Арзыбек Кожошев, Каржы министринин орун басары:
"10 миллион сом министрликтин
тамагына кетет деген жалган маалымат…"
- Арзыбек мырза, 2015-жылдын мамлекеттик бюджети жакында эле кабыл алынды. Алгач, ушул бюджеттин киреше-чыгашасын айтып берсеңиз?
- 2015-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 107 млрд. 752 млн. сомду түздү. Ал эми чыгаша бөлүгү 118 млрд. 436 млн. сом. Бюджеттин тартыштыгы 14 млрд. 683 млн. сом. Чынында бул көрсөткүч абдан чоң. Анткени, мындан 5-10 жыл мурун мындай тартыштык жок болчу. Бюджетти толтура турган негизги киреше булактардын аткарылышы көп учурда талапка жооп бербей калууда. Мисалы, быйылкы 9 айдын жыйынтыгы менен бажы салык кызматы боюнча 1 млрд. сомдон ашуун төлөмдөр аткарылбай калды. Биз биринчи кезекте - пенсия, пособия, маяна, медикамент сыяктуу бюджетте корголгон статьяларга беребиз. Андан кийин каражат ремонт, командировкага акча ж.б. статьялар бөлүнөт. Экономикалык көрсөткүчтү кагазга жазып пландаганыбыз менен, алардын көбү иш жүзүндө турмуштун, саясаттын оош-кыйышына байланыштуу аткарылбай калып жатат. Мисалы, башка өнүккөн өлкөлөрдө өнүгүү (өндүрүш ж.б.) маселесине абдан көп каражат сарпталат. Бизде болсо, өндүрүшкө болгону 15-20 пайыз гана каралат. Ушу себептен биз бюджеттин 70-80 пайызын пенсия, пособия деген статьяларга коротуп жатабыз. Эмне себептен ушундай? Анткени бизде бюджетке кошумча акча алып келе турган өндүрүш өтө аз. Ушунун баары бүгүнкү күндүн бюджетинин жалпы ахыбалын ачык көрсөтүп турат.
- Буга кошумча болуп ички жана тышкы карызыбыз кендирди кесип келатат. Быйыл тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 60 пайызына жетти деп коомчулукта бир топ сөз болду. Бул көрсөткүч канчалык деңгээлде кооптуу?
- Бүгүнкү күндө тышкы карызыбыздын көлөмү 3,4 млрд. доллар. Ички карызыбыз 11,5 млрд. сом. 2015-жылдын бюджетинде тышкы карызды төлөөгө 6,9 млрд сом, ал эми ички карыздарды төлөөгө 8,8 млрд сом каралды. 2014-жылдын аягында мамлекетибиздин тышкы карызы мыйзамда көрсөтүлгөн ички дүң өндүрүмдүн 60 пайыздан төмөн болору күтүлүүдө. Эми айрымдар баса белгилеп айтып жаткан ИДПга салыштырмалуу 60 пайыздык көрсөткүч анчалык деле кооптуу болуп эсептелбейт. Негизи биз Баш мыйзамда социалдык мамлекет экенибизди белгилеп кеткенден кийин, бюджет маселесинин биринчи статьялары ички-тышкы карыздарды жабууга эмес, дал ушул социалдык маселелерди аткарууга багытталат.
- Биздин мамлекет Бажы биримдигине киргенден кийин бажы салык төлөмдөрүндө, жалпы эле мамбюджетте кандай өзгөрүүлөр болот?
- Бажы биримдиги боюнча маселе азырынча мамлекеттик бюджетте каралган жок.
- Мисалы, 2015-жылы Бажы кызматы 44 млрд. сом чогултушу керек эле. Бирок биз бул акчаны азырынча караганыбыз жок. Себеби бул акча ББга киргенден мамлекеттердин жалпы казынасына түшүп калат. Ошол жалпы казынанын ичинен биз өзүбүзгө тиешелүү бажы төлөмдөрүн алабыз. Азыр бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Менимче, бизге бөлүнө турган каражаттын көлөмү 44 млрд. сомдон кем болбойт, ал тургай алдына ала эсептөөлөрдү жана бажы төлөмдөрүнүн кымбатташын эске алганда андан да көп болот. Бул 2015-жылдын бюджетинин артыкчылыгы болуп калышы толук мүмкүн.
- Быйыл парламент пенсия, пособия, мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө бюджеттен кошумча каражат каралбагандыгын баса белгилеп айтышты. Бул боюнча эмне айтасыз? Пенсия, пособия боюнча да жалпы маалыматтарды айта кетсеңиз?
- Бизде пенсия жана пособия алган адамдардын саны 1 мллиондон ашык. Пенсияга бир жылда 16 млрд, пособияга 5 млрд. сомдун тегерегинде каралат. Персоналдык пенсияга 256 млн. сомдон ашык акча бөлүнөт. Бул өтө чоң жана жагымсыз көрүнүш. СССР кезинде 2 жумушчу адам 1 пенсионер бакса, азыр 3 пенсионерди 1 жумушчу адам багып калды. Бул деген бизде элдин жана анын ичинен пенсионердин саны кескин түрдө көбөйгөнүнөн кабар берет. Учурда элдин саны (мигранттарды эске албаганда дейли) реалдуу эсептей келсек, 4 млн. Анын 10 пайызы пенсия, пособия деп мамлекетти карап олтурса, бул жаман көрсөткүч да. Жөлөк пул алгандардын дарегин жакшыртышыбыз зарыл болуп турат. Анткени көп эле жерде врачтарга пара берип, соо ден соолугун майып кылып жаздырып алышып, Кудайдан коркпой мамлекеттин акчасын ай сайын алып келеткандар да арбын. Мына ушул жагын катуу текшерип, талапка ылайык иретке салбасак болбойт. Эми пенсия, пособияга эмне үчүн каражат каралган жок деген маселеге келели. Туура, мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча президентибиздин тапшырмасы бар. Биз бул маселени аткарууга тиешелүү каражат булактарын караштырып жатабыз. Бирок мугалимдердин айлыгын 50 пайызга көтөрүү үчүн 2-3 млрд. сом керек. Эгер бул акча табылып калса дароо айлыкты көтөрөбүз. Ал каражат жок болгондуктан улам, бүгүнкү күндө мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселеси жок. Мисалы, 2011-жылы социалдык сектордун, 2012-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, 2013-жылы сот системасынын, 2014-жылы күч тармактарынын айлыктарын теңдештирүүгө аракет кылып, бюджеттен 1 млрд. менен ИИМдин, ӨКМдин кызматкерлеринин айлыктарын аздыр-көптүр көтөрдүк. Эми 2015-жылы мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлыктарын көтөрүү кезеги келди. Атап айтканда, ушул кезге чейин орточо айлыгы 2500-3500 сомду түзүп келаткан: токойчулар, гидрометрология, суучулдардын жана архивде иштеген кызматкерлердин айлыгын жок дегенде 5-6 миң сомго көтөрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом. акча карашыбыз зарыл. Ушул маселени чечип алгандан кийин, 2016-жылдан баштап айлык көтөрүү циклин жогоруда санап өткөн тармактар боюнча кайрадан кезек-кезеги менен көтөрүп баштайбыз.
- Каржы министрлигинде коррупциянын тамыры терең экенин жакында эле Эсептөө палатасы айтып чыкты. Мисалы, министр чет өлкөлөргө чыкканда дайым бизнес класста учат экен, андан тышкары депутаттар министрликтин бир жылдык тамагына 10 млн. сом сарпталарын айтып, катуу сынга алышты. Ушул маселелер боюнча ачык сүйлөшсөк...
- Туура, мен биздин министрлик таза, коррупциядан алыс деп айта албайм. Анткени акыркы эки жылдан бери казыналык системада, министрликтин өзүндө бир катар коррупциялык схемалар ачыкка чыккан. Андан тышкары, 3 миллион сом айлык боюнча кылмыш иши бар. Биздин министрдин бизнес класста учканына мен комментарий бере албайм. Өзүмө жооп берейин, мен чет өлкөгө аз чыгам, ошондо да бизнес класс менен учпайм. Ал эми министрликтин кызматкерлеринин тамагына 1 жылда 10 млн. сом сарпталат деген таптакыр туура эмес маалымат. Менимче, депутаттар алдында турган сандарды жакшылап карабай эле жалпысынан айтып койсо керек. 10 млн. сом деген мындай: республика боюнча спорт мекемелер, спорт мектептердин, облустардагы спорт комитеттердин тамак-аштарына каралган акча (10 млн. сомдон ашуун) биздин министрлик аркылуу каржыланат. Мына ушул маселе парламентте коомчулукка бир аз туура эмес болуп тарап кетти. Негизги чындык ушундай.
Ушул мен айткан маалыматтар биздин министрликтин сайтында (буга кошумча кайсы министрлик, агенттерге канча акча бөлүнгөнү да) ачык көрсөтүлүп турат. Каалагандарга ачып караганга толук шарттарды түзгөнбүз.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев.