Кадырбек Эргешов, Дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы:
"Спортчуларыбыздын билеги эле эмес, билими дагы "жоон" болушу керек"
- Өтүп бара жаткан жылкы жылында кыргыз спортунда кандай ийгиликтер болду?
- Өткөн жылдарга караганда быйыл спорттук иш чараларга аябай мол болду. Ийгиликтер дагы Кудайга шүгүр жакшы. Агенттиктин мурдагы жетекчилиги Өкмөттүн алдында Азия оюндарында 3 медаль алабыз деп милдеттеме алган экен. Биз 6 медаль алдык. Чынын айтканда бул деле аз. Менин оюмча 8-12 медаль алсак болмок, бирок ар кандай себептерден улам ушундай жыйынтык болду. Буга деле тобоо дейбиз, бирок мындан дагы мыкты ийгиликтерди багынтуу үчүн талыкпай иштеп атабыз. Мындан тышкары эл аралык деңгээлдеги Көчмөндөр оюндарын, жыл сайын өтүүчү Ысык-Көл оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. 14-ирет өткөн Ысык-Көл оюндарында өлкөбүздүн бардык дубандарынан, ошондой эле Россия, Казакстандан 2 миңден ашык спортчулар катышты. Жыл сайын Ысык-Көл оюндарына деп Өкмөттөн 10 миллион сомдой атайын каражат бөлүнчү. Быйыл жетекчилик кызматка келээрим менен бюджеттен бир тыйын албай, өз күчүбүз менен өткөрдүк. Башында аз-маз кооптонуулар болуп атты эле, бирок ансыз деле акча тартыш болуп жаткан бюджетибизге оорчулук кылбайлы деген аракетибиздин акыбети кайтты. Бардыгы жакшы өттү. Жакында эле кийинки жылдын регламентин бекитип бердим, 2015-жылдагы XV Ысык-Көл оюндарына Еворпанын бир катар өлкөлөрүнөн, Индия, Кытай, Монголия, КМШ өлкөлөрүнөн спортчуларды чакырып атабыз. Даярдыкты азыртадан баштап, катышкан спортчулардын санын 20 миңге чейин жеткирип, Ысык-Көл оюндарынын престижин дагы да бийиктетели деп атабыз. Кийинки жылы дагы мамлекеттен бир тыйын албай, тескерисинче пайда көрөлү деген максатыбыз бар. Негизи эле ушундай эл аралык мелдештерде башка өлкөлөр жакшы пайда табышат. Биз дагы мамлекеттин оозун карап отурбай өзүбүз аракет кылып атабыз.
Бул жылы биз аймактардагы бир нече спорттук объектилерге ремонт иштерин жасап, кышкыга даярдадык. Мисалы, Ош шаарындагы Түштүк регион боюнча спорт мектебине 500 миң сом бөлүп, эки спорт залдын жылытуу системасын ондодук. Сууда сүзүү боюнча республикалык мектептин базаларын да ремонт жүрүүдө. Балыкчы шаарындагы базада толугу менен элинг (яхталардын ангары) ондолуп, ишке берилди. "Ала-Арча" базасындагы спортчулар жашаган корпустар, мончо, ашканасы ремонт болуп жатат. Эмеректер да жаңыртылууда. Ошондой эле кошумча эки куткаруучу мотор кайыктары, 5 кайык, 4 байдарка жана каноэ сатып алдык. Эң негизгиси бул мектепке 16 кишилик кичи автобус (мерседес спринтер) алып бердик. Бул абдан чоң жетишкендик, анткени биздин системада союз тарагандан бери транспорт жок болчу. Көп жерден акчаны үнөмдөп, спортчуларга жакшы шарт түзүлдү. Быйыл дагы региондорго спорттук шаймандарды да алып бердик. Негизи эле бардык иш - аракеттерибизди 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы жана Өкмөттүн программасынын негизинде алып баратабыз.
- Жогоруда айткан пайданы кандай жол менен табасыңар?
- Жолдору көп. Ысык-Көл оюндары дегенде, бүтүндөй дүйнө, өзгөчө КМШ элдеринин көз алдына кереметтүү көлүбүз тартылат. 14 жылдан бери Ысык - Көл оюндары деген кадимкидей бренд пайда болуп калган. Канча көп спортчу келсе, артынан машыктыруучулары, күйөрмандары кошо келет. Анын баары акча болот. Ушул сыяктуу бир топ жолдору бар. Көптөгөн өлкөлөргө барып жүрөбүз, алар спорт аркылуу өз өлкөсүн даңазалоо менен оңбогондой пайда да көрүшөт. Биз дагы ошол жолго өтүшүбүз керек.
- Өзүңүз спорт жаатында канча жылдан бери эмгектенесиз? Агенттикти башкарганга чейин кайда иштедиңиз эле? Кыргыз спортун өнүктүрүү боюнча кандай көз карашыңыз бар?
- Мен 40 жылга жакын убакыттан бери кыргыз спортуна кызмат кылып келем. Кыргыз спортунун аки-чүкүсүн эң жакшы билем. Агенттикти башкарганга чейин күрөш мектебинин директору болуп иштеп келгем. Кыргызстандын бүт аймагын калтырбай кыдырып чыккам. Чоң спортту өнүктүрүү үчүн тээ түпкүрүнөн, айылдардан башташыбыз керек. Бүтүндөй системаны өзгөртүү керек. Азыр аппараттын структурасын бүт өзгөртүп атам. Биздин агенттик жалаң эле мелдештерди өткөрүү менен чектелип калган. Кызматкерлерибиз жалаң эле ошондой иштерди уюштуруу, кем-карчын толуктоо менен гана алек болуп калган. Ал биздин негизги милдетибиз эмес, биз спортту өнүктүрүүнүн саясатын жүргүзүшүбүз керек. Айылдарга чыгып мониторинг кылышыбыз керек. Мыкты балдар-кыздардын көбү айылдарда. Албетте шаарларда деле кыйындар бар. Бирок айылдарда намыска жарап берчү мыктылар көп. Спорттук талантын сезбей эле, күнүмдүк оокаты менен жүрүшөт. Биз он миллиондогон калкы бар Россия же Казакстан эмеспиз. Алакандай эле элбиз. Мыктылардын мыктысын ювелирдик тактык менен тандап алышыбыз керек. 5-класстан баштап, ар кандай мелдештерге катышкан өспүрүмдөргө көз салып, арасынан эң таланттууларын сууруп чыгып, ар бир облустарга бирден спорттук класстарды ачабыз. Ар бир класска жооптуу инструкторлорду дайындайбыз. Алардын баскан-турганы, тамак-ашы дайыма көзөмөлүбүздө болот. Ошондой эле ар бир облуска 9 кишиден турган өзүбүздүн өкүлчүлүктү ачалы деп атабыз. Алар түздөн-түз ушул ишти алып барат. Кыргызстанда бир эле спорт мектеби бар. Ал Бишкекте, түндүктө. Түштүк аймагыбыздагы балдар ар кандай себептер менен Бишкекке келип окуй албай атышат. Ошондуктан түштүккө дагы бир спорт мектебин ачсакпы деген пландарыбыз бар. Жалал-Абад шаарында Кадыржан Батыровдун улутташтырылган университети бар эмеспи. Ошону бизге берсеңер спорт мектебин ачабыз деп маселени коюп атабыз. Кудай буйруса ушул ойлорубуз ишке ашып кетсе, 5-6 жылдан кийин Кыргызстандын спортунда кадимкидей өзгөрүү болот.
- Ойлоруңуз жакшы экен. Бирок сиздин дарегиңизге кызматтан алынган спорт чиновниктери ар кандай кептерди айтып жатышат го...
- Бизде 20 жылдан ашык убакыттан бери спортто кайдыгерлик өкүм сүрүп келди. Жоопкерчиликти эч кимиси мойнуна алган жок. "Сен мага тийбе, мен сага тийбейм" - деп, "өгүзүм өлбөсүн, арабам сынбасын" деген абалда иштеп келдик. Ошондуктан кыргыз спорту ушунча жылдан бери өнүгө албай, өксүп атат. Мындай болбошу керек. Кызматка келээрим менен аппаратты кыскарттым. Беш жетекчини иштен алдым. Албетте ар биринин артында өзүнүн кишилери бар. Достору, туугандары дегендей. Бешөө биригип алып, "Эргешов мындай, Эргешов тигиндей" - деп кыйкырып атышат. Бирок мен баштаган ишимди акырына чыгарыш үчүн эч кимге, эч нерсеге көңүл бурган жокмун. Кудайым ден соолук берсе мен көздөгөн максатыма жетемин. Жашоодогу принцибим да ошондой. Жаңы структураларды түзүп, жаңы, таза, тыным албай иштеген жаштарды айланама топтоп атам.
- Спортчулардын тескери жолго басып, криминалдык чөйрө менен мамиле түзүп кетип жатканы дагы чоң маселе болсо керек?
- Туура, мындай терс көрүнүштөр бар. Бизге эң керектүү спортчулардын резервин даярдап берчү Спорт интернатында жумуш абдан начарлап кетиптир. Дене тарбия жагынан дагы, билим жагынан дагы балдар кадимкидей аксап калышыптыр. Азыр жаңы жетекчи иштеп жатат. Спорт деген спорт, албетте бизге медалдар керек, бирок тарбияны, билимди дагы унутпагыла деп атам. Туура тарбиянын жоктугунан ал жакты бүткөн көп балдарыбыз жанагы чөйрөгө азгырылып кетти. Президентибиз дагы 22-октябрда спортчулар менен жолукканда спортчулардын криминалдык дүйнөгө аралашып кеткенин айтты. Ошондой эле болуп атпайбы. Кайсы бир саясатчылардын куралына айланып, туура эмес иштерди жасап атышат, криминалдык иштерге аралашып атышат. Ошондуктан аларга спорттон тышкары тарбия бериш керек. Дүйнө таанымын өстүрүп, билимин бийиктетишибиз керек. Билеги эле эмес, билими дагы жоон болушу керек. Ошол багытта иш алып барып атабыз.
- Силердин агенттик жалаң эле спорт эмес, дене тарбия багытында да иш алып барасыңар да. Элди массалык түрдө спортко кантип чакырып атасыңар?
- Эң туура маселе. Биз быйыл мектептерге тээ совет маалындагыдай 15 мүнөттүк таңкы көнүгүүлөрдү киргиздик. Билим берүү жана илим министрлиги менен такташып, быйылкы окуу жылдан баштап, өлкөбүздүн баардык мектептеринде милдеттүү түрдө таңкы көнүгүүлөр жасалып атат. Өзүбүз көз салып, текшерип атабыз. Ошондой эле дагы бир олуттуу ишибиз 5-класстан тартып, Жогорку окуу жайынын студенттерине чейин атайын нормативдерди киргиздик. Быйыл пилоттук долбоор катарында 4 ЖОЖдо, 15 мектепте ишке ашырып атабыз. Биздин нормативдерди аткаргандар ЖОЖго тапшырууда, армияга барганда ар кандай жеңилдиктерди алышат. Нормативдерибиздин баарын аткарган студенттер 50 пайыз контрагын аз төлөшү мүмкүн. Демек, ден соолугуң чың болсо, капчыгыңа дагы оорчулук келбейт деп жаштарга стимул берип атабыз. Ошондой эле жаштардын республикалык спартакиадасын өткөрүп атабыз. Быйыл Караколдо өтүп, Жалал-Абаддын Кочкор-Ата деген чакан шаарынын жаштары жеңүүчү аталды. Мындан тышкары муниципалдык кызматкерлердин мелдешин Таласта өткөрдүк. Улуттар аралык мамилени чыңдай кетели деп, ар кайсы улуттар арасындагы мелдештерди уюштурдук. Мамлекеттик чиновниктер арасындагы ушундай эле мелдештер болду. Ушул сыяктуу иш-чаралар өтө көп болду. Жогоруда айтпадымбы, быйылкыдай спорттук иш-чараларга мол жыл болгон эмес деп. Жаныбыз тынбай иштедик. Биз спортчулар мактанганды жаман көрөбүз, бирок ошентсе дагы баса белгилеп айта кетейин, өткөн жумада Өкмөттө жыйын болуп, иш-планын 100 пайыз аткарган биздин эле агенттик болуптур. Бул менин эле ийгилигим эмес, жалпы жамаатымдын жетишкендиги.
- Кийинки жылга койгон максаттарыңар тууралуу кыскача айтып өтсөңүз?
- Максаттарыбыз көп. Жогоруда айткан нормативдерди аскер, орган кызматкерлери үчүн дагы кайрадан иштеп чыгалы деп атабыз. Ошондой эле Дене тарбия жана спорт академиясын биздин агенттикке дагы караштуу иштерди жүргүзүп атабыз. Эгер бул иш оңунан чечилип калса, кадрларды даярдоо боюнча бир топ маселебиз чечилмек.
Айыл жеринде элди сергек жашоого тартуу үнүн ацыл өкмөттөрүнө бир инструктор бөлүүнү карап жатабыз. Ошондой эле мамлекеттик органдарда спортко тиешелүү коомдук уюмдарды түзүүгө багытталган документтерди даярдайбыз. Мындан тышкары жылда календардык планы бекитилип, ал жакта миңден ашык спорттук иш-чаралар камтылат. Улуттук спортту да өнүктүрүү боюнча көп иштер жасалат.
Айтор пландарыбыз көп. Эң негизгиси өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик болсо эле баары болот. Учурдан пайдаланып, окурмандарыңарды дагы келе жаткан Жаңы Жылыбыз менен кызуу куттуктап, жалаң жакшылыктарды каалап кетмекчимин!
Маектешкен
Эрнис Балбаков