Мандемдүү мандаттар
Парламенттеги коррупция тууралуу айткандан жадабаган Данияр Тербишалиев Текебаевдин каарын кайнатты. 11-декабрда биздеги парламентаризмге арналган тегерек столдо "Биз депутаттардын чуулгандуу кептерин көп эле угуп келебиз. Мисалы Өмүрбек Абдрахманов депутаттык орунду 200 миң долларга алганын айткан" - дегенине "Ата-Мекен" фракциясы катуу чычалады. Акыры чыдабай төгүндөөсүн да жар салды. Кызыгы төгүндөөсүндөгү сөздүн төркүнү айланып барып эле Требишалиев айткан орун сатып алмайга барып такалды. "Ата-Мекен" Абдрахмановдун "Азаттыкка" берген эски маегин таап чыгып, "Ата-Мекен" партиясынын шайлоо ишине 100 миң доллар бергем" - дегенин мисалга тартты. Бирок маселе 100 миңде же 200 миңде эмес, Абдрахмановдун мандаты үчүн акча бергендигинде болуп жатпайбы.




Сүткорлорду сүрүп чыкпайлыбы?
Доллардын баасы 60 сомдон ашты. "Эбин тапкан эки жейт" болуп, карапайым калк карайлап жатканда акча алмаштыруучу жайлардын ээлери эбегейсиз акчага туйтунушууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айтып чыкты. "Улуттук банк сомдун баасын кармоо үчүн 2 миллион доллар алып чыккан. Биз 1 долларды 57,8 сомдон "Айыл банк", "РСК-банктарга" таратып берсек, 2 миллион долларды 2-3 саттын ичинде акча алмаштыргычтар бүтүндөй сатып алып, кайра 60 сомдон сатышып, ортодон оңбогондой пайда көрүштү. Бул көрүнүш акча алмаштыргычтар тарабынан улуттук валютабызга карата спекуляциялык чоң чабуул жасалып жатканын көрсөтүүдө" - деди. Акчадан акча жасаган мусулманчылыкта өтө чоң күнөө болуп саналат. Ошол эле кумарканалар сыяктуу. Өлкө бийлиги саясий чечим кабыл туруп, бардык акча алмаштыруучу жайларды жабып, бул милдетти мамлекеттик банктарга эле калтырып койсо оң болгону турат.




Эл өкүлү эмне дейт, ыя?
Анда-санда ооз ачкан эл өкүлү Элмира Жумалиева "2013 - жылы кыргыз Өкмөтү өзүнүн туура эмес мыйзамдары менен өлкө казынасына 400 миллион сом зыян келтирди" - дегенди балп эттирди. Ошол туура эмес мыйзамдарды өздөрү кабыл алып жатканы менен иши жоктой. Элдин атынан парламентке мыйзам чыгырып, мыйзам кабыл алуу үчүн келгенин унутуп калган окшойт эжекебиз.




"1,5 жашка чейинки кыз бала сатып алам"
"Тамчы" деген гезитке төбө чачты тик тургузган ушундай жарыя чыгыптыр. Телефон номуру дагы бакыйып жазылып турат. Интернет сайттардын биринен ошол телефонго чалып, 10 айлык кызы бар 22 жаштагы келин болуп таанышыптыр. Бала сатып алууну каалган неменин аты Венера экен. Журналист "канчага сатып аласыз?" - деп суроо салса, конкреттүү сумманы айтпай, баласын сатууну каалаган башкалар чалып, 10-15 миң сомду эле сурап жатышканын айтыптыр. Мына сага замана! Адам өмүрүн арзыбаган акчага баалаган Венерага окшогон мээ кайыктарды, өз канынан жаралган наристесин 10-15 миң сомго баалаган акмактарды кармап катыгын бергенге биздин "күжүрмөн" күч органдарыбыздын алы жетээр бекен? Мындай акмакчылыкка ортомчулук кылган гезитти дагы кепке келтирип койсо ашыктык кылбас...




Элдик мүлктү "мүлжүгөн" ким?
ИИМдин иликтөөчүлөрү Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы башчысы малайзиялык бир компанияны алдап 75 миң долларга сызга отургузуп кеткенин иликтеп чыгышты. Бирок Маммүлктүн кайсы жетекчиси алдамчылык кылганын ачык айтышкан жок. Баса, кайсы бир жылдары мүлк фондусун башкарган бир эрен баш -аягы 365 мамлекеттик мекемени жеке менчикке айлантып алганын Мелис Аспеков деген бир активист айтып чыккан. Бир жыл менен эсептесек, күнүгө бирден элдик менчикти өздүк менчикке айланткан экен.




Отставка кезеги Ольгада
Каржы министри жанды кашайтчу болду. Карапайым калк арзыбаган айлыгын айдан-айга жеткире албай жатса, буларың ондогон миллион сомду түшкү тамагына жумшаарын өткөндө жазганбыз. Кечээ партиялашы Анарбек Калматов дагы Лавровага каары кайнап, "Каржы министрлиги менен Мамлекеттик өнүктүрүү фонду кайтарылган насыялардын эсебинен жылына 40 млн сом көлөмүндө каражат алат. Ал эми зарыл маселени чечүү үчүн 100 миң сом сурасаң "акча жок" - деген гана жооп аласың. Топтолгон каражат кайда кетип жатат? Президенттин өзү кийлигишип жатып, Аксы районундагы көп жылдарга созулган "Иринжит" каналы араң курулуп бүттү. Ал эми "Ак-Терек" каналына ушул кезге чейин бир тыйын да бөлүнө элек. Эмне, дагы Президент өзү кийлигишиши керекпи?" - деди. Президент дагы бул министрге ичи чыкпай жүргөнүн эшиттик. Отставка кезеги Ольга айымга келип жеткен окшойт.





Өмүрбек мырза "өз адамын" өзү жайлайбы?
Отставкага айдалган министрлердин ордуна жаңылары тандалып жатпайбы. Айрым талапкер -депутаттар министр болууга анчейин кызыкпай жатканы дагы маалым. Бул кырдаалды айтылуу Өмүрбек Текебаев "Бул Өкмөттүн кийинки жылдын акырына чейин иштээрине көпчүлүк ишенбей жатат. Кийинки жылдын жазында Өкмөт отставкага кетет деген дагы имиштер жүрүүдө" - деп чечмелеп, жыландын башын кылтыйтты. Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү оор кырдаалды эске алып, оппозицияга өтө качмай адатын карматканы турат окшойт. Башында мактап-жактап жаткан Өкмөт башындагы өз баласын өгөйлөп, "ал ажонун адамы" - дей башташты. Жаз алды менен өздөрү түзгөн төртүнчү ирет Өкмөттү "өлтүрүп", парламенттик шайлоого шаңдуу кирели деген максаты бар го.