Бир бөйрөгү жок балбан Нурлан Алишеров

Бул жолку коногубуз тиши менен таш чайнап, эч кимде жок күчү менен кыргыздын атын таанытып жүргөн Нурлан Алишеров же каймана аты Ташчайнар деген балбан мырзабыз болмокчу.

Өзү туурасында...
Нурлан Алишеров Талас облусуна караштуу Бакай - Ата районундагы Ынтымак деген айылда 1974 - жылы 24 - мартта жарык дүйнөгө келген. Нурлан Алишеровдун атасы - Табылды Алишеров, апасы - Калбүбү Жумалиева. Алар азыр ошол эле Ынтымак айылында турушат. Беш бир тууган. Эки кыз, үч эркек. Кесиби боюнча бухгалтер - экономист. КНУну кызыл диплом менен бүтүргөн. Бирок диплому бир дагы жолу өзүнө кызмат кылган эмес. Окууну бүтүп, дипломун сандыкка салган боюнча ала элек. Дагы деле сандыкта жатат. Негизи ал кичине кезинде доктур болууну самаган. Анткени кичине кезинде үйүндө жалгыз гана атасы иштеп, кичинекей карындашы дайыма ооруй берчү экен. Мына ошол карындашынын оорусун көрүп врач болуу чечимин кабыл алган. Тилекке каршы, ал тилеги ишке ашпай, башка кесиптин ээси болот.
Үй - бүлөлүү. Жубайынын аты Зарина. Өзүнүн үч баласы, мындан сырткары төрт кыз, үч уулду багып алган. Азыр ал балдары өз алдынча үй - жайлуу, бала - бакыралуу болуп калышты.

Кара күч кайдан келген?..
Нурлан Алишеровдун өзүнүн айтканына караганда ал 10 жаш кезинде түшүнө Бакай атабыз кирип "Уулум, сен укмуштуудай кара күчтүн ээси болосуң. Ошол өнөрүң менен 35ге толуп 36га караганда атың элге таанылып, дүйнө элине белгилүү болосуң"- деген экен. Балалыктын шапары менен Ташчайнар мырза ал кезде ал түшүнө маани деле бербейт. Бирок 2011 - жылы кайра баягы түш кайталанып, Нурлан Алишеровдун белине кемер кур тагып кетишет. Ошондон кийин Нурлан Алишеров өзгөчө күчкө ээ болуп, тиши менен таш чайнай баштайт. Ал алгачкы өнөрлөрүн өзүнүн кичи мекени Ынтымак айылында көрсөтө баштайт. Жубайы менен көчөдө сейилдеп жүрүп тир атып жаткандарды көрүп, атып көрөйүнбү дейт. Жубайы сеники кайдан тиймек эле деп тамашалап ишенбейт. Бирок Нурлан мырза мурда тийгизе ата албаган тирди катыра атып 2000 сом утуп алат. Анан ал жердеги балдар машинаны сүйрөп көрүүсүн суранып, "ВМW" маркасындагы машинаны сүйрөйт. Ошентип таланты ачылып эл алдына чыга баштайт.

Экинчи топтогу майып, бирок...
Эң таң калычтуусу Нурлан Алишеров экинчи топтогу майып. Ал 16 жашында бөйрөгү ооруп, дарыгерлерге кайрылган. Жыйынтыгында дарыгерлер Нурлан Алишеровдун бир бөйрөгүн алып салган. Жасалма бөйрөк салдырайын десе дарылаган дарыгери диета кармап, өзүңдү жакшы карасаң эле жакшы болуп кетесиң. Өзүңдүн эле бөйрөгүң жакшы деп болбой коет. 8 жыл диета кармап, натыйжада мындай күчкө ээ болуп турат. Чынында Нурлан Алишеровдун ар бир жасаган трюктары абдан эле оор жана көп күчтү талап кылат. Тишиң менен мыкты суурумак тургай, көргөндө тишиң зырылдайт эмеспи. Бирок Нурлан Алишеров кандай гана трюк жасабасын ден соолугуна эч кандай зыян келбейт. Анткени ал дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Кандайдыр бир трюк жасоодон мурда дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, жасап бүткөндөн кийин да текшерилип турат экен.

Апрель окуясынын катышуучусу...
Башка намыскөй жигиттер сыяктуу эле Ташчайнар мырза да 6 - апрелде Бакиевдин бийлигине каршы чыгып, башынан жаракат алган. Жолдошун издеп ызы - чуу болуп жаткан жерге барган жубайы да жаракат алып, эки көзү азиз болуп калат. Нурлан Алишеров канчалык аракет кылса да эч майнап чыкпайт. Анткени андай оор операцияларды бизде жасашпайт. Чет жерден жасатуу керек экенин айтпасак да белгилүү. Баса, дагы айта турган нерсе апрель окуясына катышып жаракат алгандардын баарына мамлекет тарабынан үйлөр берилгенин баарыбыз билебиз. Ошол учурда "Жал" кичирайонунан Нурлан мырзага да бир бөлмөлүү батир берилет. Бирок Нурлан Алишеров ал үйдү апрель ыңкылабында оор жаракат алып, баспай калган Тилек Асаналиев деген жигитке берет. "Менин он эки мүчөм соо. Басып жүрөм. Кудайга шүгүр. Калп эле ооруп Кудайдын каргышына калгым келбейт" деп үйдү омурткасында автоматтын огу сайылып жүргөн Тилек деген жигитке берип коет. Андан кийин дагы апрелдеги катышуучуларга үй салынып, тизмеден Ташчайнар мырзаны сызып салышат. Ошону менен үйгө жетпей калат. Чынында бул үй, апрель баатыры туурасында кеп кылсаң сөз бүтчүдөй эмес. Анткени апрель окуясында үйүнө жашынып жаткандар үйдү да, наамды да алышты. Эч уялбай эле...

Башы менен жаңгак чагып, тиши менен мык сууруп...
Ташчайнар мырза алгач талантын элге көрсөтүп, бир мүнөттүн ичинде 50дөй жаңгакты тиши менен чагып, тактайга кагылган мыкты тиши менен сууруп, ал мыктарды тактайга башы менен кагып, териси менен машина, самолет сүйрөп, жука калайларды, желим бөтөлкөлөрдү заматта тиши менен айрып элди таң калтырып келген болсо, кийинчерээк анын талантын байкап, баалап, чет жерде өткөн сынактарга да чакырыша баштаган. Алгач Орусиянын телеканалынан көрсөтүлүүчү "Минута славы" теледолбооруна катышууга чакыруу алып, бирок каражат жоктугунан калып калган. Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун каржылоосу менен Орусияга да, Украинага барып өз күчүн көрсөтүп келген. Нурлан Алишеров 2011 - жылы "Манас" аба майданында 24 тонналык Ан- 24 учагын тиши менен төрт метрге сүйрөп барган. Ала - Тоо аянтында 12 тонналык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобусту тиши менен 33 метрге сүйрөп барып рекорд койгон. Мындан башка да жасаган трюктары көп. Ташчайнар мырзанын негизи тилеги "Гиннес" рекорддор китебине кирүү. Күч бар, каражат жок...

Жаркынай Кадыркулова