Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Канатбек калемин кайрады
Чүйдүн азыркы губерантору Канатбек Исаев менен мурунку губернатору, азыркы Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун ортосунда от тутанды. Облустук администрация башчысы Канатбек Кедейкановичтин кареги менен тең айланган "Чүй баяны" гезити өткөн жылдын акырында Кубанычбек Кулматовду соо жерин калтырбай, соккуга алыптыр. Мамлекеттик гезиттен эзели мындай кеп чыкчу эмес эле, Канатбек мырза Бишкектин мэрине катуу каарданган көрүнөт. Баса, бул экөөнү ажого жакын адамдар, болгондо дагы болочоктогу президенттик тактынын мураскерлери дегендей кептер ММК беттеринде көп жазылды эле. Ошого ишенип алып, ич ара ит-мышык кейпин кийип башташкан го.


Асанов Жапаровдун "курмандыгы" болобу?
Ойдо жок жерден саясатка аралашып калган, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган кезде Баш мыйзамды бетин ачып караганга жарабаган, 7-апрель окуясында Жалал-Абаддын губернатору боло коюп, сепаратист Кадыржан Батыровду ээрчип "салпактап" жүрүп кийин июнь окуясы чыгып кетип, "бомба" жармакчы болуп жара албай калган Бектур Асанов деген бар. Дарамет деңгээли чектелүү экени оозунан чыккан ар бир сөзүнөн байкалып турат. Мына ошол Асановдун жара албай калган "бомбасы" "жазуучу" Садыр Жапаровдун китебинде жазылган "Азимбек Бекназаровду Ош окуясына шылтоолоп аттырып салбайлыбы" деген жери экен. Эми ошол "бомбасына" байланыштуу Башкы прокуратурага сурак берип сүйрөлө турган болду. Кезинде Жапаров "Кумтөр" боюнча митинг уюштуруп, Камчыбек Ташиевди көкүтүп Ак үйдүн тосмосунан секиртип, абакка өзү менен кошо ала кетти эле, эми Бектурга окшогон далайларды "ала жатканы" калды көрүнөт.


Чек арада ок атылды
Өткөн аптанын этегинде чек арада ок атышкан окуялар орун алды. Тактап айтканда, 16-январда түнкү 11лер чамасында Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара тозотундагы куралдуу кол салуудан бир чек арачы набыт болуп, экөө жаракат алды. Учурда ооруканада жаткан чек арачылардын абалы канааттандырарлык экени айтылууда. Аталган чек ара тозотунун башчысы, улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун сөөгү туулган жери - Ноокатта жерге берилди. Бул кол салууга келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки жоокер шектелүүдө. Учурда кызматташтарына ок чыгарган жоокерлер көрсөтмө берүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн социалдык коргоо жана колдоо фондунан кандуу окуядан каза болгон улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом, ал эми жараат алган лейтенант Осмонов Нуркелди жана катардагы жоокер Сагынбай уулу Жаныбайга 50 000 сомдон бөлүп берип, окуяны тыкыр иликтөөнү тиешелүү органдарга тапшырды.
Ошондой эле, 18-январда да Ала-Бука районундагы "Көк-Серек" чек ара тозотунда ок атылып, бир адам жаракат алды. Бул жагдай Өзбекстандын үч жараны чек араны мыйзамсыз бузуп өтүшүп, кыргыз чек арачыларына баш ийбей ок атышкан. Натыйжада эки тарап атыша кетип, Өзбекстандын бир жараны жарадар болуп, экөө окуя болгон жерден качып баратканда Өзбекстандын чек ара тилкесинен өзбек чек арачыларынын колуна түшкөн.


Жаңылыктын жакшысынан айталы
Акыркы жылдары гезити деле, телеси деле жалаң жагымсыз кабар айтып отуруп элдин да маанайын өлтүрдүк. Көчөдө үңүрүйгөн, үтүрөйгөн эле элдер. Мындан да жаман күндөрү кабагым кашым дебей каткырып жүрчү эле. Айталы деген жакшы кабарыбыз, ушул жылдын экинчси жарымында мектеп мугалимдеринин айлык акысы 50 пайызга чейин көтөрүлмөй болуптур. Акчаны жерден чукусак да табабыз деп Өкмөттөгүлөр өзгөчө убадасын берип атышат. Өткөн саныбызда пенсияга чыккан аксакал сотторго эле ай сайын өлкө бюджетинен 3,6 миллион сом коротулаарын жазган эле. Ошол акчанын эле жарымын жарды мугалимдерге бурсак, пенсионер сотторуң ачкадан өлмөк эмес. Аларың ансыз деле алчусун алып, салчусун салып койгон.


Айыл өкмөт башчысын акыл-эстен тангыча сабашкан
Кемин районуна караштуу Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек Акматовду эки айылдашы тарабынан катуу сабалды. Түнкү 3тө айыл башчыны үйүнөн чакырып чыгып, бир топ убакыт эзгилеп, эс учун жоготкончо эрмектешкен. Көрсө айыл өкмөт башчысы чоң муштум түнкү "коноктордун" биринин жарым жыл мурун каза болгон энесинин атын айылдык мектепке берүүгө каршы чыгып койгон экен. Учурда Акматовдун абалы оор. Ал эми аны сабагандардын бири, мурда баңги сактаган деп камалып чыккан неме соттун чечими менен үй камагына бошотулган.



Дамирага даңк!
Өкмөттө иштегендер өтө эле коркок келишет эмеспи. Бирок вицеликке жаңы отурган Дамира Ниязалиева маалымат жыйын өткөрүп, наристелерге кол салган педофилдерди химиялык жол менен бычып салуу демилгесин кош колдоп кубаттаарын айтты. "Башкаларга сабак болуусу үчүн бул ыкманы колдонушубуз керек" - дейт Дамира Ниязалиева. Ошондой эле Дамира айым акчалуу шылуундар тарабынан менчиктелип кеткен 94 бала бакча мамлекетке кайтарылып, 68и өз милдетин аткарып жатканын кошумчалады. Бишкектин чок ортосундагы партиялашы Турсунтай Салимов "Прадо" эс алуу борборуна айланткан бала бакча менен "Вечерний Бишкектин кожоюну Александр Ким ээлеп алган имараттарды дагы элдин эсебине өткөрүп беришсе, элдин алкышын алып, парламенттик шайлоодо КСДПнын шансы көбөймөк.