Советбек Арбаев, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси:
"Кененбаевге козголгон кылмыштарга кызматтык иликтөө кылсам болот, бирок..."

"Коомдун эң "сасык" жерин кармап олтурабыз..."
- Советбек мырза, бул кызматка келгениңизге 1 жылга жакындап калыптыр. Бул убакыттын ичинде мактоого аларлык, ооз толтуруп айтарлык кандай иштерди аткара алдыңыз?
- Жалпысынан алып айтканда, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кайсы тарабын карасаң баарында тең чечилбеген көйгөйлөр, чоң маселелер абдан көп. Ошондуктан азырынча мактана турган иштерибиз деле жок экенин ачык эле айтышыбыз керек. Андыктан биздин алдыда аткара турган, чече турган жумуштарыбыз абдан көп. Колдон келген мүмкүнчүлүккө жараша акырындык менен ар кандай көйгөйлөрдү четинен чечкенге аракет кылып жатабыз. 1 жыл ичинде бир топ эле иштерди аткардык. Аткарылган майда жумуштарды айтпай эле, стратегиялык маанидеги иштерди кыскача айтайын. Биринчи эле алдыма максат кылып койгон иш бул - кызматкерлерге коопсуздук маселесин толук чечүү болчу. Ошол ишти буюрса иш жүзүнө ашырып жатабыз. Экинчиси, жатак абактарда жаткан биздин жарандарыбыздын да коопсуздугу талапка ылайык сакталышы керек. Бул да абдан татаал маселе. Камалып олтургандардын баары эле оңолуп кетпейт. Өмүр бою эркинен ажыратылган адамдардын көбүнүн ой-максаты башка болот. Аны аңдап билип, керек болсо алдын алып турушубуз абзел. Жашырганда эмне, азыр түрмөлөрдө жаткандардын көбү кедей-кембагалдардын балдары. Кылган кылмыштары анчалык деле чоң эмес, айрымдарыныкы такыр эле майда кылмыш дегендей. Ал эми чоң кылмыш жасаган байлардын балдары бат эле эркиндикке чыгып кетип жатпайбы. Эгерде жакшы тарбия алышса, жогоруда айткан кедей үй-бүлөдөн чыккандар ал жолго барышпайт эле. Билим алышса, жумушу болсо, тарбиясы мыкты болсо кылмыштан алыс болмок да. Андан тышкары баңгизатка байланып, аны бизнес кылып алгандар да түрмөгө көп түшүп жатат. Спорт менен машыккан, күчтүү жигиттер да криминалдарга кошулуп алып, ар кандай кылмыштарга барып, оңой олжого туйтунгандардын эки гана жолу бар. Бири түрмө, экинчиси - өлүм! Алардын өмүрү узак болбойт, ашып кетсе 30-40ка чыгышат. Анткени бири-бири менен атышып, чатакташып, жаш өмүрлөрүн жайрап алышат. Акматбаевди, Көлбаевди алалы. Баш айланткан байлык топтошту, далайларды сыздатышты. Бирок элдин жазасы жетпесе, Кудайдын жазасы жетет. Мен бул кепти жаштарга, айрыкча спорт менен машыгып, криминалдарга кошулуп кеткен мырзаларга айтып жатам. Кыскасы, биз түрмөгө олтургандардын кайтарып гана олтурбастан, аларды бул жерге кантип, кандай жол менен келгенин өзүбүзчө анализдеп олтурабыз.
- Анын үстүнө, коомчулук түрмөгө олтуруп келген адамдарга башкача мамиле жасап калат эмеспи...
- Эң туура айтылган сөз. Түрмөгө олтурган адамдардын көбү коом менен аралаша албай, жат болуп калат. Мисал айтайын. Үйүңдүн эң сасык жери - бул даараткана. Бирок аны таза кармасаң корооң да, үйүң да таза болот да. Анын сыңарындай биз дагы коомчулуктун эң "сасык" жерин кармап олтурабыз. Ошондуктан анын коомго залакасы тийбесин деп катуу кайтарып, болушунча таза кармаганга аракет кылып жатабыз. Эгер биз жакынкы жылдары Мамлекеттик жаза аткаруу системасын жалтыратып жасап, бардык шарттарды түзүп алсак, анда бул көрүнүш коомдун, мамлекеттин аброюн көтөрөт. Мына ушул маселени ишке ашырууга жапа тырмак киришибиз зарыл. Бир сөз менен айтканда катуу тартип ушул жерден, түрмөлөрдөн башталышы абзел. Мына 28 жаштагы милиционерди өлтүргөн Сояпиндин кылганы коомчулукта катуу талкууга алынды. Тилекке каршы, ал туралуу бир аз туура эмес маалымат тарап кетти. Ал "колония жатак абакта" жүрүп, каттоого келбей койгону чын. Бирок милицияны өлтүргөндөн кийин №34 колониянын жетекчиси кызматтан алынды деген туура эмес. Кызматтан алынган жетекчи Сояпин бул оор кылмышты кылганга чейин эле башка маселе менен алынганын мен баса белгилеп айта кетейин.

"Кыскартканга болбойт, тескерисинче бизге 200 кызматкер керек..."
- Жаңы салынган түрмөлөр, ооруканалар тууралуу айтсаңыз?
- Ал маселени айтып мактанбай деле коеюн дедим эле. Сурап калдың, баш тарта албайм. Анализ кылып көрсөк, буга чейин, деги эле көп жылдан бери 1 жылдын ичинде үч чоң мекеме бүткөн эмес. Биринчиси №31 колониянын ичинде дүйнөгө белгилүү "Кызыл жарым ай" уюмунун жардамы менен 100дөн ашык орундуу учук оорусу менен ооругандар үчүн укмуштуудай сонун, оорукана курулуп бүтүп, сентябрда ишке бердик. Андай оорукана Кыргызстан боюнча жок деп ишенимдүү айтсак болот. "Кызыл жарым ай" коому ал ооруканага канча каражат кеткенин айткан жок, бирок ага кеткен жалпы чыгым болжол менен 150-200 млн. долларга барды го. Эми бул ооруканда 60 кызматкер эмгектене баштайт.
Экинчиси, түштүктө убактылуу кармоочу (СИЗО) мекеме курулду. Маалымат катары айта кетейин, түштүктө, тагыраагы Ошто эскилиги жеткен бир эле СИЗО болгон. Ошондуктан азырынча жаңы 60 орунду СИЗОну Жалал-Абадда бейөкмөт уюмдардын жардамы менен куруп бүтүп калдык. Бул күнгө чейин эле ачылып калыш керек болчу. Бирок бир аз кечигип кармалып жатат. Баткенден кылмыш кылгандардын баары Оштогу СИЗОго ташылып келип, ал да өзүнчө бир маселени жаратчу. Эми биз Баткенге да чакан СИЗО куруу үчүн жер бөлдүрүп алдык. Буюрса, эмдиги жылкыга аракет кылабыз. Бирок өкмөттөн акча каралган жок, андыктан башка булактардан издештиребиз.
Үчүнчүсү, Чүйдө эркинен өмүр бою ажыратылгандар үчүн жаңы түрмөнүн жарымы салынып бүттү. Анын имаратын куруу 2007-жылы эле башталган экен. Былтыр мен бул кызматка келгенде эмне кылсак да куруп бүтүү маселесин коюп, президент, премьер баштап бардык жерден акча булагын сурап, акыры 70 млн. сом бөлдүрүп, аталган имараттын курулушун бүтүрдүк. Бирок бүткөн менен аны толук кандуу иштете албай турабыз.
- Себеп?
- Себеби бизде кызматкерлер жетишпейт, жаңы ачылган штаттар жок. Ал жаңы түрмөгө азырынча 200 адамды киргизсек болот. Баары даяр: суусу, керебети, кийим-кечеси, айтор баары даяр. Ушул корпуста: штаб, бөлмөлөр, видео көзөмөл, канализация, айтор баары жайгашкан. Экинчи корпуска алардын кереги жок. Демек, курулуш жеңилирээк болот. Ал имарат да 200 орунду болот. Баары биригип бирден адамды кармаганда 400 орунга эсептелген. Бирок азыр биз бирден кармай албайбыз. Анткени, учурда эркинен өмүр бою ажыратылган адамдардын саны 288 адамга жетип кетти. Ошон үчүн 2-корпусту эмдиги жылы куруп бүтүү үчүн бюджеттен 200 млн сом бөлүнүп жатат. Анын үстүнө экинчи корпустун 3төн бир бөлүгү курулуп бүтүп калган. Мына ушул эки корпуста иштөөгө, бардык ишти толук кандуу аткарууга бизге 174 кызматкер керек. Азыр Жалал-Абадда бүтүп жаткан 60 орундуу СИЗОго да бардыгы болуп 60 кызматкер керек экен. Ал маселе да чечилбей турат. Себеби, биз жаңы оорукананы иштетүү үчүн биздеги болгон ваканттык орундарды кыскартып, (көбүнчө техникалык кызматтагыларды) эптеп өзүбүз 32 адамга штат ачып иштете баштадык. Өкмөт оптимизация жасагыла дейт. Мен эми аны да жасай албайт экенмин. Себеби, мага чейин эле көп нерсени байкаштырып, аңдабай эле оптимизация кылып жатабыз деп, абдан керектүү кызматтардын баарын жоюп, кыскартып салышыптыр. Эми дагы эмнебизди кыскартабыз?! Катуу тартиптеги, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү үчүн №50 түрмөдө азыр 46 адам жатат. Ушул түрмө ачылганда штат табабыз деп жатып, колониялардан кызматкерлерди кыскартып салышкан. Азыр ар бир колония жатак-абактарында 5-6 эле офицер адам иштейт. Анын үстүнө бизде баары тең талаа жумуштары, жакшы карабаса дыркырап качышат. Ошон үчүн аларга да кызматкерлер жетишпейт турат. Мисалы, бизде түрмөдөгү миң адамды көп болсо 12 адам көзөмөлдөйт. Бир сменде эки гана кыдырып текшеришет. Анан аларды кантип кыскартабыз. Жоокерлер болсо ага кошулбайт, алар сыртында турушат. Кыскарта турган эч нерсебиз деле калбаптыр. Мунун баарын өкмөт дагы, президент дагы жакшы эле түшүнүп жатат. Бирок бизде каражат тартыш болуп жатпайбы. Мына президентибиз коргонуу, коопсуздук маселесине жакшы көңүл буруп, көйгөйдүн баарын чечкенге аракет кылууда. Маселен, биринчи кезекте чек ара тармагына көңүл бөлүп, жаңылбасам кошумча 800дөй штат ачып, айлыктарын көтөрдү. Андан кийин, ИИМге да көңүл бөлдү, бир топ жардам кылды. Менимче, эмки кезек бизге жетти окшойт деп ойлоп жатабыз. Биз да суранып жатабыз, бизге азыр 200гө жакын штат ачып берсе, ушундай оор ахыбалдан чыгып кетет элек.
"Өлүм жазасына караганда, абийир жазасы күчтүрөөк..."
- Учурда Кыргызстан боюнча канча адам түрмөдө жатат?
- Кыргызстан боюнча 11 колония, 14 жатак түрмө, убактылуу кармоочу жайдан алтоо бар. Эки жыл мурун түрмөдөгү адамдардын саны 9 миңге жеткен, азыр 10 миң деп айтабыз. Бул көрүнүш жылдан-жылга кылмыштуулуктун өскөнүнөн кабар берет. Бирок биз бир чоң маселени иштеп чыксак, анда жатак абакта жаткандардын саны 50 пайызга чейин кыскарат эле. Биз шартка жараша түрмөлөрдү салып жатаб ыз.
(Башы 8-бетте)
Бирок бизге жайнаган түрмөлөр эмес, сапаты мыкты, бардык шарты бар, чоңураак аз сандагы эле түрмө керек болот. Мисалы, №1 СИЗО шаардын ортосунда турат. Ал жерде тополоң чыкса эмне болот. Автоматтар менен атса, көчөдөгү элге тиет да. Милиция, спецназдар ал тополоң чыккан жерге биздин жолдордогу ушундай тыгын менен жеткиче эле, болчусу болуп, боесу канып калбайбы. Ошон үчүн мен №1 СИЗОну шаардын сыртына которуп салуу боюнча сунуш киргизип жатам. Акыркы учурда анын турган жери эл үчүн абдан кооптуу, ыңгайсыз болуп калды. Эгер бизге шаардын сыртына мен деген бизнесмендер, чет элдик донорлор жаңы СИЗО салып беришсе, биз алмашуу иретинде №1 СИЗОнун жерин бүт берет элек. Ал жерге мейли көп кабаттуу үй, мейли соода борборун курушсун. Бул маселе боюнча ыңгайлуу шартты издеп жатабыз, биздин көңүлгө толгон сунуштар болбой жатат.
- Сиз айткан 10 миң адамды тамак, кийим ж.б. менен камсыздап багып турууга мамлекеттен жылына канча каражат бөлүнөт?
- 370 млн. сом бөлүнөт. Бирок биздин сураганыбыз 2,5 млрд. сом. Ошондо 30 пайыз эле берилип жатат.
- Ошондой болсо да түрмөдө жаткандардын тамагына берилген акча бала бакчада, мектепте, ооруканаларда берилген тамактын акчасынан көп болуп жатпайбы. Адам өлтүргөн, кыз зордуктап, талап-тоноп, коомдун "эң сасык" жеринде олтургандарды жаш өспүрүмдөрдөн, оорукчан адамдардан "жакшы көрүп", аларга көп акча бөлүп ушунча бапестеп бакканыбыз кайсы логикага сыят?
- Туура, эч бир логикага сыйбай калат. Бирок бизде система ушундай болсо эмне кылабыз. Акылга салып, шартка карап, бул маселени түп-тамырынан карап көрсөк жакшы эле болмок.
- Коомчулукта акыркы жылдары кылмыштуулук абдан өсүп, ал өз апогейине жетип турат. Ошондон улам өлүм жазасын киргизүүнү сунуштагандар да арбын. Бул сунушка сиздин көз караш кандай?
- Мен өлүм жазасын киргизүүгө каршымын. Адамдын өмүрүн кыюу адамдын эмес Кудайдын колунда болуш зарыл. Биз өзүбүздү демократиялык мамлекет да жар салгандан кийин анын шарттарын бузбашыбыз керек. Эгер биз өлүм жазасын киргизек, эл аралык аренада аброюбуз түшөт. Сырттан келип жаткан жардамдар да кыскарат. Кыскасы, көп маселе кескин түрдө өзгөрүп кетет. Эгер биз түрмөдөгү тартиптерди катуу сактап, улам күчөтүп турсак, ал жаза керек болсо өлүм жазасынан да күчтүү болуп кетет. Элестетип көргүлөчү, 30 жыл түрмөдө, болгондо да жалгыз камерада жатса, сыртка чыга албаса, адамдар менен эркин сүйлөшө албаса, тамеки чеге албаса, кээ бирөөлөр мындай шартта өз жанын кыйып да коюшу мүмкүн да. Бирок аларды кармап турууга кетип жаткан каражат чындыгында мамлекетке оорчулук алып келүүдө. Андан тышкары, түрмөдө олтурган адамдардын, өлүмгө буйрулгандардын туугандарын да ойлошубуз абзел. Ата-эне, тууган-тушкан деген бар. Эгер алардын балдары кылмыш жасап койсо, ошол адамдын тууганы экенин айта албай өзүнчө сынып, элден уялып калат. Демек, өлүм жазасына караганда абийир жазасы, коомдун уяткаруу жазасы күчтүүрөөк болуп кетет. Биз мына ушуну түшүнүшүбүз керек.
Негизинен алганда биздин мыйзамдар абдан гумандуу. 15 жыл жаза алса, ар кандай мунапыска илинип олтуруп, 5 жылда чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк болот. Ошон үчүн, айрым бир жумшак мыйзамдарды катуулатып койсок жарашмак.
- Мурунку жылдарга салыштырмалуу, азыр түрмөдө олтургандарга мунапыс көп эле берилип калды. Жылына канча адам ушул шарт менен бошонуп кетип жатат?
- Туура, мунапыс көп эле берилет. Быйыл биз баарын эсептеп, шарты туура келген 6 миң адамга мунапыс сураганбыз. Бирок 4500 адамга мунапыс берилди. Себеби колония поселениеде болуп, качып жүргөн 1200 адам бар. Ошолорго да мунапыс колдонулмак. Алар мунапыс берилерин түшүнүшпөй же ишенишпей келбей коюшту. Ушул себептен аларга бул жолу да мунапыс берилген жок. Эми түшүндүрөйүн. 4500 адамга мунапыс берилди десе, эл ошонун баары жыргап эркиндикке чыгып кетти деп түшүнбөшү керек. 4500 адамдын ичинде таза кутулуп, эркиндикке чыккан 143 эле адам болду. Калганы түрмөдө эле жатышат. Бирок мунапыска илингенден кийин жасаган кылмышына, мунапыстын талаптарына, эрежелерине ылайык жаза мөөнөтү ар кандай убакытка кыскартылат. Анан ошол мөөнөтү бүткөндө гана эркиндикке чыгышат. Азыр дагы ЖКнын депутаттары тарабынан түрмөдөгү жашы жете элек балдарга, аялдарга дагы бир мунапыс даярдалып келиптир. Биз карап көрсөк, ал мунапыстын талабы менен жаш балдардан 1, аялдардан 1 адамга эле туура келет экен. Ошон үчүн 2 адам үчүн мунапыс болобу деп аны кайра артка жөнөттүк.

"Карышкырдын" ал тасмасын иликтеп жатабыз..."
- Эми үч жолу кылмыш козголсо да ордунан козголбой 2-3 жылдан бери иштеп жаткан биринчи орун басарыңыз Кубанычбек Кененбаевдин маселесине кенен токтолсок. Анын кылган "керемет иштерин" коомчулукка биздин гезит жарыялады. Эмне үчүн ага тиешелүү чара көрүлбөйт?
- Мен аскер адамымын. Аскердик тартипке көнгөнмүн. Ошон үчүн өкмөттүн мен келгенге чейин эле дайындап койгон орун басарларым менен иштеп жатам. Бул жерде илгерки дасыккан адистердин баары кетип калыптыр. Кадрлардын көбү жаш, ишти жакшы билишпейт. Жакында коррупция жана тартип маселеси боюнча чоң жыйын өткөрөм. Анда Кубанычбек мырзанын да бир кызматы бар. Мен Кененбаевди сыртынан көптөн бери таанычумун. Бул жерге мен келгенден бери чогуу иштеп жатабыз. Анын ишине көз салып келатам. Өз ишин билет экен. Азырынча иш боюнча менин ага дооматым жок. Менин мындай мүнөзүм бар. Болуп өткөн иштерди чукубайм. Болору болдубу демек, ага көп кармалбай алдыга жылыш керек да. Ал эми силердин гезит жарыялган фактылар башка кеп. Аларды мен жакшы билбейт экенмин. Андан башка да өз декларациясын туура эмес толтуруп, премьерден сын угуп, тил угуп калды. Бирок менин Кененбаевди ушундай иштерге бардың деп кызматтан алып салууга укугум жок. Аны өкмөт башчы өзү чечет. Ошондой болсо да, ал эгерде күтүүсүз түрдө кылмыштарды жасап жиберсе анда, өкмөт башчыга айтып кызматтан алып салууга укугум бар.
- Сөзүңүзгө аралжы. Үч жолу кылмыш ишин кылса, алары аягына чыкпай токтоп турса, дагы кандай кылмыш кылышы керек? Бул жетиштүү эмеспи...
- Жетишсиз же жетиштүү деп айта албайм. Анткени мен ага козголгон кылмыштарды териштирген эмесмин. Канчасы чын, канчасы ашыкча айтылганын билбейм. Кызматтык иликтөө жүргүзөм болот. Бирок мага чейин болгон иштердин убактысы да өтүп кетти да. Өзү болсо таптакыр башкача айтып жатат, угуп олтурсаң өзүн ак деп эсептейт. Кыскасы, сот же прокуратура тарабынан кандайдыр бир чечим чыкпаса, мен өз алдымча иш кыла албайм. Балким, башкача чечим чыгып калса, анда мен кандай деп айтам. Бул ишке кийлигишип мага депутаттар деле чыккан жок. Билбейм эмес, баары мындай же андай деп айтуу кыйын. Мен өмүр бою саясатка аралашкан эмесмин, мындан ары да аралашкым келбейт. Кийинки чыккан бир да партияга мүчө болбодум. 1980-жылдары абдан чоң кыйынчылык менен коммунисттик партияга мүчө болгом. Ошол партия жоюлуп кетсе да анын мүчөсү бойдон калып, ушул күнгө чейин партбилетимди төш чөнтөккө салып жүрөм. Мен партиянын катардагы мүчөсү элем. Бирок ошол партиянын талабы укмуш эле да. Азыр партияларда ошондой талап болсо, таза жана абройлуу болсо, анда ал партияга азыр мүчө болуп өтмөкмүн.
- Коомчулукту кызыктырган дагы бир суроону узатайын. Криминал чөйрөсүнүн дагы бир лидери каймана аты бар "Карышкырдын" түрмөдө кыйналып, мурдагыдай "азуусун көрсөтпөй" үлдүрөп сүйлөгөн сөзү интернетке чыкты. Же аны "сындырып" коюшканбы?
- Биздин гумандуу сотторубуз "Лимонтини" №1 СИЗОдон чыгарбай койду. Биз болсо аны №50 түрмөгө которууга аракет кылдык эле, аныбыз ишке ашпай турат. Ал эми "Карышкырды" криминал чөйрөсүндө, таасири чоң дешкенден улам Нарындагы түрмөгө олтургузганбыз. Анын сүйлөгөн тасмасы кандайча болуп интернетке чыгып кеткенин, аны кимдер уюштурганын азырынча билбейбиз. Бирок ал боюнча өзүбүзчө иликтөө жүргүзүп жатабыз. Мына биз бир жылдын ичинде бир нече түрмөлөрдүн ичине онлайн режимде көрсөткөн видео көзөмөл койдурдук. Видео жазылып калган материалдар 6 айга чейин сакталат. Ал аркылуу ар кандай чыр-чатактарды иликтегенге жакшы шарт түзүлүп жатат. Видеокөзөмөлдү бардык түрмөлөргө орнотуу аракетин ишке ашырабыз. Эскилиги жетип калса да, кайда жүргөнүн баарын билип туруу үчүн "Автозактарга" да GPRS койдуруп жатабыз.
Чынында криминал деген балакет экен да. Мейли бүгүн биз бир "Карышкырды" жоготсок, эртең анын ордуна эки-үч "Карышкыр" чыгат да. Криминал менен күрөшүүнүн бирден бир жолу - бул коомчулук менен бирге ага каршы туруу болуп эсептелет. Мисалы, айыл жерлеринде чектен чыккан жаштарды аксакалдар аркылуу тартипке салуу ж.б. Эгер биз ушул маселени талапка ылайык колго алып, жогорку деңгээлде уюштурсак, анда криминал аз болмок. Коомчулуктун аң-сезимин өзгөртүп, ушундай идеологияны баштоо учурдун талабы болуп турат.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев