Каражат кайда - калк билет

Эки жагы шыңкыйган терек тизилген түптүз жол менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенка айылына киресиң. Айыл ичиндеги үйлөрдүн штакетниктери да жапжашыл түскө боелуп, бул айыл башка айылдардан айырмаланып турат. Айыл өкмөткө Липенка, Ичке-Булуң, Богатыровка, Зеленное айылдары кирип, калкы болжолдуу 4685 адамды түзөт.
Ар улуттун өкүлдөрү жашаган бул айыл өкмөттө 20 кыймылсыз мүлк жана инфраструктура обьектилер - мектептер, бейтапканалар, административдик имараттар, китепканалар, маданият үйү, участкалык милиция, жаштар уюму турган турак жай жана башкалар кирет экен. Айта кетүүчү нерсе, ошол обьектинин баары жакшы абалда, ремонттолгон, таза тыкан, көркөм жасалгаланган. Айыл өкмөткө тиешелүү 4 комбайн, бир эксковатор, бир камаз, 12 жылкы бар бар. Акыркы күндөрү кызмат машина алышкан. Айылдын бюджетинин эсебинен жакында 700 миң сомдун тегерегиндеги акча каражатына пескоблок, брусчатка чыгарган аппарат алынып келингени турат. Ал иштесе жаштар иш менен камсыз болот деген тилекте айыл тургундары.
Бул айыл быйылкы жылы облустагы "Эң мыкты айыл өкмөтү" деген атка татыктуу болуп, байге алды. Мени таң калтырганы - айыл өкмөтү Болот Сулайманов былтыр төртүнчү жолу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ошондо ал бул жерде 13 жылдан бери ушул ишти аркалап келет. Мунун сыры эмнеде? Адатта адамдарга тегиз жагып кетүү мүмкүн эмес го. Илгери бир хан жаман чапан кийип алып элди кыдырыган имиш. Эч бир кишиден өзү жөнүндө жакшы сөз уга албаган соң тагына кайтып келип, казынасын ачып элге чача баштайт. Андан кийин гана баягы жаман чапанын кийип эми эл мен жөнүндө жакшы ой айтаар бекен деген кыязда элди кыдырат. Жол боюнда турса, кемпир-чал бир койду мүйүзүнөн сүйрөп, кимдир бирөөнү тилдеп баратат дейт. Алардан хан: "Эмне мынча нааразысыңар?" - деп сурайт. Беркилер: "Бүгүн хан казынасын элге таратып жатыптыр. Бизге бир кой тийди" дейт. Хан таң калып: "Анда эмнеге нааразысыңар?"- деп сураса беркилер: "Койду бергенден кийин байлап алып кетчү жибин кошо бербейби", - деген тура. Анын сыңары, адам башка бирөөнө байлыгын чачып да жага албас. Айтайын дегеним, Болот аганын элге жакканы чапкылап эл көйгөйүн чечүү менен күрөшүп жүргөнү, ишти баштаганда эле бардык маселени эл менен биргеликте чечкенинен го. Себеби ал алгач бул ишке келгенден бери эл менен бирге айыл бюджети канча, аны кайда жумшаш керек деген маселенин үстүндө кийинки жылга план курат.
Бул айылдагы чоң көйгөй суунун жетишсиздиги болгондуктан, айыл өкмөт жергиликтүү бюджеттин, ЮСАИДдин, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен 5 насостук станция курулду. Ошонун аркасында учурда таптакыр пайдаланылбаган 2200 гектар жер сугарылып жатат. Союз убагындагы тонолуп калган дагы башка насостук станцияларды калыбына келтирип, быйылкы жайда 9 насостук станция иштеди. Өзгөчө быйылкыдай кургакчылыкта мунун мааниси ого бетер арта түштү. Эл менен кеңешип спорттук аянтчалар жасалды, эки жаңы мектеп салынды, айылдагы ички жолдордун 95 пайызы оңдолуп бүттү. 4 айылда тең борбордук көчөлөрдө жарыктар коюлду, муз аянтча уюшулган жерлер жарыктандырылды.
Айылда жыгач устачылык менен алектенген, тактай тилип иштеген, кол өнөрчүлүк менен шугулданган адамдар бар. Көпчүлүгү мал бордоп семиртет. Чет элдик долбоорлор аркылуу 100гө жакын аялга үрөн берилип, алар өз огороддоруна сабиз, бадыраң, помидор өңдүү жашылчаларды айдап, өздөрү да колдонуп, базарга да сатып үй-бүлөлүк бюджетин толукташты.
"Липенка айыл аймагынын 2015-жылга түзүлгөн бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн долбоору айыл өкмөттүн кирешелер боюнча маалыматтарынын, райондук салык инспекциясынын, райондук казынанын, мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана автоинспекция сыяктуу мамлекеттик мекемелердин маалымат базасынын негизинде иштелип чыккан. Айыл өкмөттүн бир жылдык бюджети 12 миллион сомду түзөт. Анын 5 миллионун "Кумтөр" берет. Калганы жалпы мамлекеттик салыктар, жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салык эмес кирешелер, муниципалдык менчикти башкаруудан алынган кирешеден келет",-дейт айыл өкмөтү. Ал ар бир атуул республикалык жана жергиликтүү бюджетин түзүүгө катышып, корогон чыгашалар боюнча маалымат алууга укуктуу деген ойдо.
"Бир эле маселе менен - "Бюджетти кандай бөлүштүрөбүз?" деген суроо менен элди чогултуп алып, эң алгач жарандардын суроо-талаптарын угабыз. Анан аны салмактап көрүп, кайсы көйгөй талылуу болсо, кийинки жылда ишти ошондон баштайбыз. Эки жыл мурда жол боюнча көп суроо-талаптар болуп, жолдорду оңдодук. Натыйжада баткакка белчебизден батпай тыңып калдык. Бул жылы 2015-жылдын бюджетинин долбоорун толук болбосо да бюджеттин чама-чаркына жараша пландаштырдык. Эң приоритеттүү долбоорго таштандыларды төгүү жайларын куруу, калган жолдорду оңдоо, ичүүчү суу тармактарын оңдоо-тазалоо деген маселелер кирди. Ушул 3 маселеге 5 095 млн.сом акча каражатын кароо пландаштырган. Андан кийин башка маселелер", - дейт Болот Сулайманов.
Бул айылдын дагы бир өзгөчөлүгү мында балык өстүрүүчү 21 көлмө бар. Анын 19у айыл өкмөткө карайт. Булар эки жылдан бери жанданып, ээлери аны менен тиричилигин көрө баштады. Айыл өкмөттүн айтуусу боюнча, дагы бир канча жылдан кийин айыл Ысык-Көл облусун толук балык менен камсыз кыла алат. Жакынкы жылдары түзүлгөн "Ысык-Көл көлмөчүлөрү" деген ассоциация эки жылдан бери ушул айылда ар кандай кызыктуу конкурстары бар балык фестивалын өткөрүп келет. Ага Каракол, Бишкек шаарларынан балык кармоону сүйүүчүлөр, чет мамлекеттен, ПРООНдон өкүлдөр келет. Бул иш-чарага айыл өкмөттөн 40-50 миң сом сарпталса, балыкчылар 2-3 миң сомдон берип, демөөрчүлөр колдоп, айтор 100 миңдин тегерегинде акча каражаты кеткен менен, долбоорлор аркылуу миллион сом түшөт экен. Көлмө ээлерине долбоорлор менен сазан, карп, белый амур өңдүү балыктар кое берилет. Тоюту көбүрөөк көлмө болсо, алар бир жылда бир кило­-
граммга чейин чоңоет.
Жакында эле ирандыктар келип ушул көлмөлөрдү жактырып, бул багытта кызматташууга болот деген ойлорун ортого салышты. Айылга канаттуулар фабрикасын курууга да ылайыктуу дешет алар. Бул багытта айыл өкмөттүн 15 миң тоокко эсептелинген долбоору бар. Аталган долбоор ишке ашса, 200-300 киши жумуш менен камсыз болот экен.
- Стабилдүүлүктү сактоо, жаңжалдарды болтурбоо үчүн жакшы жумуш жүрүшү керек. Өкмөттүн саясаты боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эң башкысы айыл бюджети кандай колдонуларына эл жапатырмак катышканы оң деген ойду карманган Болот Сулаймановдун позициясы эл менен жергиликтүү бийликти ынтымакта иштөөгө жетелейт. Алар бири-биринен жашырган маселе жок. Айылдыктар да бюджет айкын болгону карапайым эл үчүн жакшы экенин билдиришүүдө. Карапайым калк бюджет ачык болгонго чейин талкаланган обьектилерди, баткакка жуурулушкан жолдорду, кумсарып кургап жаткан талааларды көрүп, "акча жетишпейт" деген сөздү угуу менен бюджет деген нерсени түшүнчү эмес. Айыл өкмөттө канча акча бар? Ал акча каражаты кайда кетип жатат? Эл үчүн бул туңгуюк эле. Эми болсо эл айылга жарандардан, башкалардан канча акча түшөт, алар аркылуу кайсы жумуш бүтүп жатат, алдыда дагы кандай көйгөйлөр чечилүү жолунда деген маселенин баарын көз алдыларына элестете алат. Керек болсо ага өзгөртүү да киргизишет.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА