presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Ниет оңолбосо, тоону томкоруп не?!

Ушул кишиге таң калам, ага удаа жиним келет, кайра туруп боорум ооруйт, аны менен бирге ушул кишидей болуп жаралбай калганма тобо келтирем, сыймыктанып да калам…
Бу киши Акаев доорунда аны менен кошо алтындан жакшы тоюнган. Ал өзүнчө бир чоң тарых, айтылып келет, айтыла берет. Анан ошол киши телевизор менен радиодон, ар кыл гезит беттеринен түшпөй кыргыздын улуулугун, ыйманын даңазалаган болуп тил безейт дейсиң жадатат да… кээде туруп анын кебине ишенип кете да таштайсың. А бирок, анын коррупционер экенин, өмүрүнүн бир учурунда элдин мүлкүнө чеңгелин салып таштаганын эстегенден кийин анын айткан кеби шылдың катары угулат, бизди мазактап жаткандай угулат. А тиги киши айтып жаткан сөзүм элге жагып жатат деп ойлойт да кебин түрлөнтө айтат, толгон тарыхый фактылардан чубай. Чынында да элдин салт-санаасынан, тарыхынан ж.б. көп билет. Бир нерсени ашкере көп билген адамды эле жакшы, ыймандуу, акылдуу адам дебеш керек деген нерсе чындык экендигине ушул кишинин мисалында ишенесиң. Ошентип, бул киши ыйманды жакшы айтат, кыргыз Улуу калк экенин жакшы даңазалайт, алардын мисалында тазалыкка чакырып турат. Анысы жакшы. Бирок, өзү коррупциялык жолду басып койгон, ыймансыз ишти жасап койгон. Андыктан ыйман жөнүндө күнү-түнү тынымсыз айтса да анын кеби жугумсуз, анын кеби кыжырды кайнатып турат! Дал ушул сымал, бийлик тараптагылардын коррупцияга карыш күрөш жүргүзөлү деген чакырыктары таптакыр жугумсуз, жугумду кой, ошол чакырыктар ташка тийгендей кыйып кетип жатканы! Анткени, коррупцияга каршы күрөш жүгүзөлү дегендер да, жүргүзүмүш болуп жаткандар да коррупциялык жолду басып коюшкан! Андыктан азыркы учурдагы коррупцияга карыш күрөштү баягы азаптуу Сизифтин эмгеги менен тең караш керек… Ошол шордуу Сизи коррупционер болгон эмес, муну да унутпайлы Тапталган чындык болсо да айта беребиз да- ушул азыр бир дагы кызматкер таза эмес экен! Мамлекеттик деңгээлдеги бул трагедиядан кантип арылабыз?! Баса, трагедия болду, демек аны калыбына келтире албайбыз. Эми жаңы көрүнүштөн башташ керек. Демек, азркы муундун иши бүттү десек, кийинки муундан башташ керек тазалыкты, ыйманды, адамдыкты ж.б. Андай болгондо кийинки, жаш, таза делген муунду ким тарбиялайт. "Бирөөнү тарбиялардан мурун өзүң тарбиялуу болушуң керек" дегенди илгери бирөө айтпады беле? Анын сыңар, азыр бизди коррупциядан арылтабыз дегендердин баары тегизи менен коррупционер болсо, андан кантип арылтты?! Ошондо кийинки муунду таза кылып ким тарбиялайт? Ит билсинби?!

Ооба, кийинки муун дегенибиздин өзү шарттуу түрдө эки топко бөлүнүп турганы. Биринчи топ-жакшы бүлөдө өскөн, шоколад эмес, нан эле жеп чоңойгон, жаман-жакшыдан түшүнүгү бар, андыктан дайыны жок жулунбаган таза балдар, кыздар. Экичи топ- көбү улунган-жулунган бүлөдө өскөн, кенедейинен жок дегенди билбей, шоколадды ыргытып ойногон, баары даяр болуп турмушун мыйзам ченемдүү көргөн, тилеги көп акча менен чоң кызмат. Экинчи топтогулардын ичинен даярга көнгөн "дөңдөрү" менен катар шуулдаган, энесинин көчүгүнөн түшүп-түшө электе кошоматты, карьераны, бой көтөргөндү, ач көздүктү мыкты өздөштүргөн жана да өзү гана акылдуу экендигине ишенген жаш шүмшүктөр да бар. Баарынан коркунучтуусу мына ушул түрдөгү балдар. Алар кызматка жете албай араң эле турат. Жетери менен жеп кирет, эч кимди көзгө илбей көөп баштайт. Мына дал ушундай балдар азыркы "шүмшүктөр" эс алууга кетсе эле, же оңдой берди болуп, өлүп берсе эле, кызматка келүүгө жанын бере жүткүнүп турушат. Эл кызыкчылыгы үчүн ошентсе го мейли эле, а булар болсо жалаң гана өз ыңгайын согот!

Тарыхтан окуп келатат эмеспизби, адамдардын сезимин , акыл-эси толук калыптана электеги доорлордо адамдар кайсы бир жаныбарды өлтүрүп аны талаша жечү тура, Кения талаасындагы арстандар прайдын элесте, бир буйволду жыгып алып тытып жеп жатканы, алдуусу башкасын кубалап турганы. Дал ошол көрүнүш мына бүгүнкү күнгө келип жеткендей болуп турат, башкасын аттап-буттап түз эле кыргызга келген сымал! Улам бир коомду танып,- "танууну тануу" логикасы менен жаңысын жаратып, ошол процессте адам жүрүм-турумунун алгылыктуу делген сапаттары калтырып, калганын жоготуп келатабыз го. А бирок, кайсы бир мезгилде жоголгон жамандыктын кайрылышы бар экен, "мода-эскинин кайрылышы" дегендей эле кеп экен да! "Сен деген бирөөнүн эмгегин алба, уурдаба" деген насаат-эреже бар, бул бардык динде да бар. Ага карабастан, кудайдан да коркпостон элдин байлыгынан абийирсиздик менен алып алып, "ай, аны эмне алдың, эми жооп берет экенсиң" дегенди беттен алып жатпайбы. Ит болгондон кийин көчүктөн албайт да, түз эле беттен алат! Мына биздин коомдун акыркы-азыркы сүрөтү. Сүрөт болбой талаада калсын! Ушул наадандык сүрөттү тарткандар элге акыл айтып жатканы, өзүн элден алда-канча жогору коюп алып кутуруп жатканы. "Мен ашкере кыйынмын, ошондуктан мени көрө албай саясий заказ менен каралап жатат" деп табактай бетин ого бетер талпайтып жатканына не дедиң?! Жөн эле киши коррупционер болбойт экен, бу коррупционер дегениңдин табияты- арам, көралбас, ач көз, анан калса беттырмардык жагынан алдынан тири жан салбайт экен! Эл байлыгынан абийирсиздик менен жеп алып, жүзү каралык менен жебалып, анысы арам байлыгынан дапдаана көрүнүп турса да "кудай урсун, тазамын" деген киши да кишиби?! Жок, ал киши эмес, ал деген айбандан алда-кача жаман. Айбан деген жеген чөбүн жеген жокмун деп танбай калсын. Тигиге караганда "уят" бар да… Ии, анан коррупционердин байлыгы: кабат-кабат үй болуп, чет элдин кымбат машиналары болуп, сауна, ресторан, кафе, пансионат, коттедж, мейманкана болуп, жер тилкеси болуп, сансыз мал болуп, аны кайтарган кул болуп, эрке талтаң балдары минген машина болуп… ойношунун квартирасы болуп, чет жерде сакталган акча болуп… баары-баары көрүнүп турат. Анан жеген жокмун дейт, айлыгы бир машинага да жетмек эместигин эл билбейт дейт! Ушундай айбан болот коррупционер деген!

Макаланын башында бир хамелеон кишини айтпадыкпы, азыркы бийликтеги коррупцияга каршы күрөшкөндөр да дал ошол кишидей. Күрөшкөнү менен андан жыйынтык болбойт, анткени, күрөшүп жатып коррупциялык жолунан чыккан жери жок. Муну эч ким, эч качан тана албайт! Гамлетчесинен "же бар, же жок" деп тургандан башка айла жок…

Гамлет демекчи, бу жарык дүйнөдө адамдарга жакшы нерсени сиңиребиз деген нечен бир мыкты жазуучулар адамдар суктанып турчу каармандарын жаратып келбедиби, жаратып да жатканы, алардын кээси тарыхый да инсандар. Башкасын коюп өзүбүздөн айтсак, Манас баш болгон эпосттук каармандар башында болсо, анан Акылкарачач, Жээренче чечен, Таабалды Пудовкин, Сапар, Бекназар, Дүйшөн, Танабай, Жамийла, болуп уланат. Мына ошол образды жараткан жазуучулар окуган окурмандарга эч болбоду дегенде бир жакшы сапаты таасир берсе экен, жукса эхкен деген да. Мурун жукса жуккандыр, азыр болсо жукпай калсын. Кайран эмгек!

Ооба, коомубуздун оңолушуна жол жок өңдөндү. Бир адам, маселен, Толстойдун Масловасынын пейили оңолгондой болсо гана, коом деген бир адам эмес экен го… Айла жоктон Шакемдин ырын кыңылдай беребиз да:
Бузулган адам оңолор бир күн,
Бузулуп турган замандан сакта!-деп.
Баратбай Аракеев










??.??