Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ак-Жарда
жакшы жаңылык!

Жаңы жыл босогодо турганда Бишкектин четиндеги Ак-Жар жаңы конушунун тургундары электрлүү болуп, кубанычы койнуна батпай, маңдайы жарыла сүйүнүштү. Жаңы конуш пайда болгон тогуз жылдан бери тээ орто кылымдагыдай шартта, чырак менен күн кечирип келишкен. Бүтүндөй өлкөбүздүн борбору болгон Бишкектен бир нече эле чакырым алыстыктагы бул жаңы конуштун тургундары эми электрге жетип отурушат. Орто Азиядагы эң чоң базарлардын анабашы болгон "Дордой" базарын кесип өтүп, Бишкекти айланып өтүүчү жолдун алдындагы Ак-Жар жаңы конушун-
дагылардын буга чейин какпаган эшиги, кайрылбаган кишиси калган жок. Акыры арманыбызды уккан киши табылды.

Ак-Жар конушунун тургундары бүгүн абдан сүйүнүп турабыз. Бишкектин бир бөйрөгүндө турсак да, бизге Өкмөт тогуз жылдан бери электр энергиясын жеткирбей, күңдүн баласындай мамиле жасап келди. Далай жолу жол тоздук, митинг кылдык, депутаттарды чакырдык. Бирок, биз күткөн иштер жасалбады. Акырында, биз мамлекеттен үмүтүбүздү үзүп, өз алдыбызча аракет кылууга өттүк. Светти уурдай алмак белек, ким бизге жеткирип бере алат деп иликтедик. Акырында бул "Дордой" базарын электр энергиясы менен камсыздаган, бизге подстанциясы чукул "Электросила" деген менчик энергетикалык компанияга кайрылдык. А дегенде алар макул болгон жок. Анткени, биздин үйлөрдүн алигиче документтери толук эмес, айрым участоктор чырлуу, анын үстүнө мурда-кийин электр зымдары, зым карагайлар орногон эмес. Бирок, биз компаниянын жетекчиси Али Водяновго жалдырап, күн сайын бара бердик. Үшүгөн балдарыбызды, ооруган жашоочуларды көрсөтүп, "мусулман экенсиз, Өкмөттүн боору орубаса да, сиздин бооруңуз ооруган чыгар. Бизге жардам бериңиз" - деп суранып жаттык. Акыры ал киши макул болду. Ошону менен Ак-Жарга акырындап электр келе баштады. Ага эл өз чөнтөгүнөн чыгарып, жардамын кылды, бирок, көп каражатты "Электросила" өз чөнтөгүнөн чыгарды. Андыктан, биз компанияга да ыраазыбыз. Бүгүн биз кыргызчаны кыргыздан кыйын сүйлөгөн Али байке менен тууган, дос болуп калдык. Ак-Жарга жарык берүү иши деле оңой-олтоң болбогонун Али Водянов айтып берген.
- Биздин компания 2011-жылдан тартып, Ак-Жар жаңы конушун элинин суранычы менен конушка электр энергиясын тартып кирдик. Анткени, бул биздин милдет. Биз жалаң эле өндүрүштүк кардарларга басым жасабай, карапайым калк үчүн да иштеп келгенбиз. Ошондуктан, жергиликтүү элдин, мэриянын колдоосу менен бул чоң ишти мойнубузга алганбыз. Бирок, тилекке каршы, жалпы сметада көрсөтүлгөндөй, 47 миллион сомдук иштер жасалса дагы, мэрия болгону 16 миллион сомду бизге которду. Дагы 600 миң сом беребиз деп, аны которбой келе жатат. Антсе дагы биз ишти чала таштабайлы деп, өз чөнтөгүбүздөн 8 миллион сом каражатты ушул ишке чегердик. Бирок, элдин батасын алганыбыз менен көралбастар армиясынын чабуулуна туш болдук. Элге кылган жакшылыгыбыздан улам, ошондон бери биздин компанияны 17 жолу текшерүүчү органдар ар кайсы арыздын негизинде текшерип, ишмердигибизге тоскоолдук жаратты. Бирок, бирөө дагы биздин ишмердигибизден, каржылык эсеп-кысабыбыздан коррупциялык элементтерди таба алган жок. Ошентип, эки жылдан бери далили жок каралоого туш болсок да, ишти аягына чыгып, калган 300дөй абонентке Жаңы жылда жарык тартуулайлы" деп, суукка карабай иштеп жатабыз ,-деген биздин "Свет акебиз". Жаңы жыл алдында Ак-Жар конушундагылар адилеттик издеген убарабызды эске алып, кварталыбызды "Адилет" - деп атап алдык. Башында "Электр келет экен десе" ишенген деле жокпуз, качан зым карагайлар тартылып, трансформатор келгенде кадимкидей көзгө жаш алдык. Азыр деле ишене албай кетебиз. Анан айрым депутаттардын ушул сыяктуу ишканалардын ишине тоскоол болуп, ар кайсыны айтып жатканын көргөндө жинибиз келүүдө. Эл өкүлү деп аталганы менен алардын көбүнүн элге кымындай да жардамы тийген жок.
Бурул Чындыкова"
Ак-Жар" жаңы конушунун тургуну





КАНГА БОЕЛГОН ЖАҢЫ ЖЫЛ

Жаңы жыл алдында Караколдо кандуу окуя болгону тез эле көпчүлүккө тарады. 1-январда аталган шаардын Мурманская көчөсүндөгү №9 үйдүн тургуну 1943-жылы туулган Асанов Акжолтойдун өзүнүн үйүндө киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылган.
Ал облустун аңчылык департаментинде көп жылдан бери иштеп, аны көлдүктүн көбү таанычу. Жаңы жыл алдында аны куттуктап коелу дегендер телефону өчүк болгондуктан, айрым учурларда Жети-Өгүз районунун алыскы Ак-Шыйрак өрөөнүнө чыгып, өзүнө бекитилген жерди кыдырып кеткен го деп эч жамандыкты ойлогон эмес. Үч күндөн ашык дайынсыз болуп кеткенде гана 1-январда ага кабатыр болгон күйөө баласы уулун кайын атасынын үйүнө жиберет. Таятасынын үйүнө келген небереси дарбаза ичинен жабыктыгын жана автоунаасы короодо турганын байкап, ал туурасында атасына кабарлайт. Кандайдыр бир кырсык болгонун сезген күйөө бала ошол замат милицияны чакырат.
Чакыруу боюнча келишкен Каракол ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери үйдүн ичине киришкенде, ашкана бөлмөсүндө бети-башы канга боелгон Акжолтойдун өлгөн денеси табылат. Алгач аны ок атуучу куралдан алган жаракаттан өлтүрүлгөн деп ойлошкон. Анткени, жаракат башында болчу, баш сөөгү талкаланып кеткен. Кийин соттук - медициналык экспертизанын корутундусу боюнча өлгөн адамдын башына кандайдыр бир катуу нерсе менен бир нече жолу урулгандыктан, баш сөөгү толук сынып, тиштери талкаланып, анын натыйжасында өлүм келгени аныкталды.
Маркумдун үйүн кароо жүргүзгөндө сейфи ачык боюнча турганы жана ал жерде сакталган ок атуучу куралдар сейфте эмес, жерде жатканы байкалат. Өлгөн адамдын туугандарынын айтымында, сейфте куралдардан сырткары болжол менен 10 миң АКШ доллары да бар болгон. Тинтүү жүргүзгөндө акча каражаттар, өлгөн адамга таандык уюлдук телефондор, видеокамера жана фотоаппарат да жок болуп чыгат. Аталган кылмышты иликтөөгө Каракол ШИИБинин кызматкерлеринен сырткары облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн из кубарлары да кошулат.
"Кан кое бербейт" эмеспи. 71 жаштагы Акжолтой Асановдун өлүгү табылгандан туура эки күндөн кийин кылмышка шектүү болгон Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын 24 жаштагы тургану Рахат Дорбинова жана мурда мал уурулук, тоноочулук үчүн соттолгон 19 жаштагы Нурлан Ишенбеков кармалды. Укук коргоочулардын жоромолу боюнча жаш кыз менен аксакалдын ортосунда кандайдыр бир жакын мамиле болгон. Анын үйүн тинткен учурда далил зат катары 4 миң АКШ доллары табылып алынды. 1 миң долларды кыз өзүнүн керегине жумшап койгон. Шакирти 2 миң АКШ долларына "БМВ" үлгүсүндө автоунаа сатып алып, калган акчага көңүл ачып жүргөн.
Кылмышка шектүүлөр кармалгандан кийин окуянын чоо-жайы толук дайын болду. Ысык-Көл ОИИБнын басма-сөз катчысы, милициянын подполковниги Сталбек Усубакуновдун маалыматына таянсак, өткөн жылдын 27-декабрында жогоруда айтылган кыз менен Акжолтой жолугушуп, бирге болушат. Ошондо кызга тигинде ири өлчөмдө акча бар экени маалым болот. Эртеси кыз айылдашы менен өз ара сүйлөшүп алып, мурдатан курмандыкка чалып койгон адамына уюлдук телефон менен чалышып, инисин Бишкек шаарына жиберүү үчүн акча каражатынан жардам сурайт. Кыздын суранычына аксакал жок дебей, үйгө келип, керектүү акчаны алып кетишин сунуштайт. Алар маркумдун үйүнө болжол менен кечки саат 19.00 келишет. Кылмышка шектүү болуп кармалгандардын тергөөчүлөргө айтып бергендерине караганда, жабырланычуу аларды жылуу кабыл алып, жалган "эже-иниге" чай ичүүнү сунуштайт. Эч нерседен шек санабаган Акжолтой аларга чай куюп берүүгө бурулганда, кыздын үйүнөн ала келген үбөлүк менен баштан ары уруп, эсин оодара жыгат. Андан кийин сейфтин ачкычын табышып, ал жерден акча, уюлдук телефондорду, видеокамераны жана фотоаппараты алышат. Кетип баратып ашканада эсин жоготуп жаткан адамга келишип, эртең милицияга берет, ошондуктан, биротоло көзүн тазалайлы деп, үбөлүк менен башын жанчып өлтүрүшөт да, үйдөн чыгып кетишет.
Учурда акчага арам жол менен марыйбыз деген бул экөөнүн үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА