presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Замандаш" улутчулдукка багыт алдыбы?
Акыркы жылдары катуу чыккан "Замандаш" партиясы да келерки парламенттик шайлоого дурустап камданып жатканынан кабарыбыз бар эле. Келерки жумада партиянын курултайы өтүп, анда партиянын буга чейинки багыты кескин өзгөрүүгө учурайт экен. Сунуштала турган программа - кыргыздардын күчтүү улут катары өнүгүүсүн камтыган улуттук кайра жаралуу багытында болмокчу. Албетте, өткөндүн жакшысын кайра жаратып, улуттук өнүгүү жолун көздөгөн жакшы. Бирок, буга чейин лоялдуулукту көздөп келаткан партияны "улутчул" деп кине коюшпас бекен?




Айымкан Кулукеева:
"Россияда рубль төмөндөдү,
бирок айлыктар жогорулаган жок"

18-декабрь - эл аралык мигранттардын күнү. Мигрант катары кыргыздар эң көп иштеп кеткен мамлекет бул - Россия. Аталган өлкөдөгү мекендештердин абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева "Кабар ордо" менен пикир бөлүштү.
- Учурда Россияда жашап, иштеп жаткан кыргыз мигранттарынын абалы кандай, мигранттарга карата Россия тараптан кандайдыр бир жеңилдиктер каралып жатабы?
- Жалпысынан мигранттарга кандайдыр бир жеңилдиктер каралды деп айта албайм. Өзүңүздөргө жакшы белгилүү болгондой, Россиядагы мигранттарга байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөрүүлөр кирди. Жаңы жылдан кийин жаңы өзгөрүүлөр күчүнө кирет. Алардын негизгилеринин бири бул Кыргызстандын жарандары 2015-жылдын 1- январынан баштап аталган өлкөнүн чегине "ай-ди карт" же ички паспорт менен эмес, чет элдик паспорт менен гана кирүүгө милдеттендирилиши болду. Белгилүү болгондой буга чейин жарандар ички паспорт менен өлкөгө кирүүгө мүмкүн болчу. Экинчи бир маанилүү жагдай - учурда иштеп жаткан мигранттар үчүн патенттин кымбатташы. Декабрь айынын башында Россиянын Тышкы иштер министрлигинде Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский КМШ мамлекеттеринин элчилери менен жолугушуп, Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы жаңы өзгөрүүлөрдү талкуулаган. Жаңы өзгөрүштөргө ылайык, 2015-жылдын 1-январынан баштап юридикалык тараптарда эмгектенип жаткан мигранттар патент менен гана жумушка орношо алат. Патент квота менен чектелбейт. Патенттин баасы федералдык ченемдер менен бекитилип, Россиянын ар бир субъектисинде ар башкача аныкталмак болду. Мисалы, буга чейин Москва шаары жана Москва областында эмгектенип жаткандар айына 1 000-1 200 рублдин тегерегинде патент сатып алып келишсе, эми анын баасы 4 500 рублге чейин кымбаттады. Буга кошумча патент менен бирге орус тилин жана орус тарыхын билгендиги тууралуу сертификат, ден соолугу тууралуу маалымдама сыяктуу документтерди алуу кажет. Бул сыяктуу татаалдашуулар Россияда жашап иштеп жактан мигранттарга өзүнүн таасирин тийгизери анык. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
- Россияда рубль кунун жоготуп жатат, бул мигранттарга кандай таасир берет деп ойлойсуз, мекенине кайтууну каалагандар жокпу?
- Чындыгында Россияда азыр рубль кунун кескин түшүрдү, бардык эле тармактарда болбосо да айрым тармактарда кымбаттоолор байкалууда. Мисалы, ошол эле патенттин кымбатташы кыргыз мигранттарына чоң таасирин тийгизмекчи. Айына 25-30 миң рубль алып иштегендер патенттин баасы, батирге, күнүмдүк жашоосуна кетирген каражат жана башкаларды кошкондо көп чыгым тартат. Рублдин куну түшүп жатат, бирок айлыктар жогорулаган жок. Ошого карабай мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктарды азырынча кездештире элекмин. Көпчүлүгү Кыргызстанга барганда деле жарытылуу жумуш жок экенин билишет. Ошондуктан рубль кунун жоготуп, Россияга келген мигранттар кайтып кетип жатат деп айткандан алысмын.
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги учурда мигранттар менен кандай иштерди алып барууда?
- Элчиликте мигранттарга байланыштуу жумуш абдан көп. Расмий маалыматтарга ылайык азыр Россияда эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын саны 554 миңден ашат. Элчиликте кызматкерлер аз, баардык маселелерди камтууга мүмкүн эмес. Элчилик буга чейин кыргызстандык жарандарга чет элдик паспорт алууну эскертип келген, буга чейин шашылбай жүрүшкөндөр эми жыл соңунда аракет кылып элчиликке келип жатышат. Мигранттарга кеп-кеңеш берүү иштери жолго коюлган. Россиянын абак жайларында отургандарга жардам берүү, жашоо болгондон кийин көзү өтүп кеткендер болот алардын сөөгүн мекенине жеткирүү деген сыяктуу иштерди да аткарып жатабыз. Диаспоралар менен да тыгыз иштешебиз. Кыскасы элчиликтин аткарып жаткан дагы, аткара турган дагы жумушу арбын.
- Бажы биримдигине киргенден кийин Россиядагы мигранттардын абалы кандай болот деген ойлойсуз?
- Ачыгын айтканда бул тууралуу тигиндей же мындай деп комментарий бере албайм. Бул суроону талдоо биздин элчиликтин компетенциясына кирбейт. Буга тиешелүү ведомстволор жооп бериш керек. Мен болгону баарын убакыт көрсөтөт деп айтат элем.
Гүлнур Жумалиева vb.kg











??.??