presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Асандын акыркы күнү…
(Башы өткөн санда)
Жөнөкөй болсо да өзүндөй ырдап берүүгө даабагандан болсо керек, айтор, бул дүйнө менен кош айтышып кеткенден бери Асандын ырлары канчалык мыкты болсо да, мурдагыдай көп аткарылдбай, өзү эскерилбей келатат. Асандын дагы бир шору ушул.
Үчүнчүсү - чыгыш элинде "аркаңа из калтыргың келсе, дарак тик" деген кеп бар. Асандын дарагы - артында калган ырлары. Бирок аны көгөртүп багып турганга да киши керек. Асандын анысы деле бар. Аялы Дамиранын көртирликтен чолосу тийбесе, аттарын Рыспай Абдыкадыров коюп кеткен Жанат, Канат, Санат деген сомодой балдары турат. Көпкө чейин балалуу болбой жүрүп, ушу Дамираны алганда, ал катары менен үч эркек, Асан айткандай, "үч корбашы" төрөп берип, көксөөсүн сууткан. Асан өзү да: "Керимбай болуштун, силерче айтканда корбашынын тукумумун" - деп сыймыктана айтар эле. Ошонун айынан кенедейинен сыртта багылып, куугунтуктун запкысын жеп калса да, болуштун тукуму болгонуна арданчу эмес, атүгүл ошо совет маалында эле ачык сыймыктанчу. Ошо Асандын "корбашыларынын" туну - КТРде үйбүлө лотосун алпарып жүрүп, кийин КВНге өтүп кеткен Асандын Канат деген баласы. Билген кишиге атасынан жуккан жөндөмү сезилип турат. Бирок…, бирок атасынын өңү өчүп бараткан атагы үчүн, артында калган ырларынын тагдыры үчүн күйгөнүн, анүчүн куурай башын сындырганын көралбадым. Асандын үчүнчү шору - ошол.
Кетментөбөнүн багына Токтогул төрөлүп калган экен. Минтип атын өчүрбөй алып жүрөт. Токтогулдун багына анын мекенинде Тууганбай, Асан, Шахра, Гүлнур, Сыймык, Бек, Майрамбек, Элмирбек, Айбек, Райыбековалар сыяктуу огеле көп таланттуу жердештери бар экен, азыр музыка дүйнөсүн ошолор дүңгүрөтө басып турат. Алардын арасында Асандын карааны алыстап, аргендей үнү менен мукам ырлары карт тарыхтын бүктөмүндө муңуп барат. Албетте, "тулпар - тушунда" демекчи, жогоруда айткандай, ХХ кылымдын 70-90-жылдары Асан обончулардын алдыңкы сабында эле. Обондорунун көркөмдүк сапаты боюнча алиге жашай беретурган жөнү бар болчу. Керек болсо экинчи өмүрүн жашоого башка обончулардыкына караганда анда мүмкүнчүлүк кеңири эле. Бирок сүрөөнчүсү келишпей, Асан азыр жүрөктөрдү эмес, буттарды тыбыраткан обончу, аткаруучулардын тебелендисинде калып, чаңбаскан бетин сүртүп койгонго жарытылуу киши чыкпады. Болбосо анын чыгармачылыгын жылына концерт түрүндө эскерип, керек болсо Асан Керимбаев атындагы байге коюлган сынак уюштурса болот болчу. "Кетментөбө" деген коом бар дейт, бул ошого кулак кагыш.
Асандын тагдырынын ушинтип калганы - өзүнөн да кетти. Канында болуштун тоңдоос бүртүктөрү ойноп турчу. Кээде жайдары, март болгону менен, ушунча бапыраган айлана-чөйрөсүнөн жалгыздыктын жылчыгын таап, жылт этип кирип кетчү да, эшигин кулпулап алып, өзүнчө жыргай да, куурай да берчү. Жыргаганы ушул - өзүн эжигейдей эзип отуруп, ошол азабынан кубулжуган обон сыгып алчу. Куураганы - те чоңатасынан бери келаткан куугунтук аны биротоло матап, анысы аз келгенсип, канында бар быркыйган мүнөзү көп жерден тил табыштырбаган жалгыздыкка кептеп салган. Ошондой учурда "жандооч кийик аттырган" саналуу гана жолдошторуна барып, арыз-муңун төгүп, буркурап-буркурап ыйлап алган учурлары болгон. Ошолордун бири - акын Анатай Өмүрканов. Көп учурда экөөнүн ою ою бир жерден чыгып, кыздардын жүрөгүн жибиткен ырларын карап отурсаң, сүйүү боюнча эки специалист бир кызды сүйгөн экен дейсиң.
Ала-Арча көрүстөнүнөн орун буюрбай, Кетментөбөнүн жолдон буруу жеринде эчким барбай томсоруп жатканын бейитин барган сайын байкап келем.. Кудай акы, анын жалгыздыгы ошо бейитинен да билинип турат. Бирок анын жалгыздыгы керт башынын, же денесинин эмес, жан дүйнөсүнүн жалгыздыгы болучу. Кээде обу жок бирдемелерди сүйлөп, же обу жок таарынып, болбосо сырдакана жолдошторуна барып, буркурап ыйлап, бугун чыгарып алып, жерге-сууга батпагандай колоктоп калган. Мындай караганда арабызда кадимкидей жүргөнсүгөнү менен, жанын жабыркаткан ойлордун туткунунда өзү менен өзү болуп калган. Ошол жүдөмүш ойлордун кесепети чыгармачылыгына да таасир этип, жарытылуу жакшы нерселерди бералбай жатканы, "какаганга - муштаган" болуп, концерттерине киши оңдуу келбей, аялынын көзүн карап жашап калганы, анан да ага арак ичүүгө таптакыр тыюу салган оору тооруп турганына карабай, кээде тизгинине ээ болалбай кеткени - өлүм жөнүндөгү ойдон алыс кеталбаганы ошондон болгон шекилди.
Жанын жабыркатып жүргөн жалгыздыкты бу дүйнөгө таштап, бизге берип үлгүрбөгөн ырларын өзү менен кошо ала кетти. Адамды өмүрүндө бир арман коштоп жүрүш керек го, балким, жан дүйнөнүн жабыркашынан чыгарма сомдоого шаасы келбей, айласы куруп жашаганга караганда, көр тирликтен рухий асылдуулуктарды жогору койгондордун өңгөгө эмес, өзүнө өзү кор болбой өлүп тынганы деле дуруспу деп калдым. Эл артисти болуп туруп, эл баамынан алыстап калгандан артык кордук жок. Асан болсо мындай кордукка чыдай албас өтө сезимтал эле, анан баягы күпүлдөп тургандай кадыр-баркынан тайып баратканын сезүү ал үчүн катуу сокку болду.
Соңку кездери негедир таптакыр эле жалгыздап калган. Жок, биз менен чогуу-чаран эле бапыраңдап жүрчү. Бирок ошол шарактаган турмушунун артында биз секин сезген, өзү билдирбөөгө аракеттенген жан дүйнөнүн жалгыздыгы жанын жабыркатып жүрчү. Аны мен өмүрүнүн соңку кездери чыгарган "Жалгыздык" деген ырынан улам эшиттим. Сөзү Шайлообек Дүйшеевдики экен, а деле жалгыз калып көргөн жан эмес эле, башына кирип чыкпагандан кийин, каапыр, Асандын заказы менен жазганбы деп калдым.
Жар көчкөн өңдүү бүт жерде,
Жан кишиң калбай күткөнгө.
Жаралбай койбой не дедим,
Жалгыздык башка түшкөндө.
Ушул ыр Асандын чыгармачылыгынын жыйынтыгы болгон шекилди. Башка популярдуу ырларына караганда, анча деле мыкты эмес, бирок сөзүнө кунт коюп, муңканган кайрыктарды улап уксаң, бир арман тымызын сезилип турат. Ошол кездери чыгармачылык жактан мукурап, жаңычыл бир секирик жасай албай, балким, амирден болуп жаңы бир жакшы ыр келип калар деп турган чагы болчу. Анысына жетпей, жан дүйнөсүн жабыркаткан жалгыздыктан жапа чегип кетти. Ага жалгыздык ыр болуп куюлуп келиши керек эле. Анте албай, ошол кыйналуудан муңдуу кайрыктарды саап алып келе албай, чарпылып, чачылып, өзүн жыйнай албай кете берди.
Ошол ой ырында турбайбы.
Баткан күн калар, таң калар,
Балдарың калар, жар калар.
Дүңгүрөп турган атың жок,
Дүнүйөң түшкүр ал калар.
Бирок жакшы ыр эч убакта өлбөй турганына, ал муун алмашкан заманда, элдик башаттын баркын билген урпактардын тушунда кайра экинчи өмүрүн сүрөрүнө, ошондо Асандын ысымы кайра бир жарк деп чыгарына бөркүмдөй ишенем. Анткени ар бири-биздин жүрөгүбүздөн түнөк таап калган анын мукам ырлары замандаштарынын да, урпактарынын да кылчая карап, имерчиктеп турар, демек, эскерип турар ырбашат болуп калат. Бул жагынан Рыспай экөөнүн соңку тагдыры окшош консуп кетет. Өмүрүнүн акырында Давлети да, жолдоштору да, угармандары да канчалык алпечтеп турганы менен, бу заманга батпай, Асан шакиртиндей жалгызсырап калган. Ошон үчүн жазыла элек жакшы ырларын өзүлөрү менен кошо ала кетип, калган өмүрүндө угармандарынын үмүтүн актай албай кетишти. Бирок кыргыз музыка өнөрүндө өлбөс чыгармаларды мурда эле чыгарып коюшкан экен, ошолор устат-менен шакирттин экинчи өмүрүн улап жатыры
Бөкөнбай Боркеев











??.??