Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өзү тазаланып алып,
анан тазалыкка чакырса болмок...

Чыккынчы менен саткынчы кайсы жерде жүрсө дагы ошол эле калыбында калаарын экс-"ата журтчу" депутат Садыр Жапаров бекем тастыктап отурат. Ал калпты-чынды койгулаштырып отуруп, фантазиясынын мурунтугун бош кое берип, калдайган бир китептин автору болуп чыга келиптир. Илип алар фактысы жок, жалаң имиштерден куралган "Саясатка аралашкан он жылы" аркылуу ал дагы бир жолу кыргызстандыктарды караңгы, сабатсыз, алысты көрө билбеген маңыроо эл катары эсептерин далилдеди.
Чындыгында андай эмес. Элибиздин аң-сезими эбак ойгонуп, жармач патриот менен чыныгы патриоттун айырмасын айрып таанып калган кези. Андыктан китеп жаза коюп эле, өзүнөн башканын бардыгын коррупционер, жалганчы катары сыпаттап, өзүн мөл булактай таза көрсөтүп алам десе катуу жаңылышкан. Себеби, анын саясатка аралашкан 10 жылы гана эмес, ага чейинки жылдары дагы мамлекетибизге зыян алып келүү менен гана коштолгондугун оркойгон фактылар тастыктап турат. Муну белгилүү коомдук ишмер, Садыр Жапаровдун жердеши Болот Байкожоев көптөн бери карай эле айтып келет. Анын мамлекетке салык түрүндө гана 46 миллион сом карызы бар экендигин да маалымат каражаттары аркылуу расмий билдирген. "Жапаров 2004-жылы Акаевдер менен биргеликте Каракол эркин экономикалык аймагында 46 миллион салыкты төлөбөй койгон. Бул маселени мен депутат кезде парламентте да көтөрүп чыккам. Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилбей келет. Жапаровдун артында бир гана "Ысык-Көл инвест банкы" эмес, дагы көптөгөн рейдерлик басып алуулар бар. Мисалы, "Жыргалаң" шахтасы дагы рейдерлик жол менен тартылып алынган. Балыкчы шаарында мэриянын маңдайында бензин куюучу жайын уруксатсыз куруп алыптыр. Анын артында толтура кылмыш иштери бар. Ушунча кылмыш иштерин жасап алып "мен тазамын" деп трибунада туруп алып элге калп айтканы - бети жоктук болуп жатат. Мамлекетке салык катары гана 46 миллион карызы бар. Ал эми "Ысык-Көл инвест банкын" эмне үчүн алышкан? Максим Бакиев, Надельдер менен биргеликте кылмыш жолдору менен келген, таза эмес 800 миллион доллар акчаны дал ушул банкта "жууп тазалашкан" деген эле Б.Байкожоев басылмалардын бирине курган маегинде.
Ырас, Садыр Жапаров убагында "Гузаль-Мхаад" ЖЧКнын директору болуп туруп 46 миллион сом салыкты жаап-жашырып койгон. Анысы үчүн ага кылмыш иши дагы козголгон. Бирок, ар дайым суудан кургак чыгып көнүп калган Жапаров мурдагы бийликтегилердин тушунда укук коргоо органдарынын оозу-башын "майлап" коюу менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп келген. Мындан сырткары ага карата убагында "Ысык-Көл инвест банкынан" 400 миң доллар кредитти мыйзамсыз алгандыгы боюнча дагы ИИМ тарабынан кылмыш иши козголуп, кайра тынып калган. Бүгүнкү күнгө чейин бул кредиттин кайра кайтарылганы же кайтарылбаганы белгисиз. Эң башкысы ал Бакиевдердин убагында коррупцияга каршы комиссар болуп туруп, мамлекеттик "Жыргалаң" шахтасын агасына катталган "Код Иск" ЖЧКсы аркылуу ит бекер баага сатып алганын айтышыбыз керек. Эске сала кетсек, 2006-2007-жылдары "Жыргалаң" шахтасына өкмөттүн буйругу менен "Капиталдык салымдар" беренесине ылайык республикалык бюджеттен 22,4 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Мына ушул акча каражаты бөлүнгөндөн кийин эле шахтанын 71,14 % ы мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы келген аукциондо жогоруда атап кеткен Жапаровдордун ЖЧКсы аркылуу болгону 12 миллион сомго сатылып кеткен. Натыйжада Садыр Жапаров жана анын бир тууганы мамлекеттен алган 22,4 миллион сомдун дагы ээси болуп калышкан. Шахтаны текейден арзан баада сатып алгандары аз келгенсип, шахтанын ишин жакшыртуу үчүн бөлүнгөн 22,4 миллион сомду да унчукпай гана менчигине басып алышкандарын кандайча түшүндүрүп берсек болот?
Мына ушул өңдүү ири коррупциялык иш-аракеттерге белчесинен баткан саясатчынын өз мекенинен алыс жакта туруп алып, өзүн эр жүрөк, өтө таза, патриот адам катары көрсөткүсү келген аракетин кандай баалайбыз? Эгерде ал мына ушул жогоруда көрсөтүлгөн гана фактылардагы (биз билбегендери канча дейсиз) кылмыштарын мойнуна алып, келтирген зыяндарын кайра артка кайтарып туруп, анан башкаларды дагы тазалыкка чакырса, башкалар тууралуу ооз ачса жарашат эле. Эл дагы туура түшүнмөк. Жөө жомоктой китебин жазганча, Кыргызстанга келип, элибизден кечирим сурап, "Жыргалаң" шахтасын кайра мамлекетке кайтарып, миллиондорду казынага кайра төгүп, "Ак чөп башта" деп турса кандай сонун болмок? Тилекке каршы Садыр мырза чет жерде жүрүп алып дагы өз элине кастык кылып жатпайбы! Калп маалымат берүүнүн өзү кастык эмей эмне? Анын үстүнө мурдагыдай рейдерлик жол менен баса калып байлык топтоюн десе бийлик колунда жок. Андагыдай коррупцияга жол бере турган бийликтин өзү дагы жок болуп, аргасы түгөнгөн ал Бакиевдердин тапшырмасы менен эми минтип "жазуучулук" "шыгын" ойготуп отурбайбы? Саясатта жүргөн 10 жылында анчалык ачуу чындыкты айткысы келсе, Бакиевдердин канкорлугун, алардын өз элине каршы ок чыгарганын, кан төккөнүн, Максим Бакиевдин рейдерлик басып алууларын, өз элин койдой санап калгандарын жазат эле. Садыр мырзанын калеми андай чындыкты жаза албастыгын көрсөттү. Себеби буйрукту жана китепти чыгарууну жана Садыр мырзанын калем акысын каржылагандар Бакиевдер болуп жаткансыйт. Анан кайдагы ачуу чындык жазылмак?

Тиленбек Азык




Кусейин Исаев, Философия илимдеринин доктору:
"Билим тармагы өксүп, орду толгус оор жоготууга учурадык..."
- Кусейин агай, илимпоз катары биздеги илимдин абалы, ЖОЖдордун сапаты тууралуу айтып берсеңиз?
- Совет мезгилинде бизди, кыргыз элин башкалар караңгы, билимсиз эл деп келишкен. Муну жашырганда эмне. Бирок социолог катары изилдеп көрсөм, ошондо эле кыргыздан ашкан билимдүү, сабаттуу эл аз болгон экен. Буга кыргыздын байыртан бери айтылып келе жаткан накыл кептери, макал-лакаптары толук мисал боло алат. Айталы, билим тууралуу не бир сонун макалдар айтылбаган. Ал макалдардын айрымдарын мисалы катары айта кетейин. Мисалы, "Билим ийне менен кудук казгандай", "Илим тозбогон кудук, билбеген киши дудук", "Илим элдин көркү, токой жердин көркү", "Илим акылдын кайрагы", "Илим башка жугат, кына ташка жугат", "Илимдин падышасы накыл, сөздүн падышасы макал", "Илимдүү нур, илимсиз көр", "Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт", "Илим элге, суу жерге", "Акыл, илим эриш-аркак бири-бирин жетелейт жана башка. Ал эми биздин илимибиз качан бузулду. Мамлекетибиз эгемендик алгандан кийин, билимге тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай, билим тармагы түп орду менен бузулуп, орой айтканда орду толгус оор жоготууга учурадык. Союз маалында ар бир айылда мектеп болсо, мектептин саны азайбады. Акыркы эки үч жылдан бери, мектептерге мамлекет тарабынан көңүл бөлүнүп, мектептерди ремонттоп, жаңылоо колго алынды. Бул мактоого алаарлык көрүнүш. Бирок, жогоруда атагандай эле, билимдин сапаты өтө төмөн. Көзөмөл деген болбой калды. Мугалимдерди даярдап чыгаруу абдан начар болууда. Мурда өлкө боюнча он чакты эле жогорку окуу жайы болсо, азыр жогорку окуу жайынын саны 50 гө жетти. Бул эмне деген көрүнүш? Ал жогорку окуу жайларынын көпчүлүгү жеке менчик окуу жайлар. Башкасын айтпай эле, окуу жайлардын флагманы деп айтылып келе жаткан өлкөдөгү эң алдыңкы делген университеттердин бири Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин айталы. Эмне болуп жатат? Жарым жылдан бери ректору дайындалбай, окуу жайда тартип болбой жатпайбы. Учурда билим берүү министрлиги менен жогорку окуу жайлары өздөрүнчө союз түзүп башташты. Союздун түзүүчүлөрү айтат: "Жогорку окуу жайлары менен министрликтин биригүүсү абдан маанилүү"- деп. Демек министрлик окуу жайларга алы келбей, ушундай кадамга барып жатат десек болот. Өткөн жылы тогуз жогорку окуу жайынын жетекчилерин мурдагы министр Канат Садыков чогултуп, расмий иш-чара өткөрүп, ал иш-чарада атайын биригүү тууралуу документке кол коюшпады беле. Мына ушундай, бүгүнкү билим берүүнүн абалы. Азыркы министр Элвира Сариева кандай иштеп, эмненин ичинен чыгат аны убакыт көргөзбөсө, азырынча ал тууралуу ак же көк деп айтуу эртелик кылат.
- Президент баш болуп Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясын реформалаш керек десе, айрымдар жоюп салыш керек деп чыгышты, буга кандай карайсыз?
- Эгемендикке ээ болгону өнөр жайы талкаланган. Болболсо өнөр жайы ички дүң азыгынын төрттөн үч бөлүгүн түзөөр эле. Анын баары жоюлуп, мамлекетибиз улуттук буржуазияга айланды. Чет мамлекеттин байлыктарын алып келип, ошонун негизинде өлкөнү өнүктүрөбүз деп, далайдан бери чогулган кыргыз байлыгын жок кылышкан. Же жалганбы? Азыр дагы ошондой жок кылуу саясаты өкүм сүрүп, уланып жаткан учуру. Анысы сыңарындай Улуттук Илимдер Академиясын жоюу деген мамлекетти алсыратууга барабар. Илимсиз эч убакта мамлекет бекемделбейт. Алмаз Алдашев деген Академиянын вице президенти кайсы бир гезитке макала жазып, илимди мындан ары кантип жакшыртабыз деген суроо коюп минтип жазыптыр: "Биз эмне себептен ушул деңгээлге жеттик, себеби, Кыргызстан эгемендик алганы билимди көзөмөлдөбөй ээн-эркин таштап койгон, ошол себептен ушул деңгээлге жеттик" - дептир. Кыскасын айтканда Академияны жоюп, жок кылабыз деген билимге каршы чыккандык болуп эсептелет.

Мирлан Алымбаев