Кумтөрдү улутташтыруу -
Кыргызстан элине каршы диверсиябы?

2010-жылкы революциядан кийин кыргызстандыктар эл өкүлдөрүн шайлап жатып, ушул жолку депутаттар мурунку бийликтегилердин катасын кайталабай, өлкөбүздү экономикалык, социалдык жактан абалын жакшыртат деген үмүт шайлашкан. Биз ойлогонбуз, эми биздин кызыкчылыктар эске алынып, биздин чечилбеген маселелер чечилет деп. Азыр эмнени көрүп жатабыз? Тескерисинче кээ бир эл өкүлдөрү кыргызс-
таныбыздын келечегине балта чабууда.
Мындай чечимди Кумтөрдүн тегерегиндеги маселелер боюнча айтсак болот. Маалымат каражаттары билдиргендей, Өмүрбек Текебаев жана Ата Мекен партиясы Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун көтөрүп чыгышты. Кандай айткан менен Өмүрбек Чиркешович баары бир өзүнүкүн бербөөнүн аракетинде.

Бул боюнча
эксперттер эмне дешүүдө?
Регионалдык өнүктүрүү жана улуттук экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюповдун айтуусу боюнча Кумтөр Кыргызтандын менчиги болсо абдан жакшы болмок. Бирок бул жерде бир топ жагдайлар бар.
- Бул жерде укуктук негизде алганда чечилбеген көп маселе бар. Андан тышкары биздин өзүбүздүн русурстарыбыз жок, кенди иштетүүчү кадрларыбыз жана иштей турган технологияларыбыз. Ошондуктан Кумтөрдү улутташтырган күндө деле бир канча убакытка иш токтоп калат - дейт Асылбек Аюпов. - Албетте токтоп турган убакта эч кандай каражат биздин казынага түшпөйт. Ошондо биз инвесторлор менен биргеликте иштеп жатканда түшүп жаткан пайдадан кур жалак калабыз жана өзүбүз андай пайданы казынага түшүрө албайбыз. Бул жерден биз Кумтөрдү улутташтырууда инвесторлорго төлөнүүчү айып акчаны жана башка төлөмдөрдү дагы эске алышыбыз керек.
Мамлекеттик казына мындай ири чыгымдарды көтөрө албай тургандыгын айтыш үчүн көзү ачыктык кылуунун же эксперт болуунун кажети жок. Бүгүнкү күндө Кумтөрдөн казынага түшкөн каражаттар өлкөбүздөгү ички дүң продукциябыздын 10 пайызын түзөрү жашыруун эмес. Эгер ушул каражаттар казынага түшпөй калса, буга кошумча инвесторлорго төлөнүүчү туумдар жана айып санкциялары. Анда мамлекетибиз социалдык төлөмдөрдү, пенсия, пособиелерди төлөй албай калып, өлкөбүздө социалдык жарылуу болушу мүмкүн.
Жалпысынан алганда биз алар менен сүйлөшүүлөргө барып, 50 *50 гө болсо да кызматташыбыз керек болчу - дейт Аюпов. Азыр болсо инвесторлор мурунку 50*50 сунушунан баш тартууга толук укуктары бар. Ошондо биздин тарап дагы да утулуп калабыз. Эгерде Өмүрбек Чиркешович бул ишти аягына чыгарып, Кумтөрдү улутташтырууга алып келсе, анда жер астындагы алтындарыбыз өзүбүздө калат. Бирок биз казынабыз каңтарылып турса, ал жер алдындагы алтыныбызды иштете алабызбы кеп ошондо.
- Мунун баары биздин имиджибизди түшүрөт жана биздин тарап мыйзам чегинде инвесторлор менен кызматташа албай тургандыгыбызды айгинелейт. Кошуна мамлекеттерге уят болобуз. Кумтөрдү улутташтырабыз деп оюн кылып жаткан саясатчылар болсо , мындай кадамга баргандары үчүн керт баштары менен жооп бериши керек. Келечекте эл билиши керек суракты кимден кылышты - дейт экономист.
Мындай чечимге КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков дагы кошулат. Ал дагы айтып жатат мамлекеттин келечеги кандай болот, улутташтырууга чакыргандар жоопкерчилик алыш керек деп.
- Мен Кумтөрдү улутташтыруу долбоорун колдобойм. Бир жыл мурун эле инвесторлор менен 50*50 делген, биргелешкен ишкана келишимине кол коюшубуз керек эле. Ушул күнгө чейин Өкмөт бул маселени аягына чыгарбай создуктуруп келүүдө -дейт Чыныбай Акунович.
Улутташтыруу боюнча көтөрүлүп жаткан мыйзам долбоору- бул популисттик кадам жана мындай кадамдардан өлкөбүз кыйналууда - деп Чыныбай Турсунбеков ишенимдүү түрдө айта алат.
Дагы белгилеп кетүүчү жагдай, келишим боюнча долбоор реструктизация болгондон кийин биргелешкен ишкананын 50 пайыз акциясы Кыргызстаныбызга тийет. Ошондо кен казуу иштеринин иштөө мөөнөтү бүткөнчө Кумтөрдөн түшкөн кирешебиздин көлөмүн 84 пайызга чейин жогорулата алабыз. Бул жагдайда биз экологиялык жактан да жана чалгындоо иштерине да көзөмөлдү күчөтө алабыз. Директорлор кеңешине болсо Кыргызстандан канча киши кирсе, Centerra Gold Inc компаниясынан да ошончо киши кирет. Бул бизге ишкананын бардык тарабынан ачык айкын ишине көз салууга жол ачат.
Салык төлөмдөрү болсо 2 млрд. 741 млн. долларды түзөт. ($1,493 миллиард - бул эски келишимдин убагында). Кененирээк түшүндүрсөк $1 млрд. 237 млн. Салыкка болгон киреше, 95 млн. доллар болсо Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна жана дагы 1млрд. 410 млн доллар Кумтөр ишканасынан түшкөн таза киреше болуп эсептелет. Болжол менен ала турган болсок, алтындын унциясын 1350 доллардан эсептесек, анда Кыргызстан тарап кен иштетүүдө 60 пайыз таза киреше менен чыгат. Бул сандар 2026-жылга чейин иш аралыгында болмокчу.
Эгер Кумтөрдү улутташтыруу мыйзамы кабыл алынып калып, иш кыска убакытка токтоп кала турган болсо, анда бул миллиарддаган каражаттарды унутууга туура келет.
Улутташтыруу боюнча сот иштеринин жыйынтыгы болжол менен 5 жылга созулушу толук мүмкүн. "Центеррага" төлөнүүчү айып пулдун суммасы болсо 3 млрд долларды түзөт. Буга кошумча эл аралык адвокаттарга төлөнүүчү миллиондор. Анткени биздин мекендештердин мындай эл аралык сот иштеринде тажрыйбасынын жоктугу.
Мындай учурда ири салык төлөөчү, инвесттициялык долбоорду улутташтыруунун өзү бул мамлекетке, элибизге кылган кыянатчылык десек болчудай. Мындай кадамга барууда Өмүрбек Текебаев терең ойлонсо. Эртең элибизге эмне деп жооп берет. Келечек муундарыбыздын көзүнө кантип карайт.

Жанкорооз Эсенгелдиев