Бажы союзуна кирүүгө оюңуз кандай?
Тунжураткан мейкиндик астанасында
Бажы союзуна кирүү элибиздин, мамлекетибиздин, урпактарыбыздын алдындагы эң чоң жоопкерчилик болуп эсептелет. Кыргыз эли кылымдар боюу эңсеп келген эгемендүүлүгүнө ээ болуп, жаңыдан телчигип келе жатканда келечегибиз кандай болуп калар экен деген суроо да ороктой тартылып турат. Кыскасы, бул кыргыз элинин, улутубуздун келечегине байланышкан, эгемендүүлүк тарыхыбыздагы эң талылуу да, эң олуттуу да маселе экендигин эч ким танбайт. Ал коомчулукта ар кандай талкууну пайда кылууда.
Көпчүлүк бажы союзуна кирсек чек аралардан тоскоолдуксуз шар өтүп, Орусияда жана Казакстанда жүргөн мигранттарыбызга оңдой берди болот экен деп жатышкандай. Бул жакшы деңизчи. Албетте, баарыбыз эле илгери үмүт менен жакшылык күтүп жашап турабыз. Бирок, анын жыйынтыктарын, бажы мамилелеринин чыныгы жүзүн көрсөтүүчү мезгил да алыс эмес. Турмуш деген башка да, канчалык дос, тууган болуп кетсең да атадан алтоо болсоң да башыңда бир жалгыздык турат дегендей баалар асмандап, таңсыктык өсүп эл башына оорчулук түшүп каатчылык кысып келгенде кимдин ким экени дароо эле билинип калат, бешенеден сылап койгон, боор ачып койгон бирөө болор бекен, ким билет? Алыңарга ченеп иш кылбайсыңарбы… деп табалабаса да мыйыгынан жылмайып турган кошуналар болот. Ал кезде андай мындай эле деп айтканга да тил кыска болуп калат. Баары мыйзамдын чегинде, келишимдик шарттарда ушундай жазылып турбайбы деп оозун куу чөп менен аарчып, алакан жайып коюшары бышык. Айланайын деп эле өнөктөр жоомарт болуп жакшылыгын арттырып жиберерине ким кепилдик бере алар экен?
Дегиси, ынтымакташып, аласа бересени арттырып жашаган жакшы дечи. Адамзаты өзүнүн өнүгүүсүн коомдошуп жашоодон баштаганын байыркы дүйнөнүн тарыхынан билебиз. Цивилизациянын чеги космоско чыгып технологиялык коммунукация (деги кайсы бирин айтасың) чегине чыгып ооз ачырып турган азыркы заманда ынтымак коому ого бетер зарыл болуп турат. Бирок, адам баласы пейили менен нээтин оңдой алдыбы деген суроо туулбай койбойт. Кеп маңызы мына ушунда. Болуптур, өнөктөштөрдөн бөлүнүп калбай бажы союзуна кирели, уу-дуу болгон иштин жыйынтыгы да ушундай болуп калды окшойт. "Чегирткеден корккон эгин экпейт" деген накылды да эске алып койгон жакшы. Бул ойду да жактырып колдогондор көп, туура. Бирок, бажы союзуна кирип калгандан кийин өнөктөр өз билген жолуна салып, ала-салдырып, толгоп, үстөмдүгүн көрсөтө баштаса кандай айла кылабыз. Алардын эч кимиси атабыздын агасы эмес. Заманды карышкыр кылган дүйнөдө жашап турабыз. Жараткан өзү жамандыктын жүзүн ары кылсын. Кудай да сактанганды сактайм дейт экен.
Бажы союзуна кирген күндө эле турмушубуз жакшырып, берекеси төгүлүп келип экономикабыз оңолуп кетет экен деп ойлоого болбойт. Анын бизге али билинип билине элек өз тоскоолдуктары кыйынчылыктары, катаал ашуулары бар. Биримдик бекер эч нерсе бербейт. Май токочун жөн эле сунбайт. Бергендин алмагы бар деп миң эселеп кайтарып алат. Колко кылып, көз каранды кылып турмагы да бар.
(Уландысы 13-бетте)
(Башы 5-бетте)
Жаңыдан өнүгүп келе жаткан көз каранды эмес Африка мамлекеттеринин тагдыры муну далилдеп турат.
Керектүү документтер дайындалып, мыйзамдар дүңү менен кабыл алынып калды. Жыргализмге бараткансып, чоң жакшылыктан кечигип калчудай болуп аябай шашып алдык. 24-декабрдан деп бажы союзунун тутумунда болгон турабыз. Албетте, тийиштүү документтерди, мыйзамдар топтомун бажы союзуна кирүүчү мамлекеттердин парламенттери сыдыргыдан өткөрүп салыштырып карап көрүп ратификациялаганча бир топ убакыт өтөт деңизчи. Иши кылып бажы союзунун астанасында турабыз, турмушубуз, тагдырыбыз кандай болор экен деп. Жакшылык эле болсо экен, жаманчылыктан кудай өзү сактасын.
Бажы союзуна киргенде эмгек мигранттарыбызга чындыгында эле жеңилдиктер болор бекен? Антейин десең ар кандай кыйыта айтылган ойлор оголе көп. Басма сөзгө көз чаптырсаң, электрондук маалымат каражаттарын карасаң Россия менен Казакстанда эч кимге өзгөчө шарттар түзүлүп берилбейт деп чиновниктери кашкайып эле туруп айтып жатышат. Бул да жөн жеринен эмес деп ойлоп калат экенсиң. Кандай болорун бара көрөбүз, боорлорум. Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы.
Балким, Орусиянын төбөлдөрү менен билермандары мына эми союзга кирдиңер, биз силердин эмгек мигранттарыңардан орус тилин, тарыхын билгиле деп талап кылбайбыз, экзамен албайбыз. Ага жооп катары силер да Кыргызстанда жашаган орус калкына мамлекеттик тил болгон кыргыз тилин билбесеңер мамлекеттик кызматка алынбайсыңар деген чектөөлөрүңөрдү алып койгула деп кыйытпай эле дымак күтүп, баркылдап ачык эле айтып чыкпайт деп ким кепилдик бере алат. Акырындап башка талаптары да калкып чыгары бышык. Анда эле ким утуп, ким уттурарына өзүңүз ой жүгүртө бериңиз. Ошондо, жаңыдан эле телчигип келе жаткан эгемендүүлүгүбүздүн бедели кантээр экен. Эгемендүүлүгүбүздүн кыйынчылык менен камсыз болуп жаткан тырмак асты алгачкы мөмөлөрүнө доо кетирип албайт бекенбиз. Мына ушул өңүттөн ойлоно турган маселелер абдан эле көп, достум. Бул бажы союзуна байланыштуу маселенин бери кире беришиндеги, астанасындагы эле ой.
Өңгөнү кой бир мамлекетте жашап туруп, туздаш, даамдаш болуп жургөн орус туугандарыбыздын чырагына май тамып жымыңдап эле калышты. Мурда деле алар жакшылыктардын үстүндө ээн жайкын жашап жүрүшкөн. Укуктарын эч ким кыскан эмес. Укугун билгендей алар милдеттерин да билиши керек эмеспи. Кайсы мамлекетте жашасаң ошол мамлекеттин тилин билген жөн, бул өзгөчө мамлекеттик кызматкерден талап кылынат. Ушуну айтканда эле жакпай калабыз. Ага карабастан кыргыз тилин билбеген орус тилдүүлөр деле мамлекеттик кызматта иштеп жатканын ким танат. Алыска кетпей, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу башка мамлекеттерди эле мисалга алып салыштырып карап көрөлүчү. Муну турмуш дейт, ачык эле айтып коюушубуз керек.
Бул маселени айтып калганыбыз, эми орус тилдүүлөрдү кыргыз тилин билбесең мамлекеттик кызматта иштебейсиң деген талап күчүн жогото баштабайт бекен? Бир союзга биригип, бир багытта аракеттене турган болгондон кийин таасири тийбей койбойт деген ой баш багып турбайбы. Бажы союзуна киргенден кийин анын өктөмү деген болот, аны менен кошо жүргөн мезгил жапырыгы деген бар. Ошол тараптан соккон шамалдын күүсү менен жалпыга оңтойлуу деген нук менен кете берсек эгемендүүлүгүбүздүн жемиштери кайда кетер экен.
Болуптур, бажы союзуна кирели дедик, антпеске арга жок. Өнүгүү мейкиндигинде ээн талаада калгансып обочолонуп турганыбыз жарабас дедик, мунун дагы жүйөөсү бар. Бажы союзунун астанасында шымаланып турабыз, аттиң ай, үмүтүбүз акталып, кадыр-барк күтүп, олжолуу болгой элек. Ошондой, элибиздин чечекейи чеч болуп сүйүнүп турар, жакшылыгы көп болор биримдик болсо экен. Ал үчүн ар тараптан жакшы даярдык көрүп, жети өлчөп бир кесип, эгемендүүлүгүбүздү коргоп ала турган, мамлекеттер аралык мамилелерде улуттук кызыкчылыктарыбызды сактап теңтайлаша ала турган сабаттуу, кесипкөй, мекенчил, классикалык мыйзамдардын жыйындысын даярдап, биз мына мындай шарттар менен кызматташууга келдик деп өз сунуштарыбызды жана талаптарыбызды кеменгерлик менен кашкайта жалтанбай айтып турсак кана, аттаганат! Ата-бабаларыбыздан ушундай нарк-нуска калганын, алардын осуяттарын унутпасак.
Эгемендик жөнүндө кыргыз элинин эзелтен эңсеп келген тилеги көктөн түшкөндөй кабыл болду эле. Кудай өзү берген эгемендүүлүгүбүздүн канатына доо кетирбей, мертинтип албай сактап алуу азыр баарынан өткөн башкы максатыбыз да болуп турбайбы, боорлорум. Тереңдеп акыл калчай келсек биз Ата Журтубуздан, элибизден, ата-бабаларыбыздан башка эч кимге ашкере милдеттүү эмеспиз. Манастык нуска менен айта келсек эч кимге бүгүлө турган, эч кимден жалтайлай турган жөнүбүз жок. Укумдан-тукумга өтүп урпактарыбызга кала берүүчү эсепсиз байлыктын ээсибиз, өз казаныбыз коломтобузда, өз ырыскыбыз өзүбүздө. Ага кыргыз эли, кыргыз мамлекети гана ээлик кылып турса болгону. Башканын не кереги. Бажы союзуна киргенден кийин башкы жоопкерчиликти ким өз мойнуна алат. Бул да өзүнчө чоң маселе. Татаал жолдон тайгаланып алдан тайып турсак (анын жүзүн кудай ары кылсын) бизди эч ким жөлөмөлөп көтөрмөлөбөйт, боору ачып деле койбойт. "Алыңарга ченеп иш кылып, жылкыңарга карап ышкырып жүрбөйсүңөрбү" деп табалап тургандар четтен чыгары бышык. Айрымдарга ушул гана керек. Бул атаандашуу аябай күч ала турган өтө чоң сынак. Бажы биримдигине киргенден кийин күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү гана өз эгемендүүлүгүн сактап кала алары турган иш. Жаман айтпай жакшы жок, кокус жаза тайып (кудай өзү сактасын) кайрадан көзкорлуктун тузагына чалынып башка чапкандай мамилеге тушугуп калсак, биз мындай болорун күткөн жок элек деп, алакан жайып четтеп чыгып кете бербесек эле болду. Жоопкерсиздиктен элибиздин жалкып калган жайы бар экенин ким билбейт. Чапкан сайын көз чыкпайт эмеспи. Албетте, башталган иштин жакшылыгы болсун деп тилек кылалы.
Ааламдашуу жараянынын жакындап келе жаткандыгынын бир белгиси бажы союзунуа кирүү астанасында тургандыгыбыз. Болуптур, ары жак бери жагыбызды карап, Орусия менен мамилебизди бузбайлы, жаман көрүнүп калбайлы, кызматташуу мейкиндигинде обочолонуп, жалгызсырап калбайлы деп шашылыш түрдө эт бетибизден кетип бажы союзуна кирдик дейли, албетте жакшы үмүт менен. Бирок, эртеңки келечегибиз кандай болор экен деген ой кабатыр кылып, сарсанаага салбай койбойт экен.
Эл аралык мамиледе илгертен эле, дегеле үстөмүк кылуу деген өнөкөт токтобой тургандыгын кубулмасы чексиз ашынган мына бул опурталы көп көпкөлөң заман да ого бетер таасын далилдеп, азуусун айга бүлөп оп тартуу напсиси араанын ачып турган ажыдаарлыкты бери кой, заманды карышкыр кылып турган рыноктун катаал мыйзамы эч качан аяп койбостугун эстен чыгарбашыбыз керек. Арийне, бизге анчалык сезиле бербеген, эл таназар албаган, капарына кирбеген маселелер да арбын. Дегиси, ар бирибиздин тилегибиз, каалаганыбыз жакшылык. Биздин мамлекет да башка мамлекеттер менен тең ата мамиле күтүп, көз кор болуп калбай, бакыбат бардар турмушта жашасак деген эле тилек. Ар бир кыргыздын эркин ойлонууга, өз пикирин айтууга укугу бар. Арийне, бул маселе элдик талкууга алынып чыккан күндө да Кыргызстандын ар бир азамат атуулу илгери үмүт менен жакшылык күтүп өзүнүн калыс ой-пикирин айтып турат.
Ар бир элдин, улуттун бийиктигин, эркиндигин көз каранды эместигин түшүнүү жана сактоо үчүн да ошончолук көрөсөн көрөңгө жана эрдик керек. Кыйма-чийме, өңдү көрдү жүз тайды кубулма көрүнүштөрдүн баары улутубуздун Ала Тоодой шаңкайган бийиктигине татыр бекен, аттаганат! Мына ушундай кеп айттым. Алысты болжоп түз айттым.
Меңдибек Асылбеков