Чолпон Идрисова, "Айтыш" коомдук фондунун басма сөз катчысы, "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалдын координатору:
"Чет өлкөдө маданиятка жардам кылгандар салык төлөөдө жеңилдик алышат..."

12-декабрдан тарта төрт жылдан бери өтүп келе жаткан "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы эл аралык фестиваль борбор калаабыз Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында өткөрүлгөнү турат. Фестиваль үч күн болуп, тагыраак айтканда 15-декабрга чейин жарандарыбыз аталган кинотеатрга барып бекер кино көрүп, көңүлүнө жаккан киносуна өздөрүнүн баасын бере алышмакчы. Мына ошол боло турган фестивалдын жол-жобосу жана өтүшү тууралуу фестивалды уюштурууга көмөкчү болуп, жаш болсо да кыргыз киносунун өнүгүшүнө өз салымын кошуп жүргөн кесиби журналист кызыбыз Чолпон менен учкай маектештик...
- Чолпон жакында боло турган фестивалга кандай даярдык көрүп жатасыңар?
- Даярдыгыбыз жакшы. Фестиваль 12-декабрдан 15-декабрга чейин борбор калаабыз Бишкекте өткөнү турат. Фестивалды 12-декабрга белгилегенибиздин себеби, аталган дата улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү эмеспи. Фестиваль болсо, Айтматовдун атынан түзүлгөн да. Жаш муундар Айтматовду билип, эстеп жүрсүн деген максатта. Фестивалдын түзүлгөнүнө болсо төрт жыл болду. Тактап айтканда быйыл төртүнчү жолу өтүп жатат. Былтыр, андан мурун фестивалга катышабыз деген тасмалардын саны аз эле болчу. Былтыр мисалы 200 дөн ашуун тасма катышууга "заявка" берсе, быйыл 400 дөн ашуун тасма "заявка" берди. Демек, фестивалдын кадыр-баркы өсүп жатыптыр десек болот.
- Биздин улуттук кинолордон канчасы тандалып алынды жана канча тасма катышууга "заявка" берди эле?
- Биздин улуттук тасмалардан 150 тасма "заявка" берип, алардын ону гана тандалып алынды. Чет элдик тасмалардан болсо он үчү тандалды. Тандалып алынган тасмалар буюрса чет элдик кино сынактарга коюлууга мүмкүнчүлүк алат деген ойдомун. Биздин максатыбыз эмне, фестивалды өткөрүп, кыска метраждуу тасмалардын кадыр-баркын жогорулаталы, элди кыска метраждуу тасмаларды көрүүгө үндөйлү, элдин маданиятын көтөрөлү деген гана максат. Чындап келгенде кино адеп тартылганда кыска метраждуу тасмадан башталган да. Жаш режиссерлорубузду кино тартууга жол көрсөтүп, аларды көтөрмөлөп, каражат жагынан болобу, моралдык жактан болобу колдон келсе жардам беришибиз керек. Мисалы, чет өлкөдө маданиятты көтөрүүгө көмөктөшкөн меценаттарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, алар салык төлөө жагынан кандайдыр бир деңгээлде жеңилдиктерди алып, ошол себептен меценаттар маданиятты көтөрүүгө басым жасашат экен. А бизде андай жок да. Ошондуктан биздин колунда бар бай меценаттарыбыз маданиятты көтөрүүгө жардам кылса, акча берсе маданиятыбыз өссө деген гана тилек. Мына "Курманжан Датка" тасмабыз дүйнөнү дүңгүрөтүп, "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлүүдө. Бул биз үчүн чоң жетишкендик жана чоң сыймык.
- Фестивалды уюштуруу идеясы кимге таандык, билесиңби?
- Фестивалдын негизги идеясы Садык-Шер агабызга жана жалпы эле кыргыз режиссерлоруна таандык болсо керек деп ойлойм. "Айтыш" коомдук фонду башынан эле фестивалды колдоп, колунан келген жардамын аябай берип келе жатат. Ошондой эле Кыргыз киномотографиялык союзу, кино департаментти дагы колдоого алууда.
- Жогоруда айтпадыңбы, 400 дөн ашуун тасма "заявка" берди деп. Ошолордун эң көбү кайсы мамлекет берди?
- Эң көп тасманы Россия берди. Казакстан, Украинадан да көп тасмалар келди. Жалпысынан 300 дөй тасма чет өлкөдөн келди. Кыргызстандык режиссерлор болсо 150 дөн ашык тасма берип, алардын ичинен 10 тасманы жарактуу деп тандап алды. Тилекке каршы Грузия, Литвия өлкөсүнөн тасмалар келбей калды. Эмне себептен беришкен жок, билбейм. Сыйлыктар болсо алдыңкы тасмаларга төрт номинация боюнча берилет. Эң мыкты режиссер, эң мыкты кино жана көрөрмандын купулуна толгон тасма деген. Көрөрмандар көңүлүнө жаккан тасмасына добушун берип, колдой алат. Ошол себептен 12 -декабрдан, 15-декабрга чейин "Манас" кинотеатрында элге эртеден кечке бекер кино көргөзүлөт.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев