presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жаргылчак...
Редакциядан: "Жаргылчактын" жакынкы эки-үч чыгарылышынын "күзгү түшүмдөрү" Жогорку Кеңештин жаш депутаттары, так айтканда: Алыкулдун "Ак боз атчан" отуз жашын минип, алкынтып турушкан жана ошол оттой күйгөн курактан анча алыстай элек, кырктын кырына кыр салып турган мырзалары жана айымдары болмокчу. Албетте, баарын бирдей деп айтууга болбойт. Маселен өзүн иш менен көрсөтүп, таскагы катуу чыккандар жана жашабай жатып, жалаң өзүн ойлоп магдырап "мандатка" мас болгондор да жок эмес. Эмесе, кимисинин түшүмү, даамы, берекеси кандай экенин билүүгө жаргылчактын ташын айланталы...

Жоомарт Сапарбаев
Бул жигит келерки айда, тагырагы Алыкулдун өлгөн күнү менен Айтматовдун туулган күнү 12-декабрда туура отуз жашка толот. Алдын ала куттук айтып, ден соолук каалап, өмүрүн тилеп коелу. Жоомарт мырза жаштайынан коомдук иштерге жана саясатка аралашып, Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигине айбат кылып, алардын абийирин ачуу маселесинде көптөгөн жаштардан, ал тургай төшүн каккан бир топ аткаминерлерден алда канча айырмаланып, өзүнүн курчтугун көрсөттү. Ушул сапаты, адамга кылган мамилеси, орундуу сөздөрү, билим деңгээли менен жалпы элге алынды. Ал "Ата Мекендин" жаштар канатын татыктуу жетектеп: "Мен ишенбейм!" деген акциянын аркасы менен элдин эски бийликке болгон ишенимин азайтып, келечектеги (2010-ж. 7-апрель) революциянын учкунун тутантканга чоң салым кошту. Эмгек жолун 2002-жылы журналисттик чөйрөдө баштады, калемди колго алып Бермет Букаешеванын "Лицо" деген гезитинде. Дымагы бар көп жаштар көпкөнчүлүккө жана бийликке жутунса, бул жигит билимге суусады. Натыйжада, 2007-жылы Кыргыз-орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин бүтүрүп, 2004-2005-жылдары АКШнын Миннесота мамлекеттик университетинде окуду. Учурда Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академияда (мыйзам жазган адамга абдан керек билим да) билим алууда. "Канча тил билсең, ошончо адамсың" дегендей: кыргызча, орусча жана англисче так сүйлөйт. Бакиевдин "балит" саясаты менен "башын канжыгага байлап" коюп, күрөшүп жүргөн кезде, капысынан өзүнө өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган өмүрлүк жубайын таап алганы белгилүү. Учурда бир кызга мээрим төгүп, аталык бакытка балкып жүрөт. Урматка бөлөнүп узак жашап, кыргыздын санын көбөйтүп, көп балалуу болсун дейли.
Анткен менен Жоомарты чоң саясатка аралаштырып, Жоомарт кылганы анын устаты Өмүрбек Текебаев экени талашсыз. "Ата Мекендин" атасы акыркы жылдары көп маселеде жаңылганы менен өзүнө шакирт тандоодо, аны чоң саясатка алып чыгуу маселесинде эч жаңылган жок.

"Ата Мекендин" "брендиби"?!
Буга анын Сапарбаевди 2010-жылы 26 жашында "Ата Мекендин" тизмесинин алдына коюп, депутат кылганы толук далил болуп бере алат. Эми бул жагынан жолу ачылган Жоомарт эл өкүлү болгондон бери кандай иштеди? Ооба, ал көп мыйзамдардын автору болуп, тишин чагып, катыра жазбаганы менен, башка кесиптештериндей болуп көөп кеткен жок, элге жек көрүнбөдү. Популисттик кадамдарга барбады. Ачууга алдырып, өзүнөн деңгээли төмөн, бирок жашы уулу депутаттар менен кер-мур айтышып, жакалашканга чейин барды. Ошентсе да, көп учурда мурункудай эле салмактуулугунан тайбай, чоң саясатта тажрыйба топтоп, бийликтин кылган жаман-жакшы иштерин, коомдогу терс көрүнүштөрдү бийик трибунада ачык айтып турду. Анын саясатта, депутаттыкта тапкан эң чоң олжосу ушул эмеспи. Ошондой болсо да, көпчүлүк жаш саясатчыдан изги тилек менен мындан да көптү күткөн. Бирок азырынча Текебаевдин ийри-муйру "рамкасында" эрки байланып, бир аз чектелип турса кантсин анан?! Канткен менен Өмүрбек мырза саясатта өзгөчө куу адам экени белгилүү. Айтсак, ал 2012-жылы шаардык депутаттарды шайлоодо кадыры менен капчыгы чектелүү "атамекенчилерди" Шаардык кеңешке өткөрүү, элдин ишенимине жетүү маселесинде дал өзү таптаган шакирти Сапарбаевди "показуха" катары колдонуп, аны өз партиясынан башкы талапкер катары алып чыкты. Анткени, Өмүке, "Ата-Мекендин" ушул тапта эл ичинде кадыр-баркы калың кадры Жоомарт экенине көзү жеткен. Болбосо, капчыктуу Мадылбековду же Төлөгөновду алып чыкса ит эле болуп жатып калмак. "Ата даңкы менен кыз өтөт" деп Ширин Айтматованы алып чыгып көрсө, ал да өтпөйт эле. Себеби биринчи жолу (төрт жыл мурун) ошол касиети бар сөз жана көпчүлүктүн шаарданы менен араң депутат болгон неме, экинчисинде шаардыктардан "кечирип коюңуз" деген сөздү угуп шаабайы таптакыр суумак. Аларды кой, амбициясын жыйыштырып, сынамакка өзү башкы талапкер болуп чыкса да элден колдоо табары күмөн эле. Чиркешович, мунун баарын жакшы калчап, "жети өлчөп бир кести" да. Айтор, Жоомарты жалгыз кылбай, жанына "орустардын добушун алып берет" деген ишенич менен ЖКнын дагы бир депутаты Наталья Никитенкону кошту. Жыйынтыгы Текебаев күткөндөй чыгып, "Ата Мекендин" 6 талапкери Шаардык кеңешке депутат болду.
"Устаттан шакирт өтөт" деген сөздү Жокебиз дагы бир ирет аныктап койду окшойт. Жаш шакирт азыр устатына караганда, тазалыгы менен айырмаланып, келечектен көптү үмүттөндүрүп турат. Балким, ушул нук, ушул багыт менен кетсе, башкасын айтпаганда да келечекте спикер, президент сыяктуу кызматтарды аркалашы мүмкүн, орто жолдон эле башкалардын жолуна түшүп, ойт берип кетпесе... Кыскасы, Жоомарт Рахатовичке, азырынча элдин ишеними бар. Ошон үчүн кыргыздын "көз тийбесин" деген салттуу сөзүн айталы. Жыйынтыктап айтканда, Жоомарт акыркы 7-8 жылдан бери "Ата Мекендин" абийирин сактаган жүзү, заманбап сөз менен айтканда "бренди" болуп турат. Кадыры качкан партияда мындай жигиттер көп болсо, анда "Ата Мекен" чыныгы "Ата Мекен" болмок!

Ыргал Кадыралиева
Бул айым 33 жаштын тамагын ичип жаткан кези. 29 жашынан мандатка ээ болуп, "бийиктиктин жеткен чеги" ушул деп бийликтин кумарына "мас" болуп келатат. Чынында мастыгы же жаштыгы себеп болдубу, айтор депутат болгондон бери өзүнүн ар кандай жүрүш-турушу, сүйлөгөн сөздөрү менен коомчулуктун сынына катуу кабылды. Эң оболу, Ыргал айымдын депутаттыка чейинки баскан жолуна учкай баам салып көрөлүчү. Эмгек жолун 2003-жылы интернат-гимназияда кыргыз тили мугалими болуудан баштаган. Ош мамлекеттик университеттин аспиранты болгону менен кандидаттыгын жактаганы же жактабаганы белгисиз. 2004-2007-жылдары Ош облустук билим берүү башкармалыгында алдыңкы адис болуп иштеген. "Эл үрксө, эшек кошо үркүптүр" дегендей, 2010-жылы "Жаштар демократиялык партиясы" саясий партиясын негиздеп, аталган партиянын төрайымы болгон жайы да бар. Эл өкүлү болгонго чейин анча көп эмес адамдарга, анын ичине бийликтегилерге эски бийликтин "курмандыктарынын" бири, "Ак-Жолдун" "алдыңкы" депутаты Санжар Кадыралиевдин бир тууган карындашы катары таанылды. Ошол жылы КСДПнын "лөктөрү" Кадыралиевдердин үй-бүлөсүн эски бийликтен запкы жегендер катары аядыбы же анын аркасынан арбын добуш алабыз дештиби, айтор коомчулук анчалык күтпөгөн кадам таштап, ырдаса ыры, чырдаса чыры бар, олоң чачы узун, бирок "акылы көрөңгөсү тайыз" Ыргал айымды депутат кылып таштады. Кыргызда: "Сөз чынынан бузулбайт" дейт. Бирок бул айымдын төрт жылдан берки ишмердүүлүгү, баскан кадамы, айткан сөздөрү элге да, барандуу партияга да аброй алып келбей, тескерисинче уят кылды. Бул айымдын мүнөзү табиятынан тарсылдак, амбициясы аттын башынан да чоң. Ушундан уламбы, сыйлоо маселесине келгенде улуу - кичүүнү уруп ойнобойт. Эркектерге окшоп, айтчу сөзүн ныгыра басып, деле демдүү сүйлөйт. Акылы ашыкчабы же "айды чапчып" турабы, иши кылып ар дайым анын акылына муктаж эмес кишилерди кошуп туруп, баарына акыл айтканды жакшы көрөт. Анткен менен кээ бир көтөргөн маселелери коомго пайдалуу, көпчүлүккө жагымдуу болот. Бирок Ыргал айым айкырыкты катуу салып, айрым кезде "ыргыштап" айтып чыккан ошол маселени башка кесиптештериндей болуп аягына чыгарбайт. Бир карасаң, анын бүт берекеси тили менен узун чачына топтолгондой сезилип кетет.

Агасын тыйганга жарабады.
Төрт жылдан бери, мактоого алгыдай мыйзамдардын деле автору боло албады. Ошондой болсо да, бардык жерде таасирин күчөткүсү келет. Маселен, маркум агасы Санжар мырзанын өлүмү боюнча соттук процессте судьяларды бут кийими менен чаап, аларды мансабынын күчү менен мазактоого алганы кайсы акылга сыят.
Ошентип, заманга жараша кыргыздын көп кыздары көчө таптап, көкүрөгү руханий азыктан кур калып, көчүк сатып, көпөстөргө "көлдөлөң" болуп, анан депутат уялып койбоду. Акыркы бир айдын аралыгында анын агасы Канжар Кадыралиевдин киши коркутуп акча алгандыгы, криминалга аралашкандагын айтып чыккан "Азаттыктагы" Жанардын жагын басуу үчүн сотко берип жатып калды. Андай кыйын болсо: "Мен эл өкүлүмүн, уят болбойлу. Прокурорсуң. Сизге эмне жетпейт, ака?!" - деп агасын тыйып койбойбу. Анте албады, агасын колунан келишинче актады, мактады. Агасы болсо, Ошто эл чыгарып, митинг кылып жатат. Ушул эле жетпей жатты эле? Биротоло Келдибековго окшоп, жол буудурса болмок экен.
Коомчулукта Ыргал айымдын мурунку күйөөсү менен ажырашып, азырынча Куловдун "чөнтөгүндө" турган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрагасы Эрлан Сапарбаевге турмушка чыкканы, Эрлан мырза ага мыйзамдуу аял кыла электе эле машине белек кылганы да көп талкууга алынды. Бул эми алардын жеке турмушу. Биз эки жашка бактылуу болсундан башка кеп айтпайбыз. Ыргал айым бул чакырылышта өзүн мыкты депутат катары көрсөтө албай, кийинки шайлоодо өзү үчүн КСДПнын эшигин ачылгыс кылып жаап алды окшойт. Депутат болом десе, кыязы, башка жактан конуш издейт го?! Бирок, ким билет, кепилдик берүү да кыйын?

Айбек Шамшыкеев









??.??