presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Түрк дүйнөсүнүн журналисттери биригүүдө

Акыркы жылдары түрк тилдүү элдер ич ара алакасын бекемдеп, ымала түзө баштады. Түпкүлүгү бир түрк тилдүү элдердин башын бириктирүүдө албетте Түркия мамлекетинин салымы чоң. Дал ушул түрк бийлигинин демилгеси менен 4 жылдан бери түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана элдеринин медиа форуму өтүп келет. Бул ирет 15-17-ноябрь күндөрү 20 өлкөнүн 150дөй журналисттеринин катышуусунда Түндүк Кипр Түрк Республикасында (KKTC) өттү.
Ошентип 3 күнгө созулган бул медиа форум ТКТРнын Гирне шаарында 15-ноябрь күнү башталды. Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Молдованын курамындагы Гагауз Автоном Республикасы, Россиянын курамындагы Башкортостан, Татарстан, Дагестан, Кабардино-Балкария, Карачай-Черкессия, Тыва, Якутия, Крымдан келген журналисттердин катышуусундагы өтө кызыктуу талкуулар өттү. Форумдун биринчи күнү 15-ноябрь Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендик күнү экен. Борбор калаасы Лефкоша шаарындагы майрамдык иш чарага катыштык. Биринчи президенти түндүк кипрликтерге эңсеген эгемендигин алып берген Рауф Денкташтын бейитине гүлчамбар коюп, эскерүү аземи болду. Ошол күнү кечкисин азыркы президенти Дервиш Эроглу жана анын жубайынын сый тамагына бардык.
Журналисттерге эле эмес дүйнө элине өтө кызык болгон, учурдун эң эле орчундуу маселесине айланган Крым, Тоолуу - Карабах маселеси боюнча бир топ талаш-тартыштуу талкууларга да дал ушул медиа форумда күбө болдук. Мындан тышкары түрк тилдүү өлкөлөрдөгү жана элдердеги орчундуу маселелерди чечүүдөгү медианын ролу, таасири тууралуу дагы кенен кеп болду. Ошондой эле жалпы түрк дүйнөсүндө атагы бар айтылуу жазуучу жана публицист, крым-татарлык Исмаил Гаспаралынын 100 жылдыгына байланыштуу анын өмүр таржымалына арналган өзүнчө жыйын өттү. Анын ошол кезде эле көтөрүп чыккан "Тил, ой, иш аркылуу биримдикке карай" деген идеялары, ураандары бүгүн дагы өзгөчө актуалдуу болуп турат. Имасил мырза Гаспаралы өз чыгармаларында бир улуттун же бир элдин гана кызыкчылыгы, келечеги тууралуу ойлонбостон, бүтүндөй түрк дүйнөсү бир болсо, бир бүтүн болуп өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсок деген асыл ойлорун калтырып кеткен экен. Түрк дүйнөсүн бириктирүүгө салымы зор болгон Исмаил Гаспаралы сыяктуу окумуштуу, ойчулдар дагы жыл сайын ар бир медиа форумда ушинтип эскерилип турмай болду. 4-ирет өтүп жаткан медиа форумдун максаты дагы дал ушул биримдик, ынтымак маселесин камтыйт. Кыргыздын улуу акыны Токтогул акындын "агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың" - деп ырдаганындай тили, дили тектеш, тарыхы, тамыры бир түрк элдери бир бүтүн болуп бири-бирибизди колдоп, коргоп турсак пайдасынан башка зыяны тийбестир. Ошону элге айтып, көпчүлүккө жеткирүүдө албетте журналист журтунун салымы өзгөчө.
"Ким маалыматка ээ болсо, ошол дүйнөнү башкарат" деген мыйзам учурда өз өкүмүн жүргүзүп жатканы баарыбызга маалым. Дүйнөлүк геосаясий кагылыштарда медианын ролу өзгөчө. Ошону эске алып, түрк тилдүү мамлекеттердин IV медиа форумунда баарыбызга бирдей көмөгү тийген, орток маалымат каражаттарын түзүү боюнча эң жакшы ойлор айтылды. Дүйнөдө болуп жактан окуяларды ар ким өз кызыкчылыгына ыңгайлаштырып берип жатканына токтолгон Түркиянын Гази университетинин коммуникация факультетинин деканы Закир Авшар "Өзүбүздүн үнүбүздү туура, толук жеткире билүү үчүн күчтүү ЖМКга муктаждык бар. Түрк дүйнөсү жана араб дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларды күчтүү мамлекеттер өз көз карашы менен берип, башкаларга да өз таасирин таңуулап жатышат" - деди.
Ал эми Кыргызстандын атынан медиа форумда сөз сүйлөгөн Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара байланышын жакшыртууда маданий кабарлардын да таасирин белгилеп өттү. "Быйыл жайында болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жактан биригүүсүнө жакшы шарттарды түзүп берди. Мындай иш-чараларды уюштуруу мамлекеттер ортосундагы байланышты бекемдейт. Түрк тилдүү мамлекеттердин маданияты көп жагынан бири- бирине окшош. Андыктан алаканы жакшыртууда элдердин руханий жагы да эске алынышы керек", - деген сунушун киргизди.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана элдеринин медиа форуму же ТЮРКМЕПтин кийинки жыйыны Казакстандын ордо калаасы Астанада өтмөй болду.

Эрнис Балбаков




МААЛЫМДАМА:
Түндүк Кипр Түрк Республикасы (Kuzey Kibris Turk Cumhuriyeti, KKTC) Жер Ортолук деңизиндеги Кипр аралынын түндүк чыгышында жайгашкан. Улуу Британиянын Кипр аралындагы ээлик кылуусу аяктаган соң Кипр республикасы түзүлүп, грек киприоттору менен түрк киприоттору мамлекет башкарууда бирдей укуктарга ээ болушкан. Бирок 1963-жылы өкөмөттүк кризис күч алып, эки улуттун ортосунда жаңжал чыккан. Гректер түрктөрдү кысмакка алып, ал ортодо Греция менен Түркиянын ортосунда согуш оту тутанып кете жаздаган. 1974 - жылы грециялык аскердик хунта Кипр республикасында аскердик төңкөрүш уюштуруп, Кипр аралынын Грецияга кошулушун жактаган ЕОКА-В уюмунун өкүлү Никос Самсонго өткөн. Мындай кырдаалда өз улутташтарын коргоо максатында Түркия аралга аскер күчтөрүн киргизип, төңкөрүшчүл Самсондун бийлигин кулаткан. Арал грек-киприоттор көзөмөлдөгөн түштүккө жана түрк киприоттору ээлик кылган түндүккө бөлүнүп калган. Түрк аскерлеринин жардамы менен грециялык төңкөрүшчүлөрдөн кутулган Кипр Республикасында мурдагы өлкө башчысы архиепископ Макариос кайрадан бийликке келген. Эки тарап кол койгон тынчтык келишиминин негизинде Түндүк Кипрдагы Түрк федеративдүү республикасы түзүлгөн. 8 жылдан кийин 1983-жылы бул федерация эгемендүүлүгүн жарыялап, 15-ноябрда көз карандысыз Түндүк Кипрдеги Түрк Республикасы түзүлгөн.
Жалпы калкынын саны 295 000ге жакын. Борбор калаасы Лефкоша шаары. Киши башына ИДПнын көлөмү - 10 000 доллардан ашык. Бирок ТКТРны БУУнун Түркиядан башка бир дагы өлкөсү эгемендүү мамлекет катары тааныган эмес.









??.??