Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Көз тумандаса чындык көрүнбөй калат
Кызмат тийбей ич күптү болуп жүргөндөрдүн бири Мамбетжунус Абылов деген бар. Бакеивдер бийликте турганда коңулда жатчу. Азыр баатыр болуп көрүнгүсү келип, жалаяктай маектерди берип, колу туткактарды жактап, мактап эси ооп жүрөт. Анын "көзү менен сөзүнө" ишенсек, жалаң мамлекеттик кызматта жүрүп чириген байлардын эң алдыңкы сабына кошулган Ахматбек Келдибеков сүттөн ак экен. Ошол себептен Ахматтын укугун коргоп кокуйлап жүрүптүр. Актык, калыстык, тазалык тууралуу айтып жаткандай түр көрсөткөн Мамбетжунус "Ахматтын актыгына көзүм жетти" дегенден көрө "акмактыгына көзүм жетти, бирок акчасы апакай деп айттырып жатат" десе жарашмак. Тилекке каршы, уялбай туруп, "Келдибековду негизсиз камап, өлкөдө чыр чыгаруунун кереги жок" деп "дөөрүйт". Андай эле бийлик Келдибековду көрө албай каматып жаткан болсо, саясаттын казанында чогуу кайнашкан досу Садыр Жапаровдун китебиндеги Келдибеков тууралуу жазган жерин бир окуп койсо, Ахматтын "алкымы" кандай болгонун билмек эле. Башкы прокуратуранын козгогон кылмыш иштери каралоо сезилип көзүн тумандатып, чындыкты көргөзбөй жатса.


Бар туруп, жок…
Каракчылык боюнча шектелип, камакка алуу чечими чыгып издөөгө алынган Канжар Кадыралиев жакын арада кармалбаса тиешелүү кызматкерлер иштен алынаары малым болду. Учурда Канжардын кармалбай жатканы боюнча ар кандай кептер айтылып келет. Тиешелүү органдар качып кетип таптырбай жатат дешсе, айыпталуучунун жактоочусу качпай эле Ошто жүргөнүн айтууда. Коомчулукта болсо депутат карындашы Ыргал Кадыралиева кийлигишип, каматпоо айласын көрүп жатат дешүүдө. Айтор, Канжар "караса көзгө илинбейт, кайда экени билинбейт" дегендей, "бар туруп жок болуп" укук коргоо органдарынын укуругуна илинбей, Ошто "оюн салып" жүргөнү көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылууда.


Көздөрү "кызарып"
Жеңиш Жакыпов жетекчиликтен алынганы ИИМ Академиясына ылайыктуу жетекчи табылбай "жетимсиреп" турат. Учурда аталган окуу жайга көз арткандар Ак үйдөн тартып Мелис Турганбаевдин эшигин жыртып эстери ооп жаткан кез. Академияны башкарам дегендердин тизмеси өтө узун экен. Көрүнүктүүлөрдүн ана башында Бакиевдердин сүйүктүү кадрлары мурунку ИИМ министри Болот Ногойбаев, 7-апрель окуясынан кийин убактылуу министр боло калган Бактыбек Алымбеков турат. Кызматка тойбогон кургурлар кызарган жерге тап коюп турушкан маалы. Ошондой эле, жогору жак уруксат кылса Бакыт Жусубалиев дагы академияны жетектеп калчулардын бири экен. Жогоруда экөөнөн көрө Жусубалиев академияны жетектесе, кадыр-баркы түшүп, каралбай калды деген окуу жайга пайдалуу болмок дегендер арбын.


Сариев туура айтты
Кыраакы саясат талдоочу Марс Сариев: " "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери
Мелис Мырзакматовдун видео кайрылуусу менен Садыр Жапаровдун китебинин чыкканы оппозициянын учурда элдин кыйналып жатканын, электр энергиясындагы каатчылыктан чыккан кыйынчылыктарды пайдаланып, жазында бир аракет кылалы деп жатканындай туюлат. Мырзакматов да, Жапаров да чет мамлекетте. Демек, бул эки окуя бир убакта чыкканы бекеринен эмес. Менин оюмча бул оппозицияны консолидация кылуу үчүн болуп жатат. Азыр байкасаңар, нарындыктардын электр энергиясына нааразылыктарын колдоп таластыктар да чыгып жатат. Бул учурда алар түштүк-түндүктү бириктирип, жазга даярдык көрүп жатышса керек деген ойго түртүп жатат", - дейт.


Каптагаев каарданды
Бийликти басып алмакчы болгон "арам ою" ишке ашпай калып, абакка отуруп чыккан "жазуучу" Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебиндеги калпы-чыны аралаш маалыматтары үчүн соттошуп, абийирин төгөм дегендер арбыды. Учурда Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев негизсиз каралаганы үчүн сотко бергени жатканын жар салды. Бул тууралуу: "Жапаровдун мен жөнүндө жазгандары жүз пайыз калп. Мен сотко кайрылуу үчүн керектүү материалдардын баарын топтоп койдум. Анын калпын ашкерелейм",- деп күүлөнүп турган чагы. Айтканынын өтөөсүнө чыгабы же жөн гана "Ормон опуза" кылып жатабы, аны жакында билебиз.


Мандемиң болсо мандатыңан ажырайсың
Парламенттин ушул жумадагы пленардык жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары, тактап айтканда Бишкек шаардык соту 11 жылга эркинен ажыраткан Нариман Түлеев менен Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзүп, өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып тагылып, иши сотко өткөн Урмат Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалым кылды. Былыктары чубалып чыгып жатса да бирин-бири коргоп-жактаган эл өкүлдөрү эми эмненин башын айтып чыгышаар экен.


Тербишалиев тебилдиби?
КСДПдагы фракциялаштарына асыла коюп, ачуу сөзүн айта коюп жүргөн Данияр Тербишалиев келээрки шайлоодо социал-демократтардын эмес, "Республика-Ата-Журттун" катарын калыңдатмакчы болуп атыптыр. Өз партиялаштары өгөйлөп баштаганын эртелеп түшүнгөн Данияр мырза Бабановго башын катууга үлгүргөн окшойт.