыйзамдын так аткарылышына көз салат. Ар бир мамлекеттик органдын мыйзам менен иштөөсү дал ушул прокуратуранын көзөмөлүндө болот. Тактап айтканда прокуратура мыйзам бузулбасын, Конституция бузулбасын деген негизде иш алып барат. Салянова иштеп турганда ушул иштин бары так аткарылып жатты. Ал эми Коррупция боюнча, Башкы прокуратура, Корупция каршы күрөшүү кызматы, УКМК менен биргеликте бир топ жакшы иштерди аткарды десем жаңылышпайм. Салянова жакшы эле иштеп жатып, эмнеге кызматтан кетти, мен түшүнгөн жокмун. Ар ким ар кайсыны айтып жатат. Кандай болсо дагы Салянова убакыт өткөндөн кийин кызматтан кеткенинин себебин эл алдына ачыктап айтып берээр.

Тогктогул Качыкеев, саясий серепчи:
"Ал коррупцияны түп тамырынан бери жоюп сала алган жок"
- Салянова кызматтан кетти. Өмүрбек Суваналиев айтып жатат, "Салянова качып кетиптир" деп. Башкалар айтып жатат, "Салянова өз ыктыяры менен кызматтан кетти"- дешип. Кимисине ишенебиз? Мындай болду, тигиндей болду деп, сыртынан тон бычып, ар кайсыны айта берген болбойт да. "Салянова жакшы иштеди, ал коррупционердин баарын курутту"- деп аны мактап жатабыз. Туура иштеди. Иштебей койгон жок. Бирок Салянова коррупцияны түп тамырынан жоюп сала алган жок да. Коррупцияга каршы кызматын түзүштү. Он чакты адамды кылтакка илип, үстүнөн иш козгоп камашты. Кыргызстанда 6 миллион эл жашаса, анын 30 пайызы байлар. Эсептесек, отуз пайыз болгондо миллион киши бай жашайт экен. Мейли миллион эмес, 500 миң киши бай жашасын. Ошол 500 миң кишинин ичинен, ашып кетсе 50, 100 кишинин коррупционер экенин аныктап, камашкандыр. Калгандары камалбай эле, жеп-ичип жүрүшпөйбү. Демек, муну коррупция менен күрөшүү деп айтканга татыбайт. Айткандын өзү уят. Коррупция менен күрөшүү деген аты эле болбосо эч кандай күрөшүү болгон жок.

Мирлан Алымбаев