Келдибеков үн катты, адатынча актанды

Эркин басылмалардын бири чет өлкөгө дарыланганы кеткен Акматбек Келдибеков Дубайда эс алып жүргөнүн жар салган эле. Ага кулак түрсөк, башында Германияда эле дарыланам деп жатып, кийин Малайзияга учуп кеткен Келдибеков азыр саякатчылардын сагынган шаары Дубайдын ысык күнүнө кактанып, деңиз жээгин бойлоп, салкындап жаткан чагы экен. "Депутаттын демине дем кошкону бул жактан үй-бүлөсү да учуп барып, бактылуу үй-бүлө Дубайдын эң кымбат району саналган Палм-Джуймейрада күн кечиришүүдө. Барып жүргөндөрдөн сурасак, мындай райондо жашаганга доллар менен миллионерлер гана чыдайт дешти. Демек, Акматбек мырза миллиондорунун убайын көрүп жатат десек жарашчудай" деген эле ошол басылма.
Бул жаңылыкты улай Башкы прокурор Аида Салянова эгер А.Келдибеков дарылануусу бүтүп, жөн гана эс алып жүргөн болсо ага эл аралык издөө салынарын жарыялаган болчу. Мындан улам, Акматбек мырза "кол жоолук" журналисти Адилет Айтикеев аркылуу үн катыптыр. Адилеттин "Фейсбуктагы" баракчасына жазганына караганда, мунун баары жалган жалаа имиш. "… мага Ахматбек Келдибекович өзү байланышка чыгып, чукул арада дагы бир операция болгонун айтты. Ал тууралуу видео жана фотоматериал жакынкы аралыкта интернетке чыгарылат. Ал киши буга чейин эки таяк менен басып жүрсө, учурда анысын токтотуп физиотерапия алып жатат. Бул тууралуу фотодалилдер да бар. Ошондой эле эч кандай эс алып чардабай эле оор операциянын кучагында жатат. Операциясы бүтүп, жакшы болгондон кийин бир саат да кармалбай Кыргызстанга келем, сот иштерин аягына чыгарам, анткени өзүмдүн ак экенимди жакшы билем деди" деп жаүат А.Айтикеев. Ушул жерден мыйзам ченемдүү суроо жаралат: эгер бутуна операция жасалганы чын болсо, анысын медициналык документтер менен далилдеп бербейби? Ал эми видео, сүрөттөрдү мурда жасалган операциядан тартылып алынган тасмаларды кайра кайталап таратпайт дегенге ким кепилдик бере алат? Экинчиден, анын үй-бүлөсү учурда Дубайда күн кечиришүүдө. А.Келдибеков Германияда дарыланып жатканы чын болсо, анын үй-бүлөсүнө Дубайда бышырып коюптурбу? Үчүнчүдөн, кримавторитет Алманбет Анапияев Дубайда жашап жатканын билебиз. Балким А.Келдибеков эзелки досу А.Анапияевдин жанынан түнөк тапкандыр? Анын үстүнө, А.Келдибеков менен Азимбек Бекназаров Дубайда жолугушко1аны жатканын оппозициянын арыгын катыра чапкан гезиттердин бири жар салды. Андыктан, Акматбек Келдибекович алыста жатып алып актанбай, өзүнүн актыгын сот алдында далилдеп берсин. Эгер өзү айткандай жалган жалаа жабылып, абийири, ар-намысы төгүлүп атса, бул тууралуу жазган гезиттерди сотко берсин. Анте албайбы, демек, курулай актанганга негиз жок.

Тиленбек Азык




Эл аралык кардиологдордун Кыргызстандагы сапары карыды
Өткөн жуманын акырында америкалык атактуу Уильям Новик баштаган эл аралык кардиологдор тобунун Кыргызстандагы иш сапары аягына чыкты. Буга чейин дүйнөдөгү Гана, Македония, Гондурас, Беларусь, Казакстан, Ливия, Гаяна, Никарагуа өңдүү 30дан ашык өлкөлөрүндөгү тубаса жүрөк оорусунан жапа чеккен нарсителерди ажалдан арачалап келген бул ак халатчандардын тобу Кыргызстанга "Кумтөр" ишканасынын көмөгү менен келген. Төрөлгөнүнө 2 ай, салмагы 4 килограммдан ашкан ымыркайлардан тартып жүрөгүнө операция жасап келген дүйнөдөгү эң мыкты кардиологдор 1,5 жуманын ичинде кыргызстандык 12 наристенин өмүрүн сактап калышты. Алгач 18 наристеге операция жасоо пландалган, бирок Кыргызстанда жок 3 чемодан кымбат баалуу медициналык жабдыктарды бажы күзөтүнүн кызматкерлери "бул өтө кымбат, баалуу буюмдарга бажы төлөмү каралыш керек" - деп чек арадан өткөрбөй, бир топ убакытты уттуруп коюшкан. Ошого карабастан болгон билимин, тажрыйбасын аябаган Уильям Новик башындагы 17 адамдан турган кардиологиялык топ, алардан оңой эмес тажрыйба топтогон кыргыз медиктери жана аларга көмөктөшкөн "Кумтөр" ишканасынын атынан Гриер Дуглас 24.kg маалымат агенттигинде жыйын өткөрүштү. Баса, мындай операциялар Россияда 20 миң долларга, Европада 30-40 миң еврого, АКШнын өзүндө 200 миң долларга жасалат экен.

Лейла Назгүл Сейитбек, "Байгерлик.kg" кайрымдуулук фондунун башчысы:
Биздин чакыруубузга кош көңүл мамиле кылбай, эмгек өргүүлөрүн садага чаап, чын дилинен кыргыз наристелеринин өмүрүн сактап калууга көмөктөшкөнү келген эл аралык кардиохирургдар тобуна ыраазычылык билдирем. Анан албетте алардын жатаканасы, жол киреси, тамак-ашы, медициналык жабдыктары ж.б. чыгымдарын көтөрүп берген "Кумтөр" ишканасына жана көмөгүн аянбай көрсөткөн бийлик өкүлдөрүнө дагы рахмат айтабыз.

Самидин Шабыралиев, Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илимий-изилдөө институтунун балдар бөлүмүнүн башчысы:
- Баш-аягы 12 операция жасадык. Операция болгон балдардын бардыгыныкы эң оор, 7-категориядагы жүрөк оорулары болчу. Операция жасалбаса алар чарчап калышмак. Көп операциялык Кыргызстанда биринчи жолу жасалды. Биздин медиктер укмуштуудай чоң тажрыйба алышты. АКШлык кесиптештерибиз кийинки жылы дагы келебиз деп убадасын беришти. Бул тажрыйбаны жыл сайын улантып турсак, жүрөк оорусунан жапа чеккендер үчүн эле эмес, кыргыз медицинасы үчүн өтө чоң көмөк болот эле.

- Дуглас Гриер, "Кумтөр" ишканасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча менеджери:
- Биз албетте каражат жагынан каралаштык, бирок Новик мырзанын командасы кайрымдуулук иретинде көптөгөн өлкөлөргө мындай операцияларды бекер жасап келишет. Биз алардын жол кире, жатакана сыяктуу чыгымдарын көтөрдүк. Мындан эң башкысы элге пайдасы, көмөгү тийсе экен деген тилегибиз бар. Буюрса булар менен жалпы тил табышып алдык. Новик мырза менен сүйлөшкөнүмдө, дагы келээрки жылы Кыргызстанга келүүгө ниети бар экенин айтты. Биз дагы өз жардамыбызды аябай, аларга быйылкыдай эле шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз.

- Шри Рао, балдар кардиохирургу:
- Өзүм Аляскадан болом. Новик менен 10 жылдан бери иштейм. 30дан ашык өлкөнү чогуу кыдырдык. Кыргыз врачтарынын профессионалдуулугуна жогорку баа бердим. Эң начар шарттарда эң мыкты операцияларды жасашат экен. Жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөрдүн 50 пайызына өмүрүнүн биринчи эле күндөрү операция жасалышы керек. Болбосо алар бир жашка толбой чарчап калышат. Миңдеген балдар кезекте турушат. Анын баарына операция жасап жетишүү мүмкүн эмес. Негизги максатыбыз жергиликтүү врачтарга өз билимибиз, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, келечекте алар өз алдынча мындай оор операцияларды жасай ала тургандай деңгээлге жеткирүү. Бул жаатта Өкмөт да өз жардамын бериши керек.

Ольга Кожемиякина: анестезиолог-врач
- Мен Беларусиядан келдим. Уильям Новик кесиптештери менен Минскиге эң биринчи жолу 1993-жылы келген. Ошондон бери тыгыз кызматташып келебиз. Башында биздеги медицинанын абалы дагы дал ушул силердикиндей эле. Новик жыл сайын каттап отуруп, учурда Беларусь медицинасы болуп көрбөгөндөй секирик жасаган. Наристелердин өлүмү боюнча Европа мамлекеттерине теңелдик. 10-15 жылы мурун абал өтө аянычтуу болчу. Акыркы 4 жылдан бери Новик бизди дагы өз командасына кошуп, чет жактарга алып чыга баштады. Буюрса кыргыз врачтары дагы келечекте мыкты ийгиликтерге жетишээрине ишенем.

"Ден соолук кадырын ооруган жан билет" дейт. Наристелерибиз эч качан оорубасын. Жаштайынан жүрөк оорусунан жапа чеккен келечек ээлерине өмүр тартуулаган боорукер врачтарга, ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген "Кумтөр" ишканасына биз дагы рахмат айталык. Наристелерибиздин жүрөгү ар дайым согуп турсун!
Даярдаган Эрнис Балбаков