presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жаргылчак...
Алиясбек Алымкулов
43 жаштын тамагын ичип жаткан бул жигит тууралуу иликтеп-жиликтеп айта турган сөз арбын. Бирок бул жолу анын баарын казып олтурбай, ток этер жерине токтолуп, "Жаргылчакка" жарактууларын гана жазабыз. Азыр анын министрлик кызматынан кол жууп, шаабайы сууп, "шакыйы" кармап турган чагы. Антсе да, мен Алиясбек мырзага төмөндөгүдөй кыска-нуска мүнөздөмө берет элем. Ал киндик каны тамган жери Талас, даңктаганы дайым Манас, кадыресе кайраттуу, айрым учурда айбаттуу, үч ок жесе да ден соолугунун бекемдиги, тилинен чаң чыккан курулай чечендиги, акылы бар эси жок, абийири бар "бети" жок, ырыстууларга тең, ыйманга кем, убадага бош, урушканга маш, эки эсе эпчил, эч нерсени карабаган кекчил, иш тажрыйбасы аз, мансапка мас, таластыктарга таандык "өпкөсү" бар, анча-мынча акындык төкмөсү бар адам. Эми ушул айтылгандардын айрымдарын учкай болсо да чечмелеп берели.
Акылы бар дегенибиз - билимдүү. Бир эмес эки дипломдун ээси. 32 жашында Улуттук университеттин юридикалык факультетин жана 38 жашында Дипломатиялык академиянын Эл аралык мамилелер боюнча факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун көптөр сыяктуу өзүнө, үй-бүлөсүнө кам көрүүдөн баштаган. Так айтканда, 19 жашынан 25 жашка чыкканча Россияда жеке бизнестин "битин сыгуу" менен алек болгон. 2004-2007-жылдары мамлекеттик кызматка аралашып, "Буудай" деген ишкананын жетекчисинин орун басары, 2007-2010-жылдары "Российско-Кыргызская трубная компания" деп аталган ишкананын өкүлү жана аты бир аз өзгөртүлгөн ушул эле ишкананын генералдык директору болуп эмгектенген. Ал кезде чынында кыргыз эли Алиясбектин атын да, затын да уккан эмес. Бакиевдин ыплас бийлиги менен кантип күрөшүп, коомчулук анын ошол кездеги оппозицияга, БЭКке кандай салым кошконун уккан да, көргөн да эмес. Ошентсе да, айрымдарга салыштырмалуу кандуу 7 - апрелде жогоруда айтылган айбатын да, кайратын да көрсөтүп, мекен үчүн жанын да аябай, ажал менен бет келишип, бир нече ок жеди. Ооруканада оор абалда жатканда журналист журтчулугунун көзүнө дароо чалдыгып, аларга азабын да, арманын да кең-кесири айтып берип элге тез таанылды. Коомчулуктун боору ооруду, ден соолугун, өмүрүн тиледи. Алиясбекти даңазалган журналисттердин алгачкыларынын бири менмин. Биздин гезит ал кезде революциянын рупору болгон айтылуу "Форум" деп аталчу. Ооруканага барып, оор абалда болуп, оңдуу сүйлөй албай Алымкуловду ошол гезитке чыгарып, арманын, максатын элге, бийлик төбөлдөрүнө жеткиргем. Аңгыча, ага Убактылуу өкмөттүн да боору ооруганы билинип, бийликтин мээрими "Ай нурундай төгүлүп", дароо аттап-тондоп, майлап-сүттөп, анан калса, кыргыз тарыхында болуп көрбөгөн Жаштар иши боюнча деген аталыштагы министрликти ача коюп, жаш баатырдын энчисине бөлүп берди. Бирок ошол кездин саясаты боюнча мындай даңазалоо керек болчу. Көпчүлүк эл, ал тургай айрым аттуу-баштуу адамдар ажалдан аман калган Алиясбекти "ат тезеги кургабаган" мынчалык кыска убакыттын ичинде бакыйган министр болуп чыга келет деп күткөн эмес. Ошентсе да, эл аны билимдүү, оозунда сөзү бар жигит катары баалап, мыкты иштеп кеткиси бардыр деп каршылык көрсөтпөй, үмүт кылган эле.
Бирок Жаштар, эмгек жана миграция министрлигин башкалардай айырмаланып, "балапан чыгарчу тооктой" ордунан бир козголбой 4 жыл бою "басып" жатса да, бул аралыкта ооз толтура айта турган, чеке жылыткан алгылыктуу иштерди жасай алган жок. Элдин күткөнү башка болчу. Тилекке каршы, үмүт акталган жок. Жаштар үчүн эмне ишти кыйратты? Алиясбек мырза биринчи кезекте колунда жок (албетте, арасында колунда бар эпчилдер да болду) делген 200дөй жигитти массалык түрдө үйлөнткөнү, алардын баарына андан ары кам көрө албаган, аты бар, заты жок өкүл ата, жер-жерлерге анча - мынча бак тиккени, миграция агымын жөнгө сала албагандыгы, өзгөчө кыжылдаган кытайларды квотада көрсөтүлгөндөн бир канча эсеге өлкөгө ашыкча киргизгендиги, жаштарга кам көрө албагандыгы, өзү жетектеген министрликте коррупцияны жое албагандыгы жана айлык албаган "шабашник" (айлык албаса "шабашка" менен жашайт да) министр катары элдин эсинде калды. Ошондуктан пайдасы жок министрдин жана министрликтин кимге кереги бар. Министрлик буга чейин аткарып келгенсиген эмгекке орноштуруу, насыя таратуу, миграция боюнча маселелерди айрым тиешелүү министрликтерге кошуп туруп, калганын толугу менен жоюп салуу керек. Убагында бул министрликтин кереги жок деп каршы чыккан Темир Сариевдин айтканы эми туура болуп чыкты окшойт. Минстрликке жылдык бюджети 2013-жылы 200089. 8 сомду, ал эми 2014-жылы 274089. 0 сомду чапчыган. Бирок бул чоң каражатка кандай маселелер чечилип, кандай иштер жасалганы белгисиз?
Анан да өз машинесинде жол эрежесин бузган аялына болушуп, болгондо да өкмөттүн жыйналышында уялбай-этпей эле, экс - министр, атасындай болгон абышка Абдылда Суранчиевди жакалап, аны аз жерден жаакка чапкандан кайра тартпаган "курчтугун" да эл көпкө чейин унутпас. Бул коомчулукту жийиркенткен иш маданияттуу, билимдүү, "баатыр", анан калса пешене сылап, беш маал намаз окуган дамбылда" адамдын жасай турган ишиби?! Же бул акылы бар, бирок эси жок деген аныктамабы? Менин баамымда жеке кызыкчылыктын желесинен чыга албаган, мамлекеттик маанилүү иштерди майда маселе катары көргөн адам гана аялына ушинтип болушат. Чынын айтканда, бул иш ырысын көтөрө албай, көп кеткендиктин белгиси . Эми бул мырза башка кызматтарга барса деле мындан ашык болбос, мамлекетке чоң пайда алып келбес. Бирок жерде калбай, дагы бир "майлуу" кызматка барып калышы толук мүмкүн.
Айтмакчы, Алиясбек мырза "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген эң жогорку наамдын ээси. Бул наам ага канчалык деңгээлде туура берилген, же туура эмес берилгенин келечек, убакыт тактайт. Чынында Алиясбек мырза, ал наамдан баш тартып деле койсо жарашмак. Себеби, Алиясбек алган наамга кандуу 7-апрелде 4-5 ок жеп, аман калган адамдарды татыктуу эмес деп ким айта алат?! Алар Алиясбек мырзадан эмнеси менен кем эле?! Же эки-үч ок жегендер баатыр, ок жебей, кан кечип аман калгандар жана өлүп калгандар "Ак шумкарга" татыксызбы?! Айтор, бул жагы такыр эле логикага сыйбай турат.




Канат Садыков
Төрт жыл бою төрдөн түшпөй төрө болуп, эми гана экс-министр атка конду. Бала чагынан эч кандай запкы көрбөй, бардар үй-бүлөдө тарбия көрүп өскөн. Өмүрүнүн быйылкы 53чү кышын аман-эсен көргүчө, башынан жакшы-жаман окуялардын арбынын өткөргөн инсан. 1983-жылы Улуттук университеттен "орус тилчи" кесибине ээ болуп чыккан. 1990-жылы ушул эле окуу жайда аспирантурасын бүтүрүп, 1991-жылы филология илимдеринин кандидаты болгону менен болочоктогу министр тоталдык диктантты 3 деген баага жазганын ачык айтканы бар. Канат мырзанын ИИМди академиясында 1 жыл, Улуттук академияда 6 жыл иштегенин эске албаганда, "дарак бир жерден көгөрөт" болуп 1983-жылдан 2008-жылга чейин Улуттук университетте эмгектенип, ал жерден алыс узаган эмес. 2008-2010-жылы Билим берүү министрлигинин башкармалыгынын жетекчиси болуп турганда да, коомчулук айтылуу Эл акыны Жалил аксакалдын мындай "тың чыкма" баласы бар экенин билген эмес. Канат мырзанын ысымы атпай журтка 2010-жылы июль айында Билим берүү министри болуп дайындалгандан кийин, тереңдеп айтканда, атасынын көзү өтөрүнө 4-5 ай калганда угулду. Министр болгондо аны кыйын адис, эмгекчил деп жерге, сууга тийгизбей мактагандар арбын болгон менен жалпы эл, ал тургай оппозиция да атасын сыйлаппы же ал тууралуу билбегендигиненби, айтор 1-2 жыл бою эч ким сындаган жок.
Бирок мыкты инсандын баласы мындай чоң кызматта бийликтин "сүймөнчүгү" болуп 4 жыл иштесе да мыктылыгын көрсөтө алган жок. Биринчи маселе, министрликтеги илгертен бери гүлдөп келаткан коррупция маселесин жоймок тургай, тырмактын агындай да азайта алган жок. Азайтмак тургай, анын учурунда билим берүү системасындагы коррупция күчөдү. Министрликке караштуу жогорку окуу жай, орто мектеп, бала бакчалардын урааны: "акча жана акча" болуп калды. Кыргызстанда 52 ЖОЖ бар. Алардын 20сы жеке менчик, калган 32си мамлекеттик. Студенттердин жалпы саны 234 миңге чукул. Бирок, көп жылдардан бери ЖОЖдордун көбүндө диплом базарда мал сатылгандай эле сатылып келатат. Өзгөчө шаар жеринде орто мектептерге жана бала бакчаларга баланы кабыл алуу маселеси көп учурда акча менен чечилсе, жалпы республика боюнча окуучулар мектеп жана агай - эжейлери үчүн болбогон шылтоолор менен аз эмес акча чогултуп беришет. Экинчи маселе, Канат мырза министрликте, саны бар сапаты жок окуу жайларда реформа жүргүзмөк тургай, ого бетер реформага муктаж кылып, жөнөкөй жана жеңил маселелерди да чече алган жок. Министрликтин короткон жылдык бюджети эмнегедир жашыруун болуп, ачык айтылбай келет. Болжол менен 1,5 - 2 млрд. сомду чапчыйт. Мамлекеттик бюджетибиз быйыл 105 млрд. сомдун тегереги болду. Анын 20 пайызы (20 млрд. сомдун тегереги) Кыргызстандагы жалпы билим берүү системасына сарпталарын Садыковдун ордуна олтурам деген Сариева айтып чыкты. Бул биздин экономикасы чабал өлкө үчүн чоң акча. Бирок чынында ушунча чоң каражаттын максаттуу пайдаланышында мандем бар. Бул акчанын бир канча бөлүгү максатсыз пайдаланылып, өнөкөткө айланган коррупциялык схеманын "жеми" болуп келет. Өзгөчө министрликтеги лицензия берүү, китеп чыгаруу боюнча тендер өткөрүү, билим берүү мекемелерин оңдоо маселелери эчак коррупциялашып, ал боюнча не деген былыктар ачыкка чыгып жатса да, Канат мырза министр катары өз милдетине, укуктарына жараша эч кандай чара көргөн жок. Чара көрмөк тургай, эт менен челдин ортосундагы маселе чече албаган министр катары элдин эсинде, тарых барагында калды. Чынын айтканда, Канат мырза 4 жыл ичинде коомчулуктан жакшы деле кеп уккан жок.
Бирок элдин бир билгени Канат мырза "атага тең" уул болбосо дагы, маркум атасына жакшы кам көрдү. Маселен министр болуп турганда, атасынын көзү өткөнүнө анча көп боло элек кезде анын ысымын Ак-Өргөдөгү №84 үч кабаттуу заңкайган мектепке ыйгартты. Ага коомчулук деле каршы болбоду. Себеби Жалил Садыков андай сыйга толук татыктуу. Бирок Садыковдой болуп элге, керек болсо андан ашыра эмгек кылган айрым инсандарга чоң мектептин эмес, чолок көчөнүн да аты бериле элек. Муну Канат мырза эл менен кошо жакшы билет. Андыктан, бул маселе ал кезде өтө оперативдүү чечилип, Канат мырза тарабынанбы айтор аталган мектепке Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин бир тууганы Динара Иманалиева директор болуп дайындалган. Айтмакчы, Садыков кызматтан өтө деле таза кеткен жери жок. Көп жаманатты болду. Анын Каныбек Осмоналиевге козголгон кылмышка тиешеси болуп калышы мүмкүн. Же көпчүлүк күткөндөй акактай таза болуп, суудан кургак чыгабы? Кокус "денесине суу тийбей" купкургак бойдон калса, анда башка бир майда эмес кызматтарга барып калышы мүмкүн...

Айбек Шамшыкеев








??.??