Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Төрөбеков тутулду, бирок жазадан кутулабы?
Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековго Кыргыз Улуттук университетинин диплому берилбегенин, жасалма экенин бул маселе боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Дыйканбаев маалымат жыйын өткөрүп маалым кылды. Ал өз сөзүндө: "Башкы прокуратура таккан айыптар тастыкталды. Бизге Улуттук университет ал 13 жыл бою окуп жана окуудан чыгарылгандыгы, анын жыйынтыгында ага диплом берилбегендиги тууралуу расмий түрдө документ берди", - деп билдирди. Эми бул окуяны парламент чечет. Депутаттын чынында эле жасалма диплому тааныштыргандыгы үчүн депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бериши абзел. Бирок Дыйканбаев Төрөбековго карата жаза, кылмыш жаза эмес, а башкача болушу мүмкүн экендигин болжолдоду. Башкача айтканда, айып пул төлөө аркылуу жазадан кутулушу мүмкүндүгүн кыйытты.




Акыл айтам деп, абийири кетти
Электр жарыгына болгон баанын кескин өсүшү коомчулукту нааразы кылууда. Өкмөт 2 миллиардга чейин энергия тартыштыгын айтып, аны жабуу үчүн Казакстандан баасы 5 сом турган электр энергиясын сатып алып жатышканын, калкка жеңилдик кылып 2 сом 95 тыйынын өкмөт өзү төлөп, 700 килоВатт сааттан ашык жаккан жарандар калган 2 сом 5 тыйындан төлөй турганын билдирген. Мындай баа да азыркы шартка оор келээрин билдирген Нарын, Таластын карапайым калкы тарифтин наркын дагы төмөндөтүү талабын айтып 14-январда митингге чыгышты. Элдин бул социалдык көйгөйүн айрымдар куудулдар мыскылга айланткан "Бакиевдер жасап жатат" интермедиясын кайталап, митингди Бакиевдер уюштурууда деген жомокту айтып чыгышты. Мындай көз караштын башында учурунда 2010-жылга чейин Нарын-Бишкек унаа жолунда такси айдап, кийин "Ата Мекен" партиясына мүчөлүккө катталып, 7-апрелден кийин Нарынга губернатор болгон Адыл Эсенбеков айтып чыкты. Анын мындай пикирине нааразы болгон митингчилер Адыл Эсенбековду жакасынан сүйрөп, "сен губернатор болгон мезгилде эмнени кыйратып койдуң эле?!"- деп кууп жиберишкени маалым болду. Бул ойрон кезинде революциянын шарданы менен паспорту, айдоочулук күбөлүгү эле бардыгына карабай губернатор болуп калганы узун сабак болуп айтылып келет.
Айтмакчы, кезинде Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов тарифти 1 сом 50 тыйынга көтөргөндө азыркы бийликтин эң жогорку сересинде отургандар "Кыргызстан жарыкты суудан алат андан эч нерсе коробойт, булар жеп-ичип жатышат" деп кыйкырышчу, революция болду. Азыр болсо 1 сом 80 тыйын кылып арзандаттык деп элдин башын айланткылары келишет. Каякка барышаар экен?..
Элдин талбын угуп, ийге келтирмекчи болуп барган Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин дагы колунан эч нерсе келбей турганын айгинеледи. Эл анын 62 тыйындан компенсация төлөп беребиз дегенине ынанбай, тарифти мурунку бойдон калтыруу талабын коюшуп, 1-февралга чейин мөөнөт беришти.




Базарбаев балээ го?
Быйылкы парламенттик шайлоонун алдында "Ата-Мекендин" аброюн арттырайын дегенби, текебаевчи министр Кудайберген Базарбаев 1-январь күнү таңкы саат 8.30да жумушка келип, кызматкерлеринин ишке чыкпаганына жини кашайыптыр. "Жергиликтүү бөлүмдүн башчыларына, социалдык мекемелердин жетекчилерине телефон чалдырдым. Уюлдук эмес, атайылап жумушчу телефондоруна чалдык. Бири да жок. Түшкө жакын анан ишке чыгышты" - деп, бул "баатырлыгын" Базарбаев мырза мактануу менен айтты. Бардык мамлекеттик кызматкерлер 1инен 8ине чейин мыйзамдуу түрдө эс алып жатканын эсине деле алган жок. Муну угуп, "Базарбаевдин башы ордундабы?" - дегендер четтен чыгууда.




Соттор сомго көмүлөт
Социалдык фонд "Соттордун макамы" тууралуу мыйзамга тезинен өзгөртүү керек экендигин айтууда. Себеби пенсионер сотторго 14 миң сом кошумча акы төлөнөт. Ошол эле учурда Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен майыптарына болгону 428 сом кошумча акы каралган. Өмүр бою байгерчиликте жашаган, акчаны аябай алган сот акелердин пенсиясы учурда 26 428 сом. Ага кошумча жогорудагы 14 миң 428 сом кошумча акыны капчыкка салышат. Ай сайын ушулардын пенсиясына эле өлкө бюджетинен 3,6 миллион сом каралат.




Доллардын өскөнү жакшы дейт...
Учурда доллардын курсу улам өсүп жатат. Мындай жагдай Улуттук банкты баш кылып, карапайым адамдарга чейин чочутуп жатса, Каржы министри Ольга Лаврова кайра кубанып жатат. Анын кубанычын тең бөлүшсөк, доллар кымбаттаса, зыян эмес пайда көрөт экенбиз. Кыргызстандын карызы 3,8 миллиард долларды, же ички дүң өндүрүмгө карата 54 пайызды түзүп, бюджеттин каатчылыгы тышка карыздар менен жабылып жатканда, доллардын өсүп жатканы кубаныч тартуулаган жагымдуу жагдай деген Лаврованын логикасына ким ишенет? Деги Ольганын ою менен болобуз деп, оңкобуздан кетпесек болду. Дегенибиз, Каржы министри өз ишин жөндүү алып бара албай, бир топ мандемдүү кадамдарды жасап жатканы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары какшап келе жатат. Буга мисал катары Лаврованын "Кыргызалтын" ишканасынын каражатын Түркиянын "Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S." компаниясына парламенттин уруксаты жок которгондугу үчүн Башкы прокуратурага 4 саатка жакын сурак бергенин айтсак жетиштүү болот. Деги Лаврова Кыргызстандын каржы системасын такыр иштен чыгарат окшобойбу. Эмитеден кутулбасак, кийин кеч болуп калбайбы?




Каримов катуу айтты
Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов жаңы шайланган парламенттин төмөнкү палатасынын биринчи жыйынынын астында чыгып сүйлөп, Орусияны дагы бир ирээт силкинтти. Тактап айтсак, ал сөзүндө: "Бизде элдин талабына жооп берген өзүбүздүн басаар жолубуз бар. Мен дагы бир жолу кайталап кетейин, Союз кезиндегидей өткөн тарыхка эч убакта кайрылып барбайбыз. Өзбекстан эч убакта СССР сымал уюмдун курамына кирбейт. Айрым бир чет өлкөлүк маалымат каражаттарында СССР кезиндеги лениндик, сталиндик учурларды мактаган, даңктаган мисалдар болуп жатат. Биз мындай мамилелерди жактабайбыз",- деп билдирди. Каримовдун айтуусунда азыркы учурда кээ бир мамлекеттерде Советтер союзуна кайтып барууга болгон каалоолор, аракеттер болуп жатат. Дал бутага сокту. Ошондой эле, Каримов Өзбекстандын аймагына чет мамлекеттик базалардын, обьектилердин жайгашуусуна жол бербестигин кайрадан дагы бир ирет белгилеп өттү. Анын айтканы боюнча, бул талап 2012-жылы Өзбекстандын тышкы саясий ишмердүүлүгү боюнча кабыл алынган концепсиясында таасын көрсөтүлгөн.