Бирдиктүү мектеп формасы мезгил талабы

Бүгүн өз улутунун каада-салт, үрп-адат, көөнө тарыхын, өз элинин маданиятын, тилин билбеген баланы эртең "Кыргызстандын келечеги" деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз жаштардын дүйнө таанымы кенен, көп тилде түш жоруган инсандардан болууларын каалайбыз. Бирок, алар биринчи кезекте өз улутунун руханий байлыктары менен сыймыктанышы керек. Ошондуктан да "балдарыбыз жаштайынан мекенчил болуп өссүн деп, кыргыз элине таандык сайманын бирдиктүү мектеп формасында болушунун өзү чоң сыймык.
Биз бул саныбызда бирдиктүү мектеп формасына өткөн коңшу өлкөлөргө саресеп салып көрдүк. Анда сөз башынан болсун.
Тажикстан
2009-жылы Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон, мугалимдерге алтын тиш салдырууга, ал эми окуучулардын билим берүү жайларына жеңил унаалар менен келүүлөрүнө тыюу салган. Мамлекеттин мыйзамына ылайык, өлкө боюнча мектеп окуучулары, студенттер жана ошондой эле орто жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери билим берүү мекемелеринде уюлдук телефон көтөрүп жүрүүгө жана аларды окуу процесстерине алып кирүүгө акылары жок. Муну менен Тажикистандын бийлик өкүлчүлүгү, уюлдук телефондорду окуу жайларга алып келүүгө тыюу салуу, билим сапатын жогорулатууга, билим берүү мекемелеринде тартипти сактоого жардам берет деп санашат.
Ал эми Тажикистан бирдиктүү мектеп формасын 2013-жылы кабыл алган. Ошондон бери балдар мектепке милдеттүү түрдө кара костюм, кара шым, ак көйнөк, кыздар кара юбка, ак кофта кийишет. Бул өлкөдө бирдиктүү мектеп формасы кездеменин сапатына жараша 40-120 сомонин, кыргыз сомуна айландырганда 500 - 1500 сомду түзөт.
Казакстан
Ал эми коңшу Казакстан бирдиктүү мектеп формасын этап-эптабы менен ишке ашырууда. Мындайча айтканда 2003 - жылдан баштап окуучулардын жана ата -энелердин катышуусу менен, ар бир орто билим берүү жайы өз мектеп формасынын үлгүсүн иштеп чыгышкан. Бул формалардын орточо баасы 4900 -8000 тенге, кыргыз сому менен эсептегенде 1600 - 2500 сомдун тегереги болот.
Түркмөнстан
Өлкө боюнча бардык окуучулар бирдей форма кийишет. Кыздар тизесинен узун жашыл көйнөк, ак фартук тагынып, чачтарын эки өрүп тебетей кийишсе, балдар кара шым, ак көйнөк менен мектепке келишет.
Ал эми техникумдун студенттери көк көйнөк кийишсе, жогорку окуу жайларынын студенттери кызыл көйнөк кийишет. Бирок, баары бир чачтарын эки өрүп тебетей кийүүлөрү шарт.
Өзбекстан
Өзбекстан 2012-жылы бирдиктүү мектеп формасына толук өткөн. Балдар ак көйнөк, көк кемсел кийсе, кыздар ак кофта, кочкул кызыл өңдөгү сарафан кийишет. Бирдиктүү мектеп формасы орточо эсеп менен 25000 - 200000 сумду, бизче 900 сомдон, 7500 сомго чейин болот.
Кытай
Ал эми Кытай Эл Республикасында бардык окуучулар бирдей көк түстөгү спорт костюму менен сабакка келишет. Өзгөчөлүгү кыздар-балдар үчүн деп бөлүнбөйт. Болгону ата-энелер мектеп жетекчилигине алдын ала айтылган сумманы төлөп коюшат, ал эми мектеп жетекчилиги ар бир баланы форма менен камсыз кылуу милдетин өз моюндарына алышат. Форма баасы орточо эсеп менен 100 юань, кыргыз сомуна айландырганда 950-1000 сомду чапчыйт.
Кыргызстан
Бирдиктүү мектеп формасынын үлгүсү 2014-жылдын 30-июнунда элдик добуш менен тандалып алынган. Азия өлкөлөрүнүн арасында гана эмес, дүйнөлүк практикада, биринчи жолу бирдиктүү мектеп формасы мамлекеттик деңгээлде жеке адамдын, ("билим берүү министрлигинин колдоосу менен" деген гана сөз болбосо), долбоор баштан - аяк меценат Рустам Мамановдун жеке демилгеси жана демөөрчүлүгү алдында жүзөгө ашкан. Мына ушул адамдын жардамы менен кыргыз билим берүү тарыхында алгачкы жолу окуучулар, кыргыз элине таандык улуттук орнамент түшүрүлгөн бирдиктүү мектеп формасына ээ болушту.
Бирдиктүү мектеп формасындагы сайманын чечмелениши тууралуу
ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитеттин вице-президенти Динара Чочунбаева: "Окуучулардын мектеп формасына түшүрүлгөн орнамент "булак" деп аталат. Кыргыз элинин алмустактан бери, колдонуп келе жаткан оймо-чиймелеринин бири. Бул орнамент "түбөлүк жашоо, күн, кыймыл, аалам булагы" деген бир нече мааниге ээ. Жаш жеткинчектерибиздин формасына түшүрүлгөн бул сайманы, "тазалыктын, тунуктуктун символу болгон булак, түбөлүк жашоонунун кыймылы, күнү нуру менен оронуп, ааламдын ачкычы билимде" деген маанини туюндуруп жатат десек жаңылышпайбыз" деп билдирди.
Жаркынай Кадыркулова





БИЗГЕ БИР КАЙРЫЛЫП КЕЛЧИ, КАГЫЛАЙЫН КАНЫМГҮЛ ЭНЕ?
ЖЕ "АГЫНДЫЛАР" ЖАНА ТАМЕКИ МЕНЕН БАЛА ЖЕТЕЛЕГЕН АЯЛ ЖӨНҮНДӨ


"Бул роман да, повесть да, аңгеме же очерк да эмес, ошондой эле мемуар да эмес, бирок окуган адамды кайдыгер калтырбайт, өтө кызык жана жеңил окулат, айылдын, айылдаштардын керемет турмушу көз алдыңа тартылат". Мына ушуинтип башталган Шайлообек Дүйшеевдин чыгармалардын эч бир түрүнө кирбеген "Агындыларын" окуп чыккан соң көкүрөгүм өзүнчө эле бир нерсе болуп, колум "кычышып" жазгым келип туруп алды. Же жазгандай кыйын жазмакердин бири болсомчу. Экзамен учурунда эки бет дил баянды эптеп жатып жазган жаным эмнени кыйратып жибереримди деле билбей, "Агындыларга" "тиш салганга" кудуретим жетпей турду. А бирок ага кантип жеткенимди алымдын келишинче айткым келди, чамамдын жетишинче жазгым келди...
***
Кокус бизге сабак берген агайыбыз Абдиламит Мурзаевич Матисаков ошол биз атын унутуп салып такыр эстей албай жатып кийин араң эстеген "Де-факто" гезитиндеги "Менин баткан күндү аяймын" деген маегимди окугула" дебегенинде биз аны да окуп, анан ал гезиттеги "Агындыларды" окуп, аны менен кошо агып, аны менен кошо "ооруйт" белек, жок белек деп азыр ойлой берем.
***
Анан ошентип жүргөн күндөрүмдө экзамен кирип келди. Келгенде да жөн келбей желкемен жетелеп, алкымыман алып кирип келди. Экзамен деген "кудай алгыр" желкеден кантип жетелээрин, алкымдан кантип алаарын мага окшоп экзаменге чейин "эшек такалап" жүргөн студенттер жакшы билет. Экзамендин күү-шаасына кирип кетип араң чыктым. Чыкканда да жөн чыкпай жаңы эле жабышкан "агындылар" деген "ооруну" биротоло экзамен менен кошо "тапшырып" чыккан окшойм, "Агындыларды" анда-санда гана эстебесем, бара-бара унутуп да калдым.
***
Анан каникулга тарадык. Мен болсо Таластагы айылыма сапар тарттым. Колумда эки баштык. Биринде кийим-кечем, биринде китептерим. Китептердин тарых-таржымалы да бир топ. Китептер бир баштыкта баратканы менен экиге бөлүнөт. Биринчи топко - А. Матисаковдун "Атамды көргөн өлбөсүн" аттуу жыйнагы, муну автор өз колу менен берген. Чынында абдан сонун жазылган публицистикаларга, аңгемелерге толгон китеп. Жайды жайлай ушул китептин "азабын" колуна берип, жанын койгон жокмун. Дагы бири - Р. Айтматованын "Тарыхтын актай барактары". Элтүзөрова деген мугалим эжекем ушул китепке кызыгып жүргөнүмдү билсе керек, биринчи бетине бакыйтып туруп мага болгон жакшы каалоо-тилектерин жазып, турмуштун таштак жолдорунан ташыркабай басып өтүшүмдү каалап, колумду кыса кармап туруп берди эле, мунун да жанын койгон жокмун. Булардын катарында Касымалы Жантөшовдун качанкы "Каныбеги", Көчкөн Сактановдун "Маркумдар үнү", Эсенбек Медербековдун "Кызыл жалыны" бар. Булар азыр китеп текчемдин "аксакалдары".
Ал эми экинчилери болсо мындан да "сонун" китептер. Ошол "сонунунун" айынанбы же окуй турган окурмандарынын жогунун айынанбы айтор ким билсин, мен дагы көптөгөн студенттер сыяктуу эле "нары карап ыйлап, бери карап күлүп" олтуруп мугалимдеримден "кызыл кагаздарга" айырбаштап алгам.
(Уландысы 14-бетте)
(Башталышы 10-бетте)
Албетте бул китептерди жакшы көрөм, бирок агай-эжейлерим таарынбасын, атаганат мен алардын кандидаттык, доктордук диссертациясын жактагандагы илимий иштерин түшүнө албайт окшоймун. Анткени жолдо баратып баштыктын түбүнөн, баргандан кийин китеп текчемдин киши колу тийбеген, тийсе дагы бетин бир карап алып кайра коюп кое турган, китеп шкафымдын эң эле "терең" жеринен орун алышты.
***
Убакыт учкан куш деген чын окшобойбу, каникул кантип өткөнүн да билбей калдым. Анан окууга борборго келдим. Бул сапар бир эле баштык. Китептин ордунда тамак-аш. Анан окуу башталды. Мен болсо Дүйшеевдин 70-жылдардагы студенттик курагындамын. Жаңы окуу жылы менен кошо баягы "агындылар" деген "илдет" кайрадан жабышты. Сабаккка келсем баары эле "Агындыларды" кеп кылышат. Бири "Редактор Мусаев", бири "Мады", бири "Матен", бири "Сансызбай агай", бири "Эшимканов"... Айтор аудиторияга Дүйшеевдин "Агындылары" менен анын каармандары толуп кетти...
Алымбаев деген агайым: "Окусаңар жашоо-турмушка болгон көз карашыңар ачылат" - десе, дагы бир мугалимим: "Мен окуп бүттүм, дагы кайра башынан окуп баштадым" - деп, окуунун да, китептин да сазайын берген курсташтарым Талантбекова: "Дүйшеевде жашыруун эч нерсе калбаптыр, болгонун болгондой кылып жөнөкөй эле тил менен жазган экен, ушунчалык кызыктуу" - десе, Акматова деген сулуу кызыбыз: "Мен кызыкканыман башыма жаздап алып окуп жатам, жаккан жерлерин кайра-кайра окуудамын" - деп басса-турса кеп кылышат. Бул сөздөрдү уккан сайын "оорум" күч алды.
***
Талантбекова "Агындыларды" "ана берем, мына берем" деп жүрүп бербей койду. Акматова болсо: "Агайдын өзүнөн сатып алып окубайсыңбы", - деп койду. Анан ойлонуп олтуруп мен деле ушулардаймын да, анткени жакшы көргөн китебимди эч кимге бербей сараң болуп чыга келет эмесминби дедим ичимден. Бул менин жаман сапаттарымдын катарына киреби же кирбейби, билбейм.
***
Бербесеңер бербей эле койгула дедим да Улуттук китепкананын көздөй жөнөдүм. Мага эрегишкенсип ал жерде да бакыйган китептин бир эле нускасы бар экен. Анысы дагы "архив" бөлүмүндө. "Архивдеги" китепти үйгө алып кетип окуганга болбосун билсем дагы китепканачы эженин айласын кетирип, үйгө алып кете берейинчи, эртең эле алып келем, ой эжеке, бир эле күндө окуп бүтөм деп өзүмчө эле "герой" боло бердим эле, жакшы айткан-дегенине түшүнбөгөн мени аягында жаман айтып, китепканадан кууп чыкты. "Бар чыгып кет, сага үйүңө эмес, бул жерде олтуруп окуганга бербейм!" - деди. Шаабайым сууп чыктым. Ичимден ойлоп коем, ушул улуттук болгон жалгыз китепканага Шайлообек Дүйшеев "битиребей" эле он чакты китебин берип койсо мага окшогон студенттердин сообуна калбайт беле деп.
***
Кийин Шайлообек агайдын өзүнө жолукканда ушул оюмду айттым. Бирок анын эмне себептен бербегенин уккандан кийин, бербегени ырас болгон экен, деги эле бирди дагы бербей койсо болмок экен деп калдым.
***
Ошентип жүрүп көксөгөн "Агындыларды" күтүүсүз жерден Элнура деген эжеден таптым, шар эле сурап алдым. Алтын таап алгансып кудуңдап сүйүнгөнүмдү айтпа. Үйгө келип эле эжемдин эки чыны чайын ичип-ичпей жатып өз бөлмөмө кире качтым. Колумда "Агындылар"...
***
Мына сага! Буга чейин "Шоронун" чоңу Табылды Эгембердиевди акчасы көп катардагы эле бизнесмен экен деп билчү экем. Көрсө билгенден билбегеним миллион эсе көп экени дагы бир ирет далилденди. Бир гана сөз "БАРАКЕЛДЕ!!!". Сөздүн күчүнөн баш сөздү окуп бүтпөй жатып, Дүйшеевдин кийинки эле бетте турган сөздөрүнө "сугалактанып", жетип эле "сугунуп" жибергим келип, араң-араң чыдап турганымды кантип жашырам?
***
Эми "Агындыларды" окуп жаткандагы сезимдер... Өзүнчө бир керемет. Айтып бере алсам гана. Айылдын боз топурагында ойноп, анан сууга түшүп чоңойгон мага бала Шайлообек эмес эле, ошол саптардын арасында өзүм жүргөндөй болдум. Ал Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнөн болсо, мен Таластын Таш-Дөбөсүнөнмүн. Айырмабыз болгону ушул. Ал "Нурбүбүлөп" ыйласа кошо озондоп, "жетим" деп жекиргендер менен жекеге чыкса кошо чыгып, Асанкул менен Уркаштын жоруктарына ичим катып калганча күлүп, Эшимкановду бир жаман көрүп, кайра жакшы көрүп, Алтайга кошо барып, кошо келип, Алтайдын сулуу кызы Айдайдын поюзуна түшүп алып Айдайга ырдап, жыргап, айтор бактылуу учурумду агай менен чогуу жашадым.
***
Бул китептин ЭҢ БИР БАСА белгилеп айтчу улуулугу да, сулуулугу да тарбиялык маанисинин күчтүүлүгүндө. Кыргыз кызына, кыргыз энесине, деги эле кыргыз аялзатына көөнөрбөс казына, табылгыс энциклопедия болору бышык. Бирок мен ааламдашуу доору келип эки дипломдун, илимдин докторунун ээси болгон, рыноктун заманы келип, эки контейнердин, долларлардын ээси болгон азыркы күндөгү эжелерден, энелерден "кайтар" деген бир барак "кагазы жок" кароолчу, карагайчы, карапайым Канымгүл эненин элесин издеп, таппай келем. Сөзүм кур болбош үчүн бир мисалды кыйытайын. Биздин чиновниктерге үлгү болчу Искак Раззаковдун үй музейине курсташтарым менен бармак болдум. Мен музейдин дарегин так билбегендиктен жолду катар сурамжылап келатып бир аялды көрдүм. Өңү-түсү түзүк, көзүндө көз айнеги, сол колунда жетелеген 5-6 жашар баласы, оң колунда, ишенесизби, тамекиси бар. Аялзатынын тамеки тартканын көрүп жүрүп көнүп бүтсөм дагы, тамеки менен баланы бирдей жетелеген аялды биринчи көрүшүм. Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет эмеспи тамекинин ден соолукка зыян экенин, бу сапар мени анын ден соолугун эмес кичинекей баланын келечеги каңырыгымды түтөттү. Ошол тамекиси менен бала жетелеген аялды карап туруп, "биздин заманга бир кайрылып келчи, кагылайын Канымгүл эне" деп жибердим.
***
Мына ушул жерден "Агындылардын" авторунун ХХ кылымдын ортосунда, кыргызга жаман адаттар жабыша элегинде төрөлүп калганына чын дилимден сүйүндүм. Азыркыдай заманда төрөлгөндө "Агындылар" жаралат беле, жок беле, аны бир кудай билет. Кудайдан тилээрим, биздин энелер балдардын келечеги деп материалдык байлык топтоп жүрүп, руханий байлыкты унутта калтырбаса экен. Акылман элибиз илгертен айтышат го "байлык колдун кири" деп, ал эми руханий байлык, илим, билим ааламдын ачкычы, баланын кең келечеги...
***
И, баса, бул китептин дагы бир баса белгилеп кетчү жаман жагы бар экен. Ал жаман жагы окуп бүткөнчө, окуп түгөткүчө шашат экенсиң, эч качан "түгөнбөсө экен", "бүтпөсө экен" дей берет экенсиң. Бат эле барактап салгың келет, улам бир кызыктын үстүнөн чыга калгың келет, а бирок ошол эле маалда барагы азайган сайын өзүң да "азайып", ичиң ачышып, керемет жазылган сөздөрдүн ырахатынан чыккың келбей, кызыктын баары ушул акыркы барагы менен кошо түгөнүп каларын эстеп, эстеген сайын эңшерилип, шарт жаап салгың келбей бушайман боло берет экенсиң.. Баягы Элтүзөрова эже айткандай эки эмес, беш жолу окуш керек окшойт.
***
Мен эми "Агындыларды" кайра башынан окуп жатам...
Нурмухаммед
Жумабеков,
Кыргыз Улуттук
университетинин студенти