ДОО АРЫЗ

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна
Доогер: Момбеков Урматбек Баисбекович
Дареги: Бишкек шаары,
Малдыбаев көчөсү, үй № 4 батири 19
Жоопкер: "Фабула" коомдук-саясий гезити
Дареги: Бишкек шаары,
Чүй пр. Үй № 164а, 2 - кабат, № 203

Ар-намыс, абийир жана ишкердик беделди түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу менен келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө
2014-жылдын 18-июлунда эртең мененки саат ондордо мага Токмок шаарынан Борбашев Сарылбек телефон чалып "Фабула" деген газетага чыгыпсың, 1,5 миллион доллар алып" - деди. Мен уккан кулагыма ишенбей, тамашалап жатат деп ойлоп, таанышым Калбаев Алмаз менен байланыштым. Ал келип калды. Экөөбүз "Фабула" деген газетаны сатып алсак, чын эле газетанын биринчи бетинде менин сүрөтүм эки кишинин ортосунда бар экен, сүрөттүн ылдый жагында "райондук соттон баштап, Жогорку сотко чейин 1,5 миллион доллар алышты" деген жазуу туруптур. Буларды көргөндө кан басымым көтөрүлүп, көзүм караңгылап кетти. Калбаев А. мени тынчтандырып, экөөбүз аталган газетанын редакциясына барып, газетанын жооптуу редактору Шамшыкеев Айбекке жолуктук. Бул статьяны эмненин негизинде чыгардыңар сүрөт менен чогуу десек, Шамшыкеев А. "Интернеттен алдык, видео сюжети бар" - деди. Анда мен "Эгерде видео сюжети болсо мен аларга окшошмунбу? Мен силер айткан адамдарды тааныбайм" - дедим. Ал "Бул мүмкүн дизайнерлердин кетирген катачылыгы" - деп айтты. Мен Шамшыкеевге сиз газетанын жооптуу редактору болгон соң чыгып жаткан материалдарды карап, адамдын аты-жөнүн толук жазып, тактап чыгарбайсыңарбы десем, ал унчуккан жок. Калбаев А. "Бул чыгарган материалдарыңар үчүн жооп бересиңер" - десе, Шамшыкеев "Сен бизди үйрөтпө, биз билебиз. Эмнеге жооп беребиз" - деди.
Мен катачылык кетирдиңер сүрөтүм менен 1-бетке чыгарып, маалыматты четке каккыла (опровержение) бергиле десем, жооптуу редактор: "Аны көрөбүз, текшеребиз, газетанын кийинки номери 22- июлда чыгат" - деди.
Редакциядан чыккандан кийин саат 12лер чамасында кызым Каныкей телефон чалып мага "Апам жаман болуп жатат" - деди. Көрсө, келинчегим саат 11лерде эжеси Сыдыкова телефон чалып "Урмат газетага сүрөтү менен 1,5 миллион доллар алды деп чыгыптыр" деп айтыптыр. Аны угуп келинчегимдин кан басымы көтөрүлүптүр.
Мен кызым Каныкейге апаңа дары бер дедим, кызым "Дары берсек болбой койду, тез жардам чакырып жатабыз" - деди.
Саат 14 чамасында үйгө келсем келинчегим төшөктө жатыптыр. Тез жардам келип, врачтар "төшөктөн турба" дешиптир.
18-19 - июль күндөрү тынбай үйгө жоро-жолдошторум, туугандарым, куда-сөөктөрүм, жөн гана тааныштарым келип-кетип жатышты. Ошондой эле үй-бүлөмө жана мага республикабыздын ар кайсы жеринен - Таластан, Кара-Балтадан, Жалал- Абаддан телефон чалышып, газетага чыккандыгым тууралуу айтып жатышты.
Бир эле мисал Нарындан Жумабаева Бактыгүл, Асаналиева Эркин деген тааныштарым чалышып, "Сен кайдан жүрүп миллиондорду алдың?" - дешти.
Мен өзүм, үй-бүлө мүчөлөрүм жана бир туугандарым газетаны көргөндөн баштап аябай кейип жүрөбүз, анткени сураган кишиге эле "андай эмес" деп айтып түшүндүрүп актангандай болуп жатабыз.
Мен 1980-2012 жылдары Ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөм. Катардагы кызматкерден милициянын полковниги деген наамга жеттим. Акыркы жылдары Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын баңги каражаттарына каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, Талас областтык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштедим. Эч бир жаман аттуу болгон эмесмин.
Азыркы убакытта укук-коргоо жана күч органдарынын ардагерлеринин "Кылым жолу" деген коомунун төрагасымын.
2011-2014- жылдары сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болдум.
Мына эми минтип өмүр бою чогулткан авторитетимди "Фабула" газетасынын чыгарган статьясы, кыргыздар айткандай "Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп" заматта бузуп, менин ар-намысыма, абийириме шек келтирип отурат.
Көчөдө кетип баратып тааныштарды көрсөм "качан газета тууралуу айтып жиберет" экен деп чочулап турам.
Ойлонуп отуруп, бул газетага чыккан статья атайылап чыгарылган деген жыйынтыкка келдим, анткени мурда да 2013-жылдын 18-октябрында "Жата калып жактады, жандалбастап актады" деп "Фабула" газетасы менин аты-жөнүмдү көрсөтүп статья чыгарган. Батукаев жөнүндөгү ызы-чуу республикалык масштабда болуп жаткан соң, мен териштирүүнүн жыйынтыгы менен газетага кайрылам деп жүргөм, бирок газета кайрадан мен жөнүндө жазып олтурат.
Газетадагы сүрөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Токтомамбетов Эркин жана мени (үчүнчү кишинин бети көрүнбөйт) "Рыкуновадан 1,5 миллион доллар алышты" деп чыгарышып, мени Кыргызстандын төрт бурчуна жаман аттуу кылышты.
Жооптуу редактор Шамшыкеев Айбектин "Интернеттен материалды алганбыз" дегенинен улам интернетти карасак, 2012 - жылдын 14-июнунда "Р. Рыкунова, обвиняемая в крупных аферах, приговорена к 7 годам колонии с конфискацией" деген И. Забневанын статьясы бар экен. Анда Момбеков Кубанычбек деген соттун аты-жөнү жазылган.
Демек, газета Рыкунованын ишине соттор гана тиешелүү экенин билип туруп, ага карабастан атайын менин сүрөтүмдү чыгарып, Момбеков деп фамилия көрсөтүп, бирок атайылап Момбековдун атын жазышкан эмес.
18-июлдан бери кыздарым, уулдарым кесиптештеринен, жоро-жолдошторунан уялышып чүнчүп калышты. Келинчегим Момбекова Гүлнара азыркыга чейин дарыланууда.
Газетанын менин сүрөтүм менен чыккан калп статьясынын кесепетинен азыркы күнгө чейин кан басымым көтөрүлүп түшпөй, башым ооруйт. Ар-намысыма, абийириме жана ишкердик беделиме шек келгенден улам, абдан моралдык жактан кыйналып жүрөгүм ооруда.
Кыргыз Республикасынын граждандык кодексинин 1027-ст. ылайык адамдын ар-намысын, абийирин жана ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу менен зыян келтиргенде моралдык зыяндын орду толтурулат жана ушул эле Кодексинин 1028-статьясында моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү адептик запкынын мүнөзү сот тарабынан андай моралдык зыян келтирилген жагдайды жана жабыр тартуучунун жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталаары көрсөтүлгөн.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 18,1027,1028 - ст.ст., Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 132-133 - ст.ст. Жетекчиликке алып,
Суранам:
"Фабула" коомдук-саясий газетасын 2014- жылдын 18- июлда чыгарган "Райондук соттон баштап, Жогорку сотко чейин 1,5 миллион доллар алышты" деген статьясын негизсиз деп табууну.
"Фабула" коомдук-саясий гезитинин редакциясынан мага келтирилген моралдык зыян үчүн 2 000 000 сом өндүрүүнү.
Тиркеме:
Тез жардамдын баракчасы 1 бет.
Үй-бүлө жөнүндө справка 1 бет.
"Фабула" коомдук-саясий газетасынын 2014-жылдын 18-июлда чыгарылышы;
Жоопкер үчүн доо арыздын көчүрмөсү.
Газета Дело № 14.06.2012 ж. көчүрмө
"Фабула" газетасынын көчүрмөсү 18.10.2013 ж.
Доогер: У. Момбеков