presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Алмазбек АТАМБАЕВ, КР президенти:
"Эгемендүүлүгүбүздүн 25-жылдыгына чейин бир топ олуттуу маселе чечилет"

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 1-декабрда Коомдук каналга курган маегинде энергетика, көгүлтүр отун, "Кумтөр", парламенттик шайлоо, өзүнүн экинчи мөөнөткө барар-барбасына байланышкан маселелердин тегерегинде суроолорго жооп узатты. Төмөндө ошол маектин орчундууларын комментарийсиз сунуш кылабыз.
- Чындыгында свет маселеси чечилген. Казакстан менен сүйлөштүк, быйыл дагы, эмдиги жыл дагы бизге керектүү көлөмдөрдө электрэнергия беребиз деп жатат. Анан акчасы дагы Энергетика министрлигинин эсебине которулган, баардык нерсе даяр. Мына декабрдын биринен баштап алып баштайбыз Казакстандан электрэнергияны. Албетте, энергетикада маселе көп. Эми ал 20 жылдан бери, андан мурун дагы чогулган маселелер. Аларды Кудай буюрса ушул жакынкы 2-3 жылда чечебиз деген үмүтүбүз бар.

Газ көйгөйүн чечүүнүн эки жолу
- Кудай буюрса, көгүлтүр отун маселесин чечүүнүн эки жолун таптык. Биринчи жолу - Кызыл-Кыя шаарынын жанында көмүрдөн синтетикалык газды чыгаруу боюнча завод куралы деп чечтик. Инвестор дагы табылды, ошол 200-300 миллион долларын каржылоого өзү макул. Кудай буюрса, ушул декабрдын ортосуна чейин ошол заводду салуу боюнча Энергетика министрлиги менен ошол инвесторлордун ортосунда келишимге кол коюлат. Ал эми экинчи жолу - Баткенден газдын резервдери табылды. Ал анча деле көп эмес резервдер, бирок ушул түштүк чөлкөмүн 5-10 жыл газ менен камсыз кылганга жетет экен. "Баткеннефтегаз" мүмкүн өзү иштет. Аны дагы байкайбыз. Болбосо жогорудагы инвесторго, андан тышкары "Газпромго" дагы кайрылдык. 5-10 жыл болсо дагы, жанагы чоң завод бүткөнчө, ошол газды дагы колдонуп ошол жол менен да абалдан чыксак болот.

Бажы биримдиги - "жети өлчөп, бир кесилген" кадам
- Чындыгында биз бул кадамга үч жылдан бери даярданып жатабыз. Өткөн жылы декабрда Москвага барганыбызда Кыргызстандын ушул Евразиялык биримдикке кирүү үчүн картасы даяр, кол коебуз дегенде мен өзүм айткам, "Мындай карта бизге кереги жок, мындай шарт менен кирбейбиз" деп. Бир жылдын ичинде мына биз койгон шарт менен кирип жатабыз. Чындыгында ал үчүн да албетте коңшуларыбызга рахмат, түшүнүп туруп биз койгон шартты кабыл алып жатат. Негизи бул биримдикке кирүү өзүбүзгө керек.
Ошол эле Бажы биримдигине, эми мунун арты азыр Евразиялык экономикалык биримдик болот, ошол биримдикке биз кирбесек, мына азыр алып жаткан бензинибиздин ар бир тоннасы 300 долларга дароо кымбаттайт. Андан тышкары дагы бир топ нерсе бар. Айрымдар айтып жатпайбы, Кытайдан келген товарын сатып, жан багып жатабыз деп. Эч жакка чыгара албай калабыз. Ал товарды эмес, андан да башкасын чыгара албай калабыз. Анын үстүнө унутпаш керек, экономикалык маселелерден тышкары ошол эле Казакстан менен Россияда жашап жаткан биздин 500 миң кыз-жигитибиз кадимкидей ошол жергиликтүү орус менен казактай эле сезип, өзүн адам катары сезип калат да. Бир топ маселени чечкен турабыз да. Бул өзүбүзгө абдан керек.

"Өлкө келечеги үчүн баарына даярмын!"
- Президент бийликти узурпациялап алды деген сөздөр өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынып, Улуттук кеңеш түзүлгөндө күчөп баштаган. "Мен албетте мындай сөздөргө "араба сынбасын, өгүз өлбөсүн" деп өз жанымды багып жыргап жүрө берсем деле болмок. Бирок эл кийин менден сурайт да, жыл сайын өкмөт алмашып жатса, депутаттардын кээ бирлеринин деңгээлин көрүп жатабыз, парламент дагы жаңы бутка туруп баратса, мен четте жыргап отурсам эч нерсеге кабатыр болбой, анда акыбал өтө эле кыйын болмок. Баары бир эл менден сурайт, ошондуктан, балким бул кээ бирлерге жакпайт бул Өкмөттүн иши. Бул эмне киришип жатат же бул эмне Парламентке мындай сөздөрдү айтып жатат деп. Мен бул маселелерге айла жоктон киришип жатам. Ошол эле энергетикага киришпесем азыр свет өчүп турмак. Мындай маселе көп. Ошон үчүн мен ачык айтат элем: жагабы, жакпайбы мына үч жыл калды, мен мамлекет үчүн керектүү маселеге баары бир киришем өзүмдүн укугумдун чегинде, Конституцияны бузбастан.

"Эл шайлоолордо келечегин ойлоп добуш берсе"
- Биринчиден шайлоо таза өтсүн деп бардык аракетти кылып жатабыз. Мен өзүм салымымды кошуп жатам. Мына Түштүк Кореяга баргам, ал жерден шайлоо үчүн 5 млн. евро бөлүп берип жатат, Евробиримдикке дагы барып келгем ушул маселе боюнча, аталган биримдик 10 млн. евро берип жатат. Каражат жагынан бул шайлоо таза өтүшү үчүн бардык керектүү жанагы машинелерин, принтерлерин, компьютерлерин, урналарын алып келип беребиз деп ойлоп турам. Эл өзүнүн келечегин ойлош керек. Анткени пайгамбарыбыз дагы айткан: элге жараша бийлик деп. Ошондуктан бир бөтөлкө аракка же 500 сомго алданып кетпей, өзүнүн добушун ойлонуп туруп бериш керек. Ошондо татынакай парламент келет. Ошон үчүн эл дагы келечегин ойлосо жоопкерчилик менен татынакай катышып, добушун бериши керек.

Өзүң таза бол, анан коррупцияга каршы күрөш
- Ар бир жаран саясатка барам десе таптаза болуп барышы керек. Мына, мен деле оппозицияда 15 жыл жүрдүм, башкарып дагы жаттым. Акаевдин бийлиги дагы, Бакиевдин бийлиги дагы канча издесе дагы мага каршы эч нерсе таба алган жок. Эч нерсе жок болчу. Ошондуктан мына азыр көрүп жатабыз, кимдин артынан иш козголсо эле дароо ооруп калат же кыйкырып чыгат: бул репрессия, бийликтин мага каршы уюштуруп жаткан иши деп. Депутат болобу же мэр болобу, өзүн пайгамбар же хан катары көрүп бир кылыктарды кылса, эртели кеч ал чыгат экен. Ошондуктан мен эмне дээр элем, кандай кыйкырык болсо да, кандай ушак болсо да, коррупция менен күрөш мындан ары да улана берет. Анткени башка жолубуз жок, Кыргызстанды мамлекет катары чиритип жаткан илдеттердин бири - албетте, коррупция. Муну менен күрөштү токтотпош керек.

Кудай берген мамлекеттүүлүктү сактоо - ар бирибиздин ыйык милдет
- Бизге мамлекеттүүлүктү Кудай берди, асмандан түшкөндөй болду. Өзүң айтып жатпайсыңбы газ жок, эл көчөгө чыгабы деп. Мамлекет үчүн канча эл канын төгүп, жанын берип жатышат. Кээ бир элдер бар, 40 млн. калкы бар күрддөрдүн өз мамлекети жок. Мамлекет куруп алалы деп жатышат. 20-30 млн. уйгур элинин өз мамлекети жок. Кудай бизге эгемендүү мамлекет берди. Аны сактап калбасак, баркын түшүнбөсөк, бизди кудай урат. Кыргызстандын келечеги, эгемендүүлүк үчүн үшүмөк турсун, керек болсо жанын курмандыкка берүүгө даяр болуш керек. Ачык айтайын кыйынчылыктар болот. Биз кыйынчылыктардан кантип чыгабыз, кайда барабыз, жакшы билебиз. Эгемендүүлүк - бул жөн сөз эмес. Ошол эле энергетикада эгемендүүлүк болуш керек, каражатта эгемендүүлүк болуш керек. Ал үчүн иштеш керек. Армиябыз армиядай болуш керек. Улуттук өзгөчөлүктү сактоодо четтен келгендерге, калп эле өзүн мусулманмын дегендерге алданбаш керек. Эгемендүүлүктү баалаш керек, эгемендүүлүктү түзүшүбүз керек. Биз жолубузду билебиз. Эгемендүүлүккө жетиш үчүн эмнелерди жасаш керек, аларды Улуттук стратегияда "Жол картасын" жазып алганбыз. Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына чейин бир топ олуттуу негизги маселелер чечилет. Кыргызстандын келечеги кең. Тынччылык болсо, аманчылык болсо, элибизде ынтымак болсо Кыргызстандын келечеги кең.

"Кумтөр" тууралуу: өкмөт менен парламент чечкиндүү кадам жасасын!"
- Эми мен мындай деп айткам: ахвал өтө татаал болуп баратат, ошондуктан Өкмөт чечкиндүү кадамдарга барыш керек. Анткени бул дагы Өкмөт менен Парламенттин иши. Орток ишкана түзгөндө, ошол жанагы биздин акцияларга арест дагы кое алмак эмес канадалыктар. А мына быйыл болсо биздин акциялардын бөлүктөрүнө жылдын башында бир жолу арест салынды канадалыктар тарабынан, мына азыр экинчи жолу. Биринчисин алдырсак, эми экинчи фирма дагы бир жолу биздин акцияларга арест койдуруп жатат. Көзүм жетип турат, минтип отурса мындан ары да адат болуп, ошол биздин өзүбүздүн колубуздагы 33% акцияларды пайдаланганга укугубуздан айрылганы турабыз. Мына өткөн жылы деле популизмди азайтып, биздин парламентибиз Жантөрө Сатыбалдиевдин Өкмөтүн колдоп койгондо, бул маселе чечилип калмак да, 50% Кыргызстанда болмок, орток бир ишкана түзүлмөк. Азыр болсо ушундай мүмкүнчүлүктөн да ажыраганы турабыз. Ошондуктан бул маселени тез арада, бир эки ай ичинде Өкмөт менен Парламент экөө чечиш керек.

Диний кырдаал көзөмөлдө болот
- Ачык айтайын, диний чөйрөгө мамлекет таптакыр кийлигишпей койгон. Же мурдагы бийлик динге көңүл бурбай койгон. "Дин чөйрөсү өзүнчө, мамлекет өзүнчө" деген концепция бар экен. Эми жакында Коргоо кеңешинде жаңы концепция кабыл алдык. Ага ылайык, дин адамдары, диний уюмдар мамлекеттин ишине кийлигише албайт. Ал эми мамлекет диний чөйрөгө, агымдарга өз эрежелерин коюп, катуу көзөмөл салыш керек. Анткени бул өтө кооптуу нерсе. Кудай буйруса, бул ишти колго алып, акыбал жакшы жагына өзгөрөт деп турам. Албетте, бул иш көп убакытты талап кылат. Себеби бул багытта комплекстүү иштерди аткарыш керек. Билим берүүдөн баштап, телевидение, маданият, күч түзүмдөрү, диний чөйрөсүнө чейин бир топ иш чараларды аткаруу зарыл.

"Мөөнөтүмдүн аягына чейин Кыргызстаныбызды көтөрсөм..."
- Мага деле үч жыл калды. Ошол үч жыл иштеп берсем дейм. Эгерде өз жаныңды бакпай, туугандарыңды, чөнтөгүңдү ойлобой, Кыргызстан үчүн иштейм десең президент болуп иштеш өтө кыйын. Күнү-түнү мамлекет деп жашаш керек. Мен алты жыл жакшы иштеп берсем, жакшы иштерди бүтүрүп берип кетсем, мага ошол деле жетишет. Ошого Кудайга шүгүр. Мөөнөтүмдү узартайын, калайын деген такыр оюм жок. Үч жылдан кийин элибиз президентин таап, шайлап алат деп ойлоп турам. Ага чейин мамлекет дагы өзгөрөт буйруса.

"Кедейликтен арылдык"
- Көпчүлүк, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары бул маалыматка маани бербей калды. 2014-жылы Дүйнөлүк банк, чет элдик финансылык уюмдар расмий түрдө Кыргызстанды кедей мамлекеттердин тизмесинен чыгарып салды. Кыргызстан орто деңгээлдеги кирешеси бар өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин тизмесине кирди.

Даярдаган Тиленбек Азык









??.??