Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
"Журналистердин укугун тебелеген
мыйзамды кабыл алган…"
Басымдуусу аялдардан турган жоон топ депутаттар жалган маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзамды иштеп чыгып, аны көпчүлүк депутаттар колдоп, ага президентибиз ойлонупбу же ойлонбойбу кол койгон эле. Мыйзамдын кабыл алынгандыгына бир катар журналисттер каршы болуп чыгып, бирок журналисттердин каршылыгынан эч кандай майнап чыккан эмес. Эми ошол мыйзамга таянып, Ф. Кулов деген темир, андан кийин жыгач генерал деген атка конгон "Ар-Намыс" фракциясынын лидери эмдиги жылкы шайлоого эртелеп камынып, партиясына чаң жугузбоонун аракетинде "Партиям тууралуу терс пикир айткандарды сотко берем"- деп опурулду. Ал эми депутаттардын бул мыйзамы Баш мыйзамга каршы келээрин айтып, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Конституциялык сотко кайрылган эле. Ал боюнча Токтайым айым бизге буларды билдирди...
Токтайым айым, жалган маалымат тараткан журналистерди жоопкерчиликке тартуу боюнча кабыл алынган мыйзамга каршы чыгып, Конституциялык сотко кайрылган экенсиз, учурда иш каралып жатабы? Кечээ жакында "Ар-Намыстын" лидери Ф. Кулов аталган мыйзамга таянып, партиясы тууралуу терс пикир айткандарды сотко берем деп чыкты. Бу боюнча не дейсиз?
- Куловдун айтканы негизсиз. Анын негизсиз мыйзамга таянып айтканы кантип негиздүү болмок эле. Кабыл алынган мыйзам коррупциялык иштерге жол ачып берген мыйзам болду десем жаңылышпайм. Кыскасын айтканда мыйзам сөз эркиндигине кысым кылуу максатында кабыл алынган. Аталган мыйзам Баш мыйзамдын 12 беренесине карама-каршы келет экен. Мисалы коррупция менен күрөшүү, маалымат таркатуу деген беренелерге. Андан тышкары мыйзамды мамлекет тарабынан каржылаш керек. Тактап айтканда ар бир облуста, райондо маалыматтын жалган же жалган эмес экендигин аныктай турган адам болушу керек. Райондорго бирден штат ачып, атайын группа иштеши зарыл. Ал мамлекеттен каржыланат. Айтор мамлекеттен бир топ каражат талап кылынат экен. Бизге ушунун кереги бар беле. Демократиялык коомдо мындай болгон болбойт да.
- Мыйзам журналистерге кысым кылуу, сөз эркиндигин чектөө максатында эле кабыл алынган деп эсептейсизби?
- Албетте, ошондой. Мыйзамдын ишке кириши менен баягы эле соттор пайда көрүп, акчалуу болушат. Мыйзамды ойлоп чыккан депутаттар мыйзамды иштеп чыгып жатканда өтө чоң одоно каталарды кетиришкен. Биз сыяктуу Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, коомдук эксперттерди катыштырышы керек эле. Алар биздин пикирди эске албастан эле журналисттердин, элдин укугун тебелеп, аталган мыйзамды кабыл алып коюшкан.
- Депутаттардын кабыл алган мыйзамына президент кол койгону туурабы?
Мыйзам чийки болгондон кийин президент деле кол койбош керек болчу. Көп эле мыйзамга президент кол койбой, вето коюп артка жөнөтүп жатпайбы. Ошол сыяктуу аталган мыйзамга кол коердо деле ойлонсо болмок. Менин оюмча президенттин тегерегинде журналистерге каршы чыккандар, сөз эркиндигин чектигиси келгендер бар. Ошолор президентке туура эмес маалымат берипби же башка жолдор мененби президентке кол койдуруп коюшкан. Анын үстүнө президенттин тегерегинде укуктук мыйзамдарды билген кадрлар аз болуп жатат. Учурда Конститутциялык сот менин арызымды карабай токтотуп койгон. Январь айына чейин карайбыз дешти. Карайбы же карабайбы аны убакыт көргөзөт да. Карабаса мен аягына чейин арызданып, бул мыйзам менен акырына чейин күрөшөм. Анткени демократиялык коомдо сөз эркиндигине чектөө болбош керек. Болсо дагы мыйзамды жумшартып, башкача жол-жоболорду иштеп чыгышы зарыл.
- Сиздин бул аракетиңизди колдогон журналисттер болуп жатабы?
- Журналистер азырынча тынч эле турушат. Буюрса колдошот деп ишенем. Менин милдетим укук коргоочу болгондон кийин журналистердин укугун коргошум керек.
Өмүрбек Абдрахманов, ЖКнын депутаты:
"Биз чурулдап кабыл алдырбай койсок, Кулов менен Кочкарова..."
- Бизде демократиялык коом курула элек. Бизде авторитардык-советтик бийлик. Ошон үчүн улам бири журналисттердин оозун жапкысы келип жатат. Президент өзү ал мыйзамды колдоп жаздырткан. Аны мурун Скрипкина алып чыккан. Биз чуулдап кабыл алдырбай койсок, кийин Кулов менен Кочкарова алып чыгышты да, ага президент кол койду. Текебаев да журналисттерди коркутуп жатат "криминалды" колдойсуңар" деп. А өзү криминал "Жин" деген немени партиясына алып, Кара-Көл шаарына депутат кылган. Анысын да атып кетишти.
Үсөн Касыбеков, журналист:
"Сотко кайрылууга ким болбосун укугу бар..."
- Эми кеп мындай. Мыйзам орусчасы "за распространение заведомо ложных сообщений" деп аталат. Эристина Кочкарова тарабынан алып чыгылган. Эгер чындап жалган жалаа жаап жаткан болсо, сотко кайрылууга ким болбосун укугу бар.

Мирлан Алымбаев




Окурман ой бөлүшөт
Быйылкы жылы ноябрь айында Кыргыз милициясына 90 жыл болуп, ошол юбилейлик майрамды утурлай Ички иштер министрилиги милиция кызматкерлерин ишине байланыштуу чыгармаларга конкурс жарыялаган экен. Жакында ошол конкурста 1-байгеге татыктуу болгон. "Биз экөөбүз" деген китеп(автору кесиби математик КУУнун ардагери Назбүбү Эгембердиева) колума тийип калды. Китеп автордун өмүрлүк жары милициянын полковниги Бузурманкулов Жолдошбектин жөнөкөй милиция кызматкеринен милициянын полковниги наамын алганга чейинки башынан өткөргөн кыйынчылыктары, жетишкендиктери жөнүндө жазылып, ошондой эле союз учурундагы жаш кезинде айылдык кыргыздардын, айрыкча жаңы үйлөнгөн бүлөлөрдүн шаарга келгенде көргөн оорчулук турмушу сыяктуу, биздин курагыбыздагы замандаштар бир оор үшкүрүп ала турган учурлар эч боёксуз даана баяндалган.
Китептин автору менен курсташым, курбум болгондуктан булардын турмушу менин көз алдымда болду. Тааныбаган окурмандар бул жубайлардын китептеги окуяларына ишенип ишенбей да калышы мүмкүн, бирок жазылгандардын бардыгы турмуштун кашкайган чындыгы. Кээде айрым милиция кызматкерлеринин алдым-жуттум же дагы башка адамдарды иренжиткен кылыктары турмушубузда жок эмес. Ал эми Бузурманкулов Жолдошбектин китепте баяндалган адамгерчилиги , адилдиги, жөнөкөйлүгү милиция кызматкерлерине үлгү деп эсептейм.Турмушта Назбүбү менен Жолдошбек бири-бирине бап келген тамашакөй жубайлар.Алтындай уул -кыздарды тарбиялап, тууган -урук, жолдош -жорого кубаныч тартуулап, улууга да, кичүүгө да урмат-сый көрсөткөн сейрек кездешүүчү үй-бүлө.Анан калса экөө тең таланттуу жазмакерлер. Назбүбү Эгембердиева өзү математик болуп туруп "Мажүрүм тал жапжаш эле" жана "Коломтобуз өчпөсүн" деген эки ыр жыйнактын жана бир кара сөз түрүндө жазылган китептердин автору, жазуучулар союзунун мүчөсү.Азыркы китебине биринчи орун жөн эле жерден бериле калган эмес чыгар.
Китепти окуган киши турмуш чындыгын, жөнөкөй окумдуу жазылгандыгын тез эле баамдап, аягына кандай чыкканын сезбей калат.Кээде сезимталдарды көзүнөн жаш ,көкүрөгүнөн буу чыгартат.
Мага бул китеп белгилүү "Кыргыз эл акыны" Шайлообек Дүйшеев "Агындылар" чыгармасы сыяктуу сезилди. Салыштыруум олдоксон болсо эл акынан кечирим сурайм.
Кымбатуу курбум Назбүбү бул китеп сен жараткан китептериңдин акыркысы болбой, мындан ары да калемиң курчуп, эл сүйүп окуй турган чыгармаларды жаза беришиңе тилектешмин.
Алган сыйлыгың кут болсун.

КРнын эмгек сиңирген мугалими Баян Темирова