presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Элге жарыгын чачкан инсан

Адамдын көрөңгөсү менен кудурети күчтүү болбой туруп ийгиликке жетише албайт. Сакина канчалык мээримдүү, жароокер болсо жан дүйнөсү да ошончолук илимге-билимге, руханий азык уюткуга да аябай бай эле. Дүйнөлүк адабият менен тааныштыгы, искусство, кино, маданият жагынан кеңири маалыматы бар болчу. Классикалык адабиятты жакшы билүүчү. Кино жагынан сөз болуп калса кайсы кино качан тартылганын, анын жаратуучулары менен катышуучулары кимдер экенин айтып берүү жагынан алдына киши чыгарчу эмес. Дүйнөнүн таанымал искусство чеберлеринин көпчүлүгүн жакшы билип, алардын жаратмандык чыгармачылыгын жатка айтуучу.
Кыргызстандын театрларында кандай спектаклдар менен оюндар коюлгандыгын, алардын жаралыш тарыхын, опереттосу менен либреттосун ким коюп, ким режиссер болуп, кайсы актерлор менен актрисалар аткарып чыкканынан, музыкасын кайсы композитор жазып, сахна декорациясын ким жасалгалаганынан бери, бардык мазмуну менен ички ньюанстарын жатка билип курбу-курдаштарына, кесиптештерине, анан албетте үйүндө эс алып олтурган учурларда балдарына айтып берүүчү. Жакшынын шарапаты деген ушул эмеспи. Ал эми искусствонун жагымы менен кудурети канчалык болорун өзүңүз ойлоп көрө бериңиз. " Жакшы музыканын таасиринде тарбияланган адамдын колунан эч качан жамандык келбейт",- деп Шопендин айтканын эске салып көрүңүзчү.
Рысбек Качкеев Белоруссияда элчилик кызматын аткарып жүргөн учурда, өз ара кабыл алууларда, жолугушууларда болуп, ич ара мамилелешип, аңгемелешип калган мезгилдерде башка мамлекеттердин элчилеринин жубайлары Сакинанын билим деңгээлине, интеллектуалдык кудуретине тан берип калышар эле. "Сакина билгенчелик биз өз элибиздин маданияты менен искусствосун жеткире билбейт экенбиз, сиз мынчалык билим менен маалыматты алууга кантип үлгүрүп жүрөсүз",-дешип.
Мындан тышкары Сакинада өзгөчө жаралган таланттын угуту бар эле. Эгер ал врач болуп калбаганда (Ар кайсы өнөргө, жетекчиликке ыктуу жөндөмү менен таңгаларлык көрөңгөсүн айтпай эле коелук) андан сөзсүз искусство адамы чыкмак. Бери эле дегенде көрүнүктүү аткаруучу болуп калмак.
Ыр жандуу экендиги бери жагы, дүйнөлүк музыка тарыхынан кеңири маалыматы бар болчу. Музыка дүйнөсүн, кыргыз классикасын, европалык маданияттын жетишкендиктерин жакшы билүүчү. Эгер кандайдыр бир эбепке себеп болуп талантына күйөрмандар суранып калышса алардын көңүлүн кыйбай чет өлкөлүк композиторлор менен кыргыз обончуларынын ырларынан созолонто обон созуп, булбулдай кубулжута аткарып коер эле. Шаңкылдап үнү да өзгөчө тунук болуучу. (Чынын айтсак мындай үн мыкты деген аткаруучулардын баарында эле боло бербейт. Эми бул да болсо кудай өзү ыроолоп койгон касиет да). Көпчүлүк шатырата кол чаап, дуулдап колдоп, дагы ырдап бериң деп кат-кат өтүнүчүн айтып турушар эле. Андай учурда алардын көңүлүн калтырчу эмес. Ал композиторлордун өмүр баянын, кимдин кандай чыгарма жаратканын, көрүнүктүү симфониялар менен опереттолордун качан, кандайча жазылганын, дегеле музыка тарыхын жатка айтканына аны жакындан билген адамдар таң калып турушчу. Кудай берем десе ар түркүн таланты менен жакшылыгын ыроолоп, бешенесинен сүйүп коет экен. Бешенесине жазылат деген ушул.
Сакинанын жанардай жаркып турган ийгиликтеринин керемет кудурети менен тунук башаты, элге сүймөнчүк көрсөтүп турган куттуу касиеттеринин сыры да ушунда
Адам баласы аалам айлампасында турмушка бир келип кетер азиз мейман. Ошол үчүн оомал-төкмөл опосуз дүйнө деп коебуз. Бул турмушта адамдын ээлеген орду менен кадыр-баркы ич ачыштыра каңырык түтөтүп көбүн эсе көзү өтүп кеткенден кийин ого бетер дааналана түшөт тура, бири кем дүйнө деген ушул. Ошондо баарынан адамдын өзүнүн кымбат экени, баарынан бийиги да, кайталангысы да, кайра табылбасы да адам экени жөнүндөгү ой жан дүйнөбүздөн сыбызгып өтө берет экен. Эне перзентин бир төрөйт, кудай бир жаратат. Ошондуктан, өмүр баркына жетип, адам кадырын билүү бул турмуштагы эң ыйык парз болуп эсептелет.
Ушул жагын эске алганда кудай Сакинадан жакшылыгын аябаптыр. Периштедей кылып жаратып, элге жарыгыңды чачып жаша деп, бешенесине бак айтып коюптур. Мына азыр да кудай берген ошол касиети тагдырына куттай тийип, турмушка ак жарык шооласын тегиз чачыратып турат. Элге эмгегинин сиңип турганы, Ата Журтунда кадырлуу болуп турганы ушундан.
Үй-бүлөсү, өмүрлүк жары менен уулдары, неберелери, көздөй ысык бир боорлору, жерге-жээги гана эмес Сакинанын жакшылыгын тагдырына периштедей болуп түшүп өмүрүн сактап калган адамдар, курбу-курдаштары, аны жакындан билген замандаштарынын бардыгы эстеп турушат.
Жакшылык арттырган өмүр жөнүндө сөз турмуш уланып турган учурда түбөлүккө айтыла берет. Өзү турмуштан өтсө да өмүрү элде жашап кала берет деген ушул эмеспи. Бул дагы Сакинанын турмуштук бактысын айгинелейт. "Элге пайдасы көп тийген адам - мыкты адам",- деп айтыптыр улуу акын Алишер Навои. Ушунун өзү да жакшылык менен гана дүйнө сакталып, өмүр көчү уланып турганын, элге жакшылыгын аябаган адамдын кай жакта болбосун урматталып, бешенеси жарык болуп турарын ырастап турбайбы.
Ал өмүрүнүн акыркы он беш жылында жакшылыгым дагы артса экен деп аруу тилек кылып, намазга жыгылып куран окуп жүрдү. "Келиндин жакшы болмогу кайын эненин камырынан" деп айтылгандай келиндери да башынан жоолугун түшүрбөй, анын өрнөгүн улап жүрүшөт. Ыйман уялаган жерге ар дайым жакшылык конуп турарын турмуш айгинелеп келет. Бул алардын дүйнө таанымынан, өз ара турмуштук ызаат сыйынан да көрүнүп турат.
"… Адам өмүрү эненин курсагынан башталып, мүрзө ичинен бүтпөйт",- деп Кебран Халил деген ойчулдун айтканын эстедим. Анын бул ой жоруусуна адам өмүрү гана эмес, чексиз дүйнө сыйып турганын караңызчы, кеменгер эмес бекен!
Не деген гана турмушту башынан кечирбейт айлампа дүйнөдө адам баласы. Жараткан ыроолоп, бешенесине жазып койгон тагдыры болот, аны өзгөртүп жиберүү мүмкүн эмес, жолу болсо да ага жөн эле пенденин алы жетпес. Адам өмүрү чимириктей болуп айланган ошол тегеректе мезгил аптабына каарылып, суугуна тоңуп, башмалдырык аттырган турмушу, пенделик тиричилиги менен байкалбай өтө берет. Анын катаал сыноосу да өзүнчө табышмак сыр. Турмуштун телегейди тегиз кылып ажаат ачкан күндөрүндө да, өмүрдү сыздатып, эсти эңгиреткен оор күндөрүндө да пенденин кудай берген касиетин сактап, ар дайым адамдык уркун, кудуретин сактап турганына не жетсин. Сакина тагдыр башына салган оор сыноолорду чыдамкайлык менен көтөрө билди. Ар дайым адамдык касиетинен, жакшылыгынан жанган жок. Ыйманы менен элин сүйүнтүп, өмүргө өмүр кошуп келди. Ушул улуу вазийпага бүт өмүрүн арнады. Кудайдын мыйзамын купуя кабылдады. Бул дүйнөнүн көрүнгөн эле пендеге оңой менен сезиле бербеген терең сыры бар экенин, ал өз иримине, чексиздикке тартып кетип турган айлампа экенин баамдады…
Мухиттей болуп күргүштөп, чексиз ааламга толуп турган турмуштун табышмагы да, жандырмагы да жараткандан. Бул айлампа дүйнөдө көлкүгөн турмуш өз шоокумун салып күүлдөп турат. Анын оо дүйнө, бу дүйнөнү тербеп турчу өзүнүн сыры бар…
Эр жигиттин кадырын көтөрүп ортону жакшы, жакшыны баш кылган аялы болот. Өмүрлүк жарына чыныгы түбөлүк достой өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, айтылуу Каныкейдин аруу касиеттерин боюна сиңирген күйүмдүү жана акжолтой шарапаты жанган өмүрлүк жар, ак көрпө жайыл зайып, көрөңгөсү мол, интеллектуал замандаш Сакина Кадырбаева жөнүндө айта берсек сөз түгөнбөйт. Сакина эженин бакыттын пири менен Умай энеси колдогондой куттай жанып турган, нукура аялзаттык касиеттери, кең пейил жана мээрман, чечкиндүү жана кечиримдүү, берешен жана айжаркын мүнөзү, улуу - кичүүгө нускалуу өрнөктүү өмүр жолу, пакиза тунуктугу, дарыгерлик керемети, энелик кудурети менен коштолуп өмүр ажаатын ачып келген ажайып бейнеси ушундай.

Меңдибек Асылбеков









??.??