presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Кыялга" Амантур Акматалиевдин атын берүү керек...
Бардык нерсе салыштырмалуулукка барып такалат экен. XIII кылымда перстерден чыккан белгилүү акын Жалаладдин Руми же Мевляна: "Көп адам жыйырма жашында эле өлөт. Бирок, сексен, токсонго чыкканда көмүлөт" деп айтып кеткендей тирүүлүктө эч нерсе кылалбай, кылса дагы жеке өзүнүн гана кызыкчылыгы үчүн жашап өткөн, жашап жүргөн пенделер канчалап саналат.
Кыргыз элинде байма-бай колдонулуп, сөздүн көркү менен ажарын ачып, канчалаган кылымдар бою тактыгы жана дааналыгы таң калтырып келе жаткан макал-лакаптар жөнөкөй жерден эмес турмуштук зарылчылыктардан, карт тажрыйбалардан улам жаралган турбайбы. Же болбосо кайсыл бир адам жөнүндө кеп кылгың келсе, төмөндөгү бирин-экинин эле мисал келтирсең толук жетет. Алсак: "Колдо бар алтындын баркы жок", "Басмайылдын кысканын минген билбейт, ат билет. Азаматтын жакшысын тууган билбейт, жат билет", "Бетиңди көргөн тууганыңа, этиңди көргөн аялыңа баркың жок" дегендей жаныңда жүргөн адамдардын кадырын өлгөндө билип өпкөлөп калмай адатыбыз бар деп калабыз. Бул болбогон эле шылтоо же өзүн-өзү алдоо экен. Алардын мыкты экендигин, башкалардан моюнча артык тургандыгын учурунда эле билгенбиз, билип эле көз жаздымга салып, кылган иштерин сындап, болбогон нерселер менен жаманатты кылып кадырын төмөндөткөнбүз. Бул, биздин кендирибизди кесип келе жаткан кесепетти көрө албастык, ичи таардык, акмакчылык деп атайт.
Кыргыз маданияты, анын ичинде адабият, искусство жана этнография багытында Амантур Акматалиев, Тенти Орокчиев, Балбай Алагушев өңдүү залкарлардын эмгектери баа жеткис, эгер алардын кылган эмгектерин бир нерсеге теңей койсоң баасын түшүрүп алмакпыз. Ошондуктан баалоо мүмкүн эмес деп айткым келет. Себеби булардын кылып жаткан иштерин көрүп, учурунда аларды замандаштары шылдыңга алышып, жактырышпагандыгын ачык эле айтышкан экен. Алар, "бул кылып жаткан иштерибиз качандыр бир убакта баалуу буюмдарга айланат" деп көшөрүп жатып жазып калтырган иштери бүгүнкү күндө табылгыс байлык катары кызматтарын кылып жатат. Мына ушул агайларга, тирүүлөрүндө мамлекет тарабынан жогорку наамдарды берип, тийиштүү деңгээлде сыйласа болот эле.
Ал эми биз кеп кыла турган Амантур агайды дагы учурунда адистер жактырышпагандыгын ачык айтышпаса дагы, ал тууралуу күңкүл-мүңкүл сөздөр айтылып жүргөндүгүн агай тирүү кезинде өзү айткандыгын уккан элем.
2001-жылы Кыргыз Улуттук университетинин магистратура багыты боюнча тарых адистигин аяктагандан кийин И.Арабаев атындагы КМПУнин аспирантура бөлүмүнө тапшырып калдым. Илимий жетекчим КР УИАнын мүчө корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор Аблабек Асанканов мага "Кыргыздардын салттуу жыгаччылыгын" жазасың деп илимий темамды бекитип берди. Алгач, аспирантурага тапшыруу үчүн жыйырма беш беттен кем эмес реферат жазуу керек экен. Китепканадан ушул тема боюнча издесем Амантур Акматалиевдин китебинен башка эч бир китеп колго урунбады, илимий өңүттө жазылган башка китептерди ошол учурда табууга мүмкүн болгон жок. Ошондон улам ой келди, сөзсүз түрдө бул китептердин авторуна жолугушуу керек экендигин түшүндүм.
2002-жылы эрте жазда агай иштеген Кыргыз билим берүү академиясына ага жолугуу үчүн бардым. Барып келген чоо-жайымды түшүндүрүп айтсам унчукпай угуп отуруп, балам - деп, анан сөзүн минтип баштады: - "Мен өмүрүмдүн тең жарым бөлүгүн ушул китептерге арнадым. Менин китептеримди китепканадан издесең табасың. Бардыгы бар. Силер бул ишти өтө эле кеч баштадыңар. Канчалаган залкар усталар, аңызга айланган уздар эбак эле бул дүйнөдөн өтүп кетишпедиби. Ал эми сенин агайларың мени жаман көрүшүп жүрүшөт. Мен алардын тамагын тартып алган жокмун. Ушул китептерди жазам деп жети жыл тентип кеттим, жети жыл үй бетин көргөн жокмун. Бирок, жыйырма китеп жаздым. Менин айта турган нерселеримдин бардыгы ошол китептерде, балам. Башка айта турган нерсем жок" - деп мени муңайып карап, сөз бүттү дегенсиди. Билбейм, ооруп турганбы же көңүлү жокпу ошону менен мен коштошуп чыгып кете бердим. Андан кийин жолуккан жокмун, төрт-беш айдан кийин агайдын кырсыктан каза болуп калгандыгын гезиттерден окуп алып каңырыгым түтөп кетти. Аттигиң...
Эл Амантур Акматалиевге анын тирүү кезинде эле элдик этнограф деген атак берип, ага өзгөчө сый мамиле кылып келишкен. Көрсө, ал кылып жаткан иштеринде "жашаган"турбайбы, жан-дилин, өмүрүнүн эң маанилүү күндөрүн арнаган окшобойбу. "Оору кадырын соо билбейт" дегендей адамзат башына иш түшмөйүн көп нерсени аңдабай жүрө бермей адатыбыз бар эмеспи. Мына биз эми гана агай баскан издерди баскандан кийин көп нерсени түшүнүп баштадык десек болот. Себеби, талаа материалдарын чогултуп келүү үчүн Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып келүүгө, жөн эле кыдырып эмес ошол өнөр адам адамдары менен, кайсыл бир маданиятты алып жүрүүчүлөр менен аралашууга, жашоо кечирүүгө туура келет экен. Бул аралык ичинде үйүңдө калган бала-чакаң, аялың чаң-тополоң тозун чыгарып жиберет. Мүмкүн аларга талаа материалдарын чогулутуп жүргөндөр (талаалап жүргөндөр) ойноп жүргөндөй таасир калтырышы дагы мүмкүн. Бирок, алардын койгон маселелери дагы бир четинен туура дейсиң. Анткени, талаа материалдарын топтоп келүү үчүн мамлекет же окуу жайлар тарабынан бир дагы сом каражат каралбайт. Тетирисинче, изилдөөчүнүн өзүнүн жеке каражаты гана аркылуу барууга туура келет. Демек, үй бүлөлүк бюджетке аргасыздан кол салууга же башка нерселерге жумшайм деген нерселерди токтотуп турууга туура келет. Көп балээнин бир учугу ушул жерден башталат. Ошондой болсо дагы бул тоскоолдуктарды аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр жеңип келе жатабыз.
Туура, башка илимдерге салыштырмалуу этнография илими өтө кызыктуу жана келечектүү. Себеби, экспедиция учурунда ач калбайсың, эл арасында конок даражасында жүрөсүң. Ушундан улам төмөндөгүдөй учкул ой жаралды: "Археологдор азыгын жерден, этнографтардан элден таап жейт" деген. Ач болуп, ток болгондон башка жөө-жалаңдап, эшек, ат минип, кыйынчылыгынан кызыгы, кызыгынан кыйыны көп түйшүктүү күндөрдү баштан өткөрүүгө, күнүмдүк кыйынчылыктарга чыдоо керек. "Саргара жорткон адам гана кызара бөртөт" деп келечекке кенен адымдоо зарыл.
Бирок, канча мактанганыбыз менен Амантур агай кылгандын ондон бирин дагы кылалбай келгендигибизди башкалар моюнга албаса дагы мен моюнга алам. Кыргызстандагы айылдардын баарын, толук бүт бойдон кайсыл окумуштуу кыдырып келди, китеп кылып чыгарды, телеге түшүрдү, радиодон угузду, газета-журналдарга чыгарды. Тетирисинче, илимий негизде жазылган эмес, сүрөттөп, илимий-популярдуу жазган деген шылтоолорду айтарбыз. Ал эми илим, бүгүнкү күндө башкача сүйлөп жатпайбы. Биз таң калган, биз суктанган француз окумуштуулары койчунун отуз күндүк жашоосун эле жазып илимдин доктору атыгып жатпайбы же түрк окумуштууларынын жазган эмгектери жалаң эле божомолдордон, шилтемесиз эмгектерден тургандыгын көрбөй жүрөбүзбү? Башкача айтканда, чоң теманы коюп алып ага чарпылбай, кичине теманын үстүндө тыкыр иштөөгө мезгил өзү түртүп жатат.
"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дегендей коом алмашкан сайын улуттук баалуулуктар алмашып турат экен. Качандыр бир убакта турмуштун ажырагыс бир бөлүгү болуп келген көп нерселер бүгүнкү күндө пайдалануудан чыгып, кээде аларды музейлерден көрүүгө да мүмкүн болбой калды. Эгерде аларды кагазга жазып, сүрөткө түшүрүп калбасаң тарыхтын актай барактарын дагы көбөйткөн болосуң. Муну кайдыгерлик деп айтат. Ал эми кайдыгерликтен өткөн душмандык жок.
Мына ошол "тентип кетип, келип" жазгандагы эмгектеринин жыйынтыгы караңыз. Бир чоң институт же бир нече топтордон түзүлгөн жаамат жасай турган иштерди өзү эле аткарып койгон. Дем алуу, тыныгуу дегенди билбей иштеген. Ал эми биз бир макала жазып алып катуу иштеп койдум окшойт деп эс алууга шылтоо издеп баштайбыз. Анда, негизги эмгектерин гана тизмектеп көрөлү.
Кол өнөрчүлүгүнө арналган эмгектери: Кыргыздардын кол өнөрчүлүгү. - Ф.: Кыргызстан, 1975; Элдик оймочулук (Методикалык көрсөткүч). - Ф.: Кыргызстан, 1990; Жасалга өнөр чеберлери (Элдик өнөр жөнүндө очерк). - Ф.: Кыргызстан, 1982; Боз үй. - Ф.: Кыргызстан, 1982; Көркөм кол өнөрчүлүк (Окуу куралы). - Ф.: Кыргызстан, 1984; Жыгаччылык. - Ф.: Кыргызстан, 1985; Кыргыздын улуттук кийимдери. - Ф.: Кыргызстан, 1988; Саймачылык, элдик кийим-кечелер (Окуу куралы). - Ф.: 1990; Ат жабдыктар жана тери буюмдар (Окуу куралы). - Ф., 1990; Өрмөкчүлүк жана токуучулук (Окуу куралы). - Ф., 1990; Жыгаччылык жана элдик аваздык аспаптар (Окуу куралы). - Ф., 1992; Кийизчилик, чий чырмакчылык, түймөчүлүк, эшмечилик, куракчылык (Окуу куралы). - Ф., 1990; Зергерчилик, темирчилик, мүйүзчүлүк (Окуу куралы). - Ф., 1990; Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү. - Ф.: Адабият, 1989; Усталар жана уздар. - Ф.: Адабият, 1990; Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (Колдонмо). - Б.: Баласагын, 1993; Кыргыздын уз-усталары (Антология). - Б.: КСЭнин башкы редакциясы, 1997 [Акматалиев, 2000 : 346].
Материалдык эмес же руханий маданиятка кирген эмгектери: Баба салты, эне адеби. - Б.: Баласагын, 1993; Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. - Б.: Шам, 2000; ошондой эле Кыргыз мүнүшкөрлүгү. - Б., 1999; Кыргыздын нукура тамак-аштары. - Б., 2000 аттуу китептерин чыгарып элге тартуулаган. Бирок, дагы канчалаган эмгектери чыкпай калды? Бир гана өкүт...
Кыргыздардын уз-усталары китебинде 428 өнөр адамынын тизмесин киргизген. Алардын 225 уздар болсо, 203 усталар. Булардын ичинен 20 ашыгы кыргыз элинде уламышка айланган атактуу усталарды дагы киргизген. Алар тууралуу маалыматтарды, аңыздарды, акындардын ырларын дагы берүүгө аракет жасаган. Амантур агайдын дагы бир артыкчылыгы, кайсыл бир буюм тууралуу маалымат бергиси келсе, сөзсүз түрдө ал тууралуу алгач макал-лакап, учкул ойлор же чыгармалардагы кездешкен сөздөрдү жазгандан кийин гана чечмелөө киришип баштаган. Демек, ал өтө изденген, мээнетти сүйгөн. Же болбосо кичинекей нерселердин бардыгын сүрөттөп жазууга кандай адамдын нерви чыдайт дагы түтөт. Анын феноменалдуулугу мына ушунда жатат.
"Эр эмгегин жер жебейт", "... Эл эмгектен эскерсин" дегендей артыңызда калган эмгектер элиңизге тоодой эмгектерди кылып жатат. Мамлекет дагы өз учурунда А.Акматалиевдин кылган эмгектерин эске алып, Элдик көркөм өнөрлөр "Кыял" Улуттук бирикмесине анын атын берип койсо эл уулунун эмгеги аз да болсо бааланмак...
Капалбаев Октябрь т.и.к., И.Арабаев атындагы КМУнун доценти











??.??