presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Азамат Арапбаев "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү:
"Эки лидер партиянын чечими жок эле биригип, мүчөлөрү кабарсыз калып калды"
- Азамат мырза, маегибизди кышкы даярдык маселесинен баштасак. Өкмөттүн бул маселе боюнча аракеттерине кандай баа бересиз?
- Колдон келген аракетин көрүп жатат. Биринчи маселе электр жарыгын кайсы бир деңгээлде өчүрбөгөнгө, аврияларды кескин түрдө азайтканга кам көрүштү. Ошол эле мезгилде өкмөткө тариф маселеси боюнча бир топ суроолор болуп жатат. Мисалы, биздин тариф башка тарифтерге салыштырмалуу бир топ эле төмөн. Муну эл жакшы билет. Бирок бир сөз менен айтканда, өкмөт энергетика тармагын крисизке алып келип койду. Бирок өкмөттү энергетика тармагын жалгыз эле киризиске такап, талкалап салды деп айтуу да бир жактуу болуп калат. Себеби кайсы бир деңгээлде күнөө баарыбызда эле бар. Ошондой болсо да, Өкмөт өз убагында электр жабдыктарын алмаштырган жок, чирип жаткандарын карап да койгон жок. Бир гана президенттин түздөн-түз кийлигишүүсү менен Казакстандан 1 млрд. 400 млн. киловат саат электр энергия сатылып алынууда. 400 миллионун жазында биз суу кенен болгон кезде суу берүү маселеси менен кутулабыз. Ал эми 1 млрд. килловат саатка 100 млн. доллардан ашык каражат төлөп беришибиз керек. Албетте, бул биздин бюджет үчүн абдан чоң акча. Өкмөт быйыл аба ырайы кургакчыл болуп, Токтогул ГЭСинде суу аз болуп жатканын көрүп-билип турушканы менен, үч фазалуу линияларды кыркуу менен электр энергияны үнөмдөп калабыз дешкен, бирок анысы ишке ашпай, натыйжада энергетикалык кризис орун алды. Белгилүү болгондой, бул маселеге президентибиз кийлигишип абалдан алып чыкты. Өкмөт өзүбүздөн чыккан электр энергия менен Каазкстандан келген электр энергиянын баасын аралаштырып, орток баа коюшту. Бул туура кадам болду. Энергетиктер 2013-жылдын январь айындагы статистикалык маалыматтарды алышты. Ага ылайык, эл (бир үй-бүлө) кыш чилдеде орточо 700 киловаттын тегерегиндеги электр энергия колдонот экен. Ушул себептен 700гө чейин эски баа 70 тыйындан, андан ашса төлөм баа 2 сомдон ашык деп белгиленди. Эми муну коомчулук бир кылкка кабыл алган жок. Нааразы тараптар да бар. Чынында 2 сомдон ашкан баа биздин жашоо турмушубуздун деңгээлине салыштырсак кымбат болуп калат. Минтип үнөмдөбөсөк, эртең биз электр энергияны таптакыр жоготуп алышыбыз мүмкүн. Кымбат болсо да дайым электр энергия болсун дегендер да арбын. Азыр өкмөт көмүр менен камсыз кылуу ишин жакшылап колго алуу аракетин көрүп, бул жаатта катуу пропаганда кылууда. Аракет болуп жатат, такыр жок эмес.
- Көмүр демекчи, көмүр сатып алууда жыл сайын эле чоң коррупция орун алып жатпайбы. Былтыр Казакстандын радиациясы көп көмүрүн, быйыл Жезказгандын сапаты начар көмүрүн алып келишип, ортодо миллиондор сол чөнтөккө солонгону ачыкка чыгып, айрым аткаминерлрге кылмыш козголду…
- Сиз туура айтасыз. Мунун баары жокко чыгарылбай турган далилдүү окуялар. Бирок акыркы 3-4 жылдан бери энергетика системасында ушундай коррупциялык иштер кандай болбосун ачыка чыгып, тиешелүү адамдар камалып жатат. Мурун болсо мындай эмес эле да. Демек, кандайдыр деңгээлде өзгөрүү, алдыга жылуу бар. Бул боюнча иш башталды, мындай кийин бул маселе турукташып калат деген ойдомун.
- "Кумтөр" кенин "Ата Мекен" улутташтырууну көтөрүп жатат. Бул маселе боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
- Монголиянын ИДПсынын 65 пайызын тоо кен байлыктарын иштетип жаткан компаниялары берет. Бир мисал айтайын. Белгилүү болгондой алар дагы биздин "Кумтөрдөй" болгон алтын кенин иштеткен бир компания убагында зыян келтире турган туура эмес келишим түзүп койгон экен. Азыр Монголиянын өкмөтү: "Мурунку келишим туура эмес болуп калыптыр, аны ошо бойдон калтыралы да экинчи кайталанбасын, эми мамлекетке пайда келтире турган жаңы келишим түзөлү" - деп ачык айтты. Менимче, бул үлгү ала турган иштердин бири деп айтсам болот. Туура, "Кумтөр" биздин элдин байлыгы, бирок аны улутташтыра турган болсок, келечекте анын тийгизе турган кесепеттери кандай болот, ал маселени толук изилдеп чыгышыбыз зарыл. Кыйналып калбагандай болушубуз керек. Инвесторлорду чоочутпайбызбы, улутташтырууга барсак, эл аралык соттордо утулуп калбайбы, деген өтө маанилүү маселелер бар. Кыскасы, кандай кадамга барсак дагы анын баарына көзүбүз жетип, ишене тургандай болушу шарт. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, улутташтыруу маселесине өтө кылдаттык менен мамиле кылышыбыз абзел.
- "Ата-Журт" фракциясы расмий түрдө оппозициялык фракция эмеспи. Бирок бүгүнкү күндө бийликке татыктуу болгон оппозиция жок. Болсо да өтө алсыз жана таза эмес. Сиз оппозициянын өкүлү катары бул маселеге кандай пикир айтасыз?
- Бул абдан чоң, маанилүү маселе. Мен мына азыр бир-эки ооз сөз менен түшүндүрүп айта албайм. Айтканга жараша, түпкү себептерин аныктап, элге кенен жана терең айтып беришим керек.
- Түшүнүктүү. Оппозициянын өкүлү катары айтсаңыз. Өкмөт кайсы тармактардан өзгөчө аксап, кайсы тармактарда ийгиликке жетишип жатат?
- Бул маселени 10 күн мурун парламенттин трибунасынан бюджетти бекитип жаткан учурда ачык айттым. Эми дагы айтайын. Биринчиси, Өкмөт: энергетика тармагын кризиске алып келди. Экинчиси, билим берүү тармагында иш такыр жүрбөй, чечкиндүү чаралар көрүлгөн жок. Алыс кетпей, саны бар сапаты жок билим берүү менен алек болгон окуу жайларды эле айталы. Үчүнчүсү, биздин валюта абдан арзандап кетти. Доллар менен сомдун айырмасын караңыздар. Ушул өңүттөн алганда өкмөт биздин: мугалимдердин, дарыгерлердин, жалпы эле социалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрө алган жок. Турмуш кымбаттады, баалар өстү, бирок айлык ошол бойдон калды. Азырынча ушул үч чоң кемчиликке гана токтоло туралы.
- "Ата-Журт" менен "Республиканын" биригишин кандай кабыл алдыңыз? Кайнаса каны кошулбаган партиялардын, лидерлердин минтип "баш кошушуна" алдыда боло турган бир гана шайлоо түрткү болду. Эми шайлоодон кийин, эски багыт менен кетпейби?
- Чынында "Республикага" кошулуу маселеси партиянын жыйынында каралган эмес. Фракциянын чечими да жок. Мындайча айтканда эки лидер бирикти да, партиялардын мүчөлөрү ой-пикирлери эске алынбай сыртта кабарсыз эле калып калдык. Эгер лидер мындан ары туура кадамга барса анда аны ээрчигенге себеп болот.
- Ташиевдин бул кадамы туура болду деп эсептейсизби?
- Эгер көпчүлүккө салып пикирибизди укса, балким талкуулап туура көрмөкпүз. Лидер деген эл менен, өзүнүн партиялаштары менен лидер. Анан жалгыз ушул чечимди кабыл алып коюп, мен кошулуп алдым дегени такыр башка маселе. Туура, эки лидер шайлоо үчүн биригишти. Ийгиликке жетишеби-жетишпейби аны убакыт көрсөтөт.
- Сиз Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болдуңуз. Келерки шайлоодо дагы "Ата-Журт" менен ат салышасызбы же башка партияга секиресизби?
- Азырынча ал маселени ачыктап айтуу эрте. Дагы көп убакыт бар. Алдыда көп өзгөрүү жана акылдашуу, кеңешүүлөр болот. Бул маселени ошондон кийин айталы.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев











??.??