Тасмаларга цензура керекпи?

Маданият министри Алтынбек Максүтов алдына бир топ иштерди пландап алып, ошол иштердин үстүндө иштеп баштагандай. Министр болгондон тартып эле буга чейин маданияттын мыкты кызматкери наамына ээ боло албай жүргөн бир канча маданият өкүлдөрүнө маданияттын мыкты кызматкери, дагы башка грамоталарын берип, аларды ыраазы кылды. Андан көп өтпөй эле мурда кабыл алынып, бирок иштебей жаткан тасмаларды көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун козгогонбу, ЖКдагы айрым эл өкүлдөрү тасмаларды цензуралоо керек дегендей пикирлерин билдирип чыгышты. Мындай демилгеге каршы болгон мурдагы маданият министри Султан Раев тасмалар эркин тартылышы керектигин, анткени тасма тарткан адам чыгармачыл экендигин, цензура болсо чыгармачыл адамдын укугу тебеленээрин айтып, күйүп-бышты. Бул маселе боюнча биз кыргыз коомчулугундагы белгилүү режиссерлорго суроо узатып, жооп алдык…

Алтынбек Максүтов, Маданият жана маалымат, туризм министри:
- Бул мыйзам мурда эле бекитилген. Биз болгону мыйзамга бир аз толуктоолорду киргизүүсүн депутаттардан өтүнүп жатабыз. Негизи аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин иштеши керек. Туура, мыйзамга каршы болгондор да болушу мүмкүн. Бирок бизде тартип деген болушу керек да. Ар ким эле каалаганын кылып тартчусун тартып, койчусун кое берсе эмне болот, мамлекетте мыйзам иштеп, кимибиз болбойлу мыйзам алдында иш алып барсак, иш оңуна жылат. Албетте, мыйзамдар туура кабыл алынса. Кээ бир учурда ишке каршы келген мыйзамдар деле кабыл алынып калып жатпайбы. Бул жагын да эске алышыбыз зарыл.

Эрнист Абдыжапаров, режиссер:
- Буга чейин кинодо бир дагы жолу мыйзамды бузган тасмалар болгон эмес. Эгер порнографияны колдонуп, улуттар аралык араздашууну козгоп же бийлике каршы үгүттөгөн кинолор кинотеатрларда көрсөтүлгөн учурлар болсо, анда мындай чара көрүш керек эле. Бирок тырмактай эпизод үчүн "Ээнсиреген үй" тасмасынын ээси, белгилүү режиссерубузду көрүүчүлөр өздөрү эле "чокуп" жатып, экинчи мындай кино тарттырбаска мажбурлашты. Демек цензураны ойлоп чыккан чиновниктер эмне себептен бул чараны көрүп жаткандарын өздөрү билишпейт.

Темир Бирназаров, режиссер:
- Бул мыйзамдын кабыл алынганына бир топ жыл болду. Мыйзамды цензура деп деле айтышка болбойт. Болгону улут аралык касташууга, дин аралык чатакты козгобоого, саясий жаңжалдарга жол бербөөгө негизделип эле кабыл алынган эле мыйзам. Бирок мыйзам күчүнө кирип иштеши керек. Мисалы чет өлкөдөн эмне деген гана тасмалар келип жатат. Биздин каада-салт, менталитетибизге туура келбеген тасмалар келип, көргөзүлүп жатпайбы. Ошонун баарына тыюу салыш керек. Кыскасын айтканда Маданият министрлигинин, депутаттардын мыйзамды кайра козгоп, өзгөртүү киргизип жаткандыгын толук колдойм.

Замир Эралиев, режиссер:
- Цензура деген жаман нерсе. Цензураны которгондо - ачык бир нерсени айта албайм, корком деген сөз. Бирок өлкөгө, элге зыян келтире турган нерсе болсо, анда сөзсүз цензура керек. Мисалы, коомдун менталитетине туура келбеген жагдайлар болуп калат. Айталы уят кинолор тартылып калышы мүмкүн. Аны тыйыш үчүн албетте цензура керек. Кылмыштуу кинолор тартылып жатат. Бирин-бири бычактап салган. Ал кинолор адамдын аң сезимине тескери таасир берет. Адамды бузат. Андайлардын өнүгүшүнө жол бербөө үчүн цензура аба менен суудай зарыл. Кыскасын айтканда мен тасмаларда болобу, башкасында болобу цензура керек деп эсептейм.

Мирлан Алымбаев