Султан Жумагулов КТРКны жакшырта алабы?

Аз күн мурун КТРКнын башчылыгына бекиген Султан Жумагулов кандай иштейт, мындан ары КТРКнын ишин жакшырта алабы деген суроо менен айрым журналисттерге кайрылып жооп алдык. Чындыгында кесиптешибиз Султан агабыздын иш тажрыйбасына, баскан изине саресеп сала турган болсок, Султан агабыз иш тажрыйбасын ыраматылык Мелис Эшимкановдун эң алгач ачылган "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп баштаган. Андан кийин "Асаба" гезетинде жооптуу катчы, "Би-би-си" радиосунун кыргыз кызматында кабарчы болуп эмгектенген. Бакиевдин учурунда Ак үйдө, басма сөз кызматында Оксана Малеванаянын кол алдында эмгектенген да жайы бар. 2010-жылдагы элдик революциядан кийин "Азаттык" радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеп, 2013-жылы президенттин буйругу менен "ЭлТР" телеканалынын жетекчиси болгон.

Азимжан Ибраимов, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редакторунун орун басары:
- Султан Жумагулов, эң оболу, кесипкөй журналист. Ал көп республикалык жана эл аралык маалымат каражаттарында жетекчилик кызматтарда эмгектенип, масс-медианын ишин башкаруу боюнча дасыгы жетиштүү деп ойлойм. Анын талдоочулук (аналитик) сапатына да артыкчылык берүү абзел. Эгерде мамбийлик ага артыкчылык берген болсо, мындан проблема издеп кереги жок. Анткени кандай бийлик болбосун, өз саясатын элге сапаттуу жеткирүүнүн каражаттарын издейт, тандайт. Демек, КТРКны жана анын ресурстарын да пайдаланат, ага милдеттүү. Эгерде С.Жумагуловдун ВВСде, "Азаттыкта" "ЭлТРдеги ишмердигин эске алсак, ал КТРКда реформа жасаганга да жарайт, болгону аны колу-бутка ургулабай, колдоо керек. Чынында, шайлоого аттанган атаандаштардын арасындагы эн татыктуусу деле ушул талапкер болчу.

Сурат Жылкычиев, "Азия ньюс" гезитинин баяндамачысы:
- Султанды жакшы билем. Курдаш болуп кетебиз. Ошондуктан курдаштардай эле айтайын. Ал телевидениеге асмандан түшө калган жок. Чыгармачылыктын ар кыл казанында кайнады. Тээ "Асаба", "Агым" гезиттеринен баштап бүгүнкү күнгө чейин кол үзө элек. Албетте бирде кайнады, бирде кайнабай тунуп калды. Бирде Султанга от жагып көрүштү, жакшы күйдү, жалындап күйдү. Азыркы тапта КТРКны жетектеп, бардык жагын "сапырам" деп шымаланып турган чагы. Сапырса сапырат да. Буга чейинкилер деле сапырам деп убада берип келишкен. Тууганымдын катуу киришип жатканына караганда бир билгени бар го? Эң негизгиси эйфория деген азгырыкка кирип кетпей түз иштесе, иштин майын чыгарат. Бир кемчилигин айта кетпесем туугандык жагым кайсы? Калыстык жагынан тузу кемип тургансыйт. Азыр элдин баарын алдай албайсың. Бирөө алданган менен экөө алданбайт. Ушу заманда жашыра турган эч нерсе калбай калды. Ушуну эске алсын дейт элем. Эгер өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошом десе кай жерден жана ушу жерге кантип келгенин унутпаса деп кошумчалагым келет.

Семетей Талас уулу, журналист:
- Султан Жумагуловдун ишине оң баа бере албайм. Себеби Султан байке буга чейин "Азаттык", "ЭлТР" каналын жетектеди. Бирок көзгө көрүнөөлүк иш кылганын көргөн жокмун. Тескерисинче бир нерсе болсо эле журналисттер ушак жазасыңар, антип жазасыңар, минтип жазасыңар деп журналисттерге кыйынсынып жүрөт. Өзү эл оозунда каларлык көрүнүктүү материал жазганын деле көргөн эмесмин. Эми КТРКнын ишин кантип жакшыртат айтыш кыйын. Негизи КТРКдагы шайлоо саясий негизде эле болуп калды. Султандан башка мыкты талапкерлер бар болчу. Ошолорду деле карап көрүп, дайындашса болмок.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, журналист:
- Султан Жумагулов кесиби жагынан карасак дасыккан журналист. Журналистиканын ар тармагында иштеди. Чет элдик маалымат тармактарында да иштеп тажырыйба топтоду дегендей. Ал жагында кеп жок. "КТРКга Жумагулов келди эми укмуш кылып оңдоп жиберет"- деп ойлоонун өзү туура эмес түшүнүк дейт элем. КТРК чоң тармак. Ал жерде коллективдүү иш жүрүшү керек. Мыкты журналистер. Жаңы идеялар болбосо КТРК бир кишинин дарамети менен кайдан оңолсун. Байкашымча, орой айтканда КТРКда эски менен жаңынын ортосунда күрөш жүрүп келатат. "Эскилер" КТРКга терең отурукташып тамырлашып алышкан. Керек болсо КТРКны алардан авантюрист Мелис Эшимканов да тазалай албай койгон. Жумагулов табиятында тынч иштеген, иш жүрсө болду деген адам. Ошондуктан чоң өзгөрүүнү деле күтпөсөк болот. "Мен сага тийбейин. Сен мага тийбе" менен күн өткөрөт. Кандайдыр бир жаңыча кадамдарга тартынбай баруу мүнөзүндө болсо, ЭлТРдан деле көрсөтмөк. Экинчиден, КТРК коомдун күзгүсү. Коомубуздун деңгээли кандай болсо, журналистер ошону көрсөтүшөт. КТРКга чыкан айрымдарды эмес ЖК депуттаттардын кээ бирлеринин сүйлөгөнүн укканда "Айла жок тура" деп жаканы кармап жатпайбызбы. Үчүнчүдөн, КТРКны дүйнөлүк медиа тармактарынын деңгээлине болбосо да, жок дегенде коңшу мамлекеттердин телелеринин деңгээлине алып чыгыш үчүн каражат жагынан чоң жардам керек. Биздин мамлекеттин бюджетинде андай мүмкүнчүлүк жок. Жыйынтыктап айтсак, КТРК бүгүнкү жеткен деңгээлинен түшүп кетпей кыбырай берсе, ошого кубанып жүрө бергенибиз оң.

Канышай Мамыркулова, "Алиби" гезитинин редактору:
- КТРК техникалык жаткан Кубат Оторбаевдин тушунда жакшырганы байкалган. Улуттук каналга Султан Жумагуловбу же башкасы келеби, маани-маңызы ошол эле бойдон калат. Канча жылдан бери иш ыкмасы калыптанып калган каналды бир адам өзгөртө коюшу мүмкүн деле эмес. Менимче, "Би-Би-Си" менен "Азаттыкка" бөлүнгөн сааттар көбөйүшү мүмкүн. Эмнегедир эл аралык ММКнын талаптары деген түшүнүктү буларсыз бөлүп карай албаган кесиптештердин арасында КТРКнын мурдагы жана азыркы жетекчиси бар эмеспи. Жеке менин оюмда Улуттук каналдын улуттук жүзү болушу талапка ылайык келмек. Эң негизгиси КТРК мурдагыдай эле кыргыз бийлигинен көз карандылыгын сактап калат, башкача болушу мүмкүн эмес.

Гүльзада Шаршеева, журналист:
- Коомдук каналды жетектеген адам, эң алгач мыкты уюштуруучу менеджер болушу керек деген пикирдемин. Анын үстүнө канал коомдук деген бийик аталышты алып жүргөн соң коомдогу терс-оң көрүнүштөрдү ачык-айкын айтып, элге кызмат кылууга эрки бар адам болушу керек. Тилекке каршы, бизде "кара жащик", "бийликтин каналы" деген сыяктуу түшүнүктөр пайда болуп калбадыбы? Андыктан Султан агайдын ишине ийгиликтерди гана каалайм. Биз буга чейин агайды жакшы журналист, редактор катары таанысак, ЭлТР каналынан кийин жетекчи катары билдик. Жеке тааныштыгым жок болсо да, кесиптештерден адамгерчилиги бийик адам деп угам. Эми ага саясий эрк кошулуп, акты ак караны кара дей турган каналды коомдун күзгүсү кылып ала турган реформатордук мүнөздүн кошумчаланышынан үмүт кылам. Ал эми, бекитилиши боюнча, баарыбыз эле даяр болчубуз да. Тескерисинче Султан Жумагулов болбой калса, элдин баары шок болмок. Бир жарым миң ар кыялдуу адамдардын башын бириктирип иш жүргүзүү оор. Андыктан Султан Жумагуловго ийгиликтерди гана каалайм. Интрига ушак-айыңдан сактасын. Элдин табитине ылайык, динамикалуу, заманбап көрсөтүүлөрдү күтөм....

Мирлан Алымбаев