presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Тышкы саясатта тыңып алдык
Эки жолу башынан революция өткөрүп, казынасы какшып, стабилдүүлүгү олку-солку болуп турган 2010-жылдары Кыргызстанга көптөгөн өлкөлөрдүн ишеними жоголуп кеткенин билебиз. Айрым эксперттер калыптана элек мамлекет катары да эсептеп жиберишкен. Орустардын ошол кездеги президенти өлкөбүз экиге бөлүнүп кетээрин айткан. Оозуңарга кара таш деп коюп өз оокатыбызды кыла бердик. Бактыга жараша Кыргызстан арадан 3-4 жыл өтпөй коңшулаш да, алыскы да мамлекеттердин ишенимин кайтарып ала алды.
Бирок, ичтен чыккан ийри жыланга окшоп айрымдарыбыз, өзгөчө саясатчылар бийликтин кадырын кетирүү максатында каалагандай аракеттерди жасап келишет. Маселен, алар "кыргыз бийлиги тышкы саясатты жакшы жүргүзө албай жатат, коңшулар менен да мамилебиз начар болуп калды" деген жүйөсүз айыпты тагып чыгышты. Ырас, мындай пикирлерин көбүнчө батыштын саясатын таңуулагысы келген саясатчылар айтып жатканы белгилүү. Ырасында тышкы саясатыбыз кандай жүрүп жатат?
Биринчи кезекте коңшулаш мамлекеттер менен болуп жаткан мамилеге токтололук. Кечээ жакында Кыргызстан менен боордош Казакстан өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк кызматташуунун жаңы тепкичи жасалды. Казак бийлиги Кыргызстандагы жаралган энергетикалык кризисти туура түшүнүп, өздөрү үчүн оор болуп калаарына карабастан, бизге кыш мезгилинде 1 миллиард 400 миллион куб метр электр энергиясын берүүнү чечти. Андан тышкары Казакстанга барган кыргыз жарандары бир айга чейин убактылуу каттоого турбастан жүрүүгө уруксат берилди. Эске сала кетсек, буга чейин болгону 5 гана күн каттоого турууга убакыт берилчү. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү үчүн Жол картасын жүзөгө ашырууга Казакстан 100 миң доллар бере турган болду. Айтор мына ушуга окшогон бир топ маселелер чечилди. Муну эксперттер кыргыз-казак мамилесинин мурдагыга караганда жакшырып, дагы бир тепкич өйдөлөгөнү катары баалашты. Ошол эле учурда Кыргызстан негизги стратегиялык өнөктөш катары кызматташып келаткан Россия менен да кызматташуунун жаңы тепкичтерине көтөрүлүп келет. Биринчи кезекте Россия Кыргызстанды толук энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирүү багытында үлкөн салымын кошууда. Ири ГЭСтерди курууга инвестиция салып жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери деги эле жарытылуу каралбай калган кыргыз армиясын курал-жарак менен камсыздоо үчүн 1 миллиард рубль бөлө турган болду. Бажы биримдигине кирүү үчүн 200 миң доллар берүүнү убада кылды. Эң негизгиси Россия Кыргызстандын экономикасы көтөрүлүп, өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн Бажы биримдигинин курамына киргизүүгө болгон жардамын берүүгө даяр турат. Эгерде тышкы саясатыбыз жакшы жүрбөгөндө Россия бизге өзү минтип кол сунуп отурмак эмес. Кечээ жакында эле мамлекет башчысынын Түркмөнстанга жасаган расмий иш сапары да байсалдуу болду. Алыскы аймактарда жайгашкан өнүккөн өлкөлөр менен да Кыргызстан тыгыз кызматташтыкта болуп келет. Маселен, Корея мамлекетине адегенде мамлекет башчысы, андан кийин ЖК төрагасы барып келди. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташууларды күчөтүү багытында пикирлер алмашылган. Алар акырындык менен жүзөгө ашырылып келет. Түркия мамлекети менен мамилебиз эң жакшы нукта баратканы да белгилүү. Бул мамлекет Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдоого ала тургандыгын да билдирген. Айтор, санай берсек өтө эле көп. Андыктан "Кыргызстан тышкы саясатты жакшы жүргүзө албай жатат" деген айып тагуу акылга сыйбаган пикир болуп калат. Кыргызстан учурда бардык мамлекеттер достук жана өнөктөштүк багытында кызматташууну өз нугу менен жүргүзүүдө. Болгону айрым жагдайларга позицияны такташуу кырдаалдары түзүлүп келет. Мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюу максатында кыргыз бийлигинин айрым чечкиндүү чараларын тышкы саясатты начар жүргүзүүдө деген айып менен чаташтыруунун кереги жок.

Элнура Мырзабекова Бишкек шары




Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге
Ачык кат
Алып сатаар, кызыл кулактарды кулакка чаппайсызбы?
Акыркы 4-5 айдын ичинде эле доллардын баасы кескин көтөрүлүп, ага кошулуп азык-түлүк, кийим-кече ж.б. баары кымбаттай баштады. Ушундай оор кырдаалга байланыштуу, мен сиздердин гезитиңер аркылуу Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевге бир суроо менен кайрылгым келип турат. Урматтуу Жоомарт Кайыпович, Мен сиздин чындыгыңызды, жөнөкөйлүгүңүздү, ак ниет, адал эмгектериңизди баалап, дайыма сыйлап келгем жана дагы да сыйлайм. Ошондуктан мен сизден жардам ирээтинде менин бир суроомо ачык жооп берип коюуңузду суранам. Эмне үчүн кийинки 2-3 айдын ичинде Өкмөт эки жолу 20, 22 миллион доллардан "интервеция" кылганына карабай доллардын баасы түшмөк тургай, акча алмаштырган кызыл кулак, алып сатарлар өчөшкөнсүп күндөн - күнгө бааны көтөрүп жатышат. Эффект болбосо "интервецияга" кеткен 40 миңден ашык доллар каякка кетти? Шаардагы ар бир метр сайын жайгашкан мамлекетке пайдасы жок миңдеген кызык кулак, алып сатарлардын акча алмаштыруу пункттарын жаап, алардын ордуна мамлекеттен эле 5-10 пунктту ачып койсо болбойбу? Же буга да эрк керекпи? Сиздерди урматтоо менен энерго системада 45 жылдан бери иштеп келген эмгектин ардагери,

Бишкек шаарынын тургуну
Алик Осмоналиев










??.??