Баратбай Аракеев
Жүз киши жана кыргыз

Омор Сооронов
Омор аке кадимки мыкты окумуштуулардын бири. Ал эч качан сыйлыктын да, илимий даражанын да, жана башка адамды азгырып турган нерселердин артынан түшкөн эмес, ал адабияттын, анын ичинде кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын артынан түшкөн. Аны кырк жыл ашуун изилдеп келет. Ал чыгармаларды изилдөөнүн кажети не деген суроо да берилип кетет кээси менен. Аны жөнөкөй эле түшүндүрсөк болот: улам убакыт өткөн сайын жаңың эскирип, улам жаңы жаралып, анысы деле эртең эскирип, кээси элдин эсинен чыгып, баркталбай, бааланбай калган учуру болот. Бул, бөтөнчө адабиятка тийешелүү көрүнүш. Кыргыз оозеки чыгармачылыгында кыргыз элинин бүтүндөй турпаты, анын ичинде салт-санаасы, үмүт-тилеги, баатырдыгы, умтулуусу ж.б. камтылган да. Мына ошолорду кийинки муун билип турушу керек, билиш үчүн окуп турушу керек, алар эч качан унутулбашы керек. Анткени, ал чыгармалар адам сезимин тазартып, дилин жакшыртып турат. Ал чыгармалар качан жаралган, ким жараткан, эмне үчүн жараткан, кандай таасир берет… сыяктуу миң сырдуу суроону ошону изилдеген окумуштуу ишке ашырат. Омор Сооронов дал ошондой окумуштуулардын бири. Омор аке, чынында да эч нерсеге жулунбай, жай аккан суудай, сыдырым соккон желдей жүрөт, дилинин баары ишинде. Омор аке "Манасты" дагы изилдеп келет, аны мыкты билген азыркы окумуштууардын алдыңкы катарында. Бу кишинин өмүрүдөгү кызык нерсе ушул, ал илимдин кандидаты эмес, доктору дагы эмес, жөн гана окумуштуу. Бирок, өзү иштеген тармак боюнча кандидат, докторлордон аша билсе билет, алды кем билбейт.

Темир Сариев
Болгонун айтсак, азыркы Өкмөт курамындагы иштин көзүн билген, билимдүү, аны менен бирге адамкерчиликтин жолу менен баскан бирден бир адам ушул Темир Сариев.
Мен Темирди "Асаба" гезитинде иштей баштагандан билем, мындан жыйырма жылдай мурун таанышкам. Бир күнү редакциянын тапшырмасы менен Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова апабызды жазмай болдум. Ошондо Темир бир жигитти мага машинасы менен берген, Керимбүбү апага барып келгенге, жакын туугандардан болот экен. Барып апа менен жолугушуп, чай ичип олтуруп көпкө маектешип, маектешкенде да эне-баладай болуп маектешип, көлөмдүү макала жазган элем. Темирди ошондон бери билем. Ошол алгачкы көргөндө эле жапшаш туруп менден алда-канча токтоо тарткан мүнөзүн, орундуу кебин байкагам. Кийин жакындан билдим, билгеним ошол болду: бу кебетеси өтө эле жаш көрүнгөн жигиттин жашынан алда -канча улуу көрүнгөн токтоолугу, көптү билгендиги, ошол кездеги түшүнүксүз абалды таразалай алгандыгы мени аябай таң калтырды эле. Анын мыкты мүөзүнө мына бүгүнкү күнгө чейин таң калып келем, сыйлап келем. Темирге болгон мамилеси мага окшогон адамдардан да көптү билем. Темир айкөл жигит, ошол айкөлдүгүнүн түрткүсү менен бир туугандарынын баарына үй салышып, анан гана өзүнө үй сала баштаптыр. Мына ушул кадамы "элимде болсун, мамлекетимде болсун, анан аларда болсо, менде болбойбу" деген токпейил тилекке алып келбейби… Темирдин ушундай тилегин көпчүлүк айтат, ага суктанып да алабыз. Мына, азыр Экономика министри болуп бүт мүмкүнчүлүгүн жумшап, мамлекетибиздин жетиштүү келечеги үчүн иштеп жатат. Жаман жол баскан жок. Анын кээ бир опененттери айласын таппай, кай жерден алып каралап жиберсек деп турганы. Бирок, кармачу эч нерсек таппай карандай ушакты курал кылып алгандары бар. Өзү түз жүргөн, билимдүү, токтоо, анан да бүт тилегин, ишин элинин жакшылыгына багыттаган жигитке карандай ушак пилге кандектин үргөнүнөн төмөнүрөөк турат…Темикедей жигит кыргызында аздыр…

Бактыбек Жусубалиев
Бу журналисттик, жазуучулук турмушумда далай милийсалар менен мамилелеш болдум, дос болдум. Алардын ичинен улуулары бар, көбү кичүү. Мына ошолордун бири Бактыбек иним. Адегенде официалдуу түрдө айтайынчы, генерал-майор Бактыбек Жусубалиев.
Бу Бактыбек иним менен алгач таанышканда эле билгендерим ушул болгон: оор басырыктуу экен, билбегени калбагандай билим деңгээли жогору экен, милийсалык ишинде курчтугу, тайманбастыгы бар, ишинин профессионалы экен, анан дагы адамкерчилиги жүзүнөн, мамилесинен куюлуп тургандай экен. Ушуларга аккөңүлдүгүн кош, акындык талантын кош… ошондо мыкты адамдын образы маңдайыңда турбайбы. Жок, мен көркөм образ айткан жокмун, мен деген Бактыбек Жусубалиев деген кыргыздын генерал уулун айттым. Ушул жигитке келгенде бир арманым бар болду- аз мурун, генерал деген наамды алып, накта иштечү кезинде не себептен майда кызматка кетти?! Бирок, алдыда далай иштери бардыр, мамлекеттик деңгээлдеги орчун-орчун!
Турмушта кызыктар боло берет, ал жаратылыштын кылганы. Айталы, милийса деген ишке катал дили бар жигиттер иштеши керек деп билем, ал жерге элжиреген дилдеги жигиттер жараксыз деп да билем. Ал эми Бактыбекте жигиттик курчтук да, акындык жөнөкөйлүк менен жумшактык да бар. Мына ошол экөө жуурулушуп келип, чанда бир кезикчү кыргыздын суктандырчу жигитинин сүрөтүн тартып жатпайбы. Момундай саптарды жөнсалды жигиттер жаратмакпы:
Булуту жок таңдар атса, көктөсүң,
Бук болгондо муңайыңкы көздөсүң.
Бурганактуу сен болбосоң аялзат,
Бул дүйнөнүн ким толтурат бөксөсүн.

Эркекмин деп баштап коюп көч башын,
Этегиңе каткандар бар өз башын.
Эр көкүрөк кыргыз болсоң, кыргызым,
Энеңердин көргөзбөгүн көз жашын!
Ушундай ырды жөн киши жазбайт, эй…
Марат Алышбаев
Азыркы артисттердин анабашында тургандардын бири Марат десек, ким талашмак. Биз аны көтөрмөлөгөн жокпуз, ал бааны Мараттын баскан жолу, чыгармачылыгы, адамдыгы, адамдарга болгон мамилеси,аны менен бирге керек болсо катаал, дагы керек делсе, жумшак мамилеси айттырды, жигиттиги айттырды…
Мараттын толгон-токой мыкты ролдору бар, алардын ичинен мыкты чыгып, сыйлыкка татыгандарынан эки-үчөөнү атай кетели: Шекспирдин "Ричард 111" спектаклинде Ричарддын, Айтматов менен Шахановдун "Сократты эскерүү түнү" спектаклинде Сократтын, Гоголдун "Текшерүүчүсүндө" Хлестаковдун ролдору. Кыргыз сахнасында жогорудагы ролдорду Мараттан мыкты аткарган актер азыр жок.
Марат Алышбаевдин жетекчилик сапаты дагы бар экен, ал биртоп жыл Касымаалы Жантөшев атындагы Каракол драмтеатрынын деректири болуп иштеди. Ошол жылдарда "болбой" бараткан театрды "болтуруп" берди. Баса, бир ирет облусттун губернатору жөкөрлөрү менен келип театрдын ичин кыдырып, анан Маратты жекиргенге аракет кылган го, ошондо кайран Марат аны какканда губернатордун да, бөтөнчө, куйруктарынын да жүрөктөрү түшүп калды дейт. Ушундай жигиттик курчтугу бар Мараттын. Ал эч бир чоңго бел бүкпөйт! Караколдон соң Абдумомунов атындагы кырдрамды башкарды. Мурунку деректир акчасын дайны жок коромжуга учуратып, бир канчасын жеп алып дейличи, театрды дурустап оңдоттурган эмес. Марат барары менен ошол ишти колго алып аягына чыгарды, театрдын репертуары артты, мыкты спектаклдер коюлуп, көрөрман келе баштады! Бул көрүнүш Мараттын Улуу жеңиши болчу! Адам турмушунда, бөтөнчө бүгүнкү күндө мыкты эмгектенген адамдарды көрө алышпайт эмеспи, эптеп жатып Маратты деректирдиктен алып тынышты. Марат болсо, көрүнгөн жакка чуркап креслосун сактоонун амалдарын жасаган жок, "урганым жок" деди окшойт, негизги кесибин улантып келет. Ушундай мыкты жигити бар кыргыздын.