Жазасыз калган - жалаадан, суу суз калган талаадан Кудай сакта!

Догдурбек Догочиев:


Догдурбек Догочиев деген ысымды кыргыз коомчулугу жакшы эле билет. Себеби бул адамдын дээрлик бүт өмүрү балык чарбасы менен тыгыз байланыштуу. Алгач, союз кезинде атагы таш жарып, күжүлдөп иштеп жаткан "Фрунзе" балык чарбасында узак жылдар бою иштеген. СССР кулап, көп өтпөй аталган балык чарба менчиктештирүү "эпидемиясына" туш болот. Биз сөз кылып жаткан каарман 1989-жылдан 2009-жылга чейин аталган чарбаны жетектеп келди. 2010-жылдын январынан тарта 2013-жылга чейин Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин жетекчиси болуп турду. Чарба жана бул адам тууралуу айта турган сөз арбын. Ушул себептен улам, биз бүгүн Догдурбек жана Курманбек мырза менен мурунку "Фрунзе", азыркы "Балыкчы" жеке чарбасы жана ушул чарбага байланышкан айрым бир талаш-тартыш, соттук иштер тууралуу кеңири кеп кылмакчыбыз.

" Мени каралагандар кызматтарынан алынып, кылмыш иши козголду"
- Догдурбек мырза, алгач чарба тууралуу айтып берсеңиз?
- "Фрунзе" балык чарбасы Чүй боорунда союз кезинде 1956-жылдары уюшулуп, борбордоштурулган камсыздоо мекемесинин алдында иштеп, жалпы аянты 423 гектар болгон. Жылына 150 тоннадан 450 тоннага чейин балык өндүрүп турган. Союз тарагандан кийин мамлекеттин менчиктештирүү долбоорунун тизмесине кирип калып, алгачкылардан болуп менчиктештирилген. 1994-жылы толук кандуу менчиктештирилген чарба катары иштеп баштаган. Негизи мен бул балык чарбасына 1983-жылы келгем. Кесибим да ушул тармакка байланыштуу. 1989-жылы шайлоо системасы менен директор болуп шайлангам. Ошол учурда 70тей адам эмгектенчү. 1993-жылы жалпы жамаат мени кайрадан жетекчи кылып шайлашты. Ошол эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында абдан кыйын учурга туш болдук. Керек болсо, чарбаны жоготуп алуу коркунучу да туулду. Бирок биз күн-түндөп эмгектенип, улам жаралган тоскоолдуктардан татыктуу чыгып, чарбаны акыры бутка тургуздук. Узак жылдардан бери республика боюнча балык чарбаларга колдон келишинче жардам көрсөтүп келатабыз.
- Мурда кийин сөз болуп жүргөн сиз жетектеген чарбадагы чатак эмнеден башталып кетти?
- 1993-жылга чейин 4 жылдай менин орун басарым болуп иштеп, бирок чарбада кыйынчылыктар башталган эң оор мезгилде ден соолугуна шылтап, башка жумуш издеп кетип калган Дүйшөнбек Асаналиев деген адам бар. Ал адам 2005-жылга чейин биздин чарбага жолобой жүрдү. Ошол 2000-жылдардан кийин мага келип чарбадан ижарага көлмө сурагандан улам, мен ага чоң көлмөдөн бирди бергем. Андан тышкары, балык өстүрө турган эки кичирээк көлмөнү да өз демилгем менен бергем. Ошентип, ал көлмөлөр менен жакшынакай иштеп, өсүп-өнө баштады. Киреше таап баштаганда, аны дагы көбөйтүү максатындабы же бирөөлөрдүн тилине кирдиби, айтор өз көлмөлөрүн көбөйтүү аракетине батыл киришип калыптыр. Биздин көлмөлөрдү иштетип жүргөн жылдары балык чарбасында анча-мынча акциялары бар Көлмө айылдагы пенсионерлердин, акциясын иштете албагандар, улуту орус, немистердин (алар Кыргызстандан көчүп кетишкенде сатып кетишкен да), жөнөкөй акционерлердин жалпысынан 14 пайыз акциясын сатып алган экен. Анан бизге келип өзү чийип алган картасын көрсөтүп: Асаналиевдер "Менде 14 пайыз акция бар. Силер мага эми чарбанын карамагындагы 7-8 көлмөнү бересиңер" - деген талап койду. Биз дароо баш тарттык. Эгер ага жерлерди берип салсак, мыйзам бузууга бармакпыз. Себеби балык чарбасынын жерлери үлүш жерге берилген жер эмес чарбанын жеке менчик жери болгондуктан, жобо боюнча ал акциясы бар адамдардын жеке менчигине берилбейт. Акция менен бир гана дивиденд гана алууга болот. Ал эми жерди жеке менчик укугуна алуу иши сатып алуу гана жолу менен ишке ашат.
- Сизге ал чарбанын канча пайыз акциясы тиешелүү?
- Мага жалпысынан Мамлекеттик фонддун көзөмөлүнүн негизинде, жалпы жамааттын катышуусу менен биринчи 1993-1994-жылдары 25, андан кийин 26 пайызы берилген. Асаналиев акция бөлүштүрүү мезгилинде иштебегендиктен улам өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланган эмес. Кийин жогоруда айткан 14 пайыздан тышкары да башка акцияларды бириктирүү аракетинде болду окшойт. Мен бул маселени так билбейм. Болжол менен учурда Асаналиев менен аялы Ниязалиеванын колунда 20 пайыздын тегерегиндеги акция болсо керек. 51 пайыз акциясы менде, калганы башка 20дан ашуун акционерлердин колунда.
Ошентип, Асаналиев 2009-2010-жылдары 14 пайыз акциясын "Бенифи-финанс" деген фирмага ишенимдүү башкаруу үчүн каттаткан экен. Аталган фирманын кызматкери Тилек Эралиев болчу. 2009-жылы Тилек мырзага барсам, ал дагы мага Дүйшөн Асаналиев койгон шартты койду. Мен дагы баш тарттым. Арслан мырза: "Баш тартсаңыз, сизге проблемалар болуп калат" - деп айтты эле, айткан проблемалары ушул кезге чейин уланып келатат.
- Мисалы?
- Андан бери 5 жыл өтүп кетти. Коомчулукка айта турган ыплас иштер абдан көп. Азыр анын баарын айтып олтурсам гезит бети чак келбес. Бирок ошондой болсо да айрымдарын айтып берейин. Жогоруда айтпадымбы, мага чарбанын 51 пайыз акциясы караштуу. Бирок Асаналиевдер 2012-жылы: "Догочиев акцияларды өз чөнтөгүнөн эмес, чарбанын эсебинен сатып алып элди алдаган, жасалма колдорду койдурткан" - деген шылтоо менен Аламдүн райондук прокуратурага арыз жазышкан. Андан тышкары, Мамлекеттик мүлк фондусунун кызматкери Сакебеков Саткыналы өз колу менен фиктивный актыны жазып, прокуратурга өткөрүп койгон. Ошол себептен мага кылмыш ишин козгошуп токтом токушат дагы, токтомдун аягына Догочиев Догдурбек таанышып чыгып, козголгон ишке макулмун деген колду жасалма коюп коюшкан. Ошондон тартып менин акциямды тартып алуу аракетин жасап келишет. Мен айлам кетип судмедэкспертизага кайрылганымда: "Бул кол чынында Догочиевдин колу эмес" деген бүтүм чыгарып беришти. Жыйынтыгында Мамлекеттик мүлк фондусунун юридикалык бөлүмүндө иштеген Саткыналы Сакыбековго жана прокуратуранын Догдурбеков деген кызматкерине кылмыш иши козголду. Анткени, Догдурбеков Сакебеков берген фиктивный актыны текшербей туруп эле мага кылмыш козгогон болчу. Негизи, ал экөөбүз бүгүнкү күнгө чейин көрүшкөн эмеспиз. Мени сураган да эмес. Азыр бул боюнча иликтөө жүрүүдө, аягына чыга элек. Саткыналы мырзанын кызматтан кеткенин уктук.
Анан бул ишке Баалуу кагаздар боюнча мекемеси кийлигишип, менин акциямды соттун чечими менен жокко чыгаруу аракетин көргөн. Акыры Тойчубеков Юруслан менин акциямды "Регустурмга" кат жазып, коркутуу жолу менен Мамлекеттик мүлк фондусуна которуп койгон. Кийин бул маселе боюнча Тойчубековго кайрылганымда: "Мүмкүн мага туура эмес маалыматтар келип калгандыр, сен мага өз арызыңды жазып бер, биз мурунку иштерди кайтарып алалы", - деп айткан. Мен макул болуп арызымды таштап, кайра эки-үч күндөн кийин келсем Тойчубеков кызматтан бошоп жатыптыр. Ошого байланыштуу ал маселе аягына чыкпай калды.
Мамлекеттик мүлк фондусу акция өз эсебине которулгандан кийин өз алдынча жыйын өткөрүп, чарбанын директорлор кеңешин жана директорун алмаштырууга аракетин кылып, менден кийинки директор Курманбек Рыспаевди куугунтуктоо ишин башташат. Ал кезде мен Балык чарба департаментин жетектеп тургам. Алар мени каралаган кат-арыздарды облуска, министрликке, укук коргоо органдарына, өкмөткө, парламентке, президенттик аппаратка чейин тындырбай жазышып, менин ишиме абдан тоскоолдук жаратып турушту. Алардын жазган арызынын негизинде министрлик менен айрым укук коргоо органдары департамент менен жеке балык чарбадагы маселелерди бир карай башташты. Бүгүнкү күнгө чейин каралоолор кезек-кезеги менен жүрүп жатат. Мен унчукпай көпкө чыдадым. Бирок акыры Аламүдүн райондук сотуна арызчылардын үстүнөн арыз менен кайрылууга мажбур болдум.
-Соттун жыйынтыгы кандай болду?
- Жалпы жонунан сотко бере турган адамдардын саны 11ге жетмек. Бирок мен сотко 9 адамды бердим. Бул чырдын башында белгилүү болгондой Асаналиев менен анын аялы Ниязалиева турат. Алардын ойдон чыгарып жазган жалган маалыматтарына кол коюп бергендер: Бейсенбеков, Сагынбеков, Буларкиев, Ашыракунов, Рудь, Мамырбаева, Алыбаева жана Карабозова.
2-декабрда райондук сот бул жазылган маалыматтарды жокко чыгарган чечим чыгарды. Андан сырткары бүгүнкү күнү мен алардын үстүнөн үч арыз менен Ленин, Биринчи май жана Аламүдүн райондук сотторуна дагы кайрылдым.
- Департаменттин жетекчилигинен кылмыш козголуп кеткениңиз айтылды эле. Ушул чынбы? Мына ушунун чоо-жайын айтсаңыз?
- Мен жумуштан кылмыш козголуп кеткен эмесмин, бул туура эмес маалымат. Мен Балык чарбасын 3 жыл 3 ай жетектедим. Колдон келишинче иштедик. Көп жакшы иштер жасалды. Биз республика боюнча балык чарбаларынын баарын кыдырып чыгып, өзүбүзчө анализ кылганбыз. Балык чарбаларындагы көлмөлөрдүн салык төлөө маселеси боюнча эреже бузулган деген факты боюнча кылым иши козголгон. БСР, БДРлерди, көлмөлөрдү ижарага берүүнүн жана ага акы, салык төлөөнүн өз эрежеси бар. Себеби алар атайы балык өстүрүүгө жасалган эмес. Сугат мезгилинде андагы суулар айдоолорго берилет. Мисалы, 100 гектарлык көлмөнү ижарага алса, ага баткан суу сугат маалында 3-4 гектар көлөмдө гана калат экен. Ал эми балык өстүрүү маселеси да ошол жайкы сугат маалына туш келет. Ижарага алган адам салыкты ошол 4 гектар көлөмүндөгү сууга төлөйбү же кагазда жазылган 100 гектарга төлөйбү? Албетте, колдонгон суунун көлөмүнө гана төлөйт да. Талаш ушундан жаралып, салыкты 100 гектарга төлөтүшүңөр керек болчу деген шылтоо менен кылмыш иши козголгон. Муну ишкерлерди колго-бутка чабуу деп бааласак болот. Бул боюнча да көп арыздар түшкөн болчу.
Чынында, бул ишти мага карата атайы жасалган иштердин бири деп эсептейм. Кээде атайы кармалып турган ишпи деген да ойлор келет экен. Кандай болгон учурда да, бул иштин артында кимдер турганын силердин гезит аркылуу жыл жаңыргандан кийин коомчулукка дагы кенен айтып берем.


Курманбек Рыспаев, "Балыкчы" ачык акционердик чарбасынын директору:
"Сүйүнбаев деген сот кечинде чыгарган чечимин, эртең менен жокко чыгарып... "
- Курманбек мырза, директор катары жогоруда Догдурбек байкенин айткан сөздөрүнө кошумча кылып айта тургандарыңыз болсо керек. Себеби сиз дагы Асаналиевдер менен соттошуп, жабыр тарткан адамсыз да...
- Албетте, айта турган сөздөр абдан көп. Мен анын баарына токтолбой эле, ток этер жерин айтайын. 2010-жылдан бери Асаналиевдер менен талашып-тартышып, ал талашты аягына чыгара албай келатабыз. Көлмөлөрдү тазалап, суусун түшүрүп, балык өстүрүү иштерибизге акыркы эки жылдан бери Ниязалиева, Асаналиев бут тосуп, көлмөлөрдөгү тосмолорду алып, суусун агызып, тактайларды уурдап, балдарыбызды, мени да сабаткан күндөрү болду. Биз бул боюнча прокуратурага арыз менен кайрылсак, иш ушул күнгө чейин каралбай келатат.
- Алар сиздин ордуңузга кандайча болуп жана кимди директор кылып шайлап алышкан?
- 2012-жылы Асаналиев, Ниязалиева жана Төрөкановалар Мамлекеттик мүлктөн жана Балуу кагаздар мекемесинен тиешелүү кагаздарды алып алышып, биздин чарбага келип өздөрүнүн таламын талашкан акционерлердин курамы менен дирекцияга жана директор кеңешине билдирбестен, мыйзамды бузуу жолу менен бир беткей жыйналыш өткөрүп алышкан. Ал жыйында 65 жаштагы Өмүрзаков Мамытбекти директор кылып шайлап алышкан. Мен ал жыйналыш боюнча Аламүдүн сотуна, судья Сүйүнбаевге кайрылсам, ал 26-декабрда кечки саат төрт жарымда "жыйын өткөргөнгө тыюу салуу" чечимин чыгарып берген. Бирок 27-декабрда эртең мененки саат он жарымда мурунку өз чечимин Сүйүнбаев өз колу менен жокко чыгарып, Асаналиев, Ниязалиеваларга: "Жыйын өткөрө бергиле" деп чечим чыгарып берип коет. Мыйзам боюнча ал чечим 2013-жылдын 12-январында гана күчүнө кирмек. Алар болсо аны күтүшпөй, ошол чечим чыккан күнү эле өздөрүнчө көчөдө жыйын өткөрүшкөн. Ал жыйынга биз катышкан жокпуз, анткени билген деле эмеспиз. Анан мага келишип: "Печатты бер, документтерди, иш бөлмөнү бересиң" деген талап коюшканда, мен соттун чечими чыксын деп баш тарткам. Булар эч кандай соттун чечимин күтпөй эле Аламүдүн ИИБсине арыз менен кайрылышып, мага кылмыш козготушат. Аталган райондук ИИБден кылмыш органдар тарбынан 5 жолу ачылып, 5 жолу жабылды. Акыры мени сотко чакыртпай туруп өз алдыларынча соттун чечимин чыгартып алышып, менин камакка алдыруу аракетин көрүшөт.
Андан тышкары, булар печать жасаган фирмага барып жасалма печать жасатышып, аны колдонуп башташкан. Көп өтпөй иш ачыкка чыгып фирманын лицензиясы алынып, печать жасаган балага кылмыш козголуп, кесилип кеткен. Бирок мунапыска илинип кутулган экен. Өмүрзаковго да кылмыш иши козголуп, ал дагы мунапыска илинип кутулган. Бирок Өмүрзаков Мамытбек боюнча алдыда көп иликтөө иштери күтүп турат. Дагы бир кызыгы 2013-жылы Асаналиев, Ниязалиевалар мен ооруканада жаткан кезде менин иш кабинетимди талкалап киришип терезе-эшиктерди бузушкан жана эң башкысы сейфти ачып алышып документтердин баарын алып кетишкен. Мен ооруканада жатсам аны кайдан билем. Тескерисинче, бул ишти өзү жасады деп милицияга жалган көрсөтмө беришиптир. Азыркы күнгө чейин чарбанын дээрлик бардык документтери жок.
- Сиз билесизби, Асаналиевдердин жогорку жактагы колдоочусу ким?
- Жогорку Кеңештин бир балык чарбасы менен алектенген депутат деп угуп калам. Андан тышкары, Ниязалиева, Асаналиев, Ашуракуновдор Коомдук каналдын "Коррупция бөгөт" деген телекөрсөтүүсүнөн бизди абдан шыбатты. Ал көрсөтүүнүн алып баруучусу да маселеге бир жактуу карап бизди укпай, мурда келерин айтпай, жалаң гана Асаналиевдердин айтканын угуп, көрсөтүүнү бир беткей кылып даярдаган экен. Ошол көрсөтүү эфирге чыккандан кийин бизге бир адамдар кайрылып, булар тууралуу дагы бир кызык маалыматты берип кетишти. Көрсө, Жайыл районунун Сары-Коо, Эриктү айылдарында Асаналиев менен Ниязалиева 2005-жылы бир БСРди ижарага алышып, жайкы сугат маалында элге суу бербей эки айылдын элин (болжол менен 200 гектардай жер) кууратчу экен. Ошондон улам жергиликтүү депутаттар бир ооздон колдошуп, эл дагы көтөрүлүп буларды айылдан кууп чыгышыптыр. Ушундан улам аталган айылдын жашоочуларын тажаткандар акыркы 5 жылдан бери бизге асылышты да калды.
- Курманбек мырза, азыр сиз жетектеген чарба толук кандуу иштеп мамлекетке пайда келтирип жатабы? Же...
- Учурда чарбада 30дан ашуун адам эмгектенет. Жылына балык өндүрүү боюнча долбоордогу кубаттулукка жеткирүү аракетин көрүп келебиз. Негизинен бизде, балыктын чабагын өстүрүү абдан жакшы жолго коюлган. Бул боюнча биз республикадагы баардык балык чарбаларына, атап айтканда: Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй өрөөндөрүндөгү чарбаларга үзгүлтүксүз жардам берип жатабыз. Ал эми ,биз балык сатуудан түшкөн кирешенин көбүн кайра балык өстүрүүгө сарптайбыз. Мамлекетке жылына 1 млн. сомго жакын салык төлөйбүз.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев