presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Оңтойсуз суроолор?
Деги бир балээнин ичинен чыкпайсызбы?
- Талантбек Абдуллаевич, Сиз жакында эле Саламаттыкты сактоо министри кызматына келдиңиз. Сиздин бул кызматка келишиңиз бир топ ызы-чуу менен коштолду. Чынбы? Чындыгында, жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери Түркияда иштеп жүрүп, кокусунан эле жакшы иш, жакшы айлыкты таштай салып министр болгуңуз келип чуркап калганыңыз, көптөгөн эл өкүлдөрүн таң калтырды. Эмнеге министрлик кызматты эңсеп келдиңиз? Элиңизге жакшы иш кылайын деппи же мамлекетибизди соруп жаткан коррупциялык системадан пайдаланайын деппи? Кайсынысы сиздин жан дүйнөңүзгө жакын? Элге, мамлекетке жакшылык кылганы, сазга баткан саламаттыкты сактоо тармагын оңдоого келди дейли десек, алгач эмгек жолуңузду баштаган 80-жылдары 3-4 жыл кардиология институнда Миррахимовдун кол алдында катардагы кызматкер болуп иштеген учуруңузда кымбат баалуу медициналык "Polaroid" пленкасы жоголуп, анын ызы-чуусу сизге барып такалып, кызматтан куулуп кеткен экенсиз. Ушул чынбы? Мындан улам, бир пленка үчүн жаманатты болуп жүрсөңүз, эми министр болгондо эмненин ичинен чыгат болду экен деген кооптонуу бар. Деги бир балээнин ичинен чыкпайсызбы? Айткандай, Бакиев бийликке келгенде жардамчы боло коюп, 80-жылдары 3-4 жыл иштеген акысына "КР Саламаттыкты сактоо кызматына эмгек сиңирген ишмер" наамын ала койгонуңузда узун сабак болуп айтылып жүрөт. Эми министр болдуңуз, дагы кандай наам алууга ниет кылып, кам көрүп жатасыз? Кыскасы, чет өлкөлөп жүрүп эле жылт этип пайда боло калып, министр болуп калганыңызды кандай түшүндүрөсүз?


Деги тынч отура албайсызбы?
- Исхак Абсаматович, Сиз учурда "кыларга иш, саларга куш жок" дегендей, бош жүрөсүз, өз чарбаңыз менен алектенип балык уулап. Көп жылдан бери чоң акырдан даам татып калган сизге мындай абал оорчулук жаратып жаткан жокпу? Дегенибиз, саясаттын казанында кайнап калган адам үйдө тынч отура албайт эмеспи. Анткени мындайда 2010-жылы Бакиевдин доору бүткөндө, Үсөн акеңиз менен төңкөрүш жасап жибермекчи болгонуңуз эске түшөт экен. Айткандай, ал окуяда суудан кургак чыктыңыз, колго токтобогон самындай жылмышып, ыраспы? Коомчулук болсо али күнчө багыңыздын тоодойлугуна таң калып, сүттөй актыгыңызга күмөн санаган бойдон калышты. Чындыгында, караңгыдан көз тапканга кандай амал колдондуңуз? Жашыруун болбосо, кимдердин тилин таптыңыз? Эмне убада кылдыңыз эле? Айткандай, багыңыздын тоодойлугун ушундан билдик, камалат деген сиз Салык кызматын аркалап, чоңоюп кеттиңиз. Ошондо далайлардын "крышасы" жылып кетти го, бийликтин айкөлдүгүнө ичтери чыкпай. Туурабы? А сиз ишенимди актаган жоксуз. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчыларын билими, дарамет-деңгээли, тажрыйбасына карабай, "оптому" менен салык кызматына орноштуруп салып, анын айынан салыктан түшчү каражаттты толтура албай "сөгүш" угуп отуруп бердиңиз. Анан көп өтпөй кызматтан айдалдыңыз? Айтор оозу менен орок оргон, колунан эч нерсе келбеген чечкинсиз экениңизди айгинеледиңиз. Бир сөз менен айтканда, ата кадыры менен аброюңуз артып жүргөнү маалым болду. Ошого карабай, эми болсо келе жаткан шайлоо аймактык тизме менен түзүлө турган болсо, парламентке "каралар менен сакалчандар толуп алат" деп көзү ачыктык кылып, "Бир бол" партиясынына биригүүнү самап, шайтан оюндарга эртелеп кам уруп баштадыңыз. Деги тынч отура албайсызбы?


Айдаралиев Атамбаевдин көзүн будамалап…
2014-жылдын 20-июнунда Аксы районунда Иринжит каналынын расмий түрдө ачылышы болуп, ага Президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Каналды бүтүрүүгө бюджеттен 441 000 000 (төрт жүз кырк бир миллион ) сом бөлүнүп, тендер жарыяланып, "Водоканал" жана "Империал Групп" ишканасы утуп алган болчу. Дээрлик жарым миллион сом жумшалып бүттү делип, президент барып ачкан канал аксылыктардын айтуусунда 90 пайыз ишке жараксыз абалга келиптир. Аты аталган канал аркылуу Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү миңдеген гектар жерлер сугарылмак . Тилекке каршы, учурда курулуп бүткөрүлгөн канал пайдаланууга такыр мүмкүн эмес экен. Мындан улам, жергиликтүү тургундар буга ким күнөөлүү деген суроого жооп издешип, каналды бүтүргөн "Водоканал" менен "Империал Групп" ишканасын же ишти көзөмөлдөгөн Аксынын акими Медет Айдаралиевди жоопко тартыш керек деген маселени кабыргасынан коюшууда. Анткени аким менен аталган каналды бүткөргөн ишканалар президенттин көзүн будамалашып, элди алдашкан.


"Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат"
Кыргызда "уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" деген макал бар. Учурда маани-маңызын жогото элек. "Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп" койгондор, жогорудагы макалды ураан тутуп, жоопко тартылбай эсирип жүрүшөт. Эми бул тууралуу мисал келтирсек, кылмыш кылып коюшуп, анан кайра бет тырмарлык кылгандардын аягы үзүлбөйт. Ошондуктан алыс барбай, кечээки эле болгон окуялардын бирөөсүнө токтолсок жетиштүү болот. Буга каракчылык боюнча шектелип жаткан Канжар Кадыралиевдин жоругу ачык мисал боло алат. Алсак, Өзгөн районунун бир нече тургунун опузалап акча талап кылганы боюнча Канжар Кадыралиевге Башкы прокуратура өткөн аптада кылмыш ишин козгоду эле, кайран эргул буга чейинки акелеринин (Ташиев, Келдибеков) жоругун колдонуп, жакындарын Ош облустук администрациясынын алдына митингге чыгарууга үлгүрдү. Алар Кадыралиевге козголгон кылмыш иши мыйзамсыз экенин айтып, аны камакка алуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Канжар өзү болсо тергөөгө келбей, кайда экени белгисиз качып жүрөт.











??.??