Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айбек Карымов, обончу ырчы
"Министр Максүтов маданиятты оңдой албайт..."

Белгилүү обончу, аткаруучу Айбек Карымов агабыз сахнада жыйырма жылдан бери эмгектенип, ырчы, обончу катары элге таанылды. Учурда бизнестин битин сыгып, шаардын чок ортосуна кеңсе ачып, иш кылып жаткан учуру. Чындыгында Айбек мырза, "мен муну кылып жатам" деп, мактанып ооз көптүргөндөн алыс. Билдирбей эле бир топ ишти жасап, эл үчүн аз да болсо кызматын өтөй берген атуулдардын бири. Айбек мырзанын бир ишин мисалга алып айта турган болсок, быйыл болуп өткөн Токтогул Сатылгановдун жүз элүү жылдык мааракесине карата улуу таланттын диск вариантындагы альбомун жарыкка чыгарды. Ал альбомдо акындын термелери, күүлөрү, ырлары ал тургай акын тууралуу тартылган көркөм тасмалар да камтылган. Андан мурун дал ошондой кылып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дагы альбомун жарыкка чыгарган эле.
- Айбек байке, чыныгы чыгармачыл адамдар изденет деп угам. Биз билгенден сиз дагы изденип, бир нерсе менен алек болгондой жүрөсүз. Мисалы обон жазасыз, ырдайсыз. Ошону менен бирге эле бизнес кылып, эми жаш акындардын башын бириктирип, алардын талантын колдоп жатыптырсыз. Айрымдар айтып жатышат. "Ырчылар Айбектей болсо" дешип. Мына ушул жогоруда айткан бизнесиңиз тууралуу, акындарды эмне себептен колдоп жатканыңыз жөнүндө окурмандарга айтып берсеңиз?
Эми иним мындай. Ар бир нерсенин өзүнүн убагы болот экен. Мисалы, ырчыларды айтайын. Ырдай турган убак болот экен. Анан жаш өтүп калганы билген көргөнүңдү башкаларга айтып берип, кичүүлөргө үлгү болчу учур келет экен. Анан карыйсың. Карыганда дагы жакшы карыган бул чоң нерсе экен. Ал тургай кыйналбай, балдарыңды кыйнабай жакшы өлсөң дагы бул жакшы нерсе экен да. Кыскасы, менин азыр кичүүлөргө үлгү болуп, билген көргөнүмдү башкалар менен бөлүшө турган учур келдиби деп ойлойм. Ошол себептен чакан бизнес ачып, албетте бизнесим деле чыгармачылыктан алыстабайт. Мамлекетке колумдан келишинче, закондун негизинде салык төлөп жатам. Бул да болсо, менин мамлекет үчүн кошкон салымым деп эсептейм. Бирок мен кылганымды милдет кылбайм. Кыла берем, анткени баарыбыз эл жер үчүн жаралганбыз. Элибизге, жерибизге кызмат кылуу ар бир атуулдун ыйык милдети. Мен учурда ошол милдеттеримди кайсы бир деңгээлде өтөп жатам десем жаңылышпайм. Ал эми чыгармачылыгым боюнча айтсам, чындыгында жаш өтүп калганы мурдагыдай эл аралап гастролдоого көп көңүл келбей калат экен, экинчиден эрк дагы жол бербейт. Жаштарга аралашып далдаңдап ар кай жерде жүрсөң эл деле айтат да "далдаңдабай бул жөн эле койсо болмок экен"- деп.
- Кеңсеңизге кыргыздын белгилүү каймактарынын портреттерин илип алыптырсыз, булардан эмнени түшүнсө болот?
- Бул портреттер мага чыгармачылык дем берет. Ушулардын аурасы менен чыгармаларым жаралат. Ошол себептен булардын сүрөтүн илип алгам. Өзүң көрүп тургандай бул жерде Токтогул Сатылганов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Саякбай Каралаев, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов баш болгон улуу залкар аталарыбыздын сүрөттөрү. Булардын арбагына сыйынып, таазим кылам.
- Сизге окшоп бизнес кылып же саясатка аралашып, чыгармачылыгын таштап койгон ырчылар дүйнөдө, керек болсо бизде деле бар. Сиз алардын катарын толуктап калбайсызбы?
-Чыгармачылык талант менин каным менен кошо жаралган. Мен дайыма чыгармачылык үчүн иш кылам. Демек, чыгармачылыкты башкага алмаштыруу мага мүмкүн эмес.
- Сиз курдуу айрым ырчылар бир жылда бир эмес, эки-үч ирет концерт коюп келишет. Сиз болсо акыркы жылдары концерт да бербей калдыңыз, мунун себеби эмнеде?
- Бир жылда бир эле жолу концерт берем. Мурдагы жылы 20 жылдык отчеттук концертимди бергем. Ал концертим өткөндө КТРК каналынан көргөзүлдү. Мүмкүнчүлүк болсо эл уга элек жаңы ырларың болсо концерт берип, эл алдына чыгып турганга эмне жетсин. Анан жаңы ырың болбосо, эски ырлар менен элди тажатып, кайра-кайра концерт бергендин эмне кереги бар. Жогоруда акындар тууралуу да суроо бербедиңби. Ал сурооңо дагы жооп берейин. Учурда жаш акындарды колдоп, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүүнүн максатында иштеп жатам. Буга чейин жаш акындарды кеңсеме чогултуп алып, алар үчүн атайын сынак жарыяладым. Жакшы ыр жазып, жакшы изденген акындарга жылына акчалай сыйлык ыйгарып турмакчы болуудамын. Буюрса бул аракетим ишке ашат деп толук ишенем. Бул ишти жолго коюп алсам, андан кийин комузчуларды, чоорчуларды, кыякчыларды жана башка таланттууларды колдоп, аларга дагы акчалай сыйлык ыйгарып турмакчымын. Менин негизги максатым мындан бир нерсе көздөп, атымды чыгаруу эмес, менин максатым өчүп бара жаткан өнөрлөрдү колдоп, аны элге сиңирүү. Мисалы, карап көр. Пайдасы тие турган өнөрлөрдүн баарынын ээлери бар. Кимдир бирөө колдоп, ошонун аркасы менен элге таанылып, саясий упай жана башка упай топтоп жүрүшөт. Айталы айтыш өнөрү, манасчылык өнөр, дагы башка өнөрлөр. Ал эми акындык өнөр, комузчулук өнөр, колго алынган эмес. Бул өнөрлөрдү колго алып, сактап калбасак эртең кеч болуп калат.
- Улуу муундагы акындар менен иштешип, алардын ырларына обон жаратып келесиз, көбүнчө кайсы акындар менен иштешесиз?
- Буга чейин улуу муундагы акындар менен иштешип келгем. Шайлообек Дүйшеев, Бактыгүл Чотурова, Бактыгүл Сейитбекова, Кубат Жакыпов, Гүлмира Рысбаева жана башка эже - агалар менен. Эми жаш акындардын ырларына көңүл бөлүп, жаштар менен да иштеше баштадым. Мисалы, Акбар Кубанычбеков, Сайра Батыркулова, Бердибек Жамгырчиев, Уулкан Аймираевалар менен байланышып, ошолор менен иштешүүдөмүн. Буюрса, март айында болобу же апрель айындабы, "Айбектин жаңы кайрыктары" деген аталышта концерт берсемби деген оюм бар. Аталган концертти төрт бөлүктөн өткөрсөмбү деп жатам. Биринчи бөлүгүн эл аспаптар оркестриинин коштоосунда, экинчи бөлүгүн жалаң фольклор, дастан кылып, анан акыркы бөлүктөрүн эстрадалык кылсамбы деген тилектемин. Учурда ошол концерттин үстүндө иштөөдөмүн. Концертти филармонияга эмес, ресторанга же дагы бир ачык жерге өткөрсөм деген ойлор болууда.
- Маданият ишмерлерине ыйгарылчу сыйлык, наам тууралуу эмне айта аласыз?
- "Элибизде "Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман" деген жакшы макал бар эмеспи. Анын сыңарындай, жогору жактагылар наам тууралуу айтсаң эле жаман көрүшөт. Мен наам алам деп башкаларга окшоп жулунсам, наамды эчак эле алып коймокмун. Тээ Акаев, ал болбосо Бакиевдин убагында эле. Акаевдин, Бакиевдин убагында көп эле адамдар менен мамилелеш болуп иштештим. Аларга айтсам, эчак эле алып беришмек. Бирок, мен наам үчүн жулунган жокмун. Наам алайын деген ой мага келген да эмес. Иш кылбай туруп, элге эмгегим сиңбей туруп кантип наам алам деп ойлочумун. Бет керек да. Бети жоктор наамды буга чейин устукан сыяктуу эле алып келишпедиби. Айрым чиновниктер ойношторуна наам алып берген учурлары болду го. Ыраматылык Жаныбек Алыкулов агамдын айтканы бар. Бир жерде турсак бирөө Жаныбек агадан сурап калды. "Жаныбек ага ушул жашка чыгып, наам алдыңызбы?"- деп. Анда Жаныбек агам ырчыларды айтып, баланчаныкындай акчам болсо, анан тиги кыздыкындай өң-келбетим, фигурам болсо, наамды эбак эле алмакмын деп жооп берген эле. Анын сыңарындай менин бетим жок болсо наамды эчак эле алмакмын. Бирок мага наамды мамлекет бербесе дагы эл берип койгон. Кайсы жерге барбайын, эл кош колдоп тосуп сыйлап турушат.
- Маданият тармагынын абалына кандай баа бересиз? Маданият министри Алтынбек Максүтовдун иш-аракети боюнча эмне айтасыз?
- Ибрагим Жунусов маданият министри болгондо ырчылар аябай сүйүнгөнбүз. Кече уюштуруп, Ибрагим болуп аябай майрамдаган элек. Анын кызмат ордун куттуктап. Жыйынтыгы эмне болду? Жунусов эмнени иштеп кыйратты? Андан мурун, кийин дагы министр болгон Султан Раев деле маданияттын кишиси, ал деле эмнени иштеп кыйратты. Кыйраткан жок да. Алтынбек Максүтов деле ошол сыяктуу. Эч нерсе кыла албайт. Бул сөздү мен Алтынбектин бетине деле айткам. Себеби маданиятка мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөйт, Ошол себептен, Алтынбек эмес Атамбаев министр болсо деле маданият өнүгө турган абалда эмес. Өнүгүш үчүн каражат керек жана мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл.
Маектешкен Мирлан Алымбаев