presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жазгүл Додоева, "Жаз" бий тобунун жетекчиси:
"Эл эскини
сагыныптыр..."

Жазгүл, "Жаз" бий тобун түзүп калышыңа эмне түрткү берди эле?
- "Жаз" бий тобун мындан 8 жыл мурун түзгөм. Кичине кезимден эле ыр, бийге шыктуу болуп, келечекте ырчы же бийчи болсом деп кыялданчумун. Жаштын тилегин берет дегендей, тилеген тилегиме жетип, бийчи болдум. 8 жыл мурун топто болгону беш-алты эле улан-кыздар бийлечүбүз. Азыр топто эки жүздөн ашуун улан-кыз бийлеп жатат.
- Башка бий топтордон силердин айырмачылыгыңар эмнеде?
- Биздин башкалардан айырмачылыгыбыз биз көбүнчө, классикалык жана заманбап бийлерге басым жасайбыз. Ошондой эле, "Кара жорго" бийи пайда болгондон бери улуттук бийлерге дагы басым жасай баштадык.
"Бий мерген" деп, акын Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган ырга бийлеп жатасыңар. Клип да тарттырдыңар. Аталган бийди бийлеп, Рустам Маманов өткөргөн бий сынагында үчүнчү орунга ээ болдуңар. Ушул тууралуу кыскача айтып берсең?
- "Бий мерген" деп бийлегенибиздин себеби, менин курбу кызым бар. Самара деген. Ал "Санжыра" радиосунда алып баруучу болуп иштейт. Бийге сынак жарыяланганы Самара мага: "Сен деле, улан-кыздарың менен бир бийди бийлеп чыкпайсыңбы, мен сага Шайлообек агайга барып ырыңды жаздырып берейин",- деп калды. Мен макул болгом. Шайлообек агайга барып, ушундай этно ырга ылайыктап ыр жазып бербейсизби десе, Шайлообек агай, "Чоң энемдин кошогу бар эле бий тууралуу, аны жаза албай жүрдүм эле, ошону жазып берейин"- деп, "Мерген бийин" жазып бериптир. Биз ал ырды ырчы Айжамал Кабыловага ырдатып, бийлеп, бийге клип да тарттырбадыкпы. Клипти болсо белгилүү режиссер Эрнис Абдыжапаров агайдын уулу Санжар Абдыжапаров тартты. Клиптин сценарийи толугу менен Санжарга таандык.
- Клибиңерди башкалардан өзгөчөлөнүп, тоо - таштын арасында тартыпсыңар. Клипти тартууга сыр болбосо, канча каражат кетти?
- 3 миң доллар кетти. Каражатты болсо Самаранын ишкер байкелери бар экен. Ошолор таап беришти. Учурдан пайдаланып ал байкелерге мен терең ыраазычылык билдирем. Кыргыздын ушундай руханий байлыгын, маданиятын көтөргөн байкелер, эжелер көп болсо. Алардын аркасы менен маданият өнүгүп, биз дагы маданиятка болгон салымыбызды кошоор элек.
- Бийден тышкары эмне менен алектенесиң?
- Бир эле бий менен алектенем. Шаардагы №87 мектепте бий сабагынан берип, мугалим болуп да иштейм. Алдыда буюрса көп пландарым бар. Улуттук бийлерге басым жасап, кыргыздын ата-бабадан келе жаткан улуттук бийлерин да бийлеп чыксак деген да тилектерибиз болууда. Кыскасы бийди өнүктүрүшүбүз керек.
"Бий мерген" бийин бийлеп чыкканда улуттук эски, этно кийимдерге басым жасаптырсыңар, себеби эмне?
Анткенибиздин себеби, биринчиден башкаларга окшобойлу дедик. Экинчиден эл дагы эски ырларды сагынган сыяктуу эле, эски бийлерди, эски кийимдерди сагынган чыгаар да. Ошол себептен эски кийимдерге басым жасадык. Анын үстүнө ырыбыз деле эскиче чыкканды талап кылды да. Айтор эскиче чыкканыбызды эл жакшы кабыл алды. Ал эми биздин бийден көп нерсени түшүнсө болот. Бийдин философиясы абдан терең. Мисалы жигит менен кыздын бири-бирине болгон мамилеси, кыз жигиттен айбыгуусу, уялуусу, айтор бардыгы бийден байкалат.












??.??