presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Баратбай Аракеев
Жүз киши жана кыргыз

Кеңеш Жусупов
Бу Кеңеш абабыз бир кебелип койбой, жалаң жакшы жол менен бир калыпта келатат. Бу кишиге таң калгандар, билгизип-билгизбей суктангандар оголе көп. Анткени, анын адамдык сапаты көп адамда жок, аны менен бирге чыгармачылыгы мыкты. Анан суктанбай коймокпу! Ооба, көбүбүз эле Кеңеш агабыздын адамдыгына суктанып келебиз. Ошол суктандырып турган сапаттары булар деп билебиз: бирөөнө кенедей да кара санабайт, кимге да болбосун дили ак, жанда жок токтоо, душманына да жаман кеп айтпаган жумшак, ал эч качан улунуп-жулунуп көргөн эмес, жупуну жашаган жан, колунан келген жардамын аябайт, элинин тарыхын, маданиятын мыкты билет, ошондуктан жазгандарынын баары элинин тагдыры… сөз кыскасы Кеңеш агабыз карыга да, жашка да "көрсөтмө курал" болуп берчү жан. 2004-жылы Кеңеш Жусупов "Байыркынын издери" аттуу китеби үчүн Токтогул мамлекеттик сыйлыгын алган. Кээ бирөөлөрдөй болбой… татып туруп алган! Кыргыз баласына Пушкин менен Толстойду билип коюу керек дечи, бирок, Кеңеш Жусупов сыяктуу мыкты адам жана мыкты жазуучунун адамдыгы менен чыгармаларын кийинки муундун кулагына куюп урушубуз көп пайда алып келет, а биз антпей жатабыз…

Асылбек Өзүбеков
Асылбектин ырын укканда жан дүйнөң чимирилип-чимирилип, куушурулуп-куушурулуп кетиши бар, тим эле жаның чыгып кете таштайт. Ал коркунучтуу, кээси менен магдыраткан маанайды алып келген Асылбектин өзүнчө бир жаралган үнү да… "сүйүүнүн рыцары" деген атты бекер алыппы…
Бу Асылбек жигитке жараткан талантты кеңири бериптир да: ырчы, обончу, куудул, актер, алып баруучу, режиссер… аны менен бирге жүзүнөн жылмаюу кетпеген жөнөкөй, айкөл жигит, мындайларды түз эле "жигиттин гүлү" деп коет эмепизби, дал ошондой! Асылбектин жөнөкөйлүгү өзүнчө бир баа, ал эч качан талантын алдыга сунуп алып кыйынсынган эмес, бой көтөргөн эмес, сени менен сен болот, аны менен ал болот да жаркыраган сыпатынан жазбай жүргөнү жүргөн. Ал сахнадагы турмушун жөн турмушка аралаштырбаган чанда таланттардын бири. "Асылбек момундай шылуундук кылып жибериптир" дегенди уккан эмеспиз, укпайбыз дагы, анткени ал адамдыгын алдыга сала жүрөт, ошол адамдыгынын артынан кадам шилтейт. Кыргызынын ушундай бир мыкты жигити бар Асылбек Өзүбеков деген.

Корчубек Акназаров
Кыргызда бу кишини билбегендер чанда болсо керек. Бу киши Совет бийлиги күчүндө кезинде ошол түзүлүшкө мыкты кызмат кылгандардын бири. Ага баарыбыз эле кызмат кылдык дечи, бирок, Корчубек аксакалдай ак дилден кызмат кылгандар чанда эле. Биздин угушубузда Корчубек аксакал карьера кууп, сыйлык кууп, чоңдорго жагынайын дебей, өзүнө тапшырылган ишти мыкты аткарыш керек экендигин гана ойлочу тура. Кайсы районду башкарса да аны алдыга сүрөп, малын көбөйтүп, айдоосун арбытып турчу экен. Анан да жөнкөй адамдардын жашоо-шартын алдыңкы планга коюп, алардын ар кыл көйгөйүн угуп, андан арылтып турууга бар күчүн жумшайт экен да. Эмдигиче айтышат, Корчубек аксакал күнү-түнү эмгек кайнаган талаада болуп, тизеден келген чаңды буртулдата басып, баткагын баткактай кечип, нөшөрдөгөн жаан болобу, же кыштын күнкү алай-дүлөй болобу, кандай аба ырайы болбосун уча берчү истребителдей болуп жүрчү экен да! Туура да, кандай гана ишкана, мекеме… район болбосун жетекчисине жараша иш алып барат. Жетекчиси начар жерде дурус эмгек этилбейт. Ал эми Корчубек аксакалдай жанын биротоло жакшы ишке, жалындуу ишке берип салган адамдар иштеген жерде жалаң гана ийгилип жаралып турат эмеспи. Ал кезде "Социалисттик Эмгектин Батыры" деген наамды райкомдор дегеле алчу эмес, ал наамды Корчубек аксакал алган!
Корчубек Акназаров мына бүгүнкү күнгө чейин элинин сыйында, журтунун төрүндө. Анткени, жакшы жаралган жан, ошого жараша жакшы карыйт турбайбы. Аксакалдын кызы РозаАкназарова парламенттеги дурус депутаттарыбыздын бири.

Нурдин Абдылдаев
Бийлик башында тургандардын кызматкер тандай албагандыгынын айынан эми баралына келген, кандай жооптуу кызмат болсо да камчы салдырбай иштеп кете ала турган Нурдин Абдылдаев азыр ишсиз олтурат. Нурдин буга чейин Токмоктогу айнек заводунун деректири, Жогорку Кеңештин депутаты, Кара-Балтадагы спирт заводдун деректири, Ысык-Көл облусунун губернатору, Мүлк фондусунун башчысынын орун басары, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеди. Кай жерде иштебесин ишин дурус аткарып келди. Эми болсо кандайдыр бир себептер менен ишсиз олтурат.
Бир ирет мен Токмоктогу айнек заводуна барып жакшы таанышып келгем. Ошол кезде аны Нурдин Абдылдаев башкарчу. Ошол барганда айнек өндүрүүдөгү акыркы технологияны, өндүрүлгөн айнектин сапаты менен, көлөмүнө таң калгам. Чоң үйдүн бир дубалындай көлөмдөн эшекке жүктөгөнгө ылайыктуу формага чейин чыгарат экен. Эшекке дегеним, айнек ошол кезде Орто Азияга гана эмес, тээ тетиги Афганистанга чейин сатылып жаткан тура. Анан айнек сатып алган афгандыктар тоо-таштын арасындагы айылдарына эшекке жүктөп кетет тура. Нурдин депутат болуп да иштеди. Көпчүлүктөй болуп жулунуп сүйлөп популист болбоду, мыкты мыйзаимдарды жаратканга күчүн үрөдү. Депутат деген кыйкырбай, жулунуп-жулкунбай эле активдүү, жемиштүү иштесе болорун ушул Нурдиндин мисалында көргөм. Нурдин экономика маселелерин "семичедей эле чагат", ар тараптуу билими бар, жетекчилик сапаты мыкты. Анан ошондой кесипкөй жигитке өзүнө жара иш бербей турган бийлик эмне бийлик! Тааныш-билиштик менен ушул тапта жооптуу кызматтарда иштин дайнын билбеген, билими тайкы, бирок, кошомат менен жегенди жигин билгизбей жасаган шүмшүктөр иштеп жүрбөйбү.
Бүгүн болбосо, эртең Нурдин Абдылдаев элинин керегине жарап берчү иште иштеп калар, анткени, ал ак дил, түз жүрүп, түз сүйлөгөн жана да кандай иш болсо да жөндөп кетүүгө дарамети бар кыргыздын мыкты жигиттеринин бири.Нурдндей жигиттер азыр аябай керек эмеспи…

Каныкей Эралиева
Өткөн кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде чыкты окшойт Каныкей кызыбыз. Чыкканда да бүт кыргызды тымтырс кылчу сын берип жеткире алгыс керемет кооз үнү менен чыкты! Ошондой жаш -кары дебей "Каныкей Эралиева" деп какшанып жатып калганбыз, ырын угуп бүтүп, кайра уккубуз келип. Андан бери кырк жыл чамалуу убакыт өтүптүр. Каныкейибиз болсо, келатат ошондон бери калыбынан жазбай, жакшы калыбынан жазбай. Анын бир калыпта келатканы адамдыгы болду, ошол адамдыгынын ичиндеги мыкты түшүнүгү, ак-караны ажырата билгендиги, наамга да, көр оокатка да жулунбаганы болду. Анан калса өмүрдүк жардын да мыктысынан тааптыр, же кудай таап бериптир го. Ал Атайбек Бөдөшев деген музыкант жигит, аны да жалпы журт билет, жакшы жагынан билет.
Каныкей аткаруучу гана болбостон, композитор дагы. Анын ала качпаган, адыраңдабаган терең мазмуундуу ырлары небак эле кыргызга сиңип кеткен. Жанагы элдин баары талашкан "Эл артист" дегенди Каныкей эмгеги менен, таланты менен алды. Ал жөнүндө аки-чүкү деп эч ким айта албайт. Кырк жылдай басыгынан жазбай, үнүнөн жазбай, жакшылыгынан жазбай келаткан ырчысы бар кыргызынын, ал-Каныкей Эралиева деген кызы.









??.??