Үч жолу кылмыш иши козголгон, орун басар Кененбаевди "Ата Мекен" коргойбу?
Кененбаев Кубанычбек деген адамды кыргыз коомчулугунан жакшы жагынан эмес, тескерисинче жаман жагынан кеңири таанылып, ага жараша ар кандай сындарга кабылып келген адам. Буга мисал катары ага бакыйган кызматтарды ээлеп турган кезде 3 жолу кылмыш иши козголгондугун айтсак жетиштүү болоор. Эң кызыгы буга карабастан Кубанычбек мырза, МЖАКта "кубанган" бойдон, кылы кыйшайбай бүгүнкү күндө да иштеп жатат. Негизинен, улуту казак дешет. Ага "крыша" болгондор анын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында кеминде 20-30 жылга жакын убакыттан бери иштеп келаткандыгы эске алынганбы, айтор аны 2011-жылдын этегинде МЖАКнын төрагасынын биринчи орун басары кылып дайындашкан. Аны ошол кездеги жетекчи Ш. Байзаков сунуштаарын сунуштап алып, бирок кийин өкүнүп калган дешет. Эми Кененбаевге козголгон кылмыш иштерине кыскача токтололу:
Биринчиси кылмыш иши 2012-жылы ноябрь айында №47 колонияда жетекчи болуп турганда өзүм билемдик менен колониянын баалуу мүлктөрүн туура эмес "жараксыз" деп керектен чыгарып, чоң пайдага туйтунгандыгы үчүн козголгон. Жалпы сумма 1057751 сомду чапчыйт. Бирок буга карабастан козголгон кылмыш иши аягына чыкпай токтоп калган.
Бул аз келгенсип, Кубанычбек мырзага 2013-жылы июнда айында да 304-берене, 332-беренелер (зыян келтирүү, коррупция, пара алуу, башкача көрсөтмө берүүгө мажбурлоо) боюнча экинчи ирет кылмыш козгологону менен көп өтпөй, ал кылмыш иши да түшүнүксүз себептер менен убактылуу токтоп турат. Ал эми Кененбаевдин үчүнчү бир чоң кылмыш иши - бул 2012 -жылы 16-январында №1-СИЗОдо жаза өтөп жаткандардын болуп өткөн башаламандык уюштуруп, көтөрүлүшкө чыгышканына түздөн-түз байланыштуу. Белгилүү болгондой, ал көтөрүлүштүн уюштуруучусу кылмыш дүйнөсүндө "положенец" деген даражасы бар, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамир Сапарбаев турган. Ал күнкү көтөрүлүш дээрлик бир күнгө чейин созулуп, ("кызылдар" жана "караларды" кошкондо) баш-аягы 167 адам ар кандай деңгээлде жапа чегип, арасынан ооруканага түшкөндөр да болгон. Жыйынтыгында ИИМдин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери "бунтту" басышып, Сапарбаев баштаган 15-20 адамды телефон тартпаган, катуу тартиптеги №50 СИЗОго которушкан. Коомчулукта кызуу талкууга алынган бул башаламандыктан улам №1 СИЗОнун талкаланган имаратын, анын ичиндеги ар кандай буюмдарды ж.б. эске алганда, жалпысынан 365 миң сом зыянга учураган. Бул иши боюнча козголгон кылмыштын негизинде Биринчи май райондук соту күнөөлүү тарап Дамир Сапарбаев башында турган бир нече адам экенин аныктап, аларга жогоруда айтылган сумманы ордуна келтирүү боюнча чечим чыгарган.
Бирок ошол кезде МЖАКда штабдын жетекчи болуп турган биздин каарман Кененбаев "кенендигин" салып, эмнегедир "положенец" Сапарбаевдин таламын талашып, ага ачыктан-ачык эле адвокат болуп чыккан. Ал Дамир "досунун" сотто күнөөлүү болуп калганына нааразы болуп, Бишкек шаардык сотунда болуп жаткан (кылмыш иши боюнча экинчи инстанция өтүп жаткан) соттук процесске эч ким чакырбаса жана ал жерге барып катышууга укугу жок болсо да өзү барып катышып: "№1 СИЗОдогу башаламандыкты Сапарбаев уюштурган эмес. Ал окуя болуп жаткан учурда Дамир менин кабинетимде олтурган" - деп жалган көрсөтмө берген. Ишти карган "ит" судьялар, анын "көркөмдөлгөн" көрсөтмөсүн эске алышкан окшойт. Айтор, атагынан чатагы арбын "положенецтин" мойнуна илинип жаткан 360 миң сомдук чыгымды Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ордуна келтирет деп өкүм чыгарышкан. Ошентип, Кененбаевдин соттогу көрсөтмөсүнүн "пайдасынын" аркасы менен МЖАК СИЗОдогу талкаланып-бүлүнгөн нерсенин баарын өз каражатынын эсебинен оңдогон. Айтмакчы, ошол кезде МЖАКты мындай интригалар менен иши жок, өмүр бою аскердик тартипте иштеп, жашап келген афганчы генерал Алик Мамыркулов жетектеп турган. Куулук-шумдугу менен көп ишти өзү каалагандай жайгарган Кубанычбек мырза, эч нерсе менен иши жок, иштин чоо-жайын толук түшүнбөгөн Мамыркуловду бир эле жүрүшү менен "мат" кылып койгон.
Кененбаевдин "керемет" иштери муну менен эле чектелип калбайт. Атактуу Абдылда Юсупов менен Раушан Рыкунова менен да "ысык" мамилеси бар экендиги тар чөйрөдө кызуу талкууга алынып келет. Мисалы ал эки-үч кесиптеши, дагы бир орун басар Т. Байсейитов, бир чоң башкармалыктын башчысы О. Энтериев менен бирге 2012-жылы 31-августта түн ортосунда №1 СИЗОдо олтурган Раушан айымга IPAD-APPLE А 163296 үлгүсүндөгү планшет ж.б. керектүү баалуу бюмдарды "белек" кылышкан. Ошол кадамдан кийин түнкү саат 12де А. Юсуповду Байсейитовдун кабинетине алып киришип, ал жерден Кененбаев ага ар кандай сунуштарды айтып, "Ата Мекендин" эки-үч депутатынын мародерлукка тиешеси бар делген анын мурунку көрсөтмөсүн коомчулукка өзгөртүп айтуусун талап кылган дешет. Кыскасы, бул адамдын "крышасы" "Ата Мекен" окшойт. Анын ичинде Текебаев, өзгөчө Турат Мадылбеков менен ысык мамилеси бар экен. Азыркы жетекчи Совет Арбаевдин колдоочусу "Ата Мекен" экен. Бирок ал таза жана өтө чынчыл адам. Мындай интригалар менен иши жок, жек көрөт. Бирок мындай адам менен кантип чыдап иштешип жатканы кызык. Кыязы Кененбаевдин колдоочулары "кой, кой, тийбе" деп, сактап жатса керек. Кандай болгон күндө да өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген, мыйзамды бузган мындай адамдар эчак эле кызматтан алынышы зарыл болчу. "Крыша" болгондун да чеги бар, ойлонгула, оу, бийликтин бийик сересиндеги абийирдүү жана абийирсиз аткаминерлер!

Айбек Шамшыкеев




Көмүрдү кымбат баада саткандарга айып пул салынабы?
Энергетика тармагындагы кризиске карабай өкмөт кыштан чыгуунун айла-амалын издөөдө. Ошол эле маалда калайыктын калың катмарын бушайманга салган көмүр баасы болчу. Кыргыз өкмөтү көмүрдүн баасын жөнгө салуу үчүн токтомду да даярдады. Бирок, айрым аймактарга бул маалымат толук жетпей жаткандыгы үчүн бул боюнча тактап коюуну туура көрдүк. Себеби айрым аймактардагы өзүм билемдик менен көмүрдү сатып жаткан жайлардан карапайым эл кантип талап кылса болору буга чейин бүдөмүк болуп келген...
Ал токтомуна ылайык, көмүргө карата баа ар бир аймак үчүн бирдиктүү аныкталып, кыш мезгилинде калкты отун менен жеткиликтүү баада камсыздоого багытталат. Ошондой эле ортомчулардын санын азайтууну, көмүр баасын негизсиз көтөргөндөрдү көзөмөлдөө максатын көздөйт. Учурда аталган токтомду аткаруу механизми иштелип чыкты. Ошентип, Кыргызстандын "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесине ылайык, 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө жол берилет.
Учурда Бишкек шаарында "Кара-Кече" көмүрү 5 000 сом (мурда 6 000 сомдон жогору болчу). Таласта - 4000 сом. Нарында - Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 4000 сом. Ысык-Көлдө - Кара-Кече көмүрү тоннасы 4 000 сом. Жалал-Абадда - Кара-Кече тоннасы 5000 сом болсо, Таш-Көмүр көмүрү тоннасы 4 000 сом. Ошто - Алай, Кара-Кече көмүрү 6 000 сом. Батканде - Кызыл-кыя, Алай көмүрлөрүнүн тоннасы 7000 сомдон (мурда он миң сомго чейин көтөрүлгөн) сатылууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигининен билдиргендей, учурда көмүр кенин иштеткен ишканаларындагы баа эсептелинип, эми жолго кеткен чыгым, ортомчулардын тапкан пайдасы каралып чыгат. Бааны турукташтырып, азыркыдан арзан баага түшүрүүгө бардык чаралар каралып жатканы да белгилүү болду.
Эгерде, көмүрдү жогорку баа менен сатып жаткан жеке соодагерлер аталган токтомго баш ийбей жаткан болсо, анда кардарлар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигине же финполицияга кабарлоого болот. Көмүргө болгон бааны өзүм билемдике салып, кымбат сатып жаткан ишкерлерге айып пул дагы каралууда. Айып пулду болжолдуу түрдө 50 000 сомго чейин көтөрүүнү сунушташууда.