Окууга Рыспайдын "Сагынуусу" менен өткөн

Советбек Урманбетов 1951-жылы 19-ноябрда
Жети Өгүз районундагы Саруу айылында төрөлгөн.
1971-76-жылдары Искусство институтунда окуп,
1977-97-жылдары Тоң райондук маданият үйүнүн
директору болуп иштеген. "Ленин тирүү биз менен",
"Жолуңдан тосоюн", "Кайрылуу", "Мажүрүм тал",
"Таанышуу вальсы" сыяктуу обондордун автору

Жетимишинчи жылдар обон дүйнөсүнө бир топ таланттуу жаңы ысымдарды апкелди. Обон чыгарууну 1974-жылы жазында "Жолуңдан тосоюн" (сөзү Медетбек Асылбековдуку) деген ыры менен баштаса да, музыка ышкыбоздоруна 70-жылдардын аягында тааныла баштаган обончу жана аткаруучу Советбек Урманбетов ошондой таланттуу жаштардан. Кээде обончулар арасында элдин жүрөгүнөн түнөк табуу жолу узарып, көпкө сүрмө топтун арасында анда-санда башы кылайып жүрө бергендер болот. Советбек антпеди. Ушул обону чыкканда искусство институтунун 2-курсунда эле. Ал кезде бир-эки жыл мурда окуган Түгөлбай, Асан, Жолдубай, Бекболоттун обон дүйнөсүндө төбөсү көрүнүп калган маалы, анан да жаштык курак, жаз айынын таасири, махабатка мас болуп жүргөн Советбектеги аткаруучулук жөндөмдөн жаратуучулук секиге алып чыкты көрүнөт. Аткаруучулук демекчи - ата-энеси жакшы ырдачу, ошолордон жуккан белем. Украина, Беларусияда согушкан ардагер атасы Асек Урманбетовдун акындык, жазуучулук өнөрү бар экен, 75 жаштан кийин калем кармап, китеби да чыккан. Өмүр бою баш бухгалтер болуп иштеген атасы баласынын ышкысын туюп, 9-класста 400 сомго вельтмейстер аккордеонун сатып берген. Апасы Зыйна мугалим болгон. Алты бир тууган - 3 кыз, 3 эркек. Советбек эркектин улуусу. Советбектеги өнөр башаты ошолордон башталып, табиятынан сыпаалык, сылыктык мүнөз ошолордон жуккан сыяктуу.
Анан ал касиеттүү көл көкүрөк түбүндө катылуу, ойгоноюн деп ойгоно албай жаткан өнөр көрөңгөсүн козгоп, куду көлдүн шапатасындай сезимдерин кытыгылап, толкундарындай жан дүйнөсүнө бүлүк салып, баштады окшойт. Көлдүн касиетин ушундан билиңиз, аерликтер тургай, эс алганы барган чыгармачыл адамдардын да көрөңгөсүн көбүртүп жиберер касиети бар. Толуп жаткан залкар таланттардын чыгышына ушу көлдүн касиети дем берди го. Табияттын ошол кооз тартуусун карап турганда, ар бир адамдын жан дүйнөсү эргип, суктануу жана сыймыктануу сезимдери аркылуу бир ыраазылык билдиргиси келери табигый көрүнүш эмеспи. Балким, ошол ыраазылык биринде сез берметтерине кынапталган ыр болуп, биринде ойкуп-кайкыган ак чардактай обон болуп оболоп, көл толкуну менен кошо асманга оболоп чыкса керек. Тереңде бейкапар жаткан көрөңгө кээде ушинтип ойгонуп, анан адамдын жан дүйнөсүн жай алдырбай көкүрөктү тээп чыгат окшобойбу. Балким, Советбек төрөлгөн Саруу айылынан чыккан атактуу Жапар Чабалдаев да көрөңгөнү ошол көлдөн топтогондур. Неси болсо да, аны 1959-жылы дүйнөлүк аренага алып чыккан ошол көлдүн касиетиби дейм. Балким, Советбекке да ошол ырыскы жугушуп, жагымдуу обондору менен кыргыз музыка тарыхында катталып калар азамат болоруна ошол көлдүн касиети пайдубал болгондур. Неси болсо да кереметтүү көл анын жан дүйнөсүн козгоп, талант учкундарын талпынтып, көлдөй чалкыган музыка дүйнөсүнө жолдомо берди.
Адам кандай өр таянса да, адегенде күчүн баптап, анан тээ алыста бүлбүлдөп турган үмүт отуна алы жеткидей абалын чактап, акыл-эсинин баарын ошол багытка багыштап коет. Советбек да мектепте өздүк көркөм чыгармачылыгына активдүү катышып, анан аны жетектеп да өнөр сересин өзү ырастай берди. Сабыржан, Дөкөн деген курдаштары аккордеон билгендиктен, Советбек аккордеондуу болгондо алар айланчыктап үйүнөн кетпей, керели-кечке кыяк тартышып, ошонун шарданы менен чебер ойногонго жетишкен. Бирок тириликке айыл чарба адистиги жакшы экен деп, ата-энесинин тили менен айыл чарба институтунун агрофакультетинде окуп жатканда, ырчылык өнөрү аркылуу бир топ таанылып калган Бээрман Бокоевдун азгырыгы менен искусство институтунун хор дирижеру бөлүмүнө өтөт. Анысы да өзүнчө кызык.
Мектепте окуп жүргөндө негедир Рыспайды телевизордон көргөн сайын түнү бою уктабай чыкчу. Анын "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Тезирээк эле билсемчи" деген ырларын ырдаганда курбулары, айрыкча кыздар кайра-кайра суранышар эле. Өзү да берилип ырдап, чеберчилигин бир топ бекемдеп алган
Институтка өтүүчү сынакта Рыспайдын "Сагынуу" деген ырын ырдады. Сынак башчысы, филармониянын ошондогу директору Амангелди Керимбаев экен. Кайра ырда деди. Жагып калган көрүнөт, кайра ырдап берди эле, 5 койгон. Өнөр жаатындагы мекемелерде жетекчи болуп жүргөн өтө талапкеч Керимбаевдин купулуна минтип толуш кыйын эле. Демек, ал Советбектин аткаруучу катары деңгээлин, андан ары келечегин көрө билген кыраакы инсан экенин ушундан билсе болот. Советбектин обончулук, аткаруучулук өнөрүнүн өр таяп кетишине ушу Рыспайдын "Сагынуусу" себепкер болгону үчүн аны таберигиндей аздектейт. Дегеле, обон дүйнөсүнө жакшы табылгалар менен келгени үчүн аны устаты катары көрөт.
Студенттик күндөр… Чоң билимдин босогосу, изденүүнүн, өз чыйырын табуунун кызыктуу учуру эмеспи. Анүстүнө Рыспайдын төңкөрүшчүл табылгаларынан улам өзүнө окшогон шыктуу балдар жамырап чыгып, ары жак, бери жакка беринип, тыпырап изденгендер, эгер өз чыйырын табалбаса, тиги көрүнбөс устаттарынын жөөгүнө түшүп, сүрмө топтун арасында атаандаштардын санын арбытып жүргөндөр… Ошол анча-мынча көрөңгөсү барлардын көкүрөгү алда кайда азгырып, обончулук өнөрдөгү өзгөчө бир жапатырмак чабуул жагдайы, Советбектин да ышкысын козгоп, адегенде обон дүйнөсүнө аралашып калган өзү курдуу балдар менен баарлашып, отуруштарда чогуу болуп дегендей, обончулук өнөрдүн сырын акырындап чегерип сурап, өзү да бирдемелерди чүргөй салып жүрдү. Бирок али студенттин билим деңгээлинен алып караганда, алар сын көтөрө албачудай сезди. Ошон үчүн кээ бир жолдошторуна окшоп "тууп-тубалекте" эл сотуна алып чыкпады. Бирок негедир бир жакшы нерсе жаралчудай жүрөк кургур үмүттүн учугун кое бербей, анын тынчын алып жүрдү. Анан бир күнү ошол учур келди…
Кечинде бөлмөдө жалгыз болчу. Жолдоштору менен чогуу жүрүп, негедир жалгызсырап уктай албады. Көзүн жумса да болбойт, кайра ого бетер баш-аягы жок ойлор чалды-куйду келе берип, уйкусун умачтай ачып салды. Уктай албасына көзү жеткен соң, китептерди барактап эрмек кыла баштады. Ошондо бир текстти көрдү да, кандайдыр бир күч кармап тургансып, андан ары барактай албады. Кыягын колго алар кез келгенин туйду. Жалгыздык, кыягы, анан өзү баса, анан тексттин мазмунунан көз алдына сызылып келген элес бар. Ушул жагдайдын баары ага бир жагымдуу кайрыктарды ташып келип жатты.
Ашыктык аябай,
Жүрөктү куйкалап,
Көп ойлор жүдөттү,
Көңүлдү уйпалап.
Мүмкүн сен бул түндө,
Жатарсың менчилеп.
Бүт кыял-санааңды,
Өзүмө энчилеп…
Же азыр төшүмө,
Жөлөсөң башыңы.
Жарпым бир жазылса,
Жанымдын ашыгы.
Таң атып баратат,
Муңканат бозоюң.
Сабакка баруучу,
Жолуңдан тосоюн.
Бул ыр Асылбек Медетбековдун "Жолуңдан тосоюн" деген ыры болчу. Ыр өзү жөнөкөй эле кайрыктардан куралганы байкалып турат. Бирок ошол жөнөкөйлүктүн ары жагында канчалык жагым, канчалык жандуу элес бар. Ыр бир аз шайдоот ырдалганы менен, анын артында сагынычка жык толгон, үмүткө ширелген муңдуу добуш турат. Бирок ал анчалык деле мүңкүрөгөн жок, Тек гана алгачкы сүйүүнүн күчүн жаздын жагымдуу жыты ого бетер ойкуштатып, муңкантып жибергендей. Анын үстүнө Советбектин үнү назик, тембринен мээрим төгүлүп турат. Ошон үчүн жаш жүрөктүн сүйүү алдында абдырап, айбыкканы сезилип, Советбек кейипкердин кейпин кийди да, Мажнун болуп чыга келди. Ар тарабы төп келген обондон ошо 1974-жылдан бери эл оозунан түшпөй, атүгүл азыркы жаштар да ырдап келатканы, Советбек элге жарыя кылган ушул тун ыры менен обон дүйнөсүнө шыр кирип өзүнүн татыктуу ордун таап, башкалардыкындай жүздөп саналбаса да, жыйырмага жакын обону менен чоң обончулардын катарына кошулуп калышына себеп болду.
"1979-жылы спорт сарайында "Кубулжу менин ырларым" деген концертте чогуу болгонбуз. Анда мен "Мажүрүм тал", "Жолуңдан тосоюн" деген ырларымды биринчи ырдап чыккам. Рыспай тамаша сүйлөгөн киши экен, сахна артында бизди күлдүрө берген. Концертке чогуу чыга турган болгондо, кээ бирлери кечигип калат, ошондо "Мындан көрө бизди көгөндөп койсо жоголбойт элек деп жатпайбы" - деп эскерет Советбек. Обончулардын республикалык кароосунда же телефестивалдарда жолугуп, жаштарга агалык таалимин айтканы, тамашасына карк болгону гана болбосо, бири көлдө, бири Ошто болуп, аны өзүнчө көрүнбөс устаты катары эсептеп, анын аткаруучулук, обончулук өнөрүндөгү табылгаларын үйрөнүп, өзүнүн чыгармачылыгында да колдонууга аракет кылды.
Бирок ага чейин анын чыгармачылыгы жалпы журт сынына 1977-жылы жаз айында "Сен сүйгөн обон" деген телекөрсөтүүдө коюлган. Ошондо башка обончулардын ырларын аткаруу менен, өзүнүн да обончулук тушоосун кескен. Ошол көрсөтүүдө ал элге жаңыдан гана таанылып келаткан обончу Түгөлбай Казаковдун ырларын аткарып, анын чыгармачылык стилин жактырарын, өзү да ошол багытта изденип, күч сынап жатканын айткан. Ооба, бул чыгармачылык түйшүккө жаңыдан баш коюп, өз чыйырын издеп жаткан жаш ышкыбоздун көз карашы эле. Андан бери чыгармачылыгынын өр таяган жолунда обончулук жана аткаруучулук жаатында өз жүзүн, өз стилин тапты. "Сагындым сени" (өзү Сталбек Бактыгуловдуку), "Жолуңдан тосоюн" (Асылбек Медетбеков), "Мажүрүм тал" (Мээркан Токсобаева) "Таанышуу вальсы" (Нурпаис Жаркынбаев) сыяктуу алгачкы обондору тез эле ыр кеселерде жаңырып, аны Рыспай, Калыйбек, Аксуубай, Мукан баштаган обончулардын жоон тобуна кошуп, аны республикалык телесынактарга чакыра башташты.
Советбек Урманбетов 1980-жылы аткаруучулук чеберчилиги боюнча телефестивалда биринчи орун алып, 1 даражадагы диплом менен сыйланган.
2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгында "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алган. 3 жолу бүткүл союздук фестивалдын лауреаты болгон.
Анын "Таанышуу вальсы" деген ыры айрыкча бүтүрүүчү класстар менен студенттердин кечелеринде нечен кыз-жигиттин сообуна калып, алар сөз менен айта албаганды:
Үлбүрөп денеңдин назиги,
Суктанам бул элеске.
Жүрөктүн өзүң болбо,
Ашыгы, ашыгы.
Жаш селки неге кечке,
Турасың бийлебей.
Тартынба, уяң болбо,
Жаш кезде күлүп, ойно….
деп, сезимдерин билдиргенге нечен ортомчу болду го. Чынын айтыш керек, ошо 70-80-жылдардын жаштары ар кандай кечелерде орустун же башка элдердин вальсына караганда ушу Советбектин "Таанышуу вальсын" көп пайдаланышар эле. Биринчиден, ырда жаштардын бүт ички туйгусун, баео сезимдерин ушу музыканын коштоосунда көздөрү аркылуу аркылуу билдирген учурларга көп эле күбө болдук. Ырас, кийин улуттук баалуулуктарда батыштын эстрадасына басмырлап берген жаштардын арааны жүрүп, бул вальс мурдагыдай көп колдонулбай калса да, өз учурунда дээрлик отуз жылдай музыканын вальс формасынын башында турду. Эми деле сынынан жаза элек. Баягыдай жаш бойдон, баягыдай жагымдуу, мукам. Эмки эстрада жылдыздары жайытын түгөткөндө, ал ырдын да бир кайрылып келер кези бардыр…
1977-жылдан 1997-жылга чейин Тоң райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Азыр көр тириликтин айынан шаарда. Кээде "тулпар - тушунда" болгон жаштыгын чогуу эскерип калабыз. Биз, замандаштары, бир кезде баш-оту менен обон дүйнөсүнө кайра бир карылар деген үмүт менен жашап жатабыз. Анткени алиге эл ичинде ырдалып жүргөн ырлары тынч койбос….
Бөкөнбай Боркеев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер