Бажычынын курсагы башкачабы?
Өткөндө ЖК депутаты Эркин Сакебаев "2015-жылдын бюджетине Каржы министрлиги өзүнүн кызматкерлеринин тамак-ашына 10 миллион сом, Бажы кызматы 20 миллион сом коштуруптур. Эң эле ачкасы силерсиңерби?" - деп жини кашайды. Мугалимдердин айлыгы, карылардын пенсиясы тууралуу сөз болгондо эле аңырайып акча жок дегенден башканы айтпаган башкы каржычы Ольга Лаврова тезинен иштен айдалганы оң болуп турат. Дегеле каржы бөлүштүрүүдөгү абалды жөнгө салып, кара кылды как жарган калыстыкты орнотуш керек. Эмне үчүн балдарга билим берем деп керээлден кечке кезээрип жүргөн мугалимдердин бир айда тапкан акчасын министрликтегилер түшкү тамагына эле коротуш керек? Каржы министрлиги менен Бажы кызматындагылардын айлыгы ансыз деле асмандын башы. Президентибиз дагы айтты эле "Элибиз баарына чыдайт, бирок калыстык, адилеттик болбогон жерде чыдабайт", - деп.


Өздүк маалымат бербегенге чара көрүлөт
1-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарды тапшырбагандарга 2015-жылдын жаз айларынан тарта мамлекеттик кызматтарды пайдаланууга чектөө киргизүүнү сунуштады. Мындай кадам жарандардын өздүк маалыматтарын топтоону тездетүүгө байланыштуу экени айтылды. Укук коргоочулар бул демилге жарандардын укугун бузат дешүүдө. Азырынча эч кандай катуу талаптар жок, бирок февралдын аягына барып чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Мисалы, паспорт, айдоочулук күбөлүк алуу же башка документтерге ээ болуу үчүн жаран сөзсүз түрдө биометрикалык каттоодон өтүшү зарыл. Эгер өтпөсө, керектүү кагаз берилбейт. Маалыматтарын тапшырууга 3 млн. 884 миң 270 киши милдеттүү.


"Фокусниктер" кимдер?
2010-жылкы революциядан кийин улутташтырылып, кийин арзан баада кайрадан сатылып кеткен мүлктөр боюнча кайрадан териштирүү зарылдыгы жаралып жатканы ачыкка чыгууда. Буга мисал катары 2010-жылы улутташтырылган Максим Бакиевге тиешелүү болгон баасы 1,5 миллиард доллар турат деген БНК май куюучу жайлар кезинде аукциондо улам арзандатылып отуруп 2,9 миллион долларга сатылган экен. Эми болсо "Роснефть" 39 миллион долларга сатылып отурат. Ошондо ортодо мамлекет 36 миллион доллар зыян тартууда. Мындай фокусту ким жасашы мүмкүн деген суроо көптөрдү кызыктырууда. Балким тиешелүү органдар иликтеп жообун табышаар. Айткандай, аталган май куюучу жайларды "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов сатып алганы айтылып келген болчу.


Иши эмес, шиши толгон булардын...
Ошентип болоор иш болду. КСДП эл ишенимин актабаган эки аткаминерин иштен алып ыргытты. Канат Садыков эмгек өргүүсүнө кеткен боюнча экс-министрлик макамга татыса, Алиясбек Алымкулов "Мен өз эрким менен кызматтан кетип башкаларга үлгү болдум. Саясатты дагы биротоло жыйыштырдым, илимий иштер менен алек болом", - деди. Апрель окуясынан кийин атагы алыска кетип, анын аркасынан мансаптуу болгон Алиясбек мырза министр катары чынында көңүлгө толоорлук иш кылган жок. Булардан башка дагы бир топ чиновник кызматтан алынышы керек эле, бирок парламенттеги КСДПдан башка фракция башчылары дымып отурат. Куловдун, Текебаевдин элдин кыжырын кайнаткан "эркелерин" отставкага айдаганга эрки жетээр бекен?


Жаштардын жаңы башчысы ким болот?
Бош калган Жаштар министрлигинин башчылыгына барчу талапкерлер тактала баштады. Арасында депутаттар Данияр Тербишалиев, Ирина Карамушкина, Абдыманап Кутушев, Эмилбек Каптагаевдин партиясындагы орун басары Бакыт Романовдор бар. Бирок эң эле жакшысы, казынабызды бөөдө эле бөксөртүп жаткан министирликтин өзүн түп орду менен жоюп салышыбыз керек. Эң туура чечим ушул болмок.


3 карышкырды Жаныбек жалгыз өлтүрдү
Өткөндө куралы жок карышкырды сулата чапкан ат-башылык 11-класстын окуучусунун эрдиги эл арасына желдей тарады. Чынында эле кыргызың карышкыр менен кармашкан оңой эмес эл экени эчактан бери эле айтылып келет. Бул сөздүн аныгын далилдеп, таластык дагы бир жигит үч карышкырды жалгыз өзү атып өлтүрдү. Талас облусунун Покровка айылынын тургуну, ошол эле айылдык кеңештин депутаты Жаныбек Дүйшалиев 10-декабрь күнү Сөгөт айылынын жогорку жагынан 3 карышкырды ыргыта атып, көпчүлүктүн алкоосуна татыды. Жылаңач колу менен жолборс чапкан баатырларыбыз кыргыз тарыхында көп болгон. Ошолордун жолун жолдогондор бар экенине тобоо дейлик.


Коррупция парламенттен башталат!
Өткөн жумада Кыргызстандагы парламентаризмдин сабактарына арналган эл аралык конференция болуп өттү. Ага катышкан ЖК депутаты Данияр Тербишалиев депутаттык мандатка ээ болуу үчүн атайын баалар бычылганын, тизмедеги катарына жараша бир кресло 50 миң доллардан 1 миллион долларга чейин чыгаарын айтты. Коррупция менен күрөшөбүз деп эмнеге элдин башын айлантабыз анда? Миллион долларын коротуп депутат болгон неме эл үчүн эмне иш кылат? Депутат, андан ары министр болгон немелер акчасын ашыра таап алмайынча казынабызды какшытып жатпайбы. Элдин ырыскысына кол салып жатышпайбы. Мандатына манчыркап, бизнесин гүлдөтүп жатышпайбы


Муфтиятка жан тартып, жалпы мусулмандарга жагам дейби?
Депутаттар Кулов менен Текебаев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жан тартып, салык кызматы чектеген 22 миллион сомду кечүүнү айтып чыгышты. Салык деген баарына бир, ал мусулманбы, каапырбы, шайтан-шабырбы, баары бир төлөш керек - дегенди айтпай турушат! Молдолор каалаганын кылып турган учурлар да болуп жатат. Мына ушуларды жөнгө салчу уюмдун колунан эч нерсе келбей турат. Туурабы ыя, өкмөт аке?! Өткөндө Текебаев айт намаздарына чогулгандай элди бир дагы партия чогулта албай турганын айтканы бар. Эмдиги жылкы шайлоодо муфтиятка жан тартып, ошолордун добушунан арбыныраак алалы дешкен окшойт.


Баатырды баатыр деш керек
"Ар-Намыстын" атынан депутат болгон Каныбек Иманалиев кыргыздын атактуу уулу, мыкты мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовго Кыргыз Эл Баатыры наамын берели деген оюн айтты.
"Кыргыз мамлекетин түптөө жылында кыргыз мамлекетин түптөөгө салым кошкон инсандарды эске алышыбыз керек. Эл сүйгөн Исхак Раззаковго кыргыз элинин баатыры наамы берилген. Бул акыйкат чечим болгон. Ошол кезде эли сүйгөн, мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошкон Султан Ибраимовго да кыргыз элинин баатыры наамын берүү керек",- дейт депутат Иманалиев. Көзү өткөндөргө мындай наам берилбей калды эле. Бул жерде президенттин саясий чечими керек болуп турат окшойт.