Асел Жураева, жаш кинорежиссер:
"Көркөм кеңештин мага карата чечими абдан эле туура эмес болду..."

- Асел, алгач окурмандарга өзүң тууралуу айтып берсең?
- Мен Ош шаарында туулганмын, Мады айылында чоңойдум. 2010 - жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун режиссура факультетин бүтүрдүм. 3-курстан баштап "Кыргызфильмде" Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" кинотасмасында режиссердун жардамчысы болуп иштеп баштадым.
Ошол мезгилден тарта менин чыгармачылыгым башталды. Билимимди тереңдетүү максатында Темир Бирназаровдун 2 жылдык режиссердук курсун окудум. Ал мага курсту аяктаган соң "даректүү тасмалардын режиссеру" деген жолдомо берди. Ошол мезгилден баштап "Тазар" кинокомпаниясында режиссер болуп иштеп келем. 2013-жылы устатым Бирназаровдун жардамы менен "Азия чыгармачыл айымдарынын фонду" деген фонд ачып, жаңы долборлор менен иштеп келе жатам.
- Кино дүйнөсүнө качантан баштап аралаша баштадың жана бул режиссерлук кесипти эмне үчүн тандап алдың?
- Атамдын көрсөтмөсү менен киного келип калдым. Атам менин режиссер болуп кино тартышымды аябай каалайт эле. Ошол себептен, атам мени өзү Бейшеналиева атындагы ЖОЖго өзү жетелеп барган. Аябай күйүп-бышып, экзамен учурларында жанымда дем берип жүрдү. Режиссура, кино, драматургия боюнча албетте Темир байке терең түшүндүрдү. Бул маселеде агайдын салымы өтө зор. Бүгүнкү күндө дагы кеп-кеңешин айтып туура багытты көрсөтүп турат. Негизи киного 2007 - жылдан баштап аралаша баштадым.
- Буга чейин кандай эмгектерди жараттың?
- 2010 - жылы "Өмүр бешиги", 2011 - жылы "Меккеге карай жол", 2014 - жылы "Чек ара" аттуу даректүү фильмдерди жараттым, бул кинолордогу көркөм жетекчим Бирназаров болду.
- Кайсы кинолоруң менен кайсы өлкөлөрдөн кандай сыйлыктарды алдың?
- 2010 - жылы "Өмүр бешиги" жыл сайын Кыргызстанда өтүүчү "Бир дүйнө" эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун атайын байгесине ээ болду. 2011- жылы Казахстанда "Шакен жылдыздары" аттуу эл аралык кинофестивалында аталган даректүү тасмам "Эң мыкты студенттик" сыйлыгын утуп алды. Ошол эле жылы "Ачык Россия" эл аралык кинофестивалында "Эң мыкты дебюттук тасма" деп белгиленди. 2012 - жылы ушул эле тасмам Россияда "Мусулман киносу" аттуу эл аралык кинофестивалда "Эң мыкты даректүү тасма" катары бааланды, ушул эле жылы "Менин Кыргызстаным" эл аралык кинофестивалында "Эң мыкты даректүү тасма" байгесин утуп алды. 2013 - жылы Баку шаарында "Азербайджан үй-бүлөсү" аттуу кинофестивалында "Эң мыкты чет өлкөлүк тасма" номинациясына ээ болду. Андан тышкары "Өмүр бешиги": Египетте, Россияда, Украинада, Германияда, Эстонияда, Белорусияда, Казахстанда, Тажикстанда ж.б өлкөлөрдө гумандуулук жана тарбиялык мааниси жактан мыкты деп эсептелинип, көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.
2011 - жылы тартылган "Меккеге карай жол" даректүү тасмам Бишкекте "Бир дүйнө" эл аралык кинофестивалында баш байгеге татыды. Ушул эле жылы Укринада Эл аралык деңгээлдеги белгилүү режиссер Рустам Ибрагимовдун мектеби уюштурган эл аралык деңгээлдеги алты баалуу сыйлыктын төртөөсүн менин тасмам утуп алды. Ошону менен бирге ошол мектептин сертификатына ээ болдум. Жыл сайын Кыргызстанда өтүүчү "Жаш кинематографисттердин форуму" аттуу фестивалында да ушул кино менен баш байгени да утуп алдым. Мындан сырткары, Россиянын Самара шаарында өткөн фестивалда, калыстардын атайын байгеси жана "Самара жана Губерния" аттуу журналынын сыйлыктарынын жеңүүчүсү болдум. Ошондой эле "Меккеге карай жол" 2014 - жылы Россияда, Севастополдо "Бирге жеңдик" аттуу фестивалда 2 даражадагы дипломдун ээси жана ушул эле жылы ПРООН уюштурган "Кыргызстанды мен кандай көрүп турам" конкурсунда 3 - орунга татыды. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, Франциянын Париж шаарындагы Жорж Помпиду атындагы искусство жана маданият улуттук борборунун алтын казынасынан ушул тасмам түбөлүк кирди. Франциянын, Германияны, Россиянын, Польшанын, Белорусиянын, Укринанын, көпчүлүк шаарларында да элдин сынына тартууланып жакшы пикирлерге ээ болуп, мыкты тасма деп табылды.
- Жакшы. Кино сен үчүн эмне?
- Мен үчүн кино жүрөккө тынчтык бербей, сезимди уйгу - туйгу кылган көйгөйлөрдү чагылдырып, элге түз жеткизүүчү маанилүү курал, анткени кино искусствонун ичинен эң таасирдүү, адамдардын аң-сезимин өзгөртүүчү прогрессивдүү курал болуп саналат.
- Устатың жана өзүң баалаган режиссерлор, ошондой эле кинолор тууралуу айтып берсең?
- Албетте, менин чыгармачылык жашоомо чоң таасир берген көз карашымдын өзгөрүүсүнө салымын кошкон бул Темир Бирназаров агай болду. Анын көйгөйлүү темаларды таап ошону кантип элге жеткизип алабыз деген далалаты, актер, дегеле чыгармачыл топ менен иштешкени, өз ишин мыкты билген, бир гана кино деп жашаган адам экени көрүнүп турат. Аксакалдардан Төлөмүш Океевдин жараткан кинолору мен үчүн окуу курал катары болуп калды. Алардан чоң үлгү алса болот.
- Толук метраждуу кино тартканга качан киришесиң?
- Буюрса, бул маселе боюнча жакшы бир ой - максаттарым бар. Азыр аны айткандан эртерээк.
- Биздин кино тармагыбыздагы сен өзгөчө байкаган көйгөйлөр кайсылар?
- Кино тармагындагы күчөп кеткен коррупция, жетекчилердин чабалдыгы, ошондой эле, алардын ачык турган көйгөйлөрдү мурдунан алыс көрбөгөн ишке жөндөмү жок мажүрөөлүгү азыркы учурда чоң көйгөйлөрдүн бири болуп турат.
- Улуу муундагы режиссерлор менен кичи муундагы режиссерлордун ортосундагы мамиле кандай? Силерге акыл айтышып, үйрөтүп, колдоо көрсөтүп келишеби?
- Албетте, аксакалдарыбыз бизге акыл-насааттарын айтып, кемчиликтерибизди көрсөтүп өз пикирлерин айтып турушат. Ансыз болбойт, улуусун сыйлабагандын жана тарыхын билбегендин келечеги жок деп эсептейм.
- Кино тармагында, кесиптештер арасында ич күйдүлүк, көрө албастык, интригалар жок деп айтууга болбос. Сенин байкооңдо бул маселе канчалык деңгээлде?
- Сөзсүз. Ич күйдүлүк адам менен кошо өлөт. Бирок, ак ниеттик менен ич күйдүлүк болсо, анда ал чыгармачылыкта өсүүгө жардам берет экен.
- Министрликке караган кино департаменти жана "Кыргызфильм" жаш режиссерлорго кандай колдоо көрсөтүп келет? Же такыр колдоо көрсөтүшпөйбү?
- Албетте, жардам беришет. Тандаган темаңа, сценарийиңе, өнөрүңө карап анда-санда колдоо көрсөтүшөт. Бирок быйыл киностудиянын көркөм кеңешинин мага карата чечими абдан эле туура эмес болду. Мен таза чыгармачылык жактан айтып жатам. Кино алып - саткан базарга айланбаш керек.
- Кайсы кинону? Эмне себеп менен? Бут тосуштубу?
- Буга чейин көркөм кеңеш менин "Вагон-мектеп" деген долбоорумду өткөргөн болчу, бирок жаңы көркөм кеңеш келгенде, менин киномду себепсиз эле тизмеден чийип өндүрүшкө бербей коюшту.
Суроо салган
Айбек Шамшыкеев