presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жамила Исмаилова, Эл акыны Эрнис Турсуновдун жубайы:
"Хан Теңир" менен "Курандын" чыкпай калганына абдан өкүнүп кетти... "

Редакциядан: Кыргыз эл акыны, белгилүү жазуучу, коомчулук тарабынан "сөздүн атасы", "тирүү энциклопедия" деген атка конгон Эрнис Турсуновдун арабыздан кеткенине билинбей эле жарым жылга жакындап калыптыр. Бүгүн биз Эрнис агабыздын деңиздей чалкыган чыгармачылыгы, адамдык сапаты, жашоодогу жетишкен ийгилиги, мүдөө-максаты, өкүнүч, арманы тууралуу анын өмүрлүк жары, кыргыздын дагы бир белгилүү жазуучусу Касымалы Бектеновдун кызы Жамила эже менен кеңири маектештик.
- Жамила эже, Эрнис ага менен бирге өткөргөн өмүрүңүзгө саресеп салып, окурмандар анча биле бербеген залкардын жеке жашоосун айтып берсеңиз?
- Эрнис экөөбүз 1956-жылы 20-июлда баш кошуп, туура 58 жыл бирге жашадык. 5 балалуу болдук. Жаңы баш кошкон жылдары абдан эле кыйын жашоону башыбыздан кечирдик. Үйгө жетпей, батирден-батирге көчүп, орус кемпирлерге жаман-жакшы көрүндүк. Ал кезде дүйнө, оокат, байлык менен ишибиз жок, курсагыбыз тойсо ошого курсант болуп жүрө берчи турбайбызбы. Азыркы жаштар андай эмес, алар үчүн байлык топтоо биринчи маселе болуп калбадыбы. Биз үйү жок бир топ жыл батирден батирге көчүп жашадык. Ал кезде батирдин табылышы да азап болчу. Ал жөнүндө бир-эки мисал айтып берейин. Жаңы үйлөнгөн жылдары азыркы эле Бишкекке жакын жердеги БЧК жайгашкан райондо орус кемпирдин үйүндө турдук. Ал орус кемпир бизге берген батирине бизден башка кишини киргизбей: "Эрнистин үйүнө он кыргыз келет, жөн келбей кой алып келишет же эт алып келишет. Мага эч нерсе алып келишпейт",- деп кыялын көрсөтүп турчу. "Сизге батир үчүн акча төлөп берип жатпайбызбы" -десек да аны түшүнгүсү келчү эмес. Ал кезде бизде кайдагы ашык акча. Эрнис студент болчу. Ошол батирден Нүргүл деген кыздуу болдук. Ошол кызыбызды көтөрүп алып, батир издесек оңой менен чыкчу эмес. Анан баланы туугандарга калтырып коюп, батир бергендерге барсак: "Балаңар барбы? Бар болсо, батир берилбейт" - деп орустар кыйылып, өзгөчө шарт коюп турушар эле. Шаардын тигил башынан бул башына эшек менен көччүбүз. Ошентип, бир батир таап алып (ээси уйгур аял болчу), ал батирге Эрнис экөөбүз кызыбызды, апабызды (мага кайын эне) ээрчитип барсак, баягы уйгур аялдын: "Балабыз жок деп айтпадыңар беле",- деп жүрөгү түшүп калды. Көрсө, ал аял балдар короо ичиндеги бак-шагымды талкалайт деп ойлоптур да. Ал батирде да бир топ турдук. Уйгур аялдын баласы жок экен, ошондуктанбы, айтор биздин там-туң басып калган кызыбызга мээримин төгүп, жакшы көрүп кетти. Биздин кыз алардын бут кийимдерин баткакка чылап салса да жаны алы калбай күлүп, эркелетип калчу. Мен кызымды тилдесем, ал мени тилдеп калчу. Кийин ал батирден башка жерге көчүп жатканда бизге жалдырап: "Балаңарды мага таштап кеткиле"- деп буркурап ыйласа болобу. Кантип таштамак элек?! Кыскасы, барбаган жерибиз калган жок. Үйүбүздүн жоктугунан улам тээ Бадахшан, Алайга чейин темселеп иштеп да келдик. Памирден чыгармачылыктын үстүндө жакшы иштеп, Пушкиндин "Евгений Онегинин" тынымсыз которуп бүтүп, "Бадахшан" деген китеп жазды. Алайда иштеп, жепирейген тамда жашап жаткан жылдары Эрнис үйгө токтобой, эл менен эл болуп, өзгөчө сөз баккан кишилерди, кары кишилерди күн-түндөп издеп, алар менен тажабай баарлашып турду.
- Эрнис байкенин кулк-мүнөзү, жоро-жолдоштору жөнүндө да айтсаңыз?
-Эрнистин кыялы чапчаң болчу. Кимге болсо да, анча - мынча айтылбай турган кептин баарын ачык айтып салчу. Жаман көрөт дегенди билчү эмес, туура эмес ишти туура эмес деп, чындык кандай болсо, өмүрү өткөнчө дал ошондой айтып жүрүп өтүп кетти. Калп айтканды, калп сүйлөгөн адамдарды жек көрчү. Бат таарынып, бат жазылып кетчү эле. Чыгармачылыгын абдан жакшы көрүп, көп учурларда ооруп жатканына карабай уйкудан да кечип, абдан изденип иштечү. Өзгөчө улгайган, сөз баккан кишилер менен кобурашып, көпкө сүйлөшкөндү жакшы көрчү. Кийинчерээк кары кишилердин катары азайып кеткенин көп айтып, ошого жаман жаны кейип жүрдү. Кайсы бир адам каза болуптур деген кабарды укса кадимкидей чочуп, анын эмне болуп көз жумаганын ийне-жибине чейин сурап калаар эле. Андан тышкары, абдан тамашакөй болчу. Жолдоштору менен катуу тамашалап, алардын кемчилигин, кайсы бир жоругун бетине куйкум сөз менен айтып, абдан чычалатчу. Ошондон улам, анын достору бир беткей, туруктуу болбой, достору менен мамилеси өйдө-төмөн болду. Достор, өзү менен чогуу окугандар менен өзүнчө компания бар эле. Ошол компаниядан бир күнү баарылап Эрнис экөөбүздү чыгарып жиберишти. Байкеңдин бирге окуган досторун айтайын: Бексултан Жакиев, Камбаралы Бобулов, Жетимишев баштаган бир топ белгилүү адамдар. Бир нече жыл аларга кошулбай калдык. Бир күнү эле бизге Жетимишев жакындап, мамиле түзүп калды. Мен андан: "Ой сен, тигил досторуң менен бир эмес белең, эмне болуп кетти?"- деп сурасам, "Эй Жамила аяш, сен билбейсиң да, алар такыр башка экен. Арасында ар кандай сөз чыгарып, бизди бөлүп-жаргандар бар турбайбы. Олтурган сайын эле, ыгы келсе да, келбесе да, туура болсо да, болбосо да Эрнисти жамандашып: "Ичип жатат. Эмдигиче үйү жок. Бадахшанга кетип калыптыр, аны жазыптыр, муну жазыптыр" -деп көп кеп кылышат. Мен Эрнисти байкасам, алар айткандай ичпей эле жүрөт. Жазгандары жакшы. Элге алынып жатат", - деп ачыгын айтты. Дагы бир күнү Бобулов да ошол сөздү айтып катарыбызга кошулду. Көрсө, ичи тардык, көрө албастыктан улам ошондой сөздөр айтылган окшобойбу. Кийин-кийин бир топ мезгил өткөндө, баягы компаниялаштар өйдө-төмөндү унутушуп, кайра бир жүрүп калдык. Өзүнөн кичүү акындардын ичинен Анатай Өмүркановду баалап, жакшы көрчү.
Биз Алайдан келсек, досторунун көбү үйлүү болуп калышыптыр. "Бизди үйү жок тентип жүрүшөт" деп ошол себептен айтышса керек. Биз тапкан - ташыганыбызды топтоп, эптеп 1964-жылдары Бишкектин Кызыл-Аскеринен кичинекей эки бөлмөлүү, жаман үй сатып алдык. Ал тамда 4-5 жылдай жашадык. Бир күнү биздин үйгө чамасы өкмөттө иштегендер келип: "Мамлекет силерге үй берет, бул тамдын ордуна башка бийик кабат үй салынат" - дешти. Аны угуп алып Эрнис экөөбүз жаман үйүбүздү карабай, ал үйдөн көчүп чыгып кеттик. Мамлекеттин үй алуу үчүн апабыз, кыргыздан чыккан биринчи билимдүү, актив кыздардын бири болгон Сабира Телтаеванын (кайын энем) документтерин толук чогултуп арыз жазып, тааныштар аркылуу Мамбетов Болотко жөнөттүк. Ал киши маселени туура чечип, 1968-жылы Эрнисти 5 - кичирайондон көп кабат үйдөн үч бөлмөлүү тамдуу кылды. Көрсө, эки бөлмөлүү эски там өзүбүздүн менчик там болгондуктан, мамлекет аны алууга акысы жок экен. Биз болсо, мамлекет үй берди деп эле, өз үйүбүздү айырбаштап берип салыптырбыз. Өкмөттүн кишилери эски үйүңөрдү алгыла деп бизге кайрылса да болбой, баш тартып койгонбуз. Кийин ал маселени толук түшүнүп, бир аз өкүнгөн болдук. Антсе да, өкмөттүн берген үйүндө көп жыл жашадык. Ал биз үчүн акжолтой болуп, Эрнис ал үйдөн көп чыгармаларды жаратты. Мисалы: толгон-токой ырларынан башка "Балбай" деген романын ошол үйдөн жазды. Ошол романын эл эмдигиче сурашат. Кайра басылып чыкпагандан кийин, эч жерде калбай калыптыр. Өзүбүздө "Боронбай" менен "Балбай" романынан бирден эле китеп турат, башка жок.
"Москвадан Турсуновду өлтүргөндөргө 110 миң рубль беребиз дешип..."
- Эрнис ага котормо жаатында абдан катуу эмгектенбедиби. Башкасын айтпаганда да, ыйык "Куранды" которгондо ар ким ар кандай сындарды айтышпадыбы. Ушул маселенин чоо-жайы кандай болду эле?
- "Куранды" биринчи жолу мамлекеттин тапшырмасы менен 1985-жылы эле которгон. Аны которуп калышы мындайча болгон: "Куранды" орусчадан кыска убакытта кыргызчага которуу маселеси жаралып, аны которо турган кишини академиядан да табышпай, бир топ убара болушуптур. Ошондо Төлөгөн Касымбеков: "Бул ыйык китепти бир которсо Турсунов которот, ошого баргыла"-деп айтыптыр. Биз ошол учурда көлдө болчубуз. "Тез келгиле"- деп телеграмма менен чакыртышты. "Куранды" орусчага Крочковский деген адам которгон экен. Ошонун котормосун кыргызчага которгула деп Эрниске, анан дагы эки адамга тапшырма бериптир. Анын бири ошол маалда эле каза болуп калат. Үчүнчүсү Камалов деген молдо кийин депутат да болуп, чыр-чатак менен жүрдү окшойт. Кыскасы "Куранды" Эрнис жалгыз которду. Которуп бүткөнчө улам шаштырып турушту. Ошентип, ал көлөмдүү ыйык китепти 1 жылга жетпей которуп бүтүп, жарыкка чыкканда кубанып, майрамдадык. Тиешелүү акысын беришти. Бирок тез эле ызы-чуу чыгып кетти. Үйдө экөөбүз телевизор көрүп олтурсак Москванын телесинен: "Кыргыз жазуучусу Эрнис Турсунов "Куранды" которгонуна мусулмандар, айрыкча чечендер абдан нааразы. Алар: "Куранды" башка тилге которгонго болбойт. Туура эмес да которуптур. Турсуновду ким өлтүрсө, ага 110 миң рубль сыйлык беребиз дешти" деп айтып калды. Аны угуп алып экөөбүз тең шок абалда болуп калдык. Абышкам: "Арабча билбесем, "Курандын" түп нускасын окубасам, орустун котормочусу кандай которсо дал ошондой котордум. Ырас, убакыт тар болду. Кетирген каталарым да бар чыгар",- деп калчу. Ошондон кийин биздин үйгө милициялар келип: "Жетекчилер Турсуновду өлтүрүп кетпесин, аны кайтаргыла деп бизди жөнөттү. Болбосо, бул жерден Нарынга кетиңиз",- деп айтышты. Эрнис: "Ал жакта эч кимим жок, өлтүрсө өлтүрсүн" деп чарт жарылып жооп берсе, тигилер да көгөрүп такыр болбой койду, ошондо айласыздан Көлгө кеттик. Ал жакка барсак, бизди акмалап дагы башка милициялар жүрөт. Эрнис аларга жолукса, алар дагы: "Өкмөттөн Турсуновду кайтаргыла" деген тапшырма алганбыз дешти. "Өлтүрсө, өлтүрүшөт да, өлсөм Кудайдан көрөм.
Мени кайтарбай эле койгула", - деп аларды таратып жиберди. Айтор, ушундай ызы-чуу менен жүрүп, рахмат деген сөз укпадык.
Кийин-кийин Эрнис мага: "Жамила, "Куранды" биринчи которгондо ызы-чуу көп болду. Кийнки муун эмне дейт? Алар мага рахмат айткандай болсун!

Кайра карап, баарын салыштырып, шашпай которбосом болбойт", - деп айтып, ыйык китептин: орусча, өзбекче, түркчө котормолорун алып келип баарын салыштырып окуп чыгып, баш-аягы 14 жыл дегенде которуп бүттү. Ошондо мага: "Эми Турсунов жаман которду деп эч ким айтпайт. Бирок рахмат айткан киши да болбос. Молдолор куранды бир эле окуп чыгып, акчасын алып дем салган болот. Мен ыйык "Куранды" которуп бүткөндөн кийин, үч жолу тыкыр текшерип окуп чыктым. Ошондо молдолордон айырмаланып бир эмес, үч жолу дем салгандай болдум" -деп бир айтканы эсимде. "Куранды" чыгаралы деп "Бийиктиктин" жетекчиси Жумадылга алып бардык. Ал жерден акын Сейитбекова Бактыгүл: "Куранды чыгарганга акча таап, чыгарганга аракет кылайын",- деп калды. Биз макул болдук. Бирок ал ыйык китепти чыгара албады. Ошондо Эрнис "Курандын" котормосу жоголуп кетпесин деп Жумадылдан алдырып, үйгө койдуруп койгон. Ошол бойдон жарыкка чыкпай эле жатат. Ким демөөрчү болуп чыгарып берет деп ойлонуп коем.
- "Библияны" которгондо да ар ким ар кандай кеп айткандай болду. Аны өз демилгеси менен котордубу?
- Жок. "Библияны" Таластан Германияга көчүп кетишкен немистер Эрниске кайрылышып, которуп беришин суранышкан. Көрсө, алар абышкамдын Пушкин, Некрасов баштаган далай залкарлардын чыгармаларын которгонун билишип, угушуптур. Анын үстүнө ал немистер тең кыргызча суудай сүйлөшөт экен. Алар: "Сиз кыжаалат болбой эле которуп берсеңиз экен. Бул китеп Кудайдын сөзү. Миллиондогон адамдар окуп, сизге рахмат айтышат"- деп көндүрүшүп, эмгек акы боюнча келишим түзүштү. 3-4 жыл дегенде которуп бүттү. Ачык эле айтайын, алар "Библияны" которуп бергендиги үчүн Эрниске жеңил машине жана эс алуу үчүн үй (дача түрүндө) сатып беришти. Биз ыраазы болдук. Которуп бүткөнчө калем сабына чейин сатып берип турушту. Кийин алар Германиянын кайсы бир шаарындагы бир имаратка Эрнистин сүрөтүн илишип, астына: "Библияны кыргыз тилине которгон биринчи адам" деп жазып коюшуптур. Ал китеп которулгандан 6 ай өткөн соң, өмүрү колуна калемсап кармабаган бир аял: "Библиянын" кыргызчага биринчи жолу которулушу" деп өзү автор болуп жар салып китеп чыгарды. Байкасак, көп жерин Эрнистикинен көчүрүп чыгарып жибериптир.
- Жарыкка чыкпай калган чыгармалары көппү? Элге жете элек кандай чыгармалары бар? Жетпей калган максаты, өкүнүчү да болсо керек...
- Элге жете элек, китеп болбой калган көп чыгармасы калды. Жогоруда айткан 14 жылдык эмгеги "Куран" жатат, элге жетпей, "Ата-Журт" деген белгилүү романынын уландысы катары жазган "Хан-Теңири" деген көлөмдүү романы чыкпай, кол жазма бойдон жатат. Ушул эки эмгегинин чыкпай калганына абдан кейиди. Андан башка архивинде мен билген-билбеген да көп чыгармалары бар. Дарика Жалгасынова экөө "Триумф жана трагедия" деген көлөмдүү китеп жазып чыгарышканын билесиңер. Ошол китептин экинчисин да, бир тобун жазып койгону менен, ал да чыга элек болчу. Пьесалары, көп котормолору да жарык көрө элек. А. Дантенин "Кудайдын тамашасы" деген көлөмдүү поэмасын да бир топ жыл бел чечпей которгон. Ал да китеп болуп, окурмандарга жетпеди. Жаңылбасам, убагында "Ала-Тоо" журналына үзүндү берсе керек эле. Ошол романдын экинчисин казактар которгондо, айрым достору: "Казактар которуп салыптыр, эми Турсунов кыйратып котормок беле? Уят кылат да"- деп сын айтышты. Анда да бир жаман ызаланды. Которгонун ызаланып тытып салган болчу. Негизи эле Эрнис ызакор эле. Далили жок, жүйөсү жок сын айткандарга, жок жерден жамандагандарга катуу таарынып, кадимкидей ыйлап-ыйлап алчу. Жетпей калган ой-мүдөө максаттары да өзүнчө чоң сөз. Башкасын айтпаганда да мамлекеттин өнүкпөй, көйгөйлөр өтө көп болуп жаткандыгына, маданият тармагынын аксап, деңгээли төмөндөп кеткендигине көп нааразы болуп, абдан өкүнчү эле.
Чыгармачылыкта, бир иштегенде катуу берилип кетчү. 3-4- айлап баштаганын бүтмөйүнчө көгөрүп олтуруп жазчу. Көлөмдүү чыгармаларынын баарын эле ошентип 3-4 айлап эки жакка чыкпай тынымсыз, күндөп-түндөп жазды. Бирок ошол убакытты эки жакка чыкпаганга буулугуп калчу беле, айтор жазып бүткөндөн кийин досторуна жолугуп 2-3 күндөп тынбай ичип калмай адаты бар эле. Мен анысына нааразы болуп атама айтам. Ал менден: "Канча ай жазды? Эмне жазды?"- деп сурайт. Мен болгонун болгондой айтып берсем, "Ээ, Жамила кызым, Кудайга тобо дебейсиң ээ? 3-4 айлап баш көтөрбөй иштесе, анан эки күн ичип даң салып койсо ошого да нааразы болосуңбу?"- деп мени тыйып коер эле. Кийин жазган "Боронбай" менен "Балбайды" китеп кылып чыгаралы деп Сокулуктун Шалта деген айылына жакын жердеги эки дачабызды сатканбыз. Эрнис ырды, макаланы гезитке 12 жашынан баштап жазыптыр. Ошондон берки жазгандарынын баарын топтоду. Баары биригип, өзүнчө бир чоң архив болду. Бир жолу ошол архивин карап олтуруп: "Жамила, бул архивде нелер гана жатат? Эмне деген эмгек кетти?! Ден соолугумдун баарын ушул эмгек алды. Эми баарын дыкаттык менен иреттеп чыкканга да шай калбады. Мен өзүмдү ойлосом, кемчилигим көп экен. Мендей акылсыз кайдан болсун. Сени убагында чоң окуу жайда окутуп койсом, эмне. Окуп, билим алып калсаң, ушунун баарын иреттеп турмаксың да. Көп жазуучу-акындардын аялдары жыргап жүрүшөт. Мен сени куураттым. Кечир мени!" деп жүрөгүндөгү болгон кебин ачык айтчу. Чынында мен жаштайымда оокат, бала-бакыра деп жүрүп жогорку билим албай калгам. Антсе да, узак жыл соода тармагында иштеп, кийин бул тармактын "отличниги" болдум.
2010-жылы Көлдө мектептин китепканасына Эрнистин музейин ачышты. Көп чыгармаларын, ар кандай эмгектерин ошол музейге өткөрүп бергенбиз. Көзү өтөрүнө 1 ай калганда, акыркы жылдары жазган ырларын топтоп "Муктаждык" деген ат менен миң нускада чыгардык. Байкуш абышкам, ошол китепти чыгарам деп экөөбүздүн пенсиябызды ичпей-жебей бир топко жыйнады. Китеп болуп чыкканын көрүп калайын деп чыкканча абдан шашты. Көрүп калды. Бир топ адамдарга кол тамагасы менен таратты. Биринчи бетине астына кол тамгасы коюлган сүрөтүн койдурду. Чынында анын өзү кол тамга эмеспи. Ушул акыркы китеби үйдө турат. Элге жакшы тарай элекпи, айтор сурагандар аз. Анын үстүнө китеп окугандар да мурункудай көп эмес, абдан эле азайып кетпедиби.
"Ооруканага барбай эле коелучу, үйгө келбей калат окшойм"- деп...
- Канча жылдан бери дайым ооруп калды? Акыркы күндөрү аянычтуу болсо керек...
- Акыркы 5 жылда дайым оору менен жашады. Бирок өлгөнгө чейин үйгө кандай киши келсе оорубагандай болуп, алар менен кадимкидей бакылдашып сүйлөшчү. Келгендер кеткенден кийин бүк түшүп эле жатып калчу. Мен таң калып сурасам, "Антпесем да болбойт да, алар мага сөз угайын, бир нерсени сурап билип алайын деп чоң үмүт менен келишсе, мен ооруга шылтоо кылып жатып калганым болбойт",- деп айтчу. Быйылкы жылы акыркы күндөрү катуу ооруп калганда мен аны ооруканага жаталы деп көндүрдүм. Бирок эмнегедир ооруканага такыр баргысы келбей: "Ооруканага барбай эле коелучу, ал жактан үйгө келбей калат окшойм", - деп улам айтып туруп алды. Ал менден эки күн мурун барып жатмай болду. Мен болсо орун жок болгондуктан улам эки күндөн кийин бармай болдум. Үйдөн чыгып баратканда мени кучактап өөп, үйдүн ичин бир сыйра тегерете карап, "Келбей калар бекенмин"- деп бир муңайып алганда мен жооткоткон болдум. Ошентип, ооруканага уулум алып кетти. Чоңдор жаткан атайы ооруканага кирип баратканда: "Балам, үйгө бара бербейлиби. Киргим келген жок"- деп айтыптыр. Ал ооруканага мурун деле жатып жүргөндө антип айтчу эмес. Бирок ошол ооруканадан мен барганча, эки күн ичинде бир аз кордук көрүп калгансыптыр. Себеби бир палатага буту ооруган бир абышка менен чогуу жаткырышыптыр. Анын үч уулу, үч жерде прокурор экен. Тынчтык жок, алар бала-бакырасы менен түнгө чейин тынымсыз келе беришиптир. Топурап кирип келишкен сайын тоскоол болбоюн деп акырын басып коридорго чыгып, медсестралар олтурган жерге диванга олтуруп убакыт өткөрүптүр. Түндө жатайын деп палатага кирсе, жаткан ордуна абышканы караган прокурордун студент балдары жатып уктап калган болот. Аларды тургузгандан тартынып, баягы диванга келип таң атырыптыр. Айтор, ушинтип эки күн ызалангандай болуптур. Муну мен барганда өзү төкпөй-чачпай айтып берип, келгениме абдан сүйүндү. Экөөбүз 7 күн ооруканада бирге жаттык. Жатканына 9 күн болгон күнү да жакшы жүргөн, кичүү балабыз Азисбектин алып келген жемишинен, айрыкча бүлдүркөндөн жакшы жеди. Эл-журтту сурады. Балам кеткенден кийин көп өтпөй, олтурган жери үйдөгү диванга окшобой, жапыз болду окшойт. Иши кылып далысына, башына кош жаздык, төшөк жаздатты. Ошентип, бийиктеп олтургандан кийин эле, бир маалда шалак этип эле кулап кетти. Мен капельница алып жаттым эле.
Катуу чочуп, бакырып алдым. Башы жаздыкка жетпей калыптыр. Көрсө, ошондо эле үзүлүп кетиптир да. Ызы-чуу түшүп эле жатып калдык. Дароо эле Дарика Жалгасынова, Жаркын Темирбаевалар баары чогулушту. Алар "Азаттыкка", Коомдук каналга, Би-Би-Сиге кабар беришиптир, баары бир учурда некролог беришпедиби.
- Акыркы сапарга узатуу зыйнатында КырДрамда эл азыраак болуп калды. Башка чоңдорду коелу, ошол кездеги министр Талиева да келгенге жараган жок. Бул маселе боюнча эмне айтасыз?
- Үйгө бир топ кишилер келишти. Чоң кызматтагылар да келди го. Мен эл менен коштоштурбай көлгө кантип алып кетип калабыз. Театрда узаталы дедим. Дарика аны Бексултан Жакиевге айтса "Театр 3 күндөн кийин бошойт экен, сенин эмнең эле, тынч жүрбөйсүңбү" -деп кагып коюптур. Кийин ойлоп, эмнеге антип айтып, Дариканы анчалык кагып койгонун түшүнбөй калдым. Көрсө, театр бош эле экен, ал жакка башкалар телефон чалганда эч кандай баш тартышкан жок. Эртеси театрда коштошуу саат 9да өттү. Элдин көбү 10до деп уккандан уламбы, айтор сөөктү алып жөнөгөндө бир топ адамдар келишпедиби. Министр аялдын келбей калганы да көпчүлүккө жаккан жок го. Ал Эрнистен 10 күндөй мурун каза болгон Жусуп Мамайды эскерүү кечесине кетип калыптыр. Эрнис байкеңер өзүнүн керээзи боюнча туулган айылы Жаркынбаевге коюлду. Ал айылдагы абышкамдын чоң атасы, энеси, өз уулу жаткан эски күмбөз 1980-жылдары эле жабылган. Бирок Эрнис мен ошол жерге жатам деп, ошондо эле башкармалардан өз жайына деп 10 метр жер сурап алган. Башкармалар алмашкан сайын жерин тактап, кагазын тууралап жүрдү. "Мага жер бергиле"-деп кайрылса, башкармалар биринчи туура эмес түшүнүп, жер жок дешет. "Ой мага 2-3 гектар жердин кереги жок, болгону эски күмбөздөн өз жайыма 10 метр жер бергиле" - деп айткан. Аны уккандар, эл жер айдаганга жер сурап жүрсө, Турсунов өзү жатканга жер сурап жүрөт дешип, шылдыңдап күлүп жүрүшпөдүбү. Ал бизге: "Ала-Арча" көрүстөнүнө башынан эле жатпайм. Ал жерге адамдын сөөгүн бир эмес, үч жолу коюшту. Сөөк чыкса, улам четке жылдырып коюшат. Анан ал жерге коюлуп калсам, мурунку коюлгандар менен бул менин жайым деп талашып жүрөйүнбү" - деп айтып күлдүрүп калчу. "Мен ата-бабам жаткан жерге жатам. Ата-бабам конушу, Байсоорум жердин соорусу! Көлдүн жээгинде жатам, көл шарпылдап турат. Ары-бери өткөндөр куран окуйт!" - деп мактангандай үнүн бийик чыгарып сүйлөп калчу. Илгери ошол жерди Байсоору деп аташчу экен. Ээ, балам, Эрнис байкең тууралуу сөз түгөнбөйт. Өз элине колунан келишинче эмгек кылды. Аны тарых деле тандыра койбос. Эмики жылы бир жыл толгондо мүрзөсүнө эстелик тургузуп, ашын берели деп ойлоп жатабыз. Негизи өзү быйыл 80ге чыкмак. Бирок паспортто жазылган жылы эсептелип 79 жашта деп коюлбадыбы. Эмики жылы мамлекет, Маданият министрлиги өзү колго алса, биз да аракет көрсөк 80 жылдыгын татыктуу белгилеп койсок деген тилегибиз бар.
Маектешк ен Айбек Шамшыкеев











??.??