Атамабаев Анапияевди ала келеби?!
Ошентип, Атамбаевдин 3 араб мамлекетине жасаган биринчи жолку расмий иши кечээ күнү аяктады. Белгилүү болгондой президентибиз жеңил кетип, оор келгендей болду. Иш сапардын алкагында мамлекеттер ортосундагы мамилени чыңдоо, инвестиция тартуу, соода маселелеринде бир топ сүйлөшүүлөр жүргүздү. Башкасын айтпаганда да Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөттөрүнүн ортосунда төмөнкүдөй сегиз макулдашууга кол коюлду: кош салыктан качуу, кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартууга жол бербөө, Кыргызстан менен БАЭ өкмөттөрүнүн ортосунда инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу, Кыргызстан менен БАЭ ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашуу, Кыргызстан менен БАЭ өкмөттөрүнүн ортосунда экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу, Кыргызстан менен БАЭ ички иштер министрликтеринин ортосунда коопсуздук жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө келишим, Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө келишим жана Кыргызстан менен БАЭ ортосунда жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө келишим. Мына ушул 8 макулдашуунун ичинен кыргыз элине эң керектүүсү: "Кыргызстан менен БАЭ ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө келишим" экени талашсыз. Бул маселе эми Дубайда качып жүргөн Алмамбет Анапияевге түздөн-түз тиешелүү. Буйруса, ушул макулдашуунун аркасы менен биздин укук коргоо органдарыбыздын "укуругу" күнөстүү Дубайда иштей баштайт. Муну уккан Алмамбет мырзанын көчүгү кыпылдай баштаса керек.




Экс-мэрдин уулун уурдап, унаасын тартып алгандар кармалды
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2-декабрь күнү талап-тоноо жана унаа транспорт каражаттарын уурдоо менен алектенип, чоң пайдага туйтунуп келишкен кылмыштуу топтун куралдуу 3 мүчөсүн кармашты. Үч жигит тең, Аксы районун кулундары. Алар ушул жылдын 2-сентябрында саат 04:00 чамасында Эркиндик бульварынан экс -мэр Иса Өмүркуловдун кенже уулу 19 жаштагы Бакайга таандык "Мерседес-Бенц GL-350" унаасын, буюмдарын, акчасын тартып алышып, андан соң Бакайды сабап, Чоң-Арыкка таштап кетишкен. Эми аларга КРнын "Адам урдоо", "Каракчылык", "Унааны мыйзамсыз ээлеп алуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Ал кылмыштуу топ кымбат баадагы унааларга түн ичинде кол салып, андан соң аларды Ош шаарына жеткирип турушкан. Эске сала кетсек, Бакай мырзанын кымбат баалуу автоунаасы Ош шаарынан табылган.




Ушул эле жетишпей турду эле…
Жоомарт Оторбаев: "Коррупциялык көрүнүштөрдү эскертүү боюнча чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик бийлик органдарына, бюджеттик каражаттарда каралган штаттык сандын чегинде жана тиешелүү жылга, коррупцияны эскертүү маселелери боюнча атайын укуктуу кызмат киргизүүнү" сунуштады. Коррупция менен УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, ЭККК айгашкан күрөш жүргүзүп, азайта албай келатат. Азайтмак турсун, ошол коррупцияга каршы күрөшкөн кызматтарынын бир топ кызматкерлери коррупционер жана коррупционерлерге "крыша" болуп жүрүшкөнү маалым. Эми бул жаңы кызмат аталган кызматтын жолун жолдоп калбаса болду. Айтор, бул аракет коррупция маселесин жакшыртып жиберет дегенден алыспыз.




Ата -кыздын чатагына сот чекит коёбу?
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова атасы менен чатакташып көптөн бери үй камагында олтурганы белгилүү. Ага прокуратура тарабынан жакында олуттуу айыптар тагылып, ал кылмыш иштери боюнча Гүлнара айым сот жообуна тартыла турган болду. Айтсак, ал: 2011-2012-жылдары ар кандай афёралык иштер менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Бул кылмыштуу топ Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине чоң суммадагы зыян келтирген экен. Исалам аксакал ырыскысын көтөрө албай кеткен эрке талтаң кызын ушинтип сот жообуна тарттыра турган болду. Бирок, ызаланып, атасын №1 душман деп турган Гүлнара айым алдыда (мүмкүнчүлүк болгон учурда дейли) диктатор президенттин далай былыктарын ачыкка чыгарары турган иш.




Турганбаев катуу киришти
Ички иштер министри Мелис Турганбаев ИИМдин "кайтыш" болуп кеткен кадырын кайра "тирилтүү" аракетин көрүп, ишке катуу киришти. Чү дегенде эле, түштүк региондорун, Таласты, Ысык-Көлдү чарк айланып, бир топ чечилбеген көйгөйлөр менен жеринде таанышып, алардын айрымдарын дароо чечип келди. Андан кийин, Россияга барып, биздин жердештерибиз менен жолугуп, ИИМдин ал мамлекеттеги өкүлчүлүгүн алмаштырып, орус министри менен жолугуп келди. Эми алдыда Чүй менен Нарынды кыдырууга белсенип турат. Бул элге жагып турган биринчи маселе. Ал эми экинчи маселе катары Турганбаевдин "Ички иштер органдарынын кызматкерлерине ишкердик субъекттерин текшерүүгө тыюу салуу жөнүндө" буйрук чыгарганын айтсак болот. Мындан ары ал буйрукка ылайык ички иштер органдарынын кызматкерлери: анын ичинде милициянын аймактык инспекторлору ишкердик субъекттерине (бизнес өкүлдөрү, соодагерлер) текшерүү жүргүзө албайт жана КР мыйзамында аныкталган учурлардан тышкары уруксат берүүчү документтерди, патент, дүмүрчөк сыяктуу каржылык документтерди талап кылууга тыюу салынат. Чынында ишкерлерди текшерүүчүлөр "иттен" көп болчу. Эми аларга мындай жеңилдик түзүлүп жатканы жакшы көрүнүш.