Карганбек Самаков, ЖКнын Экономикалык жана фискалдык маселелелер боюнча комитетинин төрагасы:
"Жаманатты кылгандан ырахат алган адамдар да болот турбайбы..."
- Карганбек мырза, жакында эле ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине боз үйдү каттатып келдиңиздер. Мына ушул маселенин күнгөй-тескейин айтып берсеңиз? Буга чейин казактар, монголдор да каттатууга аракет кылышканы сөз болду эле...
- Туура, чынында эле ошондой аракеттер болгону ырас. Бул жолу да ишке ашырыш үчүн Францияга чоң "представительный" делегация болуп барууга туура келди. Боз үй - кыргыз-казак номинациясы болуп катталды. Себеби, боз үйдү кыргыздар өзүнчө, казактар өзүнчө сунуштап, ал жерден талаш-тартыш жаратпайлы деп ушундай чечимге келгенбиз. Кылымдарды карыткан кыргыз-казак бир тууган, экөө тең боз үйдө төрөлүп, боз үйдү ардактап, улуттук мурас катары сактап келген. Эки улут чек араларына зым тосуп, бири-бирине акаарат көрсөтүү саясатынан алысташы керек. Тескерисинче өнүккөн мамлекет өнүгүп келаткан боордошуна жардам бериши абзел. Тарыхый баалуулуктарыбыздын түпкүрү бир болсо, биргелешип каттатуу маселеси өзүнөн-өзү жаралып жатса, аны биз четке кагып араздашкыбыз келген жок. Бул кыргыз элинин дагы бир чоң жеңиши! Бөлүнсөң бөрү жейт дейт, геополитикалык жагынан алсак дагы, кыргыз-казак эки бир туугандын ортосунда ажырым болуп турушу стратегиялык кызыкчылыктары бар чоң мамлекеттерге бир гана пайда, а бизге зыян алып келет.
2012-жылы атайы адистерден турган эксперттик топ түзүлүп. Мына ошол эксперттик топ аркылуу боз үйдүн тарыхы тууралуу фильмдерди тартып, керектүү сунуш-пикирлерди, талап кылынган далилдердин баарын топтоп, акыры минтип ЮНЕСКОго каттатып, боз үйүбүзгө дүйнөлүк паспорт алдык. Бул жалгыз менин эмгегим эмес, ошол эксперттик топко кирген 20 адамдын эки жылдык машакаттуу эмгеги. Боз үйдү каттатуу иш-чарасына президенттин тапшырмасы менен КСДПнын фракциясынын лидери Ч. Турсунбеков менен "Баба-Дыйкан" партиясынын лидери Эсенгул Исаков барып келишти. Алар абдан колдоо көрсөтүп, тиешелүү жолугушууларды өткөрдү .
- Ошондо казактар менен тең орток катталды деп айтсак болот?
- Негизинен кыргыздар сунуш кылып каттоого киргизди, ал эми казактар кошумча болду деп айтсак туура болот. ЮНЕСКОго акырындык менен катталып жаткан мурастарыбызды айрымдар түшүнүп-түшүнбөй эле: "Бул Кыргызстанга эмне берет? "- деп сурай беришет. Буюрса бул иш келечекте Кыргызстанга эбегейсиз чоң иш, чоң пайда берет. Биринчиден: ЮНЕСКО 198 мамлекетти камтыган Бириккен улуттар уюму деп айтылат. Экинчиден: учурда дүйнө жүзүндөгү маданий туристтердин санынын көрсөткүчү 40 пайызга өстү. Бул деген дүйнөдөгү 800 млн. адам күнүнө өз тандоолорундагы дүйнө мамлекеттерин кыдырат дегенди түшүндүрөт. Ал туристтер кайсы мамлекеттин маданий, тарыхый баалуулуктары ЮНЕСКОнун тизмесинде канчалык көбүрөөк катталган болсо, дал ошол мамлекеттерге барууга умтулушат. Биздин мамлекет: 2003-жылы (Бексултан Жакиев башында турган топ) төкмө акындарды киргизип келишкен. Сулайман -Тоо да тизмеге киргени белгилүү. Андан кийин "Манастын" үчилтигин, Баласагун, Суяб шаарлары, ала кийиз, шырдак, эми боз үйүбүз менен ЮНЕСКОго катталган мурастарыбыздын саны 6-7ге жетип калды. Буюрса, жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү ондон ашырып алсак, анда биз Кыргызстанга чоң, абдан кубаттуу завод-фабрика курганга тете иш кылган болобуз. Учурдун тили менен айтканда бул Кыргызстанды "жарнамалоо, дүйнө жүзүнө таанылтуу, пиар аракети" десек жаңылышпайм.
- ЮНЕСКОго жакынкы жылдары кандай маданий мурастарыбыз катталат?
- Буга чейин ЮНЕСКОго Баласагун, Суяб шаарлары катталганынын аркасы менен буйруса, Чүй боору тарабынан кыргыз-казак чек аралары бекип калды. Атайы эксперттерге: "Мен каржылап берем, өкмөттү күтпөй, Жалал-Абаддагы Шах-Фазил, Таш-Рабат, Саймалуу-Таш ж.б. тарыхый баалуулуктарыбызды киргизели" деп айттым эле. Ушундай тарыхый мурастарыбыз катталып калса, казактардан башка кошуна мамлекеттерибиз менен да чек араларыбыз бекип калат. Кудай буюрса, 2015-жылы көк бөрү оюнубузду киргизели деп турабыз. Бирок ЮНЕСКО буга чейин Кытай, Индонезия мамлекеттеринин көк бөрүгө окшогон номнацияларын каттоого албай кулатып салды. Себеби Европада жаныбарларга таш боор мамиле кылууга тыюу салган мыйзам бар. Ал эми биздин көк бөрүдө улактын башын, буттарын кесип салып, аны ичеги карды-чубалгыча жулмалап тартканыбызды ЮНЕСКОнун эксперттери көрсө бизге добуш бермек турсун, ошол жерден азабыбызды бериши мүмкүн. Ошондуктан, бул маселе: көп эмгекти, өтө кылдаттыкты, болуп көрбөгөндөй дипломатиялык мамилени талап кылып турат. Бул биринчиси. Экинчиден: азыр көк бөрүнү ачык талашып жаткан: Россиянын Алтайы, Казакстан, Афганистан мамлекеттери бар. Алар да позицияларынан тайбай катуу турушат. Ушул жолку барганыбызда аталган мамлекеттер менен көк бөрү боюнча катуу сөз болуп, алар: "Жалгыз Кыргызстандын атынан эмес, көп улуттун атынан катталышы керек" дешти. Мен аларга Кыргызстан көк бөрү боюнча өз номинациясын берди. Бул маселенин аягына чейин турабыз деп жооп бердим. 2016-жылга болсо, президенттин тапшырмасына ылайык "Кара жорго" бийин каттатканга аракет кылабыз. Буюрса, мына ушундай орчундуу мурастарыбызды киргизип алсак, мен бул ишти башкаларга өткөзүп берет элем.
- Сөзүңүзгө аралжы. Айрымдар: "ЮНЕСКОго чоң мурастарыбызды киргизели. "Кара жоргону" эч ким талашпайт" деген пикирди айтып калышты...
- Бий деген улуттун мүнөздөй турчу эң ири көрсөткүчтөрүнүн бири. Кавказ улуттары эң оболу лезгинка бийи менен дүйнөгө белгилүү. Ушу сыяктуу эле Сальса, Фламенко бийлери. 2012-жылы казактар "Кара жорга" деп Парижден Борбордук сайтка өздөрүнөн атынан киргизип койгондо биз далилдерди айтып, чырдап жатып араң алдырганбыз. Президентибиз: "Улуттук баалуулуктарды, маданий мурастарыбызды катуу көзөмөлгө алышыбыз керек" - деп катуу тапшырма бергени абдан жакшы болуп жатат. Өкмөт дагы бул маселе боюнча атайы концепция жазып, эксперттерге шарт түзүп, акча маселесин чечип берип, президенттин тапшырмасын так аткарышы керек. Мен эми өмүр бою каржылай албайм да. Аны деле көрө албагандар чыгат экен. Жаманатты кылгандан ырахат алган адамдар да болот тура.
- Боз үй катталгандан кийин Элмирбек Иманалиев залдагы элге төгүп бербедиби. Кантсе да бөтөн эл эмеспи, кандай кабыл алышты?
- Казактар боз үй катталардын алдында домбурасын каттоого өткөрүштү. Ошон үчүн биз такыр томсоруп калбайлы деп Элмирбекти ала барганбыз. Ал залга чыгып ырдаганда зал тыптынч болуп, берилүү менен укканын байкадык. Эми маданиятты, айрыкча музыканы түшүнүүгө сөзсүз түрдө тилди билиш керек эмес. Музыканын, маданияттын дүйнөлүк деңгээлдеги өзүнчө бир орток тили, мындайча айтканда жан дүйнөнүн кабыл алуусу бар да. Ошол күнү кечинде Чыныбай Турсунбеков президенттин атынан деп бир топ кишиге ресторанда чай берди. Элмирбек ошол жерден да ырдаганда, баягы кыжу-кыжу болуп жаткан эл тыптынч болуп, ушунчалык суктануу менен Элмирбекти телефондору менен сүрөткө, тасмага тартып турушту.
"Белгилүү бир депутат редакцияларга чыгып, мени жамандап..."
- Сиздин өз каражатыңыз менен ЮНЕСКОго мурастарыбызды каттатып жатканыңызды көрө албагандар, ар кандай сөз чыгарып жатышат го...
- Менимче бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мен саясатта да жүргөн адам катары саясий оппоненттер аз болсо да бар. Көрө албаган жигиттер өз баасын, өз деңгээлин көрсөтүшүптүр. Мага журналист досторум чалып: "Бир белгилүү депутат өз башы менен редакцияларга чыгып сиз жөнүндө жаман пикирлерди айтып, жалаа жаап жатат"- деп айтты. Ал журналист: "Ошол маалыматты тастыктай турчу далил барбы экен" -деп сураса, ал журналист менен уруша кетиптир. Бир "Манасчы" досум буга карата: "Ал адам кыргыздын атын жамынган жайсаңчы, Манасты ичинен бөлүп жаруу аракетин көрүп жатат" деп өз пикирин айтып берди. "Манасты", кыргыздын тарыхын даңазалаган башка адамга деле ошондой кастык кылмак. Бизге манасчыларга ошондой бут тосуу кылып жүрөт дейт.
- Чынында коомчулукка кызык да. ЮНЕСКОго "Манас" баштап 6-7 мурастарыбызды өткөргөнгө канча каражат короттуңуз? Чыгымдын канча бир бөлүгүн мамлекет да көтөрдүбү?
- Мактангандай болбоюн, толук өзүм көтөрдүм. Мамлекетте каражат жок экенин жакшы түшүнөм. Ошон үчүн мен мамлекетке өз акчамды коротконумду, сарптаганымды эч качан колко кылбайм. Бул кыргыз элим үчүн түбөлүккө жасалган иш болуп калат деп ишенем.
- Жогоруда ушундай эмгектерди көрө албагандарды айттык. Ошол адамдардын айрымдары сизди: " Чүйдүн жерлеринин көбүн арзан алып, аларды кайра кымбат баада сатты. Эми ошонун акчасын минтип чачып жатат"-деп айтып жатышпайбы. Мына ошол жер маселесине байланышкан сөздү ачык айтып койсоңуз жакшы болот эле...
- Мен бизнесменмин. Бизнести көп жыл илгери баштагам. Кыргызстанга көбүнчө Араб мамлекеттеринен жакшы, изги тилек менен бир топ чоң долбоорлорду алып келгем. Анын ичинде социалдык обьектилерди куруу боюнча да долбоор бар эле. Бирок тилекке каршы, 2008-2009 жылдары дүйнөлүк финансылык кризистен улам биздин партнерлор чет мамлекеттеги ошонун ичинен Кыргызстандагы бир нече долбоорлорун кыскартууну туура көрүштү, андан соң бизде революция болуп, кандуу окуялар менен коштолду. Кыскасы, алар Кыргызстанда бизнес жүргүзүүдөн коркуп калыштыбы, айтор бир эки долбоорубуз ишке ашпай калды. Ал эми убагында мага караштуу делген жерди баарын мыйзамдуу түрдө өз акчама сатып алгам. Бир да сотыхты эч кимден бекер алган эмесмин. Жердин баасы азыр мындан 10 жыл мурункуга караганда алда канча кымбат да. 10 жыл мурун арзан алдым эле деп кайсы бизнесмен алган товарын арзан сатат? Айрым басылмалар мына ушул жерге байланыштуу чындыкка туура келбеген макалаларды жазып, жарыялап жибериптир. Ал макалаларды кимдер жазып жатканын, жакшы билем. Мен аларга тең теңилип, унчуккан жокмун. Жооп бергенге да убактым жок. Миң гектар жер алган дейт. Миң гектар жер деген Кара-Балта шаары. Миң гектар жер деген Балыкчы шаары. Мындай карандай калпты эч далилсиз таратып жатканына таң бердим. Болгону 84 га жерди мыйзамдуу сатып алгам. Жогоруда айткандай долбоорлорубуз ишке ашпай калды деп токтоп калган жокпуз, чапкылап жүрүп бир жакшы долбоордун босогосунда турабыз. Агахан фонду менен сүйлөшүп жүрүп, аларга эсеп-чотубузду тактап, долбоорубузду бердик. Буйруса, ал жерге жакынкы жылдары Борбордук Азиядагы эң чоң мектеп академиясы курулганы жатат. Билим берүү тармагына салымымды кошсом жаман болбойт деп ишенем. Андан сырткары Туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык жалпысы 10 миң деген адам алек боло турган кыргыз-орусиялык агрардык ХАБ (борбор) курулат. Ал долбоорго орусиялыктар 60 млн. доллар насыясын чечип келишип, эми ишти баштайбыз деп турушат. Буйруса, ошол ХАБ борбор курулуп бүткөндөн кийин дыйкандар 45 миң тонна жер-жемишти ошол жерден тоңдуруп, Бажы союзуна кирген өлкөлөргө, Евро союзга экспорттошот. Мындай ХАБ азырынча Европада гана бар. Андан сырткары, туштук кореялык өнөктөштөр ошол жерге теплицаларды куруп жатышат. Бул нерселер элибиздин азык-түлүк коопсуздугу маселесин аз болсо да чечип берсе неси жаман? Жер-жемиштин баасы ылдыйласа неси жаман? Тек гана пайда алып келет. Бүгүнкү күндө кышында дээрлик 90% бадыраң, помидор Кытайдан келет, ошентип Кытайдын бюджетин толуктап келебиз, өзүбүздөн чыкса, ал тургай бизден экспортко кетсе мыкты болоор эле.

"Сокулукта оң-солго тараткан миң гектар жерге байланыштуу кылмыш иши козголгон..."
- Жаңылбасак, ошол Аламүдүндөгү жердин трансформациясы туура эмес деп, фактынын өзү боюнча ИИМ кылмыш козгоду эле. Ал боюнча эмне айтасыз?
- Ал жердин трансформацияга байланыштуу маселеси жок. Туура эмес болуптур деген жүйөгө соттун чечими керек. Баары мыйзамдуу. Сиз айткан кылмыш иши, Ново-Павловка менен Сокулукта 1 миң гектар жерге байланыштуу. Аталган райондо бир нече адамдар жер тилкелерин оңду-солду таратышып, чоң пайдага туйтунушкан. Мына ошол мамлекеттик чиновниктерге козголгон кылмыштын алкагында 3-4 айдан бери тыкыр текшерип жатышат. Текшеришсин, көрүшсүн. Ким мыйзам бузган болсо, элге жарыялашсын. Мамлекеттин жерин мыйзамсыз алып, өзү билгендей оңду-солду иш кылгандар кыпкызылдай жооп бериши керек. Ал эми менчик менен менчиктин ортосундагы сооданы рыноктук мамиле деп коёт. Кандайдыр бир буюмду 100 сомго сатып алып, аны кооздоп, көркөмдөп, мактап туруп кайра 200 сомго сатсаң, ал өз ишиң.
- Сиз "Биримдик" деген партия түзүп иштетип келе жатасыз. Ошо жөнүндө кеп салсак. Жакынкы учурларда башка партия менен биригиши мүмкүн деген көз караштар канчалык деңгээлде реалдуу болушу мүмкүн?
- Мен "Биримдик" менен мандаттарды утуп алып, өз кызыкчылыгымдагы иштерди кылайын деген оюм жок. Кайсы бир партияга кошулалы деген оюбуз да планда жок. Кандай болот, аны убакыт көрсөтөт. Азырынча бирдеме айтуу кыйын. Шайлоого катышалы деген максат бар. Бул партия таза партия. Атына заты жарашкан партия кылсак деген оюбуз бар. Таза, билимдүү жаштарды топтосок деген оюбуз бар. Азыр биздин айтып жаткандарыбыз популизм болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок элдин ынтымагын азыр катуулап бириктирип, чыңабасак, эртең кеч болуп калат. Биз ушу маселени "Биримдик" аркылуу ишке ашырууга салым кошкубуз келет.
- "Биримдик" мурун депутат Айнура Алтыбаевнын партиясы экени айтылды. Эмне үчүн өзүңүз жаңы партия ачкан жоксуз?
- Туура, Алтыбаеванын партиясы болчу. Айнуру айым менен мамилебиз жакшы, аракетчил иш билги депутаттарыбыздын бири, биздин партияга тиешеси дагы деле бар. Чын-чынына келгенде жаны ачуу менен партияны кайра регистрация кылып алуунун ортосунда айырмасы жок. Биз бул партиянын атына карап токтолдук. Элибизде жерибизде эң оболу Биримдик, Ынтымак, Туруктуулук болсо өнүгөбүз! Ийгилик болсун, иним!
Маектешкен Айбек Шамшыкеев