Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кубат Тукешов, төкмө акын:
"4 акындын артынан 44 акындын чыкканы жакшы жөрөлгө"
- Кубат мырза, алгач окурмандарга өзүң тууралуу айтып берсең?
- Жумгал районунун Кызарт деген айылынан болом. Бирок атамдын кызматына байланыштуу Ат-Башыда төрөлгөн экенмин. Ошондой болсо Чүй облусунун Ивановка айылында чоңойдум. Ушундан улам Болот Назаров деген досум: "Эй кулуну элең Жумгалдын, эми коңшусу болдуң дунгандын" деп мага тийишип калат.
Ата-энем экөө тең санитардык доктур. Быйыл 50 жашка чыгышты. "Жолборс бирди эле тууйт" деген кеп бар эмеспи, анысыңарындай үйдө эркектен жалгызмын. Бир эжем бар. Эжем Новосибирск мамлекеттик университетинде магистрант болуп окуп келди. Азыр илим чөйрөсүндө жүрөт. Жашым 22де, азырынча боз бойдокмун. Буйруса, эмки жылдары үйлөнүп, ата-энемди кубантып, колун узартайын деген оюм бар.
Чоң атам районго белгилүү Ырысалиев Тукеш да өмүр бою дарыгер (хирург) болуп иштеген адам. Азыр ал 82 жашта. Быйыл улуттук университетте Эл аралык байланыш факультетинде 5-курсмун. 1-курста окуп жүргөндө, тагырагы 2011-жылы "Айтыш" коомдук фондго азыр "Чагылган" деген каймана ат менен белгилүү болуп калган Болот Назаров, Жылдыз Төрөканов, Турат Жумаев, Тынчтык Эсенбай уулдары менен бир катарлаш, сапарлаш катары мүчө болуп, ал жактагы айтылуу акындарыбыздан таалим-тарбия алып келатабыз.
- Демек, келечектеги төкмө акындардын ичинен чыккан элчи болот турбайсыңбы?
- Кудай буюрса. Буйруганын көрөрбүз. Акбар Рыскулов деген айтылуу жазма акын агабыз бир кезде Казакстанда элчи болуп иштеген. Менин бул жаатта алган билимим мага эч кандай ашыкча болуп, тоскоолдук жаратпайт. Тескерисинче, дипломатия айтыш өнөрүнө баарлашуу, психология жактан абдан жардам берет. Кыскасы, дипломатия менен акындык өнөрүм бири-бирине эриш-аркак болуп, мага көп жерден ийгилик алып келет десе болот.
- Чоң атаң да, өз атаң да доктур экен. Сага төкмөчүлүк өнөр кайдан келген?
- Чоң атам комуз чертип, аз-маз жамактап ырдай койчу. Балким ошол чоң атамдын шыгы мага ооп, мен аны өөрчүтүп жатат окшойм. Эсимде, кичинекей кезимде ата-энем жумушка кетишет. Мен жалгыз үйдө калам. Үйдө эски комуз бар эле. мен негизи эрмегим ошол комуз болчу. Билбесем да, кылдыратып чертип, кыңылдап ырдай берчүмүн. Теледен, радиодон комуздун үнүн угуп калсам, ичкен ашымды жерге таштап, тыңшап калаар элем. Чоң атам менен конокко барып калган учурда, ал жерден чоң атамдын ырдаганын көрүп абдан таасирленчүмүн. Талан деген кызыгуу менен шыктын ортосундагы нерсе окшойт. Айтор, менин кызыгуум ушул өнөргө жетелеп, ушул чөйрөгө алып келди десем болот.
- Устатың ким? Деги эле "Айтышта" устат-шакирттин жол-жобосу кандай?
- "Айтышта" атайы устат-шакирт болуп бөлүнүп -жарылуу жок. Баары эле бирдей сабак беришет, бирдей үйрөтүшөт. Ар бир айдын 10нунда, 20сында жана ягында бардык төкмө акындардын жолугуусу болуп турат. Амантай, Жеңишбек, Элмирбек, Аалы, Азамат баштаган акындар жаш акындарга сабак өтүшөт. Биринчи тапшырма, эки жаш акын кайсы бир темада айтыш болот. Экинчиси, алым-сабак. Бул айтыштагы эң оор жанр. Мисалы, 10 саптан баштап, бир сапка чейин улам азайган уйкаштык. Бул бир гана уйкаштык куу эмес, экинчи өнөгүңдүн пикирин да улап кетиш керек. Үчүнчүсү, эркин айтыш. Ушул үч тапшырманы ким канчалык аткарды, ошого жараша устаттарыбыз баа коөт. Анан акырында Садык Шернияз агайыбыз өзү демөөрчүлүк кылып берген чакан жана чоң байгелерди тапшырышат. Андан тышкары, "Айтышка" мезгил-мезгили менен төкмөлүк өнөргө жаңыдан кызыгып жүргөн жаш таланттар да келип турушат. Бир кезде: Ашыралы, Тууганбай, Эстебес, Замирбек аталарыбыздан кийин төкмө акындар чыкпай калды деп айтылды эле. Азыр Кудайга шүгүр, "Айтышка" мүчө болгон жалпы төкмөлөрдүн саны болжол менен 30дун тегереги. Ал эми өткөн жылы Токтогул атабыздын 150 жылдык мааракесине арналып өткөн чоң айтышка жалпысынан республика боюнча 44 төкмө акын катышты. Мен жогоруда аттары аталган 4 акындан артынан ушунча 44 акындын чыкканын жакшы жөрөлгө деп айтаар элем. Бул өнөр кыргыз эли барда өлбөйт экен, өчпөйт экен. Буйруса, биздин артыбызда башка акындар да тапталып, такшалып чыгып келатат.
- Сен: " Жумгалда Калыктан кийин төкмө акын чыккан жок, анын ордун мен басып келатам"- деп тайманбай ырдап келатпайсыңбы. Калыктай болуш чынындай кыйын да. Айтылган сөзгө жооп бере билиш керек да. Бул боюнча эмне дейсиң?
- Албетте, бул сөздүн жоопкерчилиги абдан чоң. "Айтылган сөз, атылган ок" дейт. Баарынан мурда элдин үмүтүн актоо керек. 2013-жылы Калык атабыздын 130 жылдыгына арналган айтышта: "Иштебей турса парасы, тегирменди чаң басат. Кыйкырып ырдап чыкпаса, Калыктын ордун ким басат?!"- деп ырдап чыккан болчумун. Ал кишиден кийин чынында эле анын туулган жеринде төкмө акындар чыга элек экен. Алп акындын өнөрүн, жолун улап кетүү милдети бизге жүктөлүп калса керек. Буйруса, үмүттү актоого бар болгон аракетимди жумшайм. Биз да барган сайын такшалып, тажрыйба топтоп жатабыз. Мисалы, 2011-жылы айтышкан айтышымды көрүп алып, абдан уялам. Көрсө мунун баары тепкич экен да. Ал тургай былтыр бир терме жаздым эле, аны бүгүн окуп алып уялып турам. Балким, бүгүнкү айтышты эртең көрүп алып, жактырбай калат чыгармын. Кайсы жерде мактоо көп болсо, ошол мактоого ишенип, магдырап калсаң, ошол жерден өсүү, такшалуу токтоп калат экен. Тескерисинче, оптимисттик көз карашта болуп, мен мындан да жакшы айтыша алам деп өзүңө жогору талапты коө билсең, ошондо бир жакшы жыйынтыктарга жетишебиз. Дагы такшалышыбыз керек, али көп кемчилигибиз бар.
- Бизге белгилүү акындардын ичинен сага кимиси менен айтышуу оор, кимиси менен жеңил? Баары бирдей эмес, айырма бар да...
- Албетте, өзүңдөн кем калбаган, өзүңдөн күчтүү акын менен айтышуу өзүнчө бир рахат. Негизи, айтыштын арабасын эки акын бирдей тартса жакшы. Бири аксап, алдыга эмес, артка тартып туруп алса, ал жагымсыз болот да. Элмирбек байке айткандай: "Айтыш - бул эки акындын улуу барлашуусу!". Ал эми Аалы байкебиз: "Жан дүйнөңөр кандай болсо, ырыңар да ошондой жыттанат" деген сөзү бар. Мына ушул сөздөр өтө тамаай айтылган. Мен бир ирет Ошто Элмирбек байке менен айтышка чыгып калып, ошондо абдан рахат алгам. Кадимкидей черим жазылды. Жеңишбек, Аалы, Амантай, Азамат устаттар менен айтышуу биз үчүн өзүнчө сабак, өзүнчө рахат. Ал эми Болот, Жылдызбектер өзүмдүн теңтуштарым, бири-бирибизди тереңирек түшүнөбүз. Алар менен айтышуу башкача нукта болот. Илгери, Алымкул менен Сулайман атабыз алым-сабак айтышып жатса, бир карагер айгыр чуркап келатып, арыктан аттай алабй жыгылып калат экен. Анда Сулайман: "Карагер чуркап кулады, мунун жаагында бар го, алмасы" дейт, анда Алымкул: "Чуркап барып жыгылды, мунун бар окшойт го талмасы" -деп улаган экен. Негизи: "Аттын жаагында кантип алмасы болсун" деп көптөр түшүнбөй калышы мүмкүн да. Сулайман акын Алымкулду "талмасы" деген сөздү айтсын деп, жемди алма деп тергеп айткан экен. Ушул сыңары алым-сабакта биз да ушундай тажырыйбаларды колдонуп, үйрөнүп жүрөбүз. Мисалы, бир ирет Болот экөөбүз Манас университетиндеги кайсы бир иш-чарада алым-сабак айтышып калдык. Ошондо Болот: "Ой, Манас университети чоң турбайбы, биз кичинеде ойлоппуз" -деп баштап калды. "Ойлоппуз" деген сөзгө бойдокпуз деген сөз уйкаш экенин билип турсам да, ал сөздү Болот айтсын деп мен: "Акындардын артынан, артынан жолдоппуз" дедим, анан Боке алдыда карап турган кыздардын кулагына күмүш сырга кылып: "Эсиңерге салайын, Кубат экөөбүз бойдокпуз" деп сапты улап кетти. Бул жагы экөөбүз ойлогондой болду.
Кээ бир акындар бар, алар бар болгон сөздү уйкаштыкты мен айтайын деп, жан талашып айта салышып, өнөктөшүнө бут тосушат. Ал пейилдин кеңдиги эмес. Адамкерчилик сапатынан да кабар берет. Муну ал акындын өнөктөшүнө карата урматтоосу эмес деп түшүнүшүбүз керек.
- Төкмөлөрдүн көп ыры ырдалган жерде калып калчу эле. Сен өзүңдүн талантыңды кагазга түшүрүп жазып жүрөсүңбү?
- Кээ бир төкмөлөр: " Мен жазбайм, бир гана төгөм" деп айтып калышат. Биздин устаттарыбыз ырыңарды жазгыла деп дайым айтышат. Жазуу - бул өзүнчө бир мектеп. Анткени, жазуунун өзүнчө оңой эмес эрежеси бар да. азырынча анча-мынча а термелерим бар. Бирок мен аларды элге чыгара элекмин. Анткени, устаттар: "Азыр бул термелериңди жаздырбай эле кой, себеби, эки-үч жылдан кийин кайра угуп алып уяласың. Жөн гана сактай кой, кийин, кийин оңдоп, ошондо элге чыгар " дешкен. Мен алардын айтканын туура көрдүм. Чынында эле ошондой болуп калат экен.
- Мен билгенден сен, Болот, Жылдызбек Казакстанга барып айтышка катыша элексиңер. Чакыруулар болуп турабы?
- Мисалы, биз аларды чакырсак, аттарын айтпай эле, кайсы бир айтышка келип катышып кеткенге 8 акыны келсин деп кат жөнөтөбүз. Ал эми алар чакырышса: "Бизге Элмирбек, же, Азамат, же Аалы керек"-деп аттарын атап чакырышат. Азырынча биз Казакстанга бара элекпиз. Бизди чакыра элек. Бирок абдан дегдеп жүрөбүз. Уккан башка, көргөн башка эмеспи. Ал жактын де деңгээлин, элдин кызыгуусун көрүп келсек жакшы эле болмок.
Суроо салган
Айбек Шамшыкеев