Шаарыбыздын кебетесин кетирип жаткандарга наалат!

Бишкектин көчөлөрүн араласаң дегеле курулуш жүрбөгөн жери жок. Ошол курулушуң шаардын көчөлөрүн, сейил бактарын, балдар ойноочу жайларды жана башка жерлердин баарын кысып, куушуруп, бүрүштүрүп, куруштуруп баратканы, бактардын кыйылганын айт! Ал эми генплан боюнча андай эмес экен. Ал пландын жашырын деген аты бар экен, андыктан элге тааныштырылбай келет.
Шаарыбыз кандай эле, ээн-эркин басканга ылайыктуу, бак-даракка көмүлгөн, абасы таза, гүлдөгөн шаар эмес беле. Эгерде шаарга жасаган мамилебиз бүгүнкү сыпаттама менен жүрүп олтурса, анда анча көп эмес жылда Бишкегибиз арабдардын, болбосо, Сахарага канатташ мамлекеттердин боз чаңдуу, бак-дарагы жок, кумунда жыланы менен кескелдириги гана сойлогон жылаңач шаарларына окшоп калар!
Азыр иликтеп жатышат мыйзамсыз жер берүү тээ тетиги кыргыздан эмес, кудайдан коркпогон Борис Силаевдин тушунда эле башталыптыр. Бул жөнүндө көп эле жаздык, дале жазабыз: биздин мамлекеттин суу жүрөк жетекчилиги Силаевди көргөндө сийип жиберишчү эмес беле! Манас дебей калалы, Чубак, Сыргак дебей калалы! Силаев мэр болуп турганда кыргызды мыйзамына кошуп туруп дүңү менен шылдың кылып, "урганым жок" деп турду го! Ошентип, Силаев кутуруп турган кезде жерди мыйзамсыз сатуу башталып, анысы мына бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Боору бүтүн паркыбыз калбай калыптыр, баарынан эле өөнөп келатышкан экен. Азыркы бийлик, премьер-министр Оторбаев менен шаардын мэри Кулматов дейли, баарын мыйзам чегинде кылыш керек дегенди өздөрүнө өздөрү ишенбей айтып, элди алдаган болот. Өздөрү деле билет элди алдап жатканын, бирок, башка айласы жок да, бир нерсе айтыш керек, бийликтин өзү экенин белгилеп туруш керек дегендей… Эми паркты ээлеп алып үй салгандардын үйүн атом бомбасын таштап эле жоготпосо, башка вариант жок! Тигине парк делген жерге мыйзамсыз үй салгандардыкы туура деп мыйзамдаштырып да коюшту. Кандайдыр бир жолун таап туруп, ошол парк аймактарына үй салгандардан чоң акча өндүрүп мамлекеттин казынасына төгүш керек. Ал жолдо да коррупция жалаңдап күтүп турат дечи… "кайда барсаң Мамайдын көрү" деген көрүнүш келбедиби…
Бишкекте курулуп жаткан үйлөр элге сатылып жатат, ал жакшы. Бирок, андан мамлекетке аз эле салык түшөт. Бул жөнүндө элдин көбү билет эле, жайында Кыргызстандын салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов парламентке келип аны ачыктап бербедиби. Башкы салыкчынын айтымында элиталык үйлөрдү куруп жаткан адамдар сата турган үйлөрүн эки эсеге арзан документтештирет экен, маселен, турак үйдүн бир квадрат метр 700-800 доллардан сатылса, аны 300 доллардан сатылды кылат экен! Азыр Бишкекте 166 турак үй курулуп жатыптыр, анын аянты 1 млн квадрат метрден ашык. Мына ошону туура сатканда мамлекетке кошумча 400 млн сом киреше түшөт экен! Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек дейт..
Экс-мэрлер Силаев, Ногоев, Керимкулов, Үсөнов, Түлеев, Өмүркөловдор мыйзам бузгандыктары үчүн жооп бериши керек эле. Эч кимиси жооп берген жок. Түлеевдин соттолушу башка маселе. Мамлекет болбосоң кое кал, коррупционерге колунан жулдурат да оозун араандай ачып, көзүн жалдыраткан бойдон көшүлүп бергенин айт!
"Жерди мыйзамсыз алып курулуштарды куруп жатат" деп карапайым адамдар күн сайын эле чуу көтөрүп жатат. Мына ошонун бирине да бийлик тарап дароо чара көрүп, курулушту токтоткон жери жок, мэриядагы жооптуу кызматкерлерден баштап, архитекторлорго чейин жооп берген бирөө жок. Ушундай да наадандык болобу?! Эй, мыйзам деген бизге эмес, тээ тетиги Африкага чейин жетип бербеди беле?! Биздин бийликтегилер жооп бербейт. Анткени, өздөрү "чамбылала болуп, жанына адам тура алгыстай сасып бүтүшкөн". Аларды тамырынан бери кыйып, өрттөп жоготмоюн иш жакшырбайт. Ал үчүн тээ бийлик башынан бери сыдыргыга салгандай тазаланыш керек. Ал процесс башталган жери жок, башталбайт дагы… түр көрсөтүлүп жатканында талаш жок…
Азыр мамлекетибиздеги абал анча жакшы эмес: коррупция туш тараптан чаңдатып жатканы! Жыла бастырбай турат. Ага каршы күрөшүп жатабыз дейт, анткен сайын коррупцияң кутуруп барат. Соолуп калгырдыкы, чогулуштарда баарынан көп сүйлөгөн коррупционер болуп жатканы күйгүзөт да! Эми эмне кылып куурадык?!
Бу акча деген балакетиңдин колунан келбегени жок экен, баарыдан да айтылуу коррупционерлерди коргоп шалдыр тиштүү, жалгыз тиштүү кемпир-кесекке чейин жол тостурат экен, акча берсең аксакалың да абийирсиз ишти жасап олтура берет экен, карасакал болуп. Баса, ушул жерден Төлөгөн Касымбековдун Карасакалын эстеп койгулачы. Жийиркендиңерби?! Ии, ошондой болот наадандар!
Баарыбыз тегиз бузулуп бүткөнүбүз да чын окшоду. Эгемендик алдык дегенден бери чоң-кичине болуп олтуруп миңдеген митингдер, пикеттер, ачкачылык кармоолор ж.б. нааразылык акциялар болуп келатат. Мына ошонун бири дагы жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн, мисалы, коррупцияга каршы, болбосо, кылмыштуулукка каршы деген акциялар өткөн жок. Баары эле бийлик талашууга, тигини же муну кетирүүгө, кайсы бир коррупционерди же кылмышкерди коргоого уюштурулуп жатат. Анткени, анын артында жанагы акча деген балакет бар болот турбайбы. Коркнучтуу аңызы бар алкылдаган ажаан катындардын тобу ошол жол менен оокат өтөп калышпадыбы. Таң каласың, эмне аларда күйөө-пүйөө деген болбойбу, болсо, бир аз кой дегенге жарабайбы?! Шоруң курган эркек, гендер деген саясатты туура эмес түшүнүү кешигиңди кетирип баратат го! Ушинтип кыжалат болуп турган кезде күн дагы суугуна тартып барат, кыш катуу болсо, андан аман калгай элек деп биз турабыз. Гендер демекчи, жакында эле Турциянын президенти Эрдоган мырза гендер саясаты талкууланган чогулушта "аялдар биринчи кезекте эне болуш керек, жаратылыш ошого жараша жараткан" дегенди айтып, ошол жерде коомдук ишке активдүү аралашабыз деп турган аялдарга жаман көрүндү. Эрдоган мырзанын иайтканында жаманчылык деле жок, туурасын айтты. Чынында да жараткан адамдарды эркек, аял кылып бекер жараткан эмес да. Антип бөлүп жараткандыгынын эң негизги себеби тукум улоо. Кандай талаш кылсаңар да бул чындык чындыгынан бузулбайт. Азыркы аялдардын бир катары тукум улоону өзүн кемсинтүү катары таап, төрөгөнү төрөмүш этип жатпайбы, бирди, ашып кетсе экини… дагы кудая тобо дейли, кыргыз аялдары экиден, үчтөн төрөгөндөрүн токтото элек.
Биз эркектен кембизби деген аялдар азыр жалаң гана эркектерге тиешелүү деген иштерде иштеп, спорттун түрлөрүнө катышат. Маселен, аялдар жансакчы, шоопур, бокс судьясы ж.б. иштеп жатат, анан штанга, күрөш, бокс сыяктуу накта эркектик спортко катышып жатат… тумшукка жакшы жеп, көз көгөрүп жатканы! Мына ушунда жакшылык барбы?! Жалаң гана аялдарга мүнөздүү сыпаттамалар кайда?! Назик деген, сурайылдай сулуу деген, гүлдөй жайнаган, жибектей үлбүрөгөн, мээрими төгүлгөн эне, ыйык эне ж.б. Эми ушул салыштырууларды жанагы митингдердин алдында жүргөн букадай күлтүңдөгөн аялдарга чаптап көрчү? Бир чеңгел пахтаны бир чака көмүргө бастыргандай болбойбу. Гендер саясатынын туура эмес кеткен учурлары, аялдардын дайыны жок эле эркекке теңеле бергиси келип, күйөөсүн беттен алып… көчүктөн алып жаткан окуяларды туудуруп жатат. Алар акыры келип эле айбандыкка алып барчу жол болуп жатат! Башкалар менен ишибиз канча, биздин-кыргыздын аялдарына ыйман берсе экен...
Ушинтип шаарыбыз менен башталган кеп, аялдарыбыз менен бүттү…

Баратбай Аракеев